Диний негизде аялдарга карата зомбулук

Зомбулуктан коргоо үчүн укуктук негиздер

Ар бир аял зордук-зомбулуктан жана кордуктан, коркунучтардан жана өзүм билемдиктен корголууга тийиш. Бул билдирүү Адам укугунун жалпы декларациясынан келип чыгат, анда расасына, терисинин түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук же социалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалына карабастан, ар бир адам төрөлгөндөн баштап өзүнүн кадыр-баркы жана укуктары боюнча эркиндигин жана кол тийбестигин, ошондой эле кулчулукка жана кул сатуунун бардык түрүнө тыйю салуу жарыяланат.
Жалпы декларациянын жоболору Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда, Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого каршы БУУнун Конвенциясында жана Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун Конвенциясында иштелип өнүктүрүлгөн.
Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча ушул келишимдердин бардыгына кошулуп, аялдарга карата зомбулукту жоюу, ар кандай көрүнүштөгү зомбулукка бөгөт коюу жана аялдарды ушул сыяктуу кол салуулардан коргоонун мыйзамдуу каражаттарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү саясатты ишке ашыруу милдеттенмесин кабыл алган. .
Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдадарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кепилденет (55-берене). Мамлекет бардык адамдарга алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылат жана эч ким жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес (24-берене). Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна (25-берене 1-бөлүк), эркиндикке жана жеке кол тийбестикке (59-берене 1-бөлүк) ээ, инсандын дене-боюна жана моралдык кол тийбестигине карата чектөөлөргө мыйзамдын негизинде гана, соттун өкүмү боюнча жасалган кылмыш үчүн жаза катары жол берилет (56-берене 3-бөлүк). Эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге же жазанын түрлөрүнө дуушар болбоого тийиш (56-берене 4-бөлүк).
Колдонуудагы мыйзамдар аялдарды бардык көрүнүштөрүндөгү зордук-зомбулуктан коргоо үчүн укуктук негизди камсыз кылат. Ошентип “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзам аялдарды жынысы боюнча басмырлоодон коргоого багытталган . “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзам ар бир адамдын дин тутуу эркиндигине жана атеисттик ынанымга болгон укугунун кепилдигин жана жаран динге карата өзүнүн мамилесин аныктоодо, дин тутууга же динди тутпоого, кудайга сыйынууга, диний ырымдарга жана аземдерге катышууга же катышпоого укуктарын, динди окутууга кандайдыр бир мажбурлоого тыюу салууну белгилейт . “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун жана ага бөгөт коюунун, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды социалдык-укуктук сактоону жана коргоону камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктайт.

Зомбулукка каршы туруу үчүн саясий эрк

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги аялдарга карата зомбулукту бардык көрүнүштөрүндө жоюу боюнча жигердүү иш алып барууга саясий эркин билдирет. Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүдө мамлекеттин маанилүү максаттарын жана милдеттерин, ченемдик укуктук базаны жана укук колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча чараларды аныктоочу, кабыл алынган мамлекеттик стратегиялык документтер жумшалып жаткан күч-аракеттердин демонстрациясы болуп саналат[1].

Алсак, 2026-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизги принциптерине ылайык, Кыргызстанда ар бир аял зомбулуктан жана басынтуудан, коркунучтардан жана өзүм билемдиктен корголушу керек[2].

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы №469-токтому менен 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилген, ага ылайык аялдарга карата зомбулукту жоюу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат[3]. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары практикалык иш-чараларда, жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды, жана башка документтерди иштеп чыгууда концепциянын жоболорун аткарууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын16-сентябрдагы №513-токтому менен 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча узак мөөнөттүү улуттук стратегия бекитилген[4]. Улуттук стратегия беш маанилүү багытты камтыйт, анын ичинде гендердик  басмырлоодон коргоо жана ыкластуу адилеттүүлүк. Стратегия менен бирге бекитилген Кыргыз Республикасында 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы аны ишке ашыруунун биринчи этабы болуп саналат[5].

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан балдарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2026-жылдарга программасынын долбоору иштелип чыкты, ал балдардын кызыкчылыгында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жана милдеттерин аныктайт, жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо системасын өркүндөтүүгө багытталган[6].

Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга эрте жана мажбурлап никеге туругузууну жоюу боюнча иш-чаралар Планынын долбоору иштелип чыккан .  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №655-т буйругу менен 2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча Иш-аракеттер планы бекитилген. Пландын 9-бөлүмүндө аялдардын укуктарын камсыз кылуу, аялдарды зомбулуктан жана катаал мамиледен коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча милдеттердин топтому каралган[7].

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүүгө багытталган маанилүү мыйзамдык жана саясий реформаларды жүргүзгөн. Бирок, көйгөйдүн чыныгы масштабдары бийликтен жетишилген нерселер менен чектелбөөнү жана бул маселеде мамлекеттин милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу үчүн аракеттерди андан ары күчөтүүнү талап кылат.

[1] 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгына тиркеме. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/430700/10?cl=ky-kg&mode=tekst

[2] Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/430700 

[3] Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/159464 

[4] Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/159450?cl=ky-kg  

[5] Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/159488?cl=ky-kg  

[6] Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы. http://koomtalkuu.gov.kg/kg/view-npa/1749

[7] 2022-2924-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/219365/10?cl=ky-kg&mode=tekst

Диний зомбулук

1992-жылы аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча Комитет №19 Жалпы тартип боюнча сунуштамасында аялдарга карата зомбулук, ал аял болгондуктан же аялдарга чексиз таасир тийгизүү үчүн аялга багытталган  басмырлоонун бир түрү экенин белгилеген. Буга физикалык, психикалык же сексуалдык мүнөздөгү зыян же азап чегүүсүнө алып келген иш-аракеттер, мындай аракеттерге коркунуч келтирүү, мажбурлоо жана эркиндикти бузуунун башка түрлөрү кирет [1].

Кийинки №35 Жалпы сунуштамада, гендердик себептерди жана мындай зомбулуктун кесепеттерин так көрсөткөн термин катары №19 жалпы сунуштаманы жаңыртуу үчүн иштелип чыккан “аялдарга карата гендердик зомбулук” деген сөздөр колдонулган [2].

Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча эл аралык ченемдердин биринчи расмий жыйындысы болгон аялдарга карата зомбулукту жок кылуу жөнүндө Декларация, аялдарга карата зомбулукту “аялга физикалык, сексуалдык же психологиялык зыян келтирген же азап чегүүсүнө алып келген же алып келиши мүмкүн болгон, анын ичинде ушундай аракеттерди жасайм деп коркутуу, мындай көрүнүштөр коомдук же жеке жашоодо пайда болгонуна карабастан, ушул сыяктуу аракеттерди жасоо, мажбурлап же өзүм билемдик менен эркиндигинен ажыратуу  гендердик зомбулуктун ар кандай аракети” деп аныктайт[3].

Ушул аныктамаларга таянсак, динге негизделген аялдарга карата зомбулук - бул аялга зыян жана азап-кайгы алып келген гендердик зомбулук менен барабар, бирок бул учурда зордук-зомбулук аракеттери гендердик бир жактуулук менен дин сыяктуу башка корголгон сапат боюнча кесилишет.

Динге же ынанымга негизделген сабырсыздык жана максаттуу басмырлоо, аялдын дин тандоосун сыйлабоо жана динге мажбурлап өткөрүү, аялдын диний ченемдерди жана үрп-адаттарды сактабагандыгы үчүн куугунтуктоо, диний жүрүм-турум кодекстерин тар чечмелөө жагынан агрессор “адеп-ахлаксыз” деп эсептеген жашоо образы, диний канондорго таянуу менен аялдарды сыйынууга жана диний кийимге мажбурлоо, билим алууну чектөө жана эрте никеге тургузуу - агрессияны пайда кылган жана диний негизде аялдарга карата зомбулукка алып келген негизги себептери болуп саналат.

Акыркы жылдары Кыргызстанда катталган диндин негиздинде аялдарга карата зордук-зомбулуктун резонанстуу учурлары да ушундай себептер менен түшүндүрүлөт.  

Алсак, Жалал-Абад облусундагы айылдын жашоочулары жана жергиликтүү имамдар 76 жаштагы Канымгүлдүн туугандарына анын сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө коюуга жол бербей, муну “ал башка диний ишенимге өтүп, баптист болуп калды” деп түшүндүрүп, бир нече жыл мурда коомдо чоң резонанс жараткан. Маркумдун баптисттик ишенимди карманган кыздары эгер алар “өз динине кайтып келбесе”, таш бараңга алынып  алар да апасынын тагдырына туш болушат деп коркутушкан. Коркутуу жана психологиялык кысым астында кыздар жергиликтүү элдин көзүнчө Исламды кабыл алышкан, бирок апасынын сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө коюуга баары бир уруксат берилген эмес[4].

Башка учурда болсо, бир топ адамдар Ысык-Көл облусундагы бир айылда баптисттердин чиркөөсүн өрттөшкөн. Өрттөөдөн бир нече саат мурун үч жаш жигит аялдарды чиркөө кызматына барганы үчүн коркутушкан[5].

Буга мисал катары Ош областындагы айылдын тургуну, 44 жаштагы бир тууганы жана уулу Жаныбектин, анын атеисттик ынанымы үчүн, бир топ адамдар сабаганда арачылык кылгандыгы үчүн токмоктолгон Мээрбүү менен Айсулуунун окуясын келтирсек болот. Жаныбектин мечитке барбай, намаз окубаганы аларга жаккан эмес. Жаныбек жана анын апасы бир нече күн бою медициналык дарыланууга муктаж болушкан[6].

[1] БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитети. Жалпы мүнөздөгү №19-сунуштама, 6-п.

[2] БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитети. №19-жалпы сунуштаманын 1 жана 9-пункттарын жаңыртууга арналган Аялдарга карата гендердик зомбулук жөнүндө №35-жалпы сунуштама. https://documents-dds-ny.un.org/doc/UNDOC/GEN/N17/231/56/PDF/N1723156.pdf?OpenElement

[3] Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө Декларация.  1993-жылдын 20-декабрында Башкы Ассамблеянын 48/104 резолюциясы менен кабыл алынган. (Декларация об искоренении насилия в отношении женщин. Принята резолюцией 48/104 Генеральной Ассамблеи от 20 декабря 1993 года) https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/violence.shtml

[4] https://www.vb.kg/doc/348916_na_uge_kr_jenshiny_baptistky_ne_razreshili_horonit_na_mysylmanskom_kladbishe.html     

[5] https://kg.usembassy.gov/wp-content/uploads/sites/190/KYRGYZ-REPUBLIC-2018-INTERNATIONAL-RELIGIOUS-FREEDOM-REPOT_RU.pdf

[6] “Адам укуктары боюнча эдвокаси борбору” МЭУАнын маалыматы (Информация АНПО «Эдвокаси центра по правам человека».)   http://www.advocacy.kg/news/2012/10_8_12_5.htm.

Диний негиздеги үй-бүлөлүк зомбулук

Практика көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү адамдардын ортосундагы туугандык мамилелерге карабастан, үй-бүлөнүн ичинде айрыкча аялдар ар кандай түрдөгү чыр-чатактарга: анын ичинде диний негизде майда укук бузуулардан баштап, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан аялдын өмүрүнө жана ден-соолугуна каршы жасалган кылмыштарга чейин дуушар болушат.    

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдын 1-беренесинин 14-пункту үй-бүлө мүчөлөрүнө кирген адамдардын тизмесин аныктайт. Бул тизмеге жубайлардан жана алардын балдарынан, чоң ата, чоң энелеринен, бир туугандарынан жана эже-карындаштарынан тышкары көптөгөн башка адамдар кирет. 

Дин таануу изилдөө борбору тарабынан Кыргызстанда дин тутуу жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылууга жүргүзүлгөн Мониторинг үй-бүлөлүк зомбулуктун себептеринин бири аялдын жана анын жубайынын жана анын башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн диний ынанымдарындагы айырмачылыктар экендигин көрсөттү.  

“үйдө куугунтук бар, үй-бүлөдө ур-токмокко алынышы мүмкүн, аялдарына такыр чыгууга, чиркөөгө келүүгө тыюу салынат, урууга жана ажырашууга чейин барышат, бизде андайлар бар. Көптөгөн аялдар үй-бүлөсүнөн кетишкен. Күйөөлөрдөн корккон аялдар азап чегишет, келбейт, бизге келбегиле дешет. Ал эми коркпогондор сыйынышып, акырына чейин күрөшүшөт”. Каракол-Замира

“ал чиркөөгө келип жүргөндө, күйөөсү балдарын тартып алам деп коркуткан, бизден аны кабыл алууну суранды. Бирок биз үй-бүлөнү буза албайбыз, балдары бар, жана албетте биз үй-бүлө бузулбашы үчүн нейтралдуу позицияны издедик. Аялдарга кысым болушу мүмкүн болгон нюанстары бар, бул жерде күйөөсүнүн бүт үй-бүлөсү аны кысымга алгандыктан, депрессия башталды. Биз ага жардам берүүгө жана аны бул депрессиядан чыгарууга болгон күчүбүздү жумшадык”. Каракол-Гульсара[1]

Ошол эле мониторингдин жыйынтыгы боюнча, аялга карата зордук-зомбулук жубайы жана аял менен бир динди тутунган башка үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан колдонулушу мүмкүн.

“бизге асынып алуу жолу менен өз өмүрүн кыйган жаш кыздын туугандары жардам сурап кайрылышты. Ал бир нече жолу күйөөсү жана анын агасынын аялы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон. Каза болгон кыз ыймандуу болгон, бардык диний канондорду карманган, ал 5 айлык кош бойлуу болгон, уулу аны менен кошо курсагында каза болгон. Анан эксгумация жада калса түйүлдүктө да гематоманын бар экендигин көрсөткөн”[2].

Жергиликтүү жамааттын руханий лидери зор таасири болгон диний үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук окуясы чоң резонанс жараткан.

Кара-Суу районундагы айыл аймагынын мечиттеринин биринин имамы биринчи аялын сабоого катышкан. Юристтин айтуусу боюнча денесине зыяндарды имамдын акыркы аялы келтирген”.

[1] Кыргызстанда дин тутуу жана ынаным эркиндигин камсыз кылуу: муктаждыктарды баалоонун жыйынтыктары (Обеспечение свободы религии и вероисповедания в Кыргызстане: результаты оценки потребностей) – 2022 г., с.23

[2] https://www.turmush.kg/ru/news:1807907

Дин зордук-зомбулукка каршы

Дин же ынаным эркиндиги боюнча атайын баяндамачы Хайнер Билефельдт өз баяндамасында зордук-зомбулук айрым диндердин же жалпысынан диндин табияты менен туура эмес түшүндүрүлөт деген “эссенциалисттик” көз караштардан оолак болуу маанилүү экенин, зордук-зомбулук кылмыштары ар дайым диндер эмес, адамдар тарабынан жасалат деп белгиледи. Адамдар гана − жеке адамдар, адамдардын топтору, жамааттык лидерлер, мамлекеттердин өкүлдөрү, мамлекеттик эмес субъекттер ж.б. - зомбулукту мыйзамдаштыруу, колдоо, жайылтуу же күчөтүү үчүн динди же конкреттүү диний принциптерди колдонушат. Башка сөз менен айтканда, дин менен зордук-зомбулуктун ортосундагы түздөн-түз байланыш жөнүндө сөз болбошу керек; алар адамдын иш-аракеттери аркылуу, башкача айтканда, бул мамилени активдүү түзгөн же бузган жеке адамдар же топтор аркылуу байланышат[1].

Албетте эч ким каалоосу болбосо, мисалы хадисте же аятта мындай айтылган деп урбайт, “бирок алар өз кумарларын канааттандырып, анан тигил же бул булактарга шилтеме кылып урушат”[2].

Булактар жөнүндө. Адил мусулмандардын мисалдары жана Сүннөт боюнча ислам эч кандай шартта зордук-зомбулукка, айрыкча аялдарга жана жаш балдарга карата кандай гана формада болбосун жол бербешин же кубаттабашын далилдейт[3]. Пайгамбар аялдарга колун көтөргөндөрдү дайыма айыптап келген, муну аялдарды сабоого катуу тыюу салынган хадистер далилдейт: “Аллахтын күңдөрүн урбагыла!”[4]; “Оо, Аллах, чындыгында, мен эки алсыздын укугун бузууга тыюу салам: жетимдин жана аялдын!”[5];  “Араңарда эң мыкты адамдар – аялдарына эң мыкты мамиле кылгандар”[6]. “Эң кемчиликсиз ишенимге ээ болгон ыймандуулар, эң жакшы мүнөзгө ээ болгондор, ал эми араңарда эң мыктылар аялдарына эң мыкты мамиле кылгандар”[7]

Ыйык Жазмада аялдын баш ийүүсү жөнүндө сөз болгондо, жубайлар арасында зомбулуктун алдын алуучу өзгөчө көрсөтмө бар: Эфестиктерге Пабыл кабарында күйөөлөргө мындай дейт: “аялдарыңызды өз денелериңиздей сүйүңүздөр: аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт”.  (5:28-29)[8].

Эски Осуятта “өлтүрбө”, деген билдирүү бар жана Жаңы осуятта абсолюттук сүйүү сунушталат. Канткенде да, эч кандай жол менен физикалык, психологиялык, экономикалык, сексуалдык болсун, үй ― бүлөлүк зомбулукту колдоого же кубаттоого мүмкүн эмес[9].

[1] https://www.ohchr.org › A_HRC_28_66_RUS, пункт 15

[2] https://islam-today.ru/blogi/asya_gagieva/pocemu-islam-zapresaet-domasnee-nasilie/

[3] https://islam-today.ru/blogi/asya_gagieva/pocemu-islam-zapresaet-domasnee-nasilie/

[4] Абу Дауд 2146, Ибн Маджах 1985, ан-Насаи “Сунан аль-Кубра” 9167. Шексиз Хадис. Караңыз: “Сахих аль-Джами’ ас-сагъир” 5137.

[5] Ахмад 2/439, Ибн Маджах 3678, Ибн Хиббан 5565, аль-Хаким 1/63, 4/128. Жакшы Хадис. караңыз “Сахих аль-Джами’ ас-сагъир” 2447, “ас-Сильсиля ас-сахиха” 1015

[6] Ибн Маджах 1978. Шексиз Хадис. Караңыз: “Сахих аль-Джами’ ас-сагъир” 3265.

[7] Ахмад 2/250, Абу Дауд 4682, ат-Тирмизи 1162, Ибн Хиббан 4176. Шексиз Хадис. Караңыз: “ас-Сильсиля ас-сахиха” 284.

[8] Ошондой эле: Колостуктарга 3:18-19 жана 1 Пётрдан 3:7

[9] https://kloop.kg/t/religionvsabuse/#rec278585335

Зомбулуктун классификациясы

Аялдарга карата зордук-зомбулук анын эң кеңири тараган формаларын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берген иштердин жетишерлик чоң спектрин камтыйт:

Физикалык зомбулук:

  • Башка адамдын организмине анын эркине каршы жүзөгө ашырылган түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап физикалык таасир этүү;

Мүнөзү боюнча ал адамга сокку берүү, уруу, жарадар кылуу жана денесинин сырткы жабууларына физикалык күч аркылуу таасир көрсөтүү, миздүү же ок атуучу курал же болбосо башка нерселерди, суюктуктарды, заттарды колдонуу, ошондой эле адамдын ички органдарына сырткы кыртыштарга зыян келтирбестен таасир берүү катары көрүнүшү мүмкүн.

  • Өтө маанилүү функцияларды кызматын аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу;
  • Кыймыл, турак-жай, тамак-аш, кийим-кече эркиндигинен ажыратуу же чектөө;
  • Оор физикалык эмгекке мажбурлоо.

 Психологиялык зомбулук:

  • Физикалык, сексуалдык, экономикалык зомбулук көрсөтүү коркунучу;
  • Намысты жана кадыр-баркты атайылап кемсинтүү;
  • Өмүргө коркунуч туудурган же психикалык, физикалык ден-соолуктун бузулушуна алып келген укук бузууларды же аракеттерди жасоого мажбурлоо.

 Зомбулуктун бул түрү аялга кекетүү, манипуляциялар, опузалоо, коркутуу, куугунтуктоо, ишмердүүлүктү текшерүү жана катташкандарын көзөмөлдөө аркылуу таасир этет.  Көбүнчө агрессор аялды көзөмөлдөө каражаты катары балдарды колдонот, бул б аялды көзөмөлдөө үчүн балдарга карата физикалык жана сексуалдык зомбулук көрсөтүү, балдарды барымтага алуу, алардын эркиндиктерин чектөө жана аялды көзөмөлдөө үчүн балдарды колдонуу түрүндө болушу мүмкүн.

Сексуалдык зомбулук:

  • Каалосуз жыныстык катнашка мажбурлоо;
  • Башка адамдар менен жыныстык катнашка мажбурлоо;
  • Коркутуу же опузалоо аркылуу, же физикалык күч колдонуу менен жыныстык катнашка мажбурлоо (зордуктоо).

Экономикалык зомбулук:

  • Багуу боюнча милдеттерди атайылап аткарбоо, акча каражаттарын берүүдөн баш тартуу;
  • Адамдын мыйзамга ылайык мүлк же кирешесин алуу жана тескөө укугунан атайылап ажыратуу же аны чектөө;
  • Ишенимдүү адам тарабынан ишеним көрсөтүүчү адамдын каражаттарын жана мүлкүн зыянга учуратуу.

Зомбулуктун квалификациясы

Динге негизделген аялдарга карата зордук-зомбулук аракеттери төмөндөгүчө квалификацияланышы мүмкүн:

  • Таза “диний” курамы менен кылмыш:

- Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу (КР кжкнын 330-бер. 2-б. 1-п.).

  • Диний жүйөнүн катышуусу менен болгон квалификациялуу курамы бар жалпы кылмыштар жоопкерчиликти оордотуучу жагдай катары таанылган:

- диний касташуунун (араздашуунун) негизинде өлтүрүү (КР кжкнын 122-бер. 2-б. 11-п.);

- диний касташуунун (араздашуунун) негизинде ден-соолукка зыян келтирүү (КР кжкнын 130-бер. 2-б. 6-п.);

- диний касташуунун же араздашуунун негизинде уруп-сабап кыйноо (КР кжкнын 138-бер. 3-б. 3-п.).

  • Инсанга каршы башка жалпы жазыктуу кылмыштары (бир нече бири-бирин жокко чыгарбаган жүйөлөр менен), мында диний жүйө кылмыш жасоого анык жана чыныгы түрткү берүүчү күч болуп саналат

Бул топко инсанга каршы кылмыш үчүн жоопкерчиликти белгилеген кылмыштар Кыргыз Республикасынын кжкнын Өзгөчө бөлүгүнүн VII бөлүмүндө каралган[1], кылмыштар киргизилиши мүмкүн:   

-19-глава. Өмүргө каршы кылмыштар: адам өлтүрүү (122-берене); );  аффект абалында адам өлтүрүү (123-берене); Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү (125-берене); Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү (127-берене); Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү (128-берене); Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү (129-берене);

- 20- глава. Ден соолукка каршы кылмыштар: ден соолукка оор залал келтирүү (130-берене); ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү (131-берене); аффект абалында ден соолукка оор залал келтирүү (133-берене); этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү (134-берене); этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү (135-берене); ден соолукка жеңил залал келтирүү (136-берене); кыйноолор (137-берене); уруп-сабап кыйноо(138-берене); өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу (139-берене);;

- 23-глава. Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар: зордуктоо (154-берене); сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-берене); сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо(156-берене);

- 24-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар: он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер (157-берене); ыплас аракеттер (158-берене); сойкулук кылууга тартуу (159-берене);

- 25-глава. Адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар: адамды уурдоо (165-берене); адамдарды соодалоо (166-берене); балдарды соодалоо (167-берене); эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу (169-берене););

-26-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар: никеге туруу максатында ала качуу (172-берене); иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо (173-берене); адамды никеге турууга мажбурлоо (174-берене); үй-бүлөлүк зомбулук (177-берене).

Буга ошондой эле “коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар” VIII бөлүмүндөгү айрым жосундарды, атап айтканда, бейбаштыкты (280-берене); өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген физикалык зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен баңги зат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү (287-берене) кирет.

  • Диний жүйө аларды жасоого анык жана чыныгы түрткү берүүчү күч болгон инсанга каршы кылмыштар

Бул топко Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин IV бөлүмүндө каралган [2], жеке адамга карата укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилеген укук бузуулар киргизилиши мүмкүн:

  - 10-глава. Ден-соолукка каршы кылмыштар: уруп-сабоо  (56-берене); ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү (57-берене);

- 12-глава. Балдардын кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин салттарына каршы укук бузуулар: үй-бүлөлүк зомбулук (70-берене).

Буга ошондой эле коомдук тартипти, курал-жарактарды, башка кооптуу буюмдарды жана заттарды колдонуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузууларды, ошондой эле коомдук жана өрт коопсуздугун камсыз кылууну киргизсе болот: майда бейбаштык (126-берене).

[1] КР Кылмыш-жаза кодекси 2021-жылдын 28-октябры № 127. КР 2012-жылдын 28-октябрындагы №126-Мыйзамы менен колдонууга киргизилген. КР 2022-жылдын 18-январындагы № 42022-жылдын 1-апрелиндеги № 222022-жылдын 16-июнундагы № 452022-жылдын 30-июнундагы № 512022-жылдын 9-августундагы N 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/112309

[2] КР Укук бузуулар жөнүндө Кодекси. 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 КР Мыйзамы менен колдонууга киргизилди. КР 2022-жылдын 18-январындагы № 42022-жылдын 1-апрелиндеги № 222022-жылдын 14-апрелиндеги № 26,. 2022-жылдын 16-июнундагы № 452022-жылдын 30-июнундагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык.  http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/112306

Гендердик зомбулуктун статистикасы

Аялдарга карата зомбулук боюнча статистикалык маалыматтар ар кандай административдик жана ыкчам маалыматтык тутумдардын негизинде түзүлөт жана белгилүү бир бөлүгүндө мамлекеттик органдардын сайттарында жарыяланат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин сайтында 2020-2021-жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктан 16647 аял жабыркагандыгы тууралуу статистикалык маалыматтар жарыяланган [1].

1-жадыбал. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар

2020-жыл

2021-жыл

Баары

Аялдар

Эркектер

Баары

Аялдар

Эркектер

8 577

8 060

517

9 038

8 587

451

 

Министрликтин маалымат порталында жарыяланган Кыргыз Республикасынын ииминин ички ведомстволук аналитикалык отчётуна ылайык, 2022-жылдын 11 айы ичинде ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 7558 аялга жана 116 кызга убактылуу коргоо ордерлери берилген[2]

2022-жылдын 9 айы ичинде 328 аял жана 27 бала 387 зомбулукка байланыштуу кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаракат алышкан[3].

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун статистикалык маалыматтарынын талдоосуна ылайык, 201 аял 2019-2021-жылдар аралыгында биринчи инстанциядагы соттор тарабынан каралган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу иштер боюнча жабырлануучу деп табылган[4].

2-жадыбал. Үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан жазык иштери боюнча жабырлануучу деп табылган аялдар

 

Жабыркаган аялдар:

2019

2020

2021

Адам өлтүрүү

7

6

8

Ден соолукка оор жана анча оор эмес зыян келтирүү

16

31

23

Кыйноо

9

8

9

Зордуктоо

7

9

4

Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо

-

3

-

Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

3

4

-

 Ыплас аракеттер

-

3

-

Бейбаштык

5

10

5

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтарына ылайык, 2022-жылдын 9 айы ичинде “кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында, зордуктоо жөнүндө 126 арыз жана билдирүү, жана никеге туруу максатында адамды уурдоо жөнүндө 17 арыз жана билдирүү катталган [5].   

Келтирилген мисалдар ачык расмий булактардан керектүү маалыматтарды табууга жана аялдардын зомбулукка дуушар болуусунун масштабына баа берүүгө боло тургандыгын көрсөтүп турат. Бирок бул булактарда аялдарга карата диний негиздеги зомбулук фактыларынын үлүшү канча экендиги жөнүндө маалымат жок, анткени ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар гендердик зомбулук учурларынын жана мүнөзүнүн жалпы эсебин гана жүргүзүшөт, бирок ага анын жүйөлөрү жөнүндө дезагрегацияланган маалыматтар кирбейт.

[1] КР Улуттук статистика комитетинин сайты.  http://www.stat.kg/ru/statistics/prestupnost/

[2] КР Ички иштер министрлигинин маалымат порталы. https://mvd.gov.kg/domesticViolence/reports/16

[3] КР Ички иштер министрлигинин маалымат порталы. https://mvd.gov.kg/domesticViolence/reports/14

[4] КР Жогорку сотунун сайты. http://sot.kg/statistics/main/index.php

[5] КР Башкы прокуратурасынынсайты. https://prokuror.kg./ru

Зордук-зомбулук норма эмес

Аялдарга карата зордук-зомбулук учурларында диний жүйөнү аныктоо өтө кыйын, анткени аялдар көбүнчө агрессор менен чыр-чатактын күчөшүнөн коркуп, аны менен мамилени жакшыртууга болгон үмүтүн жоготпостон, ал жөнүндө жана зомбулуктун өзү жөнүндө сүйлөшкүсү келбейт. Зордук-зомбулук фактысын жашырып калышына аялдын агрессорго каржылык көз карандылыгы, анын же ал тургай анын туугандарынын кысымы, башынын үстүндө чатырсыз калуу коркунучу, колдоонун жоктугу, укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүк ж. б. таасир этиши мүмкүн.

Көпчүлүк учурларда, айрыкча диний үй-бүлөлөрдүн аялдары зомбулукту норма деп эсептешет, ошондуктан эч жакка кайрылышпайт, “бул алардын  маңдайына жазылганы” жана аны менен жашаш керек деп, чыдап, жашырып, жаап турушат. Мындай  багыт туура эмес.

Мисалы, мусулман аялдарга, эгер аялы зордук-зомбулук жөнүндө айтса, тил албастыгы үчүн Аллах  наалат айтат деп ишенишет. Бирок “Ан-Ниса” сүрөсүндө, эгер адилетсиз мамилеге дуушар болгон адам болбосо, Аллах сыртынан жамандаганды жактырбайт деп айтылат (Куран, 4:148). Бул аяттын маанисинен улам, эгер аялга адилетсиздик жасалган болсо, анда ага зомбулук көрсөткөн адамга ага жалаа жаппастык шарты менен бул тууралуу арызданууга жана аны ачыкка чыгарууга уруксат берилет[1]. Демек, Ислам агрессор өзүнүн кылмышын жашырууну кааласа дагы, арыз менен кайрылууну чечкен зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон аялдын тарабында.

Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан епархиясы, үй - бүлөлүк зомбулук – “Бул тагдырга баш ийүү эмес, эгер күйөөңдүн токмокторуна чыдасаң, же күйөөңдүн балдарды сабап жатканын унчукпай карасаң - жаман” деп түшүндүрөт[2].

Католикалык чиркөөнүн өкүлдөрү ошондой эле эгер алар “зордук-зомбулукту токтотуу үчүн зордукчуга эч кандай таасир эте албаса, анда жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылышы керек” деген позицияны карманышат[3].

Диний же маданий үрп-адаттар аялдын зомбулуктан толук корголушуна тоскоол болбошу керек. Зордук-зомбулук фактылары жөнүндө унчукпоо, зомбулук көрсөткөн адам тарабынан зомбулукту  жактыруу же кубаттоо катары кабыл алынат. Ошондуктан, жабырлануучуга тиешелүү органдарга коргоо сурап кайрылуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүндүрүү керек[4].

[1] https://quran-online.ru/4:148

[2] https://kloop.kg/t/religionvsabuse/#rec278585335

[3] https://kloop.kg/t/religionvsabuse/#rec278586377

[4]  Кыргызстанда дин тутуу жана ынаным эркиндигин камсыз кылуу: муктаждыктарды изилдөөнүн жыйынтыктары (Обеспечение свободы религии и вероисповедания в Кыргызстане: результаты оценки потребностей) – 2022 г., с.24

Укуктук жардамга жетүү

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин аялдарга карата кылмыштар үчүн жоопкерчиликти белгилеген беренелеринин көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын жпкнын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жеке-ачык  айыптоо иштерине киргизилген. Демек, мындай иштер боюнча тергөө жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча гана башталат дегенди билдирет.  

Жабыр тарткан адам укук коргоо органына арыз менен кайрылмайынча, ага карата зомбулук колдонулгандыгын эч ким иликтебей, агрессорду жоопко тартпастыгын жана жазалабастыгын, материалдык зыяндын ордун толтурбастыгын, моралдык зыянды калыбына келтирбей тургандыгын билиши керек.  Муну укук коргоо органдары өз убагында реакция жасап, зордук-зомбулукка бөгөт коюп жана жабыр тарткан аялдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшү үчүн дароо жасоо керек.

Кыргыз Республикасынын ииминин маалыматына ылайык,  үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр таткан аялдардар өлкө боюнча 73% түзөт, ал эми Ошто  (90%), Баткенде (88%), Нарында (85%) үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынын дээрлик ар бири толук эмес орто билим, орто же орто-атайын билими гана бар[1]. Бул жабыр тарткан аялдарга укук коргоо органдарына зордук-зомбулукка арыз берүү жол-жоболорун өздөрү чечүү жана тергөөгө чейинки текшерүүнүн жана сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча коргоо кыйынга турарын көрсөтүп турат.

Бул көйгөйдүн олуттуулугун түшүнүү менен бийлик зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын арыздануу механизмдерин күчөтүүгө жана аларга акысыз консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган чараларды көрүп жатат.

Азыркы учурда республика боюнча калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча 33 борбор түзүлгөн жана иштеп жатат, алардын даректери жана байланыш маалыматтары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы юридикалык жардам кызматынын сайтында жарыяланган.[2]

Бул борборлордо Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тартибине ылайык жогорку квалификациялуу юристтер жана адвокаттар зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга акысыз укуктук жардам, укуктук маалымдоо жана консультация беришет, ошондой эле арыздарды, кайрылууларды, даттанууларды даярдоого жардам беришет. Укуктук маселелер боюнча консультация берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын оозеки, жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат[3].

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын акысыз юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2022-жылдын август айында КР Жогорку Кеңеши “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” жаңы мыйзамды кабыл алды, ал жазык, жарандык, административдик иштер жана сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укугу бар адамдардын чөйрөсүн кеңейтип, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар камтылды.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар Юридикалык жардам кызматынын координаторунун атына квалификациялуу юридикалык жардам сурап кайрыла алышат, алардын аты-жөнү, кызмат орду жана байланыш маалыматтары Кызматтын сайтында жарыяланган.      

2022-жылы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча жаңы бирдиктүү шыр байланыш – “114” ишке киргизилген[4].  Юридикалык жардам кызматынын бул социалдык маанилүү кызматы калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жана зарыл болгон учурда тиешелүү кызматтарга кайра жөнөтүү үчүн маалыматка же кызматтарга тез жана түз жетүүнү камсыз кылат. 2022-жылдын аягына чейин кызмат байланыштын заманбап каражаттарын, атап айтканда, акысыз юридикалык консультацияларды алууга жардам бере турган чат-ботту колдонуу менен юридикалык кеңеш берүүнүн электрондук формасын киргизүүнү пландаштырууда.

Зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын арыздануу механизминин натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик административдик мекемелерден жана уюмдардан алыс жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн атайын түзүлгөн милициянын көчмө кабыл алуу пункттарынын иши активдештирилди. Милициянын көчмө кабылдамаларынын экипаждары жарандардан арыздарды кабыл алып, юридикалык консультацияларды беришет.

2022-жылдын 9 айы ичинде милициянын көчмө пункттары 4962 чыгуу жасашты, анын алкагында 15513 жаранга ар кандай маселелер, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча кабыл алуу жана юридикалык кеңеш берүү жүргүзүлдү. 

[1] КР Ички иштер министрлигинин маалымат порталы. https://mvd.gov.kg/gender-policy

[2] КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координацилоо борборунун сайты. http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/contacts/centers  

[3] Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Аймактык башкармалыктарындагы Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбору тарабынан консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун 2018-жылдын 19-мартындагы №2-буйругуна №1-тиркеме. http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/p/legal-assistance/how-to-get  

[4] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 “Бирдиктүү шыр байланыш” туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы №61-токтому.

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/158340 

Зомбулуктан жапа чеккендерди коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми

Зомбулукка кабылган аялдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишке киришкен адвокаттар же жабырлануучунун өкүлү «зомбулукка же зомбулук көрсөтөм деп коркутууга жооп кайтаруу» материалында сүрөттөлгөн иш-аракеттердин алгоритминде баяндалган сунуштарды аткара алышат[1].   

Иш-аракеттердин алгоритми негизги сегиз кадамдан турат:

1 кадам

Жабырлануучу менен маектешүү жана баштапкы маалыматтарды чогултуу

2 кадам

Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу

3 кадам

Жабырлануучунун өкүлү катары ишке кирүү

4 кадам

Зомбулуктун же зомбулук көрсөтөм деп коркутуунун кесепеттерин натыйжалуу документтештирүү

5 кадам

Жабырлануучунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү

6 кадам

Жазык иши жана (же) жорук жөнүндө  өндүрүшкө катышуу

7 кадам

Жабырлануучунун кызыкчылыктарына тиешелүү аракеттерге (аракетсиздикке) жана чечимдерге даттануу

8 кадам

Мүлктүк зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу

Ошону менен бирге, адвокат же жабырлануучунун башка өкүлү зомбулуктан жабыр тарткандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо практикасында маанилүү болуп саналган төмөнкүдөй өзгөчө маселелерге көңүл буруусу керек:  

  • “Кыргыз Республикасында зомбулукту, кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмону бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2015-жылдын 7-декабрындагы №680-буйругуна ылайык, зомбулуктун же зомбулук көрсөтөм деп коркутуунун кесепеттерин натыйжалуу документтештирүү максатында (4-кадам) жабырланган аялдын медициналык текшерүүнүн натыйжалары  атайын медициналык текшерүүнүн  № 003-3/у формасында жазылышына жетишүү керек.

Медициналык кызматкерлердин Практикалык жетекчиликтин талаптарын сактоосу боюнча Мониторинг жүргүзүүдө, саламаттык сактоо уюмунда атайын бланктардын жоктугуна байланыштуу талап кылынган форманы толтуруудан жана берүүдөн баш тартуунун кеңири практикасы аныкталган, бул жол коюлгус нерсе.  

Бланктардын жоктугу медициналык кызматкерлерди бекитилген формадагы медициналык документтерди толтуруу милдетинен бошотпойт. Мындай учурда адвокат же жабырлануучунун өкүлү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин нускамалык катына жетекчинин көңүлүн буруусу зарыл, анда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине синди жана оорунун баянынын/амбулаториялык картанын номерин колдонуу менен өз алдынча нускалоо жана оорукана ичиндеги жекече эсепке алууну жүргүзүү жөнүндө так көрсөтмөлөр берилген.  

  • Үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурларда, жабырлануучунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларын көрүү (5-кадам) керек:
  • “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык ички иштер органдарынан убактылуу коргоо ордерин  берүүнү, ошондой эле Мыйзамдын 25-беренесинде каралган анда камтылган шарттардын аткарылышын көзөмөлдөөнү талап кылуу.

2022-жылдын 11 айы ичинде Кыргыз Республикасынын ииминин маалымат порталында жарыяланган ички ведомстволук аналитикалык отчетуна ылайык, ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасаган эркектерге жана аялдарга 7623 жана 415 убактылуу коргоо ордерлери берилген, алардын 190у узартылган. Мындан тышкары, аталган мезгилде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга тиешелүү түрдө 7558 жана 116 убактылуу коргоо ордерлери берилген[2].  

  • “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 35-беренесине ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялды коопсуз убактылуу жашоо үчүн мамлекеттик же муниципалдык баш калкалоочу жайга жайгаштырууну талап кылуу. Кризистик борборлордун телефондору жана байланыш маалыматтары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайтында[3]жайгашкан. 

2022-жылы 9 айдын ичинде кризистик борборлорго 146 аял кайрылган, алардын ичинен 141и үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жана 5и зордукталган. Бардык кайрылган аялдар кырдаалга жана муктаждыктарга жараша, бир катар кызматтарды толук алышты.  

  • “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 32-беренесине ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды чогуу жашаган жеринен убактылуу чыгаруу жөнүндө; жашы жете элек балдар менен карым-катнаш бөлүгүндө анын ата-энелик укуктарын чектөө жөнүндө; жарандык мыйзамдарга ылайык аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндө; жабырлануучунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жарандык жана үй-бүлөлүк мыйзамдарда каралган башка талаптар менен жабыр тарткан аялдардын сотко кайрылуусун демилгелөө зарыл.

 

[1] https://defendingforb.org/ru/kyrgyzstan/nasiliya/

[2] КР Ички иштер министрлигинин маалымат порталы. https://mvd.gov.kg/domesticViolence/reports/16

[3] КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайты. https://mlsp.gov.kg/telefony-i-kontakty-krizisnyh-czentrov/