Жалпы билим берүү мекемелеринде жоолук жана/же диний кийим кийүүгө чара көрүү

Жалпы билим берүү мектептеринде жоолук салынуу светтик билим берүү системасын камсыз кылууда талкууланып жаткан маселелердин бири жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мамлекеттик-диний мамилелеринде жолтоо болуп саналат. Илимий чөйрө, саясатчылар арасында бул маселе боюнча таптакыр башка пикирлер бар. Айрымдар жоолук салынууну билим берүү системасына жана мамлекеттин дин аралашпагандык принцибине коркунуч деп эсептешсе, башкалары жоолук салынуу билим алуу укугуна тоскоол болбошу керек деп эсептешет. Кыргыз Республикасында бул маселени мыйзамдык жөнгө салуу жок, бирок ченемдик укуктук актыларды талдоонун негизинде биз жалпы билим берүүчү мектептерде жоолук салынууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүнүн анализин сунуштайбыз. Мындан тышкары, акыркы убакта окуучулардын ата-энелери мектеп формасы тууралуу эрежелерди сактабай же билбей туруп балдарын диний кийимчен, кыздарга хиджаб же никаб, ал эми балдарга арабдардын салттык узун көйнөгү дишдашты кийгизип сабакка жиберишет. Мындай жагдайларда, жалпы билим берүү мекемелеринин администрациясы бир жагынан мектеп формасына болгон талаптарды камсыз кылуу менен билим берүү тутумунун дин аралашпагандык принцибинин талаптарын сактоо жана экинчи жагынан ушул категориядагы балдар үчүн милдеттүү негизги жалпы билим алууда зарыл шарттарды камсыз кылуу ортосундагы татаал дилеммага туш болууда. Мындай кырдаалда жалпы билим берүү мекемелери кандай чара көрүшү керек? Бул изилдөөнүн алкагында бардык окурмандарга жүйөлүү жооп берүүгө аракет кылабыз.

Билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик-укуктук кепилдиктери

23-берене Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт.

Ошентип, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин бардык иш-аракеттери жана чечимдери жогоруда аталган ченемдерге жана принциптерге ылайык келүүгө тийиш. Билим алуу укугу,  46-беренеде бекитилген, адамдын негизги табигый укуктарынын бири болуп саналат,  анда ар бир адам билим алууга укуктуу жана мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, негизги жалпы, орто жалпы жана кесиптик башталгыч билимди акысыз алууга укуктуу. 

Андан ары, 3-беренеде жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу экендиги белгиленет.

Окуучулар жалпы билим берүү мекемелерине жоолук салынып бара алышабы?

Көпчүлүк талдоочулар жоолук салынуу мамлекеттин дин аралашпагандык принцибин сактоого коркунуч туудурат жана бул 4-беренеде белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарындагы окутуунун мүнөзүнө таасир этиши мүмкүн деп эсептешет. Бирок, 1-берене билим берүү өз ара иш жүргүзүүчү жолун уланткан билим берүү программаларынын жана ар кандай деңгээлдеги жана багыттагы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жыйындысы катары аныктайт, мында билим берүү системасына мектеп формасы же кандайдыр бир башка атрибуттар сыяктуу регламенттер кирбейт. Жоолук салынуу – бул диний өзгөчөлүктүн сырткы көрүнүшү, диний ишенимдердин талаптарын аткаруу болуп саналат да, эч кандай түрдө билим берүү тутумунун диний бейтараптуулук принциптерин бузган кандайдыр бир диний жана башка ишенимдерди жайылтуу катары кабыл алынбашы керек.

Окуучулардын “билим алуу укугу” административдик органдардын жана мекемелердин, окуучулардын ата-энелери менен тирешүүсүнөн келип чыккан чектөөлөргө дуушар болбошу керек. Тирешүүнүн ар бир тарабы өз баалуулуктарын жана принциптерин окуучулардын билим алуусунан жогору коёт. Ата-энелердин айрым категориялары балдарынын ишенимин аныктоо жана диний идиомаларды калыптандыруу баалуулуктарын көздөшөт. Өз кезегинде, билим берүү мекемеси дин аралашпагандык принциптерди көздөйт. Ошондуктан, мындай окуучулардын эч кандай талаш-тартыш жаратпастан билим алуусу үчүн мамлекет динге ишенүүчүлөрдүн диний сезимине доо кетирбестен, билим берүү чөйрөсүндө диний компоненттин болушуна жол берүүнүн чегин аныктоодо орто жолду табууну жана билим берүү мекемелеринде дин аралашпагандык принцибин камсыз кылуу талап кылынат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык принциптерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүйөлөштүрүлгөн биздин тыянактарды жетекчиликке алып, тийиштүү ченемдик актыларда белгиленген мектеп формасынын талаптарын сактоо менен жоолук салынуу билим алуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин ар кандай тыюу салуучу чаралары жарандардын билим алууга укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук катары бааланышы мүмкүн деп эсептесе болот.  

Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын укуктары жана мектеп формасына коюлуучу негизги талаптар

Мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү мекемелерине билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө башкы негиз болуп билим берүү мекемесинин тиешелүү уставынын, билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын, ошондой эле мамлекеттик аккредитация жөнүндө күбөлүктүн болушу эсептелет. Окуучуларды мектепке кабыл алуу процессинде ата-энелер билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу ички тартип жана жергиликтүү ченемдик актылар менен таанышуусу керек. 

Ата-энелер билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын укуктары жана милдеттери жөнүндө төмөнкү ченемдик укуктук актыларда тааныша алышат: 2020-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы, 2003-жылдын 30-августундагы №201 Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси, 2012-жылдын 10-июлундагы №100 Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси.

Окуу жайларын уюштуруунун жана ишинин өзгөчө маанилүү шарттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жогору турган органдарынын мыйзамдарынын жана мыйзамдан келип чыгуучу актыларынын негизинде окуу жайы тарабынан чыгарылган жергиликтүү ченемдик актылар менен жөнгө салынат. Ушундан улам, ата-энелер билим берүү мекемесинин расмий сайтында жайгаштырылышы керек болгон төмөнкү жергиликтүү эрежелер менен таанышуусу сунушталат:

  • Окуучулардын ички тартип эрежелери;
  • Мектеп формасы жана окуучулардын сырткы көрүнүшү жөнүндө жобо;
  • Билим берүү мекемесинин иш тартибин жөнгө салуучу жобо;
  • Учурдагы жетишкендикти контролдоо жана окуучулардын аралык аттестациялоо жөнүндө жобо.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык ички ченемдик актылар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдарынын жана мыйзамдан келип чыгуучу актыларынын негизинде иштелип чыгат. 41-пункттун негизинде окуучулар инсандык кадыр-баркты урматтоого жана маалымат эркиндигине, өзүнүн жеке көз карашын жана ынанымдарын эркин айтууга укуктуу. Бирок, экинчи жагынан, окуучулар ички тартип эрежелерин, анын ичинде мектеп формасын сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун талаптарын аткарууга милдеттүү. 

Мамлекеттик билим берүү саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу максатында жана окуучулардын ортосундагы социалдык, мүлктүк жана башка айырмачылыктардын белгилерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

Бул жобонун 3.2-пунктунда кыздардын мектеп формасына коюлуучу негизги талаптар сезондук жана аба ырайынын шарттарына жараша, мектеп формасынын фасону, түсү классикалык стилде, бирдиктүү түс гаммасында, үчтөн ашык эмес түстөрдү аралаштырууга жол берүү менен сакталат. Мектеп формасынын түсү тынч жана өтө ачык эмес ыраңдан тандалат.

Бул жобонун негизги талабы жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ болуп, спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт. Ошентип, аталган ченемдик актынын ченемдери мектептерде жоолук салынууга түздөн-түз тыюу салбайт. Ошону менен бирге, билим берүү мекемесинин администрациясы өзүнүн ички ченемдик жоболорунда мектептерде жоолук салынуу маселесине чекит кое албастыгын белгилей кетүү маанилүү, анткени билим берүү мекемелеринин жергиликтүү ченемдик актылары, мыйзамдардын жана аткаруу бийлигинин жогору турган органдары тарабынан кабыл алынган мыйзам алдындагы актылардын чегинен чыга албайт.

Биздин пикирибизче, мамлекеттик органдар мектептерде жоолук салынуу маселесин максаттуу түрдө жөн калтырышкан, муну менен окуучулардын бул категорияларына жалпы билим берүү мекемелеринде мектеп формасына карата бирдиктүү талаптарды сактоо менен, бирок ошол эле учурда жоолук салынып билим алуу мүмкүнчүлүгүн беришкен. 

Мектептерде жоолук салынууга тыюу салынган учурлардагы коргоо механизмдери

Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын жоолук салынууга байланыштуу укуктарынын бузулушу эки түрдө берилиши мүмкүн. Биринчи түрү – эгерде жалпы билим берүү мекемеси мектеп болсо, анда мектептин уставында же кыздар үчүн мектеп формасынын жобосунда жоолук салынууга тыюу салынган пункт жазылганда.  Экинчиси, ушул Уставдын негизинде мектептин администрациясы психологиялык кысым көрсөтүп, мектептен чыгарам деп коркуткан ж. б. учурда. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына, 2012-жылдын 10-октябрындагы №704 Өкмөттүн токтому менен бекитилген “Балдар кийимдеринин жана бут кийимдеринин коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине  жана 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Типтүү жобого ылайык, жалпы билим берүүчү мектептердин администрациясы тарабынан түзүлгөн ушул эки жагдай мыйзамсыз болуп саналат.

Сабак учурунда окуучунун өмүрү, ден соолугу жана моралдык-психологиялык абалы үчүн мугалим жооп берет, ал эми аталган мекеменин директору окуу процессинде окуучу үчүн, мектеп окуучуларынын мектепте жүргөн мезгили үчүн толук жоопкерчилик тартат. Жоолук салынууга байланыштуу билим берүү процессинде окуучуларга моралдык-психологиялык зыян келтирилген учурда, ата-энелер мектеп администрациясын, физикалык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн доого жыга алышат. Мындан тышкары, окуучуларды жоолук салынганы үчүн мектептен айдап салуу менен эскертүү жана коркутуу учурлары көп кездешет. бирок, 49-пункттун негизинде он беш жашка чыккан окуучуларды жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими жана балдардын иштери боюнча комиссиянын макулдугу менен укукка каршы иш-аракеттерди жасаган жана жалпы билим берүү уюмунун уставын көп жолу одоно түрдө бузгандыгы үчүн, педагогикалык таасир этүүнүн акыркы чарасы катары жалпы билим берүү уюмунан чыгарууга жол берилет.

Балдардын иштери боюнча комиссия ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) менен бирдикте мектептен чыгарылган окуучуну башка жалпы билим берүү уюмунда окуусун улантуу же ишке орноштуруу боюнча чечимин бир ай ичинде кабыл алат.

Бала мектепке хиджаб, никаб же дишдаш кийип келген учурда, окуу жайдын администрациясынын иш-аракеттери кандай болушу керек?

Жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын социалдык өнүктүрүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан көп берилүүчү суроолордун бири, эгерде окуучу кыздар окуу жайга аялдар үчүн диний кийим болгон хиджаб, никаб же дишдаш сыяктуу кийимчен келсе, алардын иш-аракеттерине байланыштуу суроо болуп саналат. Хиджаб, никаб жана дишдаш – бойго жеткенде кийилиши керек болгон, аялдардын диний кийим.  Эгер хиджаб Исламда мусулман аялдар сыртка чыкканда кийген денесин жана/же жүзүн жашырган кийим болсо, никаб — бул аялдын денесин көзү жана колунан башка толугу менен жаап турган мусулман аялдардын кийими. “Мектеп формасын сактоо” деген түшүнүктүн өзү жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларда белгиленген кийимдердин айрым түрлөрүн кийүү милдетин билдирет. Бул диний кийимдерди гана эмес, башка кийимдерди да кийүүгө тыюу салууну билдирет, бул мектептин ишкердик чөйрөсүнө терс таасирин тийгизет. Мисалы, мектепке бала эркин, кооздолгон же спорттук кийим менен, же кымбат жасалгалар менен келе албайт, ошондой эле кечки, бал же коктейл көйнөк, мини юбка кийүүгө тыюу салынат. Хиджаб же никаб сыяктуу диний кийимдерди кийүүгө тыюу салуу диний атрибутиканы гана эмес, билим берүү мекемесинин ишкердик жана светтик чөйрөсүн бузуучу башка атрибуттарды жана кийимдерди кийүүгө тыюу салууну билдирет.

Мектеп формаларын унификациялоо мектеп кийимдеринин көп түрдүүлүгүн болтурбоого жана окуучуларды социалдык, диний, саясий жана башка өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүүгө тоскоолдук кылууга багытталган. Ошондуктан мектеп администрациясы окуучулар тарабынан мектеп формасынын талаптарын сактабагандыктын кесепеттери тууралуу ата-энелерге түшүндүрүү иштерин сыпайы жана туура жүргүзүшү керек. Мектептерде кээ бирөөлөр тарабынан диний кийим түрүндө мектеп формасынын талаптарынын бузуусу, мини юбка же кече көйнөктөрүндө келиши мүмкүн болгон башкалардын бузуусуна себеп болушу мүмкүн. Демек, мамлекет тарабынан белгиленген мектеп формасынын талаптарын сактоо, бул ар кандай социалдык статустагы балдарды бириктирүүчү, иретти жана жалпы тартипти сактоого үйрөтүүчү алтын ортолук болуп саналат, деги окуучу форма кийип эс алууга эмес, окууга барарын түшүнөт.

Мектептин администрациясы кырдаалдан чыгуунун альтернативдүү жолу катары ата-энелерге жана окуучуларга Ислам дининин нормаларын жана жалпы билим берүү мекемелеринин талаптарын аткарууга мектеп формасы менен катар жоолук салынууну сунуш кылышы мүмкүн, башка жагынан алганда, бул мектеп окуучулары химар, чадра, никаб же дишдаш түрүндөгү диний кийимдерди кийиши мүмкүн дегенди билдирбейт.

Болбосо, мектеп администрациясы 4-пункттун нормаларына таянып, жалпы билим берүү мекемелеринде химар, чадра, никаб же дишдаш түрүндөгү диний кийимдерге тыюу салышы мүмкүн, ал эми ата-энелер жана мектеп окуучулары билим берүү мекемелеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.