Зордук-зомбулукка же зомбулук көрсөтөм деп коркутууга жооп берүү

Мында берилип жаткан сунуштар, өз диний ишенимдерине байланыштуу зомбулуктан жана зомбулук колдоном деп коркутуудан жабыркаган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырып, өз ишинде иштеп жаткан юристтерге, адвокаттарга жардам катары иштелип чыккан, жана мындай учурларды териштирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүүгө, күнөөлүүлөрдүн сөзсүз жазалануусун камсыз кылууга, жабырлануучунун укуктарын калыбына келтирүүгө, ага материалдык зыяндын ордун толтурууда жана моралдык залалды компенсациялоодо юристтин/адвокаттын ролун күчөтүүгө багытталган.

1. Жабырлануучуну сурамжылоо жана алгачкы маалыматтарды чогултуу

Зомбулуктан же зомбулук колдоном деп коркутуудан жабыркаган адам кайрылганда, юрист/адвокат анын түшүндүрүүсүн көңүл коюп угуусу жана зарыл болгон учурда, аны менен эмне иш болгону боюнча так маалымат алуу үчүн тактоочу суроолорду берүүсү керек. Бул, болгон иштин диний себебин (мотивин) ачууга жана Кылмыш-Жаза кодексине (КЖК) ылайык кылмыш деп, же Укук бузуулар жөнүндө кодекске (УБК) ылайык укук бузуу болуп сыпатталуусу мүмкүн болгон кылмыш катары жазалануучу жосундун белгилерин аныктоого, жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн алгачкы жана кечиктирилгис чаралардын чөйрөсүн белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен диний кастыкты (араздашууну) козутуу (КЖКнын 330-беренеси) кылмышынын курамында, “диний” компонент кылмыштын объективдүү тарабынын негизги белгиси болуп эсептелет.  

Квалификациялуу курам менен кылмыштар айырмаланып турат: диний кастыктын (араздашуунун) негизинде өлтүрүү (КЖКнын 122-б. 11-п. 2-бөл.); диний кастыктын (араздашуунун) негизинде ден соолукка оор залал келтирүү (КЖКнын 130-б. 6-п. 2-бөл.); диний жек көрүүнүн же кастыктын негизинде уруп-сабап кыйноо (КЖКнын 138-б. 3-п. 3-бөл.) катары диний жүйөнүн болушу жоопкерчиликти оордотуучу жагдай катары таанылат.

Кээ бир кылмыш курамдары “диний” компонентти эске албастан түзүлгөн, бирок, алар кылмыштык жосундун субъективдүү тарабынан негизделгенде, диний себеп менен зомбулукка же зомбулук кылам деп коркутууга байланышкан кылмыштар деп сапатталышы мүмкүн. Кол салуу объектисине жана анын кесепеттерине жараша булар: өмүргө каршы кылмыштар (КЖКнын 122-беренеси, 123-беренеси, 127-беренеси, 128-беренеси, 129-беренеси); ден соолукка каршы кылмыштар (КЖКнын 130-беренеси, 131-беренеси, 134-беренеси, 135-беренеси, 136-беренеси, 137-беренеси, 138-беренеси, 156-беренеси); жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар (КЖКнын 154-беренеси, 155-беренеси, 156-беренеси); инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар (КЖКнын 157-беренеси, 158-беренеси, 159-беренеси); адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар (КЖКнын 165-беренеси, 166-беренеси, 169-беренеси); үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар (КЖКнын 172-беренеси, 173-беренеси, 174-беренеси, 177-беренеси) болуп саналат. Бул топко ошондой эле коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштарды да киргизсе болот (КЖКнын 280-беренеси, 287-беренеси) КЖКнын 74-беренесине ылайык диний Кастыктын (араздашуунун) негизинде кылмыш жасоо жазаны оордотуучу жагдай болуп саналат.

Ошо сыяктуу эле, "Абийир жана дин тутуу эркиндиги укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" (УБКнын 141-беренеси) укук бузуусунун курамында "диний" компонент укук бузуунун объективдүү тарабынын негизги белгиси болуп эсептелет. Кол салуу объектисине жана анын кесепеттерине жараша, бул ден соолукка каршы (УБКнын 56-беренеси, 57-беренеси), жашы жете электердин кызыкчылыктарына жана үй-бүлө мамилелеринин салттарына каршы (УБКнын 70-беренеси), коомдук тартипти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар (УБКнын 126-беренеси)

2. Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу

Юрист/авдвокат жабырлануучуга зомбулукка же аны колдоном деп коркутууга байланыштуу анын укук коргоо органдарына  кайрылууга болгон укугун, жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн максаттарын жана жалпы эрежелерин же укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартибин түшүндүрүүсү керек. Жабырлануучу,  зомбулук улантылган учурда, биринчи кезекте ага же анын жакын туугандарына, күйөөсүнө (аялына) карата зомбулукту токтотуу максатында, өз убагында арыз менен кайрылуунун маанилүүлүгүн баамдоосу керек. Жабырлануучу арыз менен кайрылуусу ошондой эле кылмыш ишин тергөөнү же укук бузуу боюнча өндүрүштү өз убагында баштоо, айыптуу адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу, материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү үчүн зарыл экенин түшүнүшү керек
 Зарыл болгон учурда юрист/адвокат жабырлануучуга арызды жазууда, аны  ЖПКнын 159-беренесинде аныкталгандай тергөөнүн караштуулугуна ылайык укукка каршы жосун жасалган жери боюнча сотко чейинки өндүрүш органына, же укук бузуу жөнүндө протокол түзүү жана укук бузуулар жөнүндө иш козгоо укугу берилген прокурор органына же ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүүдө көмөк көрсөтүүсү керек.

Арызда кылмыштын же укук бузуунун окуясынын сүрөттөлүшү ал ишке ашырылган жерди жана убакытты көрсөтүү менен, эгер алар бар болсо күбөлөр жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, мыйзамсыз жосун болуп жаткан убакта кайсыл жерде болгон, эмнени көрүштү, угушту, эмнени ырастап бере алышат); зомбулук көрсөткөн же аны колдоном деп коркуткан инсан жөнүндө маалыматтар, келип чыккан кесепеттер жөнүндө маалыматтар жана сотко чейинки өндүрүшү же кылмыш ишин козгоону баштоо жана айыптуу адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сураныч болуусу керек. 

Кылмыш жөнүндө арыз сотко чейинки өндүрүш органы тарабынан кабыл алынып, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталуусу керек.  Арыз берүүчүгө кабарлоо-талону – кылмыш тууралуу кабыл алынган арыздын эсепке алуу журналында катталгандыгы жөнүндө документ, анда арызды кабыл алган адам, катталган убактысы жана арыз ээси өз арызынын статусун андан ары онлайн режимде, каалаган учурда көрө ылышы үчүн каттоо номери (анда милдеттүү түрдө QR-кодду көрсөтүү менен) берилиши керек. Уюлдук телефон аркылуу QR-кодду  сканерлеп, ал арыз боюнча акыркы маалыматты алат. Укук бузууларды каттоо ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары, прокурор тарабынан Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалымат тутумунда (АМТ) жүзөгө ашырылат.

3. Жабырлануучунун өкүлү катарында ишке киришүү

Өз диний ишенимдерине байланыштуу зомбулуктан жана зомбулук колдоном деп коркутуудан жабыркаган адамдын макулдук берсе,  юрист/адвокат ЖПКнын 42-беренесине ылайык жабырлануучунун өкүлү же (УБКнын 500-беренеси) жабырлануучунун өкүлү катары ишке кириши мүмкүн, бул болсо кылмыш ишинин же укук бузуу жөнүндө иштин өндүрүшүндө жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу күчөтөт жана кеңейтет.  Бул үчүн сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырып жаткан органга,  же укук бузуулар жөнүндө иштерди козгоого жана аларды кароого ыйгарым укуктуу органга, юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн ордер-тапшырма, же ишеним көрсөтүүчүнүн өкүлү болууга ишеним кат тапшыруу керек.

Жабырлануучунун өкүлү катары юрист/адвокатта ЖПКнын 40-беренесинде каралган жабырлануучунун  процессуалдык укуктары жана милдеттери бар.Укук бузуудан жабыркаган адамдын жактоочусу жана өкүлү да УБКнын 501-беренесинде каралган жабырлануучу сыяктуу эле укуктарга ээ. Адвокат, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Мыйзамдын 25-беренесинде каралган укуктардан да пайдаланат.

4. Зомбулуктун жана аны колдоном деп коркутуунун кесепеттерин натыйжалуу документтештирүү

Зомбулуктун жана аны колдоном деп коркутуунун дене бойлук жана психикалык кесепеттерин өз убагында жана толук документалдык фиксациялоо (бекемдөө) үчүн чараларды көрүү керек. Бул үчүн юрист/адвокат жабырлануучуну саламаттык сактоо мекемесине токтоосуз жөнөтүүсү, мүмкүнчүлүк болсо өзү коштоп баруусу жана “Кыргыз Республикасында зомбулуктарды, кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык жетектемени бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2015.07.12дагы №680 буйругуна ылайык медициналык кароо өткөрүүнү талап кылуусу керек.

Кароонун натыйжалары атайын Медициналык кароонун № 003-3/у формасында  фиксациялануусу керек.  Кароону жүргүзгөн медицина кызматкери жол-жоболоштургандан кийин токтоосуз түрдө Форманын көчүрмөсүн жабырлануучуга берүүгө, зомбулук колдонуу фактысы тууралуу аймактык ички иштер органына телефонограмма менен берүүгө жана 24 сааттын ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.  

 

5. Жабырлануучунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү

Жабырлануучуга, анын жакын туугандарына, күйөөсүнө  (аялына) карата зомбулук же кылмыш мыйзамы тарабынан тыюу салынган башка жосундарды колдонуу коркунучу болгон учурда ЖПКнын 76-беренесине ылайык коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө арыз менен токтоосуз түрдө иш өндүрүшүндө турган органга кайрылуу керек. 

Бул орган коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө арызды алган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен кароого жана кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине ага тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн жөнөтүү менен дароо билдирүүгө тийиш. Арыз ээси прокурорго же сотко анын коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга даттанууга укуктуу. Эгерде мурда берилген арызда чагылдырылбаган жагдайлар келип чыкса, коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартуу кайра кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
Жабырлануучунун, анын жакын туугандарынын, күйөөсүнүн (аялынын) коопсуздугун камсыз кылуу максатында ЖПКнын 77-беренесинде, ошондой эле "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинде каралган башка чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Коопсуздук чаралары көрүлгөндүгүнө карабастан, сотко чейинки өндүрүш органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, буга негиздер болгон учурда жабырлануучуга карата пайда болгон коркунучка байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштоого милдеттүү.

6. Жазык иши жана (же) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштө катышуу

Зомбулукка же аны колдоном деп коркутууга байланыштуу арызды кабыл алуу, жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү же укук бузуу жөнүндө иш өндүрүшүн баштоо үчүн негиз болуп саналат.

Юрист/адвокат айыпталуучуну жазыктык куугунтуктоодо жабырлануучунун (жабыр тартуучунун) катышуу укугун натыйжалуу жана толук көлөмдө жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө тийиш. 

Жазык сот өндүрүшүнүн алкагында жабырлануучу жана анын өкүлү төмөндөгүлөрдү жасай алышат: далилдерди келтирүү, психологиялык-психиатриялык комплекстүү экспертизаларды дайындоо жөнүндө өтүнүчтөрдү кошкондо өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү билдирүү, алардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдарында катышуу, жабырлануучунун катышуусунда өткөрүлүп жаткан тергөө амалдарынын протоколдору менен таанышуу, алардын көчүрмөлөрүн алуу жана алар боюнча сын-пикир билдирүү, сотко чейинки өндүрүш бүткөндөн кийин иштин бардык материалдары менен таанышуу жана алардын көчүрмөлөрүн алуу, сотто катышуу, сотто жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөө, айыптоону колдоо, сот отурумунун протоколдору менен таанышуу жана алар боюнча сын-пикир билдирүү, соттун чечимдерине даттануу, иш боюнча келтирилген даттануулар, сунуштамалар боюнча кабардар болуу жана аларга каршы пикир билдирүү, даттанууларды жана сунуштамаларды соттук кароодо катышуу. 

Алардын негизинде алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктаган, мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар жазык иши боюнча далилдер болуп саналат. Далилдердин булактары болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) шектүүнүн, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;

2) эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү;

3) адистин көрсөтмөлөрү;

4) буюм далилдери;

5) атайын тергөөнүн, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдору;

6) башка документтер.

Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн алкагында жабырлануучу жана анын өкүлү иштин бардык материалдары менен таанышууга, далилдерди келтирүүгө, өтүнүчтөрдү жана четке кагууларды билдирүүгө, укук бузуулар жөнүндө протоколго жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууга укуктуу.

Укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча далил болуп бардык иш жүзүндөгү маалыматтар саналат, ыйгарым укуктуу орган алардын негизинде анын өндүрүшүндөгү иш боюнча укук бузуунун жагдайлары бар же жок экендигин, укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын күнөөсүн жана укук бузуу жөнүндө ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка жагдайларды аныктайт. Бул маалыматтар төмөнкү далилдер менен аныкталат: 

  1. кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн укук бузуулар жөнүндө протокол, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада чыгарылган токтом;
  2. укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдардын, жабыр тартуучулардын, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү;
  3. адистердин түшүндүрмөлөрү;
  4. экспертизалардын корутундулары;
  5. башка документтер;
  6. буюм далилдери менен;
  7. фото жана видео жазуусу бар техникалык каражаттар (видеокамераларда, видеорегистратордо, мобилдүү жабдуулар менен приборлордун видеокамераларында) менен түшүрүлгөн маалыматтар далил катары каралышы мүмкүн.

    Сот, прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы КЖПКнын 13-беренесине ылайык жабырлануучунун укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга, аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, анын мыйзамдуу талаптарын канааттандыруу үчүн өз убагында чараларды көрүүгө милдеттүү.  

 

7. Жабырлануучунун кызыкчылыктарын козгогон аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана чечимдерди даттануу

Жабырлануучу жана анын өкүлү, сотко чейинки өндүрүш органынын, прокурордун жана соттун аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери алардын кызыкчылыктарын козгосо, ар кандай аракеттерге (аракетсиздикке) жана чечимдерге даттануу берүүгө укуктуу.  Даттануу, мыйзам боюнча даттанууну кароого жана ал боюнча чечим кабыл алууга укуктуу болгон мамлекеттик органга же кызмат адамына, ошондой эле прокурорго же сотко берилет. 

Ошентип, жазык же жорук жөнүндө арызды кабыл алуудан жана каттоодон баш тартууга, жабырлануучу деп таануудан баш тартууга, соттук-медициналык жана башка экспертизаларды дайындоо жөнүндө, коопсуздук боюнча чара көрүү жөнүндө, четтетүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга, жазык жөнүндө иш боюнча тергөөнү создуктурууга, сотко чейинки өндүрүш органынын башка бей укук жана мыйзамсыз аракеттерине даттанууга болот. Соттук өндүрүштү ишке ашырып жаткан мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын аракеттерине жана чечимдерине жабырлануучунун даттануусунун кайрылуу тартиби, мөөнөттөрү жана кароо тартиби КЖПКнын 16-главасында аныкталат.  Соттук чечимдерге апелляциялык тартипте даттануу тартиби КЖПКнын 46-главасында аныкталат, соттук чечимдерге кассациялык тартипте даттануу тартиби КЖПКнын 51-главасында аныкталат.

Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн. Соттун, сотко түздөн-түз караштуулугу боюнча ушул Кодекстин 454-беренесинде каралган укук бузуулар боюнча кабыл алынган токтом областтык жана аларга теӊештирилген сотторго апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттануу боюнча кабыл алынган райондук (шаардык) соттун судьясынын токтомуна жабырлануучу жана анын өкүлү аппеляциялык тартипте даттануусу мүмкүн. Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш УБКнын 56-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

8. Мүлктүк залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу

Кылмыш менен келтирилген мүлктүк залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу максатында, жабырлануучу ЖПКнын 134-беренесинде бекитилген формада жана мазмунда доо арыз берүү керек.  Компенсацияны талап кылууга жазык жөнүндө иштин алкагынан тышкары, жарандык сот өндүрүшү тартибинде арыз берилиши мүмкүн.

Материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолуучунун эсебинен толтуруу мүмкүн болбогон учурда, КЖПКнын 40-беренесине ылайык, жабырлануучуга материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу адистештирилген фонддун эсебинен жүргүзүлөт.

Укук бузуучу келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруудан баш тарткан учурда, анын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш.