Диний материалдарды басып чыгарууга жана таркатууга тыюу салууга даттануу

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндигин, анын ичинде өз пикирин эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндигин, маалыматты ар кандай мыйзамдуу жолдор менен эркин издөө, алуу, берүү, чыгаруу жана таркатуу эркиндигин кепилдейт (32-34-беренелер). Ошону менен катар, 2008-жылдагы “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында диний материалдарды чыгаруу, сатып алуу жана таркатуу маселелерин жөнгө салуучу бир катар жоболор камтылган.

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын диний материалдарды чыгарууга жана таркатууга талаптары

Андыктан, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, диний уюмдар диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды (мындан ары – диний материалдарды), ошондой эле диний арналыштагы башка буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга, сатып алууга, Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүгө, Кыргыз Республикасына алып келүүгө, сактоого жана жайылтууга укуктуу. Ошентип, бул жобо аталган укуктарды ишке ашыруу тартиби боюнча шилтеме ченемди камтыйт.  Бул ченем болуп, “Басма иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы эсептелет, анын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында басма ишинин эркиндиги анын бардык субъекттеринин толук чыгармачылык өз алдынчалыгын билдирип, жарандардын маалыматка жана маданияттын жетишкендиктерин пайдаланууга, ой жүгүртүү эркиндигине, ар-намысына, динине, көз карашына, пикирин эркин билдирүүгө, илимий, техникалык жана көркөм чыгармачылык эркиндиги укугун камсыз кылууга үндөйт. Басма сөз продукцияларын таркатуу (таркатуучу) боюнча басмалар, полиграфиялык ишканалар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктин ар кандай түрүнүн негизинде түзүлөт (7-берене).  Айрым жеке жарандар, уюмдар жана жарандардын башка бирикмелери, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары басма сөз продукцияларын таркатуу боюнча басмалардын, полиграфиялык ишканалардын жана уюмдардын уюштуруучулары боло алат (8-берене).  Ошентип, жогоруда аталган ченемдердин негизинде, башка коомдук уюмдар сыяктуу эле диний уюмдар да басмаканаларды, полиграфиялык ишканаларды жана таркатуу боюнча уюмдарды уюштурууга укуктуу.  

Андан ары мыйзамдар диний материалдарды басып чыгарууга коюлган талаптарды белгилейт. Ошентип, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленгендей, диний уюмдар өздөрүнүн иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда өздөрүнүн толук аталыштарын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү, ошондой эле аталган Мыйзамдын 22-беренесинин 5-бөлүгү диний уюмдар чыгарган адабияттарда, башка басма, аудиовидеоматериалдарда алардын толук аталышын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн камтыган маркировка болушу керек экендигин белгилейт. Ал эми “Басма иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин талаптарына ылайык, чыгаруу тууралуу маалыматтарын камтууга тийиш.

Буга кошумча, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы диний материалдарды таркатуунун өзгөчө тартибин орнотот.  Бул Мыйзамдын 22-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, диний адабияттарды, диний мазмундагы аудио, видео жана башка материалдарды жайылтуу иши диний уюмдарга менчик укугунда таандык болгон, ошондой эле белгиленген тартипте ушул максатта жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бөлүп берген жайларда жүргүзүлүшү мүмкүн.  Мыйзамдын 22-беренесинин 7-бөлүгүндө белгиленгендей, жарандар жана диний уюмдар өздөрү тандаган тилдеги диний адабияттарды, ошого тете эле диний арналыштагы башка предметтерди жана материалдарды кудайга табынуу жайларында жана атайын дүкөндөрдө гана сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу. Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталгандай, Карылар жана майыптар үйлөрүндө, алдын ала камоо жана жазаны өтөө жайларында турган адамдар тыюу салынбаган диний адабияттарды жана табынуу буюмдарын эгерде бул алардын денсоолугуна зыян келтирбесе жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу мүдөөлөрүн кысмакка албаса, ээлеши, алышы, сатып алышы жана пайдаланышы мүмкүн. 

 

Ошентип, жогорудагы ченемдерге ылайык, диний материалдарды таркатуу, биринчиден, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн диний уюмдар тарабынан гана жүргүзүлүүсү мүмкүн.  Экинчиден, диний материалдар төмөндөгү жайларда гана таркатылуусу мүмкүн:

  • Диний объекттерде/табынуу жайларында (мечиттер, синагогалар, чиркөө имараттары, табынуу үйлөрү), диний уюмдун менчигинде турган жанаша жайларда;
  • Диний билим берүүчү мекемелердин имараттарында;
  • Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан белгиленген тартипте ушул максатта бөлүнүп берилген жайларда.  Аларга, аталган мекемелердин администрацияларынын тиешелүү уруксатынын негизинде, карылар жана майыптар үйлөрү, алдын ала камоо жана жазаны өтөө жайлары кирет;
  • “атайын дүкөндөрдө”.  Бирок, бул жерде тактап коюучу нерсе, диний адабияттарды сатуу үчүн атайын адистештирилген китеп дүкөндөрү жөнүндө тиешелүү жобо жок, жана иш жүзүндө, диний адабияттарды ар кандай китеп дүкөндөрүнөн сатып алууга болот.

 

Мыйзамдардагы тыюу салуучу жоболорду да белгилей кетүү керек. Ошентип, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам диний материалдарды коомдук жайларда (көчөлөрдө, сейил бактарда) жайылтууга, батирлерди, балдар мекемелерин, мектептерди жана жогорку окуу жайларды кыдырып таркатууга тыюу салат (22-берененин 6-бөлүгү).

 

Ошондой эле, конституциялык түзүлүштү, коомдун адеп-ахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салынат (22-берененин 2-бөлүгү). 22-берененин 3-бөлүгүнө ылайык, дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудиовидеоматериалдарга дин таануу экспертизасын дайындоого укуктуу. Диний адабияттар китепкана фондуларына түшкөн учурда мамлекеттик дин таануу экспертизасы милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Бирок, андан ары колдонуудагы мыйзамда мамлекеттик дин таануу экспертизасынын жол-жоболору жана методологиясы аныкталган эмес.  Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу (22-берененин 3-бөлүгү).

 

Андан ары белгиленгендей, диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет (22-берененин 8-бөлүгү), ал эми аны контролдоо дин иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат (22-берененин 9-бөлүгү). Белгилей кетчү нерсе, бул мыйзам текстте бул терминдерди колдонгону менен, “диний экстремизм”, “диний сепаратизм”, “диний фундаментализм”, “диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеялары” сыяктуу түшүнүктөрдүн мазмунун ачып көрсөтпөйт.

 

Ошентип, диний материалдарды басып чыгаруу жана таркатуу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген бир катар талаптар коюлган, аларды бузган учурда дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан материалдарды басып чыгарууга жана таркатууга тыюу салынат. Аталган материалдарда диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеялары бар экендигине шектенүү пайда болгон учурда, бул маселе чечүү үчүн тиешелүү башка органдарга өткөрүлүп берилет.  Бирок, бул маселе башка материалда бир топ дааналап каралат.  Азыркы учурда болсо, дин иштери боюнча мамлекеттик органдын диний материалдарды басып чыгарууга жана таркатууга тыюу салуу боюнча чечимине даттануунун механизмдери каралат. 

Мамлекеттик органдын диний материалдарды басып чыгарууга жана таркатууга тыюу салуу жөндүндө чечимине даттануу:

Жогоруда белгиленип өткөндөй, диний уюмдар чыгарган материалдарда алардын толук аталышын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн камтыган макрировка болушу керек экендигин мыйзамдар белгилейт.  Диний материалдарды таркатуу мыйзам тарабынан белгиленген гана жайларда гана жүргүзүлүшү мүмкүн.  Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний материалдардын мазмунуна дин таануу экспертизасын дайындоого укуктуу.  Диний уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган учурда же анын уставында (жобосунда) каралган максаттарга карама-каршы келген аракеттер жасалганда ага карата келтирилген кемчиликтерди көрсөткөн жана аларды четтетүүнүн бир айдан кем эмес мөөнөтүн белгилеген жазуу жүзүндөгү чечим чыгарууга. Диний уюмга чыгарылган эскертүү жогору турган органга же сотко даттанылышы мүмкүн (26-берененин 6-бөлүгүнүн 5-пункту).

Андан ары, мыйзамдын 27-беренесинде белгиленгендей, жазуу жүзүндөгү эскертүү диний уюмдун жетекчи органына үч күндүн ичинде жиберилет. Укук бузуулар үч айдын ичинде оңдолбосо же жыл ичинде кайра кайталанса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний уюмду жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ болот. Мындай учурда дин иштери боюнча мамлекеттик орган сот чечими чыгарылганга чейин диний уюмдун иш-аракетин токтото турууга чечим кабыл алууга укуктуу. Мыйзамдын 26-берененин 6-бөлүгүнүн 5-пунктунда кетирилген кемчиликтерди жоюунун башка мөөнөтү – 1 айдан кем эмес деп белгиленип, 3 айлык мөөнөт белгиленген бул беренеге туура келбейт.

Диний уюмдун иш-аракети токтото турулган учурда диний уюм диний жана башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга, массалык маалымат каражаттарын жана башка юридикалык жактарды уюштуруучу катары чыгууга, өзүнүн банктык (эсеп-кысаптык) утурумдук эсебинен башка жактардын эсебине, бюджетке, бюджеттен тышкаркы мамлекеттик фондуларга төлөмдөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү, мурда түзүлгөн жарандык жана эмгек келишимдери боюнча эсептешүүлөрдү, диний уюмдун, миссиянын аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтурууну кошпогондо, акчалай каражаттарды которууга укуксуз (28-берене).  Натыйжада, диний уюмдун иш-аракети токтото турулган учурда диний иш-аракеттери эле эмес, юридикалык жак катары бүткүл иш-аракеттери токтотула турат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын чечими “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин – соттук тартипте даттанылат.  Азыркы учурда административдик актыларга даттануунун сотко чейинки баскычы милдеттүү болуп саналат, мындай актыларды соттук талашуу ушул тартипти сактагандан кийин гана мүмкүн болот.  Даттануунун сотко чейинки тартибин сактабагандык доону кабыл алуудан баш тартууга (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик Кодексинин 113-беренеси) же болбосо сот тарабынан доону кайра кайтарууга (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик Кодексинин 115-беренеси) алып келүүсү мүмкүн.

1. Административдик жол-жобонун алкагында даттануу

2015-жылдагы “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандар өз укуктарын коргоо максатында административдик актыларга, административдик органдын аракеттерине (аракетсиздигине) административдик (сотко чейинки) тартипте даттанууга укуктуу.  Арыз ээси болуп, жеке же юридикалык жак, ошондой эле, эгерде бул мыйзамда, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралган болсо, эл аралык уюм чыгуусу мүмкүн.

1.1. Административдик даттануу кайда жана кандай мөөнөттөрдө берилет:

Дин иштери боюнча маморгандын жогору турган органы болбогондуктан, административдик актыга административдик тартипте даттануу дин иштери боюнча маморгандын өзүнө берилиши мүмкүн.  Мындай даттануу берүүнүн максаты, ага өз алдынча, соттун катышуусу жок, аны жокко чыгарууга, ошону менен бирге өз ишмердигиндеги кемчиликтерди таанып аларды четтетүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Административдик даттануу административдик акт тапшырылган күндөн тартып отуз жумушчу күн ичинде берилиши мүмкүн. Өтүп кеткен мөөнөт арыз ээсинин арызы боюнча дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилүүсү мүмкүн.

“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу берилген администрациялык органдын аталышын (биздин учурда – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы);

2) даттанууну берүүчү жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин;

3) юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын турган жерин;

4) даттануу предметин;

5) даттанууну берген жактын талабын;

6) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин (чечимдин өзүн жана тиешелүү документтерди тиркеп коюу максатка ылайыктуу);

7) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;

8) даттанууну берген адамдын колтамгасын;

9) даттанууну юридикалык жактын атынан берген адамдын колтамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.

1.2. Административдик даттанууну кароо жана чечим кабыл алуу тартиби:

Административдик жол-жобо административдик органда даттануу катталган күнү козголот.  Эгерде даттануу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен берилсе, даттануу административдик орган тарабынан кароосуз калтырылат. Мындай учурда администрациялык орган кемчиликтерди токтоосуз көрсөтөт жана даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектеринде аларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.

Администрациялык орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилбеген учурда, даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. 

 

“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленгендей, административдик жол-жобонун катышуучулары болуп даттануучу, кызыкдар жактар, административдик орган, административдик органдын кызмат адамы аныкталган.  Ошону менен катар, жол-жобонун катышуучулары жеке, мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу же болбосо алар менен бирге катышууга укуктуу. Күбөлөр, эксперттер, котормочулар, ошондой эле административдик ишти туура кароого жана чечүүгө көмөктөшүүчү башка жактар административдик жол-жобого тартылуучу башка жактар болуп саналат.

Административдик даттанууну кароонун жыйынтыктоочу баскычы болуп, тиешелүү чечим чыгаруу үчүн негиздемени, себепти, факт жүзүндөгү жана укуктук шарттарды өз ичине алган чечим (административдик актыны) кабыл алуу болуп саналат Мыйзамдын 50-беренеси)  Административдик даттануу боюнча чечим административдик орган тарабынан жол-жобонун бардык катышуучуларына ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш. Чечим кызыкдар жакка аны тапшыргандан кийин күчүнө кирет.

Административдик жол-жобонун эң узак мөөнөтү – арыз дин иштери боюнча мамлекеттик органда катталган күндөн тартып 30 жумушчу күн.  Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын чечимине административдик даттанууну карап чыгып, административдик орган административдик актты жокко чыгарып же аны арзыбас деп табуу же жаңы административдик акты кабыл алуу менен даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандырууга, же даттанууну канааттандыруусуз жана административдик актыны өзгөрүүсүз калтырууга укуктуу.

2. Административдик сот өндүрүшүнүн алкагында даттануу

Эгерде даттануучу өз даттануусу боюнча дин иштери боюнча маморгандын чечимине макул эмес болсо, ал 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине ылайык, административдик сот өндүрүшү тартибинде аны сотто талашууга укуктуу.  Административдик сот өндүрүшү – бул административдик орган жана анын кызмат адамы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын субъективдүү айкын укуктарын бузууга байланыштуу жарандардын демилгеси менен келип чыккан сот өндүрүшү.

2.1. Административдик сот өндүрүшү жана административдик доо:

Төмөнкү административдик иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралат:

1) административдик актыны же административдик органдын аракеттерин толугу менен же болбосо анын бир бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө;

2) административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же башка аракеттерди жасабоо милдеттери жөнүндө;

3) административдик органдын административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;

4) административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;

5) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.

Төмөнкү иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралбайт:

1) административдик укук бузуулар жөнүндө (жоруктар жөнүндө) иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толугу менен же анын бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;

2) жазык процессинин чөйрөсүндөгү укук мамилелеринен келип чыккан укук коргоо органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө;

3) аткаруу документтерин аткарууда соттук аткаруучулардын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө.

Административдик процесстин тараптары болуп, административдик доогер жана административдик жоопкер саналат.  Административдик доогер болуп өз укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак, же болбосо, прокурор же мыйзам тарабынан ошондой ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын кызыкчылыгы үчүн административдик доо берген жак саналат.  Административдик жоопкер болуп, ага каршы сотко доо коюлган административдик орган.  Тараптар кызмат орду боюнча жана мыйзам боюнча өкүлдөрдү, адвокаттарды, жана ошондой эле ишеним каттын негизинде башка адамдарды өздөрүнө өкүл кылып алууга укуктуу. 

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары сыяктуу эле соттук коргоо укугуна ээ.

 

Белгилей кетчү нерсе, административдик сот өндүрүшү мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилде жүргүзүлөт. Сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилди билбеген диний уюмдун өкүлүнө иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүүгө, эне тилинде сүйлөөгө жана өтүнмө берүүгө, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат. Ошону менен катар, доогер чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берүүсү зарыл.

 

2.2. Административдик доо кайда жана кандай мөөнөттөрдө берилет:

Доо сотко “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралган административдик даттануу боюнча административдик органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет. Административдик-процесстик кодекстин 110-беренесинде ошондой эле доонун кээ бир түрлөрү боюнча мөөнөттөр белгиленген. Административдик иштер жоопкердин жайгашкан жери боюнча райондор аралык соттордун биринчи инстанциясында каралат.

Административдик доо сотко жазуу жүзүндөгү арыз формасында берилип, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) доо берилүүчү соттун аталышы (бул учурда Бишкек ш. Райондор аралык сот);

2) эгерде доогердин фамилиясы, аты-жөнү (аталышы), почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар;

3) эгерде жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген орду, почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги белгилүү болсо, алар; 

4) даттанылуучу актынын жана ушул актыны кабыл алган органдын же кызмат адамынын аталышы; 

5) даттанылуучу акт кабыл алынган, даттанылган иш-аракет жасалган дата;

6) актыга даттануу, талаш-тартышты соттон тышкары тартипте чечүүдөгү аракет тууралуу маалыматтар;  

8) даттанылып жаткан акт жагынан доочунун фактылары жана талаптары;

9) тиркелүүчү документтердин жана материалдардын тизмеги. 

Административдик доого төмөнкүлөр тиркелет:

1) даттанылуучу акт же анын көчүрмөсү;

2) талаш-тартышты сотко чейинки тартипте чечүүдө административдик даттануу боюнча кабыл алынган административдик органдын чечими;

3) доонун негизи болуп кызмат кылган далилдер;

4) доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, аны төлөнгөнү тууралуу документ;

5) административдик процесстин башка катышуучуларында болбогон административдик доонун көчүрмөлөрүнүн жана ага тиркелген документтердин административдик процесстин башка катышуучуларына жиберилгенин ырастоочу тапшыруу жөнүндө кабарландыруу же башка документтер; 

6) эгерде жазуу жүзүндөгү өтүнмө бар болсо, ал;

7) чет тилдеги документтердин мамлекеттик же расмий тилге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн котормолору.

 

Доогер өз алдынча көрсөтө албаган далилдерди көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда, ап доодо мындай далилдерди көрсөтүүнүн мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүүгө жана аларды талап кылуу жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Эгерде доо өкүл, мисалы адвокат тарабынан берилсе, анда адвокаттын фамилиясы, аты-жөнү, анын почта дареги, ошондой эле телефондорунун номери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар көрсөтүлөт, жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ тиркелет. Доого ага кол коюунун датасы көрсөтүлүү менен доогер же анын өкүлү тарабынан кол коюлат.  Административдик-процесстик кодекстин 109-беренесинде ошондой эле доолордун түрлөрү жана алар боюнча доо талаптары бекитилген. 

 

2.3. Административдик ишти кароонун жана чечим кабыл алуунун тартиби:

Соттук териштирүүгө иштерди даярдоо баскычын күчөтүү үчүн, Административдик-процесстик кодекс тарабынан алдын ала соттук жыйналыш институту киргизилет, анда процесстин катышуучулары өзүнүн каршы пикирлерин, өтүнмөлөрүн жана далилдерин ишти соттук териштирүүгө дайындаганга чейин берүүгө милдеттендирилет.  Тараптар алдын ала соттук жыйналыштын күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланылат. Иште катышкан адамдардын келбей калуусу алдын ала соттук жыйналышта ишти даярдоо боюнча маселелерди кароого тоскоолдук кылбайт. Алдын ала соттук жыйналыштын натыйжалары боюнча даярдоо өндүрүшүнүн бүткөндүгү жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кабыл алынат.

Административдик ишти түздөн-түз кароо, административдик иш даярдоо өндүрүшү аяктаганы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо тууралуу аныктама кабыл алынган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат. Ошентсе да, Кодексте жана мыйзамдарда административдик иштердин айрым категорияларын кароонун жана чечүүнүн башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн. Административдик ишти кароодо, сотто даттанылып жаткан чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети ушундай актыны кабыл алган  же мындай аракетке (аракетсиздикке) жол берген жоопкерге жүктөлөт.

Териштирүүнүн натыйжасында сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыруусу же аны толук же жарым-жартылай канааттандыруудан баш тартуусу мүмкүн. Чечим соттук жыйналышта жарыя кылынат, жана жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү кол койдуруу менен түздөн-түз сотто тапшырылат. Чечимди жарыя кылууда катышпаган процесстин катышуучуларына, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү ал жарыя кылынган күндөн тартып үч күндүн ичинде тапшырылганы жөнүндө кабарландырмасы менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт.