Максаттар жонундо

Максаттар жонундо

Максаттар

Бул веб-сайт бардык адамдар үчүн Бириккен улуттар уюмунун Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактысынын (МПГПП) 18-беренесине ылайык,  дин тутуу жана ынанымдар эркиндигин (ПРСУ) камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен, улуттук укуктук алкактар жана механизмдер тууралуу кошумча маалымат берүү аркылуу ПСРУну камсыз кылууга байланыштуу иштерди алып барып жаткан өлкөнүн адвокаттары үчүн иштелип чыкты.

Эл аралык шаймандар жана механизмдер ПСРУну ишке ашырууга жана мындай укуктар бузулган учурларды чечүүгө көмөк көрсөтүүсү мүмкүн экендигине карабастан, улуттук укуктук, саясий жана социалдык тутум, ПСРУ бузулган учурларга мамиле көрсөтүүгө багытталган биринчи инстанция болуп эсептелет.  Ушуга байланыштуу, бул веб-сайтта биринчи кезекте улуттук контекстте балким андан ары колдонуу үчүн шаймандар тууралуу маалыматтар камтылган.

Максаттуу топтор

Бул веб-сайт бардык адамдар үчүн ПСРУну төмөнкү негиздерде ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталган:

  • Дин тутуу жана ынаным эркиндиктерине болгон укуктары бузулган бардык диндердин өкүлдөрүнө – жапа чеккендерге жардам көрсөтүп жаткан адвокаттарга жана укук коргоочуларга улуттук тутумдун алкагында өз кардарларын коргоонун механизмдери тууралуу маалымат берүү;
  • Юристтер коомчулугунун ПСРУ маселелери менен улуттук контексттин алкагында алектенген башка өкүлдөрүнө, дин тутуу жана ынаным эркиндиктеринин принциптерине ылайык мыйзамды колдонуу жөнүндө маалымат берүү;
  • Ар кандай диндеги диний коомдоштуктардын юристтерине, алар өз укуктарын коргоосуна багытталган маалыматтарды берүү

Бул веб-сайт дин тутуу жана ынаным эркиндигин ишке ашыруу маселелерине байланышкан иштерди алып барып жаткан, иштеп жаткан адвокаттар колдонуусуна арналган. Ушул негизде, белгилүү бир макалалар демейде адвокаттар ээ болгон укуктук билимдер деңгээлине ыңгайлаштырылат.

Ошону менен катар, дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде диний коомчулуктар дин тутуу жана ынаным эркиндиктерине болгон бузулган укуктарын кантип коргоосу тууралуу маалыматтарга муктаждыкты сезишет. Ушуга байланыштуу, кээ бир макалалар жана тексттер пайдалуу болот деген ишеним билдиребиз.

Веб-сайттын түзүлүшү

Веб-сайт ар бир өлкө үчүн подтемаларга бөлүнгөн.  Өлкөлөрдү тандоо тиешелүү өлкөдөгү веб-сайттын ресурстарын колдонууга, дин тутуу жана ынаным эркиндиктерине болгон укуктардын бузулуусуна байланышкан иштерди алып баруу үчүн керектүү болгон кошумча материалдарга муктаждыкты баалоонун негизинде жергиликтүү укуктук эксперттер тарабынан жүргүзүлдү.

Ар бир өлкөнүн барагында дин тутуу жана ынаным эркиндигине болгон укуктардын бузулуусу болгон учурларга тиешелүү болгон бир топ актуалдуу көйгөйлөр боюнча тексттерди кошуу керек.  Эгерде Сиз ПРСУну ишке ашырууга тиешелүү учурларга байланыштуу кандайдыр-бир маанилүү темалардын жок экендигин тапсаңыз, жана аны кароо керек деп эсептесеңиз, биз Сизди кубануу менен тыңдайбыз жана мындай маалыматты төмөндөгү электрондук дарекке жөнөткөндүгүңүз үчүн ыраазылык билдиребиз:post@defendingforb.org

Веб-сайттагы тексттер дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө бир топ кеңири тараган тилдерге которулган.  Бир нече тил кеңири колдонулган өлкөлөрдө болсо, муктаждыктарды баалоонун негизинде укук жаатында иштеген жергиликтүү эксперттер тарабынан сунуш кылынган артыкчылыктуу тилдер тандалды.

Бул веб-сайт адвокаттардын жана укук боюнча эксперттердин муктаждыктарына ылайыкташтырылган маалыматтар менен камсыздоого арналган.  Мыйзамдардын, соттук чечимдердин, ж.б. баштапкы юридикалык тексттери көптөгөн ар түрдүү укуктук салттарда (ресурстарда) кеңири берилгендиктен, бул сайтта биз баштапкы текстке өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү порталдын өзгөчө функционалын сунуштайбыз, бул учурда баракта жазма тексттин агып өтүүсү бузулат.

Катышуучулар 

Жарыяланган бардык тексттер өз тиешелүү өлкөлөрүндө ПРСУну ишке ашыруу маселелери боюнча адвокаттар жана юристтер кабылган актуалдуу көйгөйлөр боюнча макалаларды жазууга тартылган, ошондой эле дин тутуу жана ынаным эркиндиги боюнча укуктары бузулган жапа чеккендерге жардам берүү жаатында практикалык сунуштарды берүүчү жергиликтүү укуктук эксперттер тарабынан даярдалган.

Байланыш маалыматы

Эгерде Сизде ушул веб-сайт боюнча суроолор бар болсо, бизге төмөндөгү дарек боюнча жазууңузду суранабыз: post@defendingforb.org.