Миссионердик иш-аракетти чектөөгө жана тыюу салууга мамиле көрсөтөтүү

2008-жылдагы “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, миссионердик – диний иш-аракет болуп эсептелет.  Бирок, Мыйзамда миссионердик иш-аракетти чектөөнү жана тыюу салууну түшүнүүдө жана талашууда көйгөйлөрдү жаратуучу, миссионердик иш-аракетти ишке ашыруу маселесине карата эрежелерди белгилөөчү  карама-каршылыктар жана ачык эмес ченемдер бар.

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын миссионердик иш-аракетке коюлуучу талаптары

Бир жагынан алганда, бул Мыйзамдын жоболору, миссионердик – диний иш-аракеттин бөлүгү экендигин аныктайт, жана “миссионердик иш-аракет” дегенде, өзүнүн дин ишенимин таратууга багытталган иш-аракет түшүнүлөт. Ар кандай мыйзамсыз миссионердик иш-аракетке тыюу салынат, бул эрежени бузган айыптуу адамдар мыйзамда белгиленгендей жоопкерчилик тартылат.  Ушул эле учурда Мыйзам “мыйзамсыз” миссионердик иш-аракет дегенде эмне түшүнүлөөрүн жана миссионердик иш-аракет “мыйзамдуу” болуусу үчүн кандай талаптар белгиленгендиги тууралуу түшүндүрмө бербейт.

Башка жагынан, Мыйзамдын 12-беренесинде белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын аймагында миссионердик иш-аракетти чакыруусу жана тиешелүү жолдомосу бар, катталган диний уюмдун атынан келген миссионер жүргүзүүгө укуктуу, ал эми “миссионер” дегенде диний иш-аракет жүргүзүү максаты менен Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жаран түшүнүлөт. Ошол эле учурда Мыйзам бул жобо Кыргыз Республикасынын жарандарына миссионердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн чектөө болуп саналбастыгын түшүндүрбөйт.

Андан ары, миссионер (чет өлкөлүк жаран) дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоого алуудан өтүүсү керек деп белгиленген, андан өтүү тартиби Мыйзамдын 12-беренеде аныкталган. Эсептик каттоодон өтүүнүн жыйынтыктары боюнча, миссионерге бир жылдан ашпаган мөөнөткө эсепке алуу каттоосу жөнүндөгү күбөлүк берилет.

Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин миссионер дин иштери боюнча мамлекеттик органдан ошол эле эрежелер боюнча эсептик кайра каттоодон өтөт. Миссионер Кыргыз Республикасынын аймагында үч жылдан ашык жүрө албагандыгы маанилүү, мында миссионердин үч жылдан ашык болушуна тыюу салуу үчүн негиздер Мыйзамда белгиленбейт.

Эгерде анын иш-аракети коомдук коопсуздукка жана тартипке, этнос аралык жана конфессия аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, миссионерди эсепке алуу каттоосунан баш тартылышы мүмкүн. Эсепке алуу каттоосунан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бул тууралу арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабар берилет. Бул чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

Эми Мыйзамда миссионердик ишмердүүлүк укугун ишке ашырууну каалаган Кыргызстандын жарандарына карата эмне деп айтылганын карап көрөлү. Мыйзам жогоруда белгиленгендей, ар кандай мыйзамсыз миссионердик иш-аракеттерге тыюу салууну гана белгилейт, бирок чет өлкөлүк миссионерлерден айырмаланып КР жарандарына дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоого алуу талабын койбойт.

Жогоруда айтылгандай, миссионердик иш-аракет диний иш-аракет болуп саналат. Ал эми Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан ишти жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Бирок бүгүнкү күндө колдонуудагы Кодекстерде мындай жоопкерчилик жок.

Мындай учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгү (мындан ары-УБК) – “Диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз жүзөгө ашыруусу” гана колдонулушу мүмкүн. Бирок бул жобо диний уюмдарга, миссияларга, миссионерлерге, диний окуу жайларга жана диний объекттерге карата гана колдонулушу мүмкүн экенин эске алуу керек. Мыйзамга ылайык милдеттүү эсепке алуу каттоосунан төмөнкүлөр өтүшү керек:

  • диний уюмдар (10-берене),
  • диний багыттагы объекттер (10-берене),
  • чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары (өкүлчүлүктөрү) (11-берене),
  • дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандар (миссионерлер) (12-берене),
  • диний окуу жайлар (ДОЖ) (13-берене).

Ошондуктан, эгерде Кыргыз Республикасынын жараны жогоруда аталган уюмдардын атынан миссионердик иш жүргүзбөсө, анда УБКнын 142-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген жоопкерчилик колдонулушу мүмкүн эмес.

Ошентип, УБКнын 142-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, кылмыш ишин жүргүзүүдө жана кароодо төмөнкүлөр белгилениши керек:

  1. Дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоодон өтпөгөн адам диний уюмдун, миссиянын атынан иш кылганбы?
  2. Же бул адам КРга диний иш-аракет максатында келген, дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк жаранбы?

Андан ары эки маселени чектөө аракети көрүлдү: биринчиси – Дин  иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан миссионерди өлкөгө дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандар  катары эсептик каттоодон баш тартуу; экинчиси - ”Диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз жүзөгө ашыргандыгы” үчүн адамдарды (жарандарды, чет өлкөлүк жарандарды) жоопкерчиликке тартуу.

 

Миссионерди каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө мамлекеттик органдын чечимине даттануу:

Мурда белгиленип өткөндөй, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамынын жоболоруна ылайык, миссионер деген – бул Кыргыз Республикасына дин ишин жүргүзүү максатында келген чет элдик жаран.  Миссионердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн, миссионер катталган диний уюмдун өкүлү болуусу, чакыруусу жана жолдомосу болуусу, ошондой эле дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан эсептик каттоого алынуудан өтүүсү керек.  Эгерде жогоруда саналгандардын бирөө эле жок болсо, миссионер миссионердик иш-аракетти жүргүзө албайт.

Эгерде анын иш-аракети коомдук коопсуздукка жана тартипке, этнос аралык жана конфессия аралык ынтымакка, калктын саламатчылыгына жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, миссионерди эсепке алуу каттоосунан баш тартылышы мүмкүн. Эсепке алуу каттоосунан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бул тууралу арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабар берилет. Бул чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, дин иштери боюнча мамлекеттик органдын чечимдери административдик (сотко чейинки) тартипте, андан ары соттук тартипте даттанылат, Административдик актыларга даттануунун сотко чейинки баскычы азыркы учурда милдеттүү болуп эсептелет, мындай актыларды соттук талашуу ушул тартипти сактоодон кийин гана мүмкүн болот.  Даттануунун сотко чейинки тартибин сактабагандык доону кабыл алуудан баш тартууга (АПК 113-берене) же доону кайра кайтарууга (АПК 115-берене) алып баруусу мүмкүн.

Дин иштери боюнча маморгандын чечимине даттануунун соттук тартибин караган “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренеси менен, мындай чечимге милдеттүү түрдө сотко чейинки даттанууну караган “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосундагы карама-каршылык, “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 3-бөлүгүндөгү административдик актыларга даттануу тартибин жөнгө салуучу атайын акт болгондугунун себебинен кийинки мыйзамдын пайдасына чечилет.

  • Дин иштери боюнча маморгандын чечимине административдик даттануу

Дин иштери боюнча маморгандан жогору турган орган жок болгондуктан, административдик актыга административдик тартипте даттануу дин иштери боюнча маморгандын өзүнө берилиши мүмкүн.  Мындай даттануунун максаты – маморгандын көңүлүн өзү жол берген бузууларга буруу жана аларды сотко кайрылбастан жоюуга мүмкүнчүлүк берүү.

Административдик даттануу административдик акт тапшырылган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн.  Даттанууну берүүнүн өткөрүп жиберилген мөөнөтү арыз берүүчүнүн арызы боюнча дин иштери боюнча маморган тарабынан калыбына келтирилүүсү мүмкүн.

“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын 64-беренесине ылайык, даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу берилген администрациялык органдын аталышын (биздин учурда – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы);

2) даттанууну берүүчү жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин;

3) юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын кызмат ордун жана юридикалык жактын турган жерин;

4) даттануу предметин (биздин учурда – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндөгү чечими (чечимдин датасы жана номери);

5) даттанууну берген жактын талабын (биздин учурда – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндөгү чечими (чечимдин датасы жана номери);

6) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин (чечимдин өзүн жана миссионерди эсептик каттоого алуу үчүн арыз ээси берген документтер);

7) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;

8) даттанууну берген адамдын колтамгасын;

9) даттанууну юридикалык жактын атынан берген адамдын колтамгасын жана юридикалык жактын мөөрүн.

Административдик жол-жобонун максималдуу мөөнөтү – дин иштери боюнча маморганда арыз катталган күндөн тартып отуз жумушчу күн.  Дин иштери боюнча маморгандын чечимине административдик даттанууну карап чыгып, административдик актыны жокко чыгарып же аны арзыбас деп таап, даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандырууга, же жаңы административдик актыны кабыл алып, же даттанууну канааттандырбастан жана административдик актыны өзгөртүүсүз калтырууга укуктуу.

Эгерде арыз берүүчү өз даттануусу боюнча дин иштери боюнча маморгандын чечимине макул эмес болсо, 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекске ылайык, административдик сот өндүрүшү тартибинде аны сотто талашууга укуктуу. Административдик сот өндүрүшү – бул, административдик орган жана анын кызмат адамдары тарабынан жеке жана юридикалык жактардын субъективдик жарыя укуктары бузулуусуна байланыштуу жарандардын демилгеси менен келип чыккан сот өндүрүшү. 

  • Административдик сот өндүрүшү жана административдик доо

Төмөнкү административдик иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралат:

  • административдик актыны же административдик органдын аракеттерин толугу менен же болбосо анын бир бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө;
  • административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же башка аракеттерди жасабоо милдеттери жөнүндө;
  • административдик органдын административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;
  • административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;
  • административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.

Ошондой эле, төмөнкү иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралбайт:

  • административдик укук бузуулар жөнүндө (жоруктар жөнүндө) иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толугу менен же анын бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;
  • жазык процессинин чөйрөсүндөгү укук мамилелеринен келип чыккан укук коргоо органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө;
  • аткаруу документтерин аткарууда соттук аткаруучулардын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө.

Административдик процесстин тараптары болуп административдик доогер жана административдик жоопкер эсептелет.  Административдик доогер болуп, өз укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак, же прокурор же мыйзам тарабынан ошондой эле ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын кызыкчылыгы үчүн административдик доо берген жак.  Административдик жоопкер болуп, ага каршы сотко доо коюлган административдик орган эсептелет.  Тараптардын өз өкүлдөрүнүн болуусуна укугу бар, алар кызматы боюнча, мыйзам боюнча өкүлдөр, ошондой эле ишеним каттын негизинде башка жактар тараптардын өкүлдөрү болушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары сыяктуу эле соттук коргоо укугуна ээ. Ушундай болгон учурда, административдик доогер болуп, миссионер чыгат, анткени дин иштери боюнча маморгандын актысы менен анын жекече укуктары бузулган. Миссионерди Кыргыз Республикасына жиберген жана чакырган диний уюмдар, доогердин тарабында үчүнчү жак катары ишке киришүүгө укуктуу (АПК, 32-берене).

Белгилей кетчү нерсе, административдик иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилде жүргүзүлөт. Эгерде, миссионер сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбесе, ага иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүүгө, эне тилинде сүйлөөгө жана өтүнмө берүүгө, ошондой эле Административдик-процесстик Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.  Ошол эле учурда, доогер чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдеги  күбөлөндүрүлгөн котормосун берүүсү зарыл.

  • Административдик доо кайда жана кандай мөөнөттө берилет

Административдик иштер жоопкердин турган жери боюнча биринчи инстанциядагы райондор аралык соттор тарабынан каралат, тиешелүү түрдө административдик доо ошол эле жакка, же Бишкек райондук сотуна жиберилет.  Административдик доо жазуу жүзүндөгү арыз формасында берилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) доо берилүүчү соттун аталышы (Бишкек шаардык райондор аралык сот);

2) эгерде доогердин фамилиясы, аты-жөнү (аталышы), почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар;

3) эгерде жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген орду, почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги белгилүү болсо, алар;

4) даттанылуучу актынын жана ушул актыны кабыл алган органдын же кызмат адамынын аталышы (бул учурда – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын миссионерди эсептик каттоого алуудан баш тартуу тууралуу чечими);

5) даттанылуучу акт кабыл алынган, даттанылган иш-аракет жасалган дата;

6) актыга, даттануу, талаш-тартышты соттон тышкары тартипте чечүү тууралуу маалыматтар;

8) даттанылып жаткан актка карата доочунун фактылары жана талаптары;

9) тиркелүүчү документтердин жана материалдардын тизмеги.

Административдик доого төмөнкүлөр тиркелет:

1) даттанылуучу акт же анын көчүрмөсү;

2) талаш-тартышты сотко чейинки тартипте чечүүдө административдик даттануу боюнча кабыл алынган административдик органдын чечими;

3) доонун негизи болуп кызмат кылган далилдер;

4) доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, аны төлөнгөнү тууралуу документ;

5) административдик процесстин башка катышуучуларында болбогон административдик доонун көчүрмөлөрүнүн жана ага тиркелген документтердин административдик процесстин башка катышуучуларына жиберилгенин ырастоочу тапшыруу жөнүндө кабарландыруу же башка документтер;

6) эгерде жазуу жүзүндөгү өтүнмө бар болсо, ал;

7) чет тилдеги документтердин мамлекеттик же расмий тилге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн котормолору.

Доогер өз алдынча көрсөтө албаган далилдерди көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда, ап доодо мындай далилдерди көрсөтүүнүн мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүүгө жана аларды талап кылуу жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Эгерде доо өкүл тарабынан берилсе, анда өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү, анын почта дареги, ошондой эле телефондорунун номери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар көрсөтүлөт. Доо менен бир эле убакта өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ берилет. Доого ага кол коюунун датасы көрсөтүлүү менен доогер же анын өкүлү тарабынан кол коюлат. Административдик-процесстик кодекстин 109-беренесинде ошондой эле административдик доолордун түрлөрү жана алар боюнча доо талаптары белгиленген.

Белгилей кетчү нерсе, дин иштери боюнча маморгандын миссионерге эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечиминде келтирилген негиздер мыйзамдуу жана негизделген болуусу керек.  Эгерде алар мыйзамда жеткиликтүү эмес каралса да, баш тартуу үчүн негиздерди жөн гана келтирүү, коркунучтун бар экендигине ачык жүйөлөрдү келтирүү керек.  Ошондуктан, административдик доону даярдоодо административдик доогер же анын өкүлү көрсөтүлгөн негиздерге жана алардын негиздемелерине көңүл буруусу керек. Көңүлгө алуучу нерсе, сотто даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин (аракетсиздиктин), мыйзамдуу жана негиздүү экендигин далилдөө жүгү жоопкерге, бул учурда ушундай чечимди кабыл алган дин иштери боюнча маморганга жүктөлөт.

Доо сотко “Административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралган административдик даттануу боюнча административдик органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.  Административдик-процесстик кодекстин 110-беренесинде да доонун кээ бир түрлөрүнө мөөнөттөр белгиленген.

  • Административдик ишти кароонун жана чечим кабыл алуунун тартиби

 Соттук териштирүүгө иштерди даярдоо баскычын күчөтүү үчүн, Административдик-процесстик кодекс тарабынан алдын ала соттук жыйналыш институту киргизилет, анда процесстин катышуучулары өзүнүн каршы пикирлерин, өтүнмөлөрүн жана далилдерин ишти соттук териштирүүгө дайындаганга чейин берүүгө милдеттендирилет.  Тараптар алдын ала соттук жыйналыштын күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланылат. Иште катышкан адамдардын келбей калуусу алдын ала соттук жыйналышта ишти даярдоо боюнча маселелерди кароого тоскоолдук кылбайт. Алдын ала соттук жыйналыштын натыйжалары боюнча даярдоо өндүрүшүнүн бүткөндүгү жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кабыл алынат.

Административдик ишти түздөн-түз кароо, административдик иш даярдоо өндүрүшү аяктаганы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо тууралуу аныктама кабыл алынган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат. Ошентсе да, Кодексте жана мыйзамдарда административдик иштердин айрым категорияларын кароонун жана чечүүнүн башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.

Административдик ишти кароодо, сотто даттанылып жаткан чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети ушундай чечимди кабыл алган жоопкерге жүктөлөт.

Териштирүүнүн натыйжасында сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыруусу же аны толук же жарым-жартылай канааттандыруудан баш тартуусу мүмкүн. Чечим соттук жыйналышта жарыя кылынат, жана жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү кол койдуруу менен түздөн-түз сотто тапшырылат. Чечимди жарыя кылууда катышпаган процесстин катышуучуларына, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү ал жарыя кылынган күндөн тартып үч күндүн ичинде тапшырылганы жөнүндө кабарландырмасы менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт.

 

УБКнын 142-беренесинин 4-бөлүгү боюнча “Диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз жүзөгө ашыруу” үчүн укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби:

УБКнын 142-беренесинин 4-бөлүгү Диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз жүзөгө ашыруусу үчүн жоопкерчиликти жана жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоосуз диний ишти жүзөгө ашыруу ушул берене боюнча укук бузуунун объективдүү тарабы болуп саналат. Жеке жана юридикалык жактар – диний уюмдар, диний багыттагы объекттер, чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары (өкүлчүлүктөрү), диний окуу жайлар, дин ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандар (миссионерлер), ошондой эле бул уюмдардын атынан диний иш жүргүзгөн адамдар укук бузуунун субъектиси болот саналат.

  • Өндүрүштүн башталышы.

УБКнын 142-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган, биздин учурда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - ДИМК) карап чыгып, жаза чараларын көрүшү керек. 

Ошондой эле, УБЖКнын беренесине ылайык, прокурор укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт, ал ошондой эле укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоого, укук бузуу жөнүндө ишти кароого катышууга, кызмат адамынан өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларды жоюуну талап кылууга, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга жана соттук чечимдерге даттанууга укуктуу.

УБКнын 142-беренесинин 4-бөлүгү боюнча укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйө болуп саналат:

1) укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын түздөн-түз табылышы;

2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдардан,  укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын келип түшүүсү;

3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдирүүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар.

Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) укук бузууну жасагандыгы үчүн тартылып жаткан адам;

2) жабыр тартуучу - укук бузуулар менен дене-бойлук, мүлктүк же моралдык жактан зыян келтирилген же болбосо ишкердик аброюна зыян келтирилген жеке же болбосо юридикалык жак;

3) күбө - факты боюнча аныктоого тиешеси бар кайсы бир жагдайлар белгилүү болушу мүмкүн болгон ар кандай адам;

4) эксперт - илим жана техника жаатында эксперттик атайын билими бар, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон жана укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары сунуш кылган адам;

5) адис - далилдерди табууга, бекемдөөгө жана алууга, ошондой эле техникалык каражаттарды колдонууга көмөктөшүү үчүн зарыл атайын билими бар, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон адам;

6) котормочу;

7) мыйзамдуу өкүл – өзүнө карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жак же жабыр тартуучу балдар же өзүнүн дене бою же психикалык абалынан улам жеке адам өзүнүн укуктарын өз алдынча жүзөгө ашыра албаган, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу өкүл.

Юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлү- укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан же жабыр тартуучу болуп саналган юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу өкүлү.

8) жактоочу – укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнө юридикалык жардам көрсөтүүчү адам.

Өкүл - жабыр тартуучуга юридикалык жардам  көрсөтүүчү адам.  Жактоочу же өкүл катары укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышууга адвокатка же башка жакка жол берилет.

 

Укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып 48 сааттан кечиктирбестен ДИМКнын кызмат адамдары, прокурор укук бузуулардын бирдиктүү реестринин (УББР) автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМТ) тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү. Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун андан аркы натыйжаларын токтоосуз киргизет. Укук бузууларды эсепке алуудан жашыруусу же Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизбөөсү  мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

  • Процессуалдык жол-жоболоштуруу.

Укук бузуулар жасалганда прокурор же ДИМК тарабынан укук бузуу жөнүндө кагаз түрүндөгү же кызмат адамынын электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада протокол түзүлөт.

Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзөөрдөн мурда кызмат адамы, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга анын төмөнкү укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү:

1) өкүлдүн жардамынан пайдаланууга;

2) түшүндүрмө берүү же түшүндүрмө берүүдөн жана суроолорго жооп берүүдөн баш тартууга;

3) ыйгарым укуктуу органдын чечимине сотко даттанууга.

кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган адамга анын укуктары түшүндүрүлгөндөн кийин гана  укук бузуу жөнүндө протоколду кагаз жүзүндө 2 нускада түзүүгө киришет, анын бири жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка кол койдуруу менен тапшырылат.

Укук бузуулар жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) аны түзүүнүн күнү, убактысы жана орду;

2) протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) укук бузууларды жасагандыгы үчүн ишке тартылып жаткан адам жөнүндө маалымат;

4) укук бузуулар жасалган орду, күнү, убактысы жана аны жасагандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайлар;

5) ушул Кодекстин укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти караган беренеси;

6) эгерде күбөлөр жана жабыр тарткандар бар болсо, алар жөнүндө маалыматтар;

7) укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартылган адамдын түшүндүрмөсү;

8) укук бузуулар жөнүндө ишти чечүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.

Протоколго аны түзгөн адам жана укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам кол коёт. Күбөлөр жана жабыр тарткандар болгон учурда протоколго ошол адамдар да кол коёт. Протокол эки нускада түзүлөт, анын бири укук бузуулар жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка кол койдуруу менен тапшырылат.

Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмөлөрүн жана сын пикирлерин тиркөөгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартуусунун жүйөсүн баяндоого укуктуу.

  • Иштерди кароо.

ДИМК укук бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо төмөнкү маселелерди аныктайт:

1) тиешелүү ишти кароо анын компетенциясына киреби;

2) ДИМКнын ишти кароосун жокко чыгарган жагдайлар барбы;

3) укук бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле иштин башка материалдарын жол-жоболоштуруу туура түзүлгөнбү;

4) УБКнын 510-беренесинде каралган укук бузуу жөнүндө өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар барбы;

5) укук бузууларды маңызы боюнча кароо үчүн колдо бар материалдар жетиштүүбү;

6) өтүнүчтөр же четтетүүгө билдирүүлөр барбы.

 Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо ДИМК төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;

4) протокол түзүүгө жана башка иштин материалдарын жол-жоболоштурууга укугу жок адам тарабынан түзүлгөндө, протокол түзүү/токтом чыгаруу жана башка материалдарды жол-жоболоштуруу туура эмес болгондо, же болбосо ишти кароодо берилген материалдардын толуктоого мүмкүн болбогон толук эмес болгон учурларда, протокол/токтом түзгөн ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнө же кызмат адамына укук бузуу жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде ошол ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, үч жумушчу күндүн ичинде укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана башка материалдарын караштуулугуна жараша кайтарып берүү жөнүндө;

6) УБКда каралган учурларда судьяны, ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;

7) УБКнын 508-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү токтотуу жөнүндө;

8) УБКнын  510-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

ДИМК ишти кароо же башка процесстик аракеттерди ишке ашыруу башталганга чейин 24 сааттан кечиктирилбестен кабарландыруу (билдирүү, чакыруу кагазын, телефонограмма, телеграмма жөнөтүү, факсимилдик байланыш, электрондук почта же башка мындай билдирүү фактысын тастыктаганга мүмкүнчүлүк берген байланыш каражаттарын колдонуу) аркылуу укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процесстик аракеттер тууралуу билдирет, иштерди кароодо же башка процесстик аракеттерди ишке ашырууга катышуу үчүн аларды чакырат.

Укук бузуулар жөнүндө иш ДИМК тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол/прокурордун укук бузуу тууралуу ишти козгоо жөнүндө токтому жана иштин башка материалдары алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат. ишти кароо мөөнөтү он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 

ДИМК укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча материалдарын карап чыгып төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;

3) туумду кошуп эсептөө жөнүндө.

Токтом ишти кароо аяктагандан кийин дароо жарыя кылынат жана 3 күндүн ичинде ал өзүнө карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабыр тартуучуга тапшырылат же жиберилет, көрсөтүлгөн дареги боюнча почта аркылуу же байланыштын башка каражаттары аркылуу жөнөтүлөт, ал тууралуу иш кагазына тийиштүү жазуу жазылат.

Токтом кагаз түрүндө же болбосо электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында чыгарылат, бул маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин АМТга киргизилет. Токтом , эгерде ал даттанылбаса, даттануунун мөөнөтү бүткөндөн кийин (10 күндө) мыйзамдуу күчүнө кирет. 

  • Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу.

ДИМКнын укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомуна даттанууда райондук (шаардык) сот УБКнын 56-главасында каралган эрежелерди колдонот (укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо). Даттанууну берүү сот тарабынан даттануу каралганга чейин жаза чарасын берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын токтомунун аткарылышын токтото турат.

Сот төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну – канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү кыскартуу тууралуу.

Соттун токтомунун көчүрмөсү үч күндүн ичинде токтом чыгарылган адамга жана жабыр тартуучуга жөнөтүлөт.

Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш УБКнын 56-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат. Апелляциялык сот төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;

2) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;

3) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун жокко чыгаруу жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсү беш күндүн ичинде укук бузуулар жөнүндө иш боюнча тараптарга жөнөтүлөт.