Диний уюмдардын өндүрштүк- чарбалык ишмердүүлүгү

Диний уюмдар негизинен юридикалык жак болгондуктан, алар башка субъекттер менен өз ара мамиле түзүшөт: келишимдерди түзүшөт, төлөмдөрдү жүргүзүшөт, өндүрүштү ачышат, салык төлөшөт, отчет беришет. Бул басылмада “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамдын (мындан ары – дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзам) 17-беренесинде жалпыланган түрдө бекитилген жарандык карым-катнаштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнүн, өндүрүштүк, чарбалык иш жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болот.

1. Диний уюмдардын чарбакер субъекттерди уюштурууга укугу

Диний уюмдардын негизги максаты - биргелешип дин тутуу, жарандардын руханий муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жарандарды бириктирүү. Атайын укук жөндөмдүүлүгү бар коммерциялык эмес уюм болгондуктан (жарандык кодекстин 84-беренеси) диний уюмдун бардык иш-аракеттери анын негизги максатына баш ийиши керек. Кала берсе диний уюмга пайда табуу да, Уставда аныкталган максатты ишке ашыруунун каражаты болуп саналат.

Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси диний уюмдарга уставдык максаттарына жетүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш-аракеттерди жүргүзүү укугун берет. Демек, диний уюмдардын уставдарында анын ишинин максаты так көрсөтүлүшү керек.

Бул бардык коммерциялык эмес уюмдар үчүн Граждандык кодекстин 87-беренесинин 4-пунктунда белгиленген жалпы эреже менен тастыкталат:

 “Коммерциялык эмес уюмдардын […] уюштуруу документтеринде юридикалык жактын ишмердигинин предмети жана максаты аныкталууга тийиш”.

Бул жобо андан ары Граждандык кодекстин 85-беренесинин 3-пунктунда өнүктүрүлөт:

“Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставындагы максаттарга зарыл болгон өлчөмдө гана ишкердик кыла алат”.

Мындай ишмердиктен алынган киреше диний уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес (Граждандык кодекстин 85-беренесинин 1-пункту).

Ишкердик менен алектенүүнү пландаган диний уюм аны өзүнүн уставында уюмдун финансылык каражаттарын жана башка мүлкүн түзүүнүн булагы катары көрсөтүшү керек (Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгү).

Эгерде диний уюм Уставга карама-каршы келген ишти жүзөгө ашырса, дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан мындай диний уюмга жазуу жүзүндө эскертүү берилиши мүмкүн (Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 27-беренесинин 1-пункту).  Эгерде укук бузуулар үч айдын ичинде оңдолбосо же жыл ичинде кайра кайталанса, бул уюм соттук тартипте жоюлушу мүмкүн (Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 27-беренесинин 2-пункту).

Башка максаттарды – өндүрүштүк, билим берүү, кайрымдуулук иштерин ишке ашыруу үчүн диний уюм өз алдынча юридикалык жактарды уюштурууга укуктуу. Бул Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, анда диний уюмдардын укуктук мамилелердин толук кандуу субъектилери катары өндүрүштүк-чарбалык ишти жүзөгө ашыруу, чарбакер субъекттерди, кайрымдуулук мекемелерин, жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштуруу укугу каралган.

Диний уюм коммерциялык эмес уюм болгондуктан, жаңы юридикалык жакты түзүүдө ишкерлер (мисалы, толук шериктештиктер, коммандиттик шериктештиктер), жарандар (мисалы, коомдук бирикмелер) же мамлекет (мисалы, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар) гана катыша ала турган юридикалык жактарды түзүүдөгү чектөөлөргө туш болот. Көптөгөн башка уюмдар үчүн эч кандай чектөөлөр жок.

Диний уюм тарабынан түзүлгөн юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178-токтому менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүлөт.

Жыйынтыктап айтканда: диний уюмдар Уставда өз ишмердүүлүгүнүн максаттарын бекитиши керек. Уставдык максаттарына жетүү үчүн диний уюм чарбалык ишмердүүлүк менен алектенүүгө, мындай ишмердүүлүктөн бюджетке, мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөмдөрдү жүргүзүүгө, түзүлгөн жарандык келишимдер боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, кызматкерлерди жалдоого, анын ичинде өз аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жоопкерчилик тартууга укуктуу.

 Көбүнчө аталган максаттар үчүн диний уюмдар наабайканаларды, жыгач устаканаларды, диний атрибутикаларды саткан дүкөндөрдү ачышат, анткени мындай ишмердүүлүк уставдык максаттарга толук жооп берет. Эгерде диний уюм аталган чарбалык иш-аракеттерден системалуу түрдө пайда тапса, мындай пайда диний уюмду түзүү максаттарына кетиши керек.

Эгерде диний уюм башка ишмердүүлүк менен алектенүүгө ниеттенсе (Уставда бекитилген алкактан тышкары), ал өз алдынча юридикалык жакты уюштурушу керек.

Жогоруда айтылгандардын баары юридикалык жак катары катталган диний уюмдарга гана тиешелүү.  Эгерде диний уюм Дин иштери боюнча мамлекеттик органда гана каттоодон өткөн болсо, анда ал чарбалык жүгүртүүдөгү укук субъектилигине ээ эмес. Анын кызыкчылыгындагы бардык чарбалык бүтүмдөрдү анын жетекчиси жеке жак катары, же негизги (борбордук) диний уюм жүргүзөт.

2. Жарандык жүгүртүмдө катышуу

Диний уюмдардын жарандык жүгүртүмгө катышуусу жалпысынан жалпы эрежелерге баш ийет: алар бүтүмдөрдү жасашат, эсептешүүлөрдү жүргүзүшөт, жоопкерчилик тартышат, сотто доогер же жоопкер катары чыгышат.

Айрым чектөөлөр диний уюмдардын коммерциялык эмес статусуна байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, айрым келишимдер өзүнүн табияты боюнча тигил же бул чөйрөдө ишкердик менен кесипкөй иш жүргүзгөн коммерциялык уюмдар тарабынан гана түзүлүшү мүмкүн (мисалы, кесиптик насыя (Граждандык кодекстин 724-статьясы), комплекстүү ишкердик лицензиясы (франчайзинг) (Граждандык кодекстин 866-статьясы).

Экинчи жагынан, диний уюмдардын коммерциялык эмес статусу айрым учурларда жалпы укуктук режимден четтөө түрүндө жеңилдиктерди берет.  Алсак, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторун жалпы эрежелерге каршы диний объекттерди куруу үчүн диний уюмдарга пайдаланууга берүү иш жүзүндө тендер өткөрбөстөн жана Жер кодексинин 32 жана 34-беренелеринин негизинде пайдалануу үчүн акы албастан жол-жоболоштурулат.

Диний уюмдар үчүн өз кызматкерлери менен эмгек келишимдерин түзүүнүн өзгөчө тартиби (Эмгек кодексинин 37-главасы) жана атайын тарифтер (диний уюмдан 17% жана кызматкерден 10%) жана кызматкерлердин эмгек акысынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн эрежелери (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 13-беренелери) белгиленген.

3. Диний уюмдун пайдасына салык салуу

Диний уюмдар салык салынуучу субъекттер болуп саналат.

Эгерде диний ырым-жырымдарды, ырасымдарды, аземдерди, ажылыкты уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер диний уюмдардын салык салынбаган кирешелери болуп саналса жана пайдага салык (Салык кодексинин 213-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту), КНСке (салык кодексинин 296-статьясы), сатуудан алынуучу салык (Салык кодексинин 364-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту) салынбаса, анда диний уюмдардын өндүрүштүк ишмердигинен жана башка кирешелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы тартипте салык салынат.

Демек, диний уюм сыйынуу иш-аракеттеринен, диний жана диний багыттагы буюмдарды өндүрүүдөн жана сатуудан түшкөн каражаттардан (мисалы, шам сатуудан түшкөн киреше) киреше салыгын төлөөдөн бошотулат, бирок бул салыктарды ишкердик иш-аракеттеринен (мисалы, нан бышыруучу жайынан нан сатуудан) төлөшү керек.

Маанилүү деталь: ыктыярдуу кайыр-садагалар диний уюмдардын киреше салыгы боюнча гана салык салынбаган кирешелери болуп саналат (Салык кодексинин 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 213-пункту). Салыктардын башка түрлөрү үчүн мындай жеңилдиктер каралган эмес.

Диний уюмдар салык органына өз ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Салык органдары диний уюмдун ишмердүүлүгүнүн уставдык максаттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашырат. Бул үчүн салык органдары кеңири ыйгарым укуктарга ээ.  Ошентип, алар диний уюмдардан маалымат, тескөөчү жана финансылык документтерди суратууга; диний уюм жүргүзүп жаткан иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө; диний уюмдун ишмердүүлүгүнүн анын уставында каралган максаттарга ылайык келишин текшерүүгө; жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө (дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгү) укуктуу.

4. Диний уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылоо

Диний уюмду каржылоо булактары ар түрдүү болушу мүмкүн: ыктыярдуу финансылык жана башка кайыр-садагалар (Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгү), баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер, өздүк өндүрүштөн алынган кирешелер, банктык депозиттер боюнча пайыздар ж. б.

Жогоруда белгиленгендей, дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзам диний уюмдун жана чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясынын (өкүлчүлүгүнүн) уставында уюмдун финансылык каражаттарынын жана башка мүлктөрүнүн пайда болуу булактары тууралуу маалыматтарды камтуусун талап кылат (Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 9 жана 11-беренелери). Ошол эле учурда аталган мыйзам диний уюмдарды каржылоо боюнча айрым чектөөлөрдү белгилейт, алардын арасында:

- Кыргыз Республикасынын светтик принциби мамлекет тарабынан диний уюмдардын ишин каржылоого тыюу салат (Мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгү);

- диний уюм тарабынан түзүлгөн диний окуу жайлар ушундай диний уюмдун өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат (Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгү).

Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүндө келип түшкөн финансылык каражаттар, кайрымдуулук, гуманитардык жардам жана башка мүлктөр диний уюмдун бухгалтердик документтеринде эсепке алынышы керектиги белгиленген.

5. Диний уюмдардын финансылык и бухгалтердик отчеттуулугу

Дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамда диний уюмдардын финансылык-бухгалтердик отчеттуулугунун кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү камтылбайт. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн укуктук жана методологиялык негизин белгилеген, бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту мамлекеттик жөнгө салуунун тартибин, бухгалтердик эсепти уюштурууну, жүргүзүүнү, финансылык отчеттуулукту түзүүнү жана берүүнү жүзөгө ашырган жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган негизги ченемдик акт болуп Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги №76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы эсептелет.. Мыйзам жалпы мүнөзгө ээ жана коммерциялык эмес уюмдарды да камтыйт (Мыйзамдын 1-1-беренеси).

Бухгалтердик эсеп, аталган Мыйзамдын 1-беренесинде аныкталгандай, негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн белгилүү бир субъекттин финансылык отчеттору аркылуу юридикалык жактын активдери, милдеттенмелери, өздүк капиталы, кирешелери жана чыгымдары жөнүндө маалыматтарды каттоо, иштеп чыгуу жана берүү жолу менен чогултуу, өлчөө тутумун камтыйт.

Ушул эле учурда, диний уюмдун кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле диний уюмдун мүлкүнүн өлчөмдөрү жана курамы, анын чыгымдары, кызматкерлеринин саны жана курамы, алардын эмгегине акы төлөө, жарандардын акысыз эмгегин диний уюмдун ишинде пайдалануу жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес (Дин тутуу эркиндиги жөнүндө Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгү).

Диний уюмда бухгалтердик эсепти уюштуруу, чарбалык операцияларды аткарууда мыйзамдардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти, уюштуруу документтерине ылайык диний уюмдун атынан чыгууга укуктуу болгон жетекчи тартат (Бухгалтердик эсеп жөнүндө Мыйзамдын 7-беренеси). Ал ички эсеп тутумун, отчеттуулукту жана контролду, чарбалык операцияларды көзөмөлдөө тартибин камсыз кылууга, тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык отчетту даярдоону, салык отчетторун жана башка финансылык документтерди даярдоону, эсептөөлөрдүн өз убагында болушун камсыз кылууга милдеттүү.

Мында бухгалтердик эсепти жүргүзүү уюмдун бухгалтердик кызматына (бухгалтерине) же аутсорсинг принциби боюнча адистештирилген уюмдарга тапшырылышы мүмкүн.

Акчаны, товардык-материалдык жана башка баалуулуктарды кабыл алуу жана берүү үчүн негиз болгон документтерге, уюмдун кредиттик жана эсептешүү милдеттенмелерине, ошондой эле финансылык отчетторго жетекчи же ал аныктаган адамдар кол коюшат.

Айрым чарбалык операцияларды ишке ашыруу боюнча диний уюмдун жетекчиси менен бухгалтердик эсепти жүргүзгөн адамдын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда, алар боюнча документтер жетекчинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен аткарууга кабыл алынышы мүмкүн, ал мындай операцияларды ишке ашыруунун натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат.

Финансылык отчеттуулук боюнча календардык жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгили отчеттук жыл деп эсептелет (Бухгалтердик эсеп жөнүндө Мыйзамдын 13-беренеси).

Баштапкы эсепке алуу документтерин, бухгалтердик эсеп регистрлерин жана финансылык отчетторду уюмда сактоо үчүн, анын жетекчиси жоопкерчилик тартат.