Диний уюмдарга салык салуу

Конституцияга ылайык Кыргызстан светтик мамлекет болуп саналат (1-берене). Мамлекет элдин бакубат жашоосу жана аны социалдык жактан коргоого кам көрүүгө, социалдык жактан корголбогон жарандарды колдоого, эмгекти жана ден соолукту коргоону камсыз кылууга, социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрүүгө, мамлекеттик пенсиялардын, жөлөкпулдардын кепилдиктерин жана социалдык коргоонун башка кепилдиктерин камсыз кылууга милдеттүү. Чыгымдарды каржылоо үчүн мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт, ал салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү чегерүүлөр менен толукталат. Ошондуктан, ар бир адам, анын ичинде диний уюмдар, дин жана бардык диний табынуулар мамлекеттен бөлөк экендигине карабастан, мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү экендиги аныкталган (9 жана 50-беренелер). Өлкөнүн аймагында бирдиктүү салык системасы бар. Салыктарды белгилөө укугу парламентке: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык. Жаңы салыктарды белгилеген жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлаткан мыйзамдар артка кайтарылбайт.

1. Салык мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасынан турат. Алардын ичинен негизги мыйзам Салык кодекси (СК) болуп саналат, ал төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) салык салуу принциптерин;

2) салыктар тутумун;

3) алынуучу салыктардын түрлөрүн;

4) жергиликтүү салыктарды колдонууга киргизүү жана колдонулушун токтотуу тартибин;

5) салык милдеттенмелеринин келип чыгуу, өзгөртүү, токтотуу негиздерин жана аткаруу тартибин;

6) салык төлөөчүлөрдүн, салык кызматынын органдарынын жана салыктык укук мамилелеринин башка катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин;

7) салык контролунун формаларын жана усулдарын

8) салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти;

9) салык кызматынын органдарынын чечимдерине жана алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу тартибин.

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдер белгиленсе, анда мындай эл аралык келишимдин, мисалы, кош салык салуудан качуу жөнүндө башка өлкөлөр менен Макулдашуунун, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы келишимдин ченемдери колдонулаарын да билүү зарыл.

Салык мыйзамдарынын актылары жана башка ченемдик укуктук актылары Салык кодексине карама-каршы келбөөгө тийиш. Кодекстин, салык мыйзамдарынын актыларынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ортосунда карама-каршылык болгондо салыктык укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн Салык кодексинде белгиленген ченемдер колдонулат. Карама-каршылык деп мааниси жана мазмуну боюнча бири-бирине карама-каршы келген эки же бир нече ченемдердин болушу түшүнүлөт.

Кодекстин ченемдеринин ортосунда карама-каршылыктар болгон же салыктык укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер жок болсо, салык кызматынын органдары жана/же соттор салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алышы өтө маанилүү (СК 17-бер. 3-б. ).

2. Салыктык укуктук мамилелерде колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар

СК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жарандык, үй-бүлөлүк, бажы жана башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде СКда башкача каралбаса, Мыйзамдын бул тармактарында кандай мааниде колдонулса, ошондой мааниде колдонуларын белгилейт.

Диний уюмдарга салык мамилелеринде кандай негизги терминдер жана аныктамалар колдонуларын билүү пайдалуу.

Салык түшүнүгү деп салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүдөн милдеттүү түрдө, жекече кайтарымсыз түрдө алынуучу акчалай төлөм түшүнүлөт. Бүгүнкү күндө төмөнкүлөр аныкталды: киреше салыгы; пайда салыгы; КНС; акциз салыгы; жер казынасын пайдалануу салыгы; сатуу салыгы.

Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баасына же тарифине кошумча түрүндө белгиленүүчү, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө түздөн-түз байланышпаган кошумча нарк салыгы, акциздик салык жана сатуудан алынуучу салык сыяктуу салыктар кыйыр салык деп эсептелет..

Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында төлөнүүгө милдеттүү болгон жергиликтүү салыктар дагы бар. Жергиликтүү салыктар жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларынын чегинде киргизилет. Бүгүнкү күндө алардын катарына мүлк салыгы кирет.

Кыргыз Республикасында салык салуу жалпыга бирдей болуп саналат. Ошондуктан салыктар басмырлоочу мүнөзгдө болушу, диний жана башка критерийлерге жараша колдонулушу мүмкүн эмес.

Салык акча түрүндө гана алынат жана төлөнөт. Демек, товарлар, өнүмдөр жана башка материалдык жана материалдык эмес эквиваленттер менен салык төлөөгө болбойт.

СК тарабынан белгиленген белгилүү бир шарттарда диний уюм салыктык укуктук мамилелердин катышуучусу боло алат: салык төлөөчү же салык өкүлү катары.

Салык органдарына Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) өкүлдүк кылат. Бул ведомствонун өзүнүн аймактык бөлүмдөрү бар. МСКнын өзүнүн сайты – http://www.sti.gov.kg/ бар. Анда Кыргызстандагы салыктар, салык төлөөчүлөр жана салык салуу тууралуу кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн кабинеттери жайгаштырылган.

СК максаттарында уюм деп төмөнкүлөр түшүнүлөт (25-берене):

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (мындан ары - ата мекендик уюм);

2) уюмдаштыруучу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме же башка түзүлүш же эл аралык уюм (мындан ары - чет өлкөлүк уюм).

Ошондуктан ата мекендик диний уюмдун салык салуу максаттары үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамга ылайык дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоодон өтүү жетишсиз. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамда аныкталган тартипте юстициянын ыйгарым укуктуу органында мамлекеттик каттоодон өтүп, андан кийин СКга ылайык салыктык каттоодон өтүшү зарыл.

CКнын максаттары үчүн Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдар ишин туруктуу мекеме аркылуу жүргүзө алышат. Туруктуу мекеменин түшүнүгү жана талаптары СК 28-беренесинде белгиленген. Чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемеси СКга ылайык салыктык катталууга тийиш

Диний уюмдун (ата мекендик же чет өлкөлүк) же чет өлкөлүк диний уюмдун туруктуу мекемесинин обочолонгон бөлүмү болушу мүмкүн, ал чогуу алганда СК 29-беренесинде белгиленген шарттарга жооп берет...

3. Киреше салыгы

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамдын 24-беренесине ылайык диний уюмдарда, ошондой эле алар түзгөн ишканаларда, мекемелерде жана кайрымдуулук жайларында эмгек келишими боюнча иштеген жарандардын, анын ичинде дин кызматкерлеринин кирешесине жалпы негизде киреше салыгы салынат.

Киреше салыгына салык салуунун объектиси болуп экономикалык ишти, анын ичинде эмгекти жүзөгө ашыруу саналат.

Салык төлөө үчүн субъекти болуп төмөнкүлөр эсептелет: (СК 186-беренеси):

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар (же жок болгон) резидент-жеке жак;

- Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-жеке жак.

Катар келүүчү 12 айдан турган жана учурдагы салык мезгилинде аяктаган кандай болбосун мезгил аралыгында 183 жана андан ашуун күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон жеке адам резидент-жеке жак болуп саналат.

Салык кодексине ылайык резидент-жеке жак деп таанылбаган жеке адам резидент эмес-жеке жак болуп саналат.

Ошондой эле кирешенин булагы: Кыргыз Республикасында же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы булактардан алынганына карабастан мааниге ээ.

Киреше салыгы боюнча салыктык база, салык төлөөчү тарабынан салыктык мезгил үчүн алынган, салык салынбаган кирешенин суммасына кыскартылган жылдык жыйынды кирешенин жана СК каралган чегеримдердин ортосундагы айырма катары эсептелген киреше болуп саналат.

Киреше салыгы боюнча салыктык мезгил календардык жыл болуп эсептелет.

Салыктык мезгилдин жылдык жыйынды кирешесине ушул салыктык мезгилде салык төлөөчү акчалай, ошондой эле натуралай формада, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр формасында алган бардык түрлөр кирет.

Айрым салык төлөөчүлөрдүн категориялары киреше салыгын төлөөдөн бошотуу түрүндө киреше салыгы боюнча жеңилдиктерге ээ (СК 191-беренеси). Диний уюмдардын кызматчыларына берилүүчү эмгек акы, сыйакы, компенсациялар жана башка компенсациялоо жана дем берүү мүнөзүндөгү  төлөмдөрүнө киреше салыгы салынбайт (СК  191-беренесинин 10-п.4-б  ).

Төмөнкү шарттарда кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан  алынган кирешеге киреше салыгы салынбайт:

1) сатып алган күндөн тартып бир жылдан ашык жеке менчик укугунда таандык болгон автомототранспорттук каражаттар;

2) сатып алынган күндөн тартып удаа келген 2 жылдан ашык жеке менчик укугунда салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк  (турак жай);

3) салык төлөөчү тарабынан ага таандык короо-жайынан алынган айыл чарба продукциясы;

4) өз муктаждыктары үчүн алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлк.

Эгерде Салык кодексинде башкача каралбаса, салык төлөөчү мындай чыгарып салуу укугуна ээ: стандарттык чыгарып салуулар; социалдык чегерүү; мүлктүк чыгарып салуулар. Салык төлөөчү ушундай чыгарып салуулар тийиш болгон салыктык мезгилинде гана чыгарып салуу укугуна ээ болот (СК 193-беренеси).

Эгерде Салык кодексинин 197-беренесинде башкача каралбаса, киреше салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Киреше салыгын төлөөчү бирдиктүү салык декларациясы берилген күнгө чейин акыркы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана киреше салыгын төлөйт. Киреше салыгы салык төлөөчүнүн эсепке алынган жана/же катталган орду боюнча төлөнөт.

Эгерде Салык кодексинде башкача каралбаса, жеке жакка кирешесин төлөп берүүдө бюджетке киреше салыгынын суммасын эсептөө, кармап калуу жана төлөө салык агенти тарабынан жүзөгө ашырылат, ал үчүн салык милдеттенмесин аткарууда: иш берүүчү агент үчүн, жеке жакка киреше төлөөдө, агент менен эмгек мамилелеринде болбогон агент үчүн талаптар аныкталган.

Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы кирешени төлөгөн айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш (СК 202-беренесинин 1-бөлүгү).

Салык агенти кирешени отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен киреше салыгы боюнча салык органына аны төлөгөн орду боюнча отчет берүүгө милдеттүү (СК 203-беренеси).

Чет мамлекетте салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош салыктан качуу жөнүндө Макулдашуу бар болсо, эгерде мындай кирешенин суммасы ушул макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болгон учурда, Кыргыз Республикасындагы салык кирешеси боюнча салыктык милдеттенмени эсептөөдө эске алынат (СК 205-беренеси).

Чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет

4. Пайдага салык

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык диний уюмдар чарба жүргүзүүчү субъектилерди, ошондой эле кайрымдуулук жайларын (баш калка жайлар, интернаттар, ооруканалар) жана башка ишканаларды уюштурууга укуктуу.

Диний уюмдар өздөрүнүн уставдык максаттарына жетишүү үчүн чарбалык, анын ичинде өндүрүштүк иш-аракеттерди жүргүзүү укугуна ээ.

Диний уюмдардын өндүрүштүк иш-аракеттен алган пайдасына жана башка кирешелерине СК ылайык салык салынат

Салык кодексине ылайык, пайдага салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ата мекендик уюм;

2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм;

3) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеге ээ болбогон жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет өлкөлүк уюм;

4) жеке ишкер.

Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган, Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет элдик уюмдун пайдага салык төлөө боюнча милдеттенмелерин салык агенти аткарат.

Пайдага салык салуу объекти болуп Кыргыз Республикасындагы булактын жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактын натыйжасында киреше алынган экономикалык ишти жүзөгө ашыруу саналат.

Пайдага салык боюнча салыктык база болуп салык төлөөчүнүн салык салынбаган кирешенин суммасына азайтылган жылдык жыйынды кирешесинин жана ушул бөлүмгө ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон, салыктык мезгил үчүн эсептелген чыгымдардын ортосундагы оң айырма эсептелет.

Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеси менен байланышпаган чет өлкөлүк уюм үчүн салыктык база болуп эсептен чыгаруу жүргүзүлбөгөн киреше саналат.

Жылдык жыйынды кирешенин курамына бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык аныкталган кирешелердин бардык түрлөрү кирет, анын ичинде ар кандай түшкөн акчалар жана кирешелер кирет.

Пайдага салык боюнча салыктык мезгил болуп календардык жыл эсептелет.

СК 213-беренесине ылайык: мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү; гуманитардык жардам жана гранттар, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулуктар жана уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы; диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери тарабынан диний уюмдар алган пайдага салык салынбайт.

СК жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга тийиш болгон чыгымдарды: киреше алуу менен байланышкан документтик түрдө гана ырасталган чыгымдарды, белгилейт. Мисалы, товарларды өндүрүү процессинде чийки заттарды жана материалдарды жоготуунун технологиялык ченемдеринин чектериндеги өндүрүштүк чыгымдар, кызматтык иш сапарлардагы чыгымдар, өкүлчүлүк чыгымдар, кызматкерлерди окутууга (кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо) чыгымдар, эгерде карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган болсо, пайыздык чыгымдар, негизги каражаттарды оңдоого чыгымдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары.

Амортизациялануучу негизги каражаттарга амортизациялык чегерүүлөр чыгарып салынууга тийиш. СК амортизациялануучу мүлктү аныктайт. Амортизация – бул негизги каражаттардын физикалык же моралдык эскиришине жараша өндүрүлгөн продукциянын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына бөлүү болуп эсептелет.  Бул үчүн төмөндөгү шарттарды сактоо зарыл:

- Эгерде башкасы СК тарабынан каралбаса, амортизациялануучу негизги каражат салык төлөөчүнүн негизги каражаты, анын ичинде менчигинде, оперативдүү башкаруусунда, чарбалык карамагында болгон материалдык эмес актив болуп саналат;

- пайдаланууга берилген;

- наркы 100 жана андан ашык эсептик көрсөткүчтү түзгөн киреше алуу үчүн пайдаланылган каражат (СК  225-беренеси).

Амортизацияланууга тийиш болгон негизги каражаттар амортизациялоонун төмөндөгү ченемдери менен 6 топ боюнча классификацияланат. Мисалы, 1-топко жеңил автомобилдер, компьютерлер жана компьютерге кошулуучу жабдуулар, көчүрүүчү аппараттар, телефон аппараттары, шаймандар жана инвентарлар 30 пайыздык амортизация чениндеги инвентарлар кирет. 2-топ: жеңил автомобилдерди кошпогондо автотранспорт каражаттары, экономиканын бардык тармактары үчүн машиналар жана жубдуулар, эмеректер, материалдык эмес активдер 25 пайыз. Имараттар, курулмалар, жайлар 5-топко 10 пайыз амортизация ченеми менен кирет.

Жер жана жаратылышты пайдалануунун башка объекттери: суу, жер казынасы жана башка табигый ресурстар, ошондой эле товардык-материалдык запастар, бүтпөгөн капиталдык курулуш объекттери, баалуу кагаздар, финансылык шаймандар, орнотулбаган жабдуулар, негизги каражаттар жана өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбаган материалдык эмес активдер жана наркы учурдагы салыктык жылда толугу менен даяр продукциянын, аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын наркына которулуучу мүлк амортизацияланууга жатпайт.

Пайдага салык боюнча жеңилдиктер белгиленген. Мисалы, төмөнкүлөрдүн пайдасы салык салуудан бошотулат: кайрымдуулук уюмдары; мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасында түзүлгөн бала бакчалар); жеке менчик формасында түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары. Бирок, пайдагы салыкты төлөөдөн бошотуу салык төлөөчүнү киреше салыгы боюнча декларация берүү милдетинен бошотпойт (СК 239-беренеси ).

Пайдага салыктын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленген.

Пайда салыгынын тартибин, төлөөнүн мөөнөтүн жана ордун СК 242-беренеси аныктайт. Ошентип, пайда салыгын төлөөчү акыркы эсептешүүнү жүргүзөт жана  бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүнө чейин салыкты төлөйт. Пайда салыгы учурдагы салыктык каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.

Пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча салык отчетун берүү жана төлөө мөөнөтүн, ордун аныктоо тартибин СК 243-беренеси аныктайт. Ошентип, салык төлөөчүнүн учурда салыктык катталган жери боюнча экинчи кварталдан тартып квартал сайын салык отчетун берүүгө жана отчеттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20сынан кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү.

Учурдагы салык мезгилинин биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи 9 айлыгы пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп саналат.

 

5. Кошумча нарк салыгы

Кошумча нарк салыгы (КНС) кыйыр салык болуп саналат, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессинде түзүлгөн товардын, иштин же кызмат көрсөтүүнүн кошумча наркынын бир бөлүгүн бюджеттин кирешесине алып коюунун формасы болуп эсептелет.

КНС ставкасы салык салынуучу берүүдөн жана салык салынуучу импорттон 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет же СК 302-306-беренелеринде жана 430-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн берүүлөргө карата 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет (254-берене).

Катары менен келген акыркы 12 календардык айда, же болбосо катары менен келген 12 календардык айга жетпеген мезгилде түшкөн акчанын көлөмүнүн суммасы 30 000 000 сомдон ашкан ишкердикти жүргүзгөн жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча салыктарын төлөгөн субъект түшкөн акчасынын көлөмүнүн суммасы 30 000 000 сомдон ашкан мезгил өткөндөн кийин бир ай ичинде арыз берүү жолу менен КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү. Каттоонун талаптары жана тартиби СК тарабынан аныкталат.

Мисалы, эгерде салык төлөөчүдө түшкөн акчанын көлөмү катары менен келген акыркы 12 айдын ичинде түшкөн акчасынын көлөмүнүн суммасы 30 000 000  аз сумманы түзсө. Андан кийин ал бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүшү мүмкүн, демек, КНС боюнча каттоо жокко чыгарылышы мүмкүн.

КНС салуунун объекти болуп: 1) салык салынуучу берүү; 2) салык салынуучу импорт эсептелет.

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү СК аныктайт (258-берене). Мисалы, товарга болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берүү, анын ичинде товарды жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгекке акы төлөө же башка төлөмдөр түрүндө өткөрүп берүү, карыздык милдеттенме боюнча күрөө берүүчүнүн карызын жабуунун эсебине күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүү.

Ошондой эле СК товарды өткөрүп берүү кандай учурларда берүү болуп эсептелбешин аныктайт. Мисалы, эгерде товарга болгон менчик укугу башка субъектке берилбесе.

КНС максаттары үчүн принципалдын атынан агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын импорту принципалдын өзү тарабынан жүзөгө ашырылуучу импорт деп таанылат.

Салык милдеттенмеси келип чыккан дата берүүлөрдүн датасы болуп саналат. Мисалы, товарлар үчүн берүүлөрдүн датасы болуп товарларга болгон жеке менчик укуктарды сатып алуучуга өткөрүп берүүнүн датасы эсептелет. Аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар үчүн - бардык жумуштар бүткөн же кызматтар көрсөтүлгөн дата. Же аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштары үчүн салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы болуп жумуш бүткөн жана төлөнгөн дата саналат (261-берене).

Товарларды жеткирүү орду КНС үчүн маанилүү, мисалы, товарларды жеткирүү орду жеткирүүчү товарды өткөрүп берген жер же ташуу башталган учурда товардын жайгашкан жери деп эсептелет. Ал эми жумуштарды, кызматтарды берүүлөрдүн орду катары мисалы, эгерде жумуштар, кызматтар ошол мамлекеттин аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк менен түздөн-түз байланыштуу болсо тиешелүү мамлекеттин аймагы таанылат.

Бошотулган берүүлөр жана КНС нөлдүк ставкасы менен берүүлөр деген эмне? Мисалы, диний каадаларды, ырым-жырымдарды, аземдерди өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

Меценаттык жана кайрымдуулук жөнүндө мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максатында кайрымдуулук уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган берүүлөр КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат.

Эгерде диний уюмда бала бакча, мектеп болсо, анда жеке бала бакчалар, мектептер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар, мисалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын товарлар; окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар КНС төлөөдөн бошотулат.

Эгерде диний уюм металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритиндилерди жана аффинаждалган металлдарды экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНС нөлдүк ставкасы менен берүү болуп саналат. (303-берене).

Салык салынуучу беримдер боюнча КНСтин салыктык базасы болуп СК 308, 310 жана 311-беренелерине ылайык аныкталуучу берүүлөрдүн салык салынуучу наркы эсептелет. Мисалы,кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүлөрүнө карата берүүлөрдүн салык салынуучу наркы болуп КНС эсепке албастан төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма саналат.

Товарларды кайтарымсыз негизде берүүлөрдө товарлардын эсептик наркы берүүнүн салык салынуучу наркы болуп саналат.

ЕАЭБ мүчөлөрү болуп саналбаган мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салуу наркы болуп, КНС кошпогондо, бул товарларды импорттоодо төлөнүүгө тийиш болгон алардын бажылык наркынын, бажылык алымдардын жана салыктардын суммасы саналат.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарлардын импортунун салык салынуучу наркы, эгерде СК башкача каралбаса, товарлардын импортунун салык салынуучу наркы келишимдин шарттарында каралган сатып алынган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.

КНСти эсептөөдө салыктык мезгил болуп салык салынуучу берүүлөр боюнча - бир календардык ай саналат. Белгилүү бир учурларда чет өлкөлүк уюмдун берүүлөрү боюнча, - календардык квартал.

 КНСти эсепке алуу тартибин жана эсептөөнүн тартибин СК аныктайт:

КНС төлөөчүгө салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын эсепке алуу укугу берилет. СК 315-беренесинде белгиленген шарттар бар болгон учурда салык төлөөчүдө эсепке алуу укугу пайда болот.

КНС боюнча салык отчету учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча салык органына белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен берилет. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды импорттоодо  салык органына товарды импорттоо жүзөгө ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен кыйыр салыктар боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.

КНС салык төлөөчүнүн учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча боюнча отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен төлөнөт. Импорттолгон товарлар боюнча КНС  товарды импорттоо ишке ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнөт.

6. Акциз салыгы

Акциз салыгы кыйыр салык болуп, аны алуу товардын наркына, өндүрүшкө кеткен чыгымдарга байланыштуу эмес, салык салуу максаттарына жана бюджеттин керектөөлөрүнө жараша болуп эсептелет.

Эгерде СК башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды жана/же акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон субъект акциз салыгын төлөөчү болуп саналат.

Акциз салыгын салуу объекти болуп ушул Кодекстин 334-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо саналат.

Акциздик товарлардын тизмегине таянуу менен иш жүзүндө диний уюмдар акциздик салыктын салык төлөөчүсү боло алышпайт, ошондуктан бул бөлүмдө акциздер тууралуу жалпы маалымат менен чектелебиз.

7. Сатуудан алынуучу салык

Сатуудан алынуучу салык товарларды сатуу же кызматтарды көрсөтүүдөгү сатуудан  алынуучу кыйыр салык (керектөө салыгы) болуп саналат.

Товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, диний расымдарды, ырым-жырымдарды, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат (364-берене). Ошондой эле жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн бала бакчалар тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү салыктан бошотулат.

Диний уюм тарабынан товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдардан ашпаган шарттарда, бул жумуштарды аткаруу, мындай кызматтарды көрсөтүү: балдарды же улгайган жаштагы аз камсыз болгон жарандарды социалдык камсыздоо жана коргоо үчүн; билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө салык төлөөдөн бошотулат.

Жогоруда айтылгандай, сатуудан алынуучу салыктын объекти товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү болуп айрым учурларды эске албаганда саналат. Мисалы,  сатуудан алынуучу салык салуу объекти болуп: мүлктү менчик ээсинен өткөрүп берүү; товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо же товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатуу саналбайт.

Эгерде СК башкача каралбаса, салыктык база болуп КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча саналат. Мисалы, мүлктү ижарага берүүдө салыктык база болуп КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаган ижара акысы саналат (366-берене).

Сатуудан алынуучу салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда: 1 пайыз өлчөмүндө - соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн; 2 пайыз өлчөмүндө - иштин калган түрлөрү үчүн;

2) КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда: соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн - 2 пайыз өлчөмүндө; иштин калган түрлөрү үчүн-3 пайыз өлчөмүндө.

Сатуудан алынуучу салыктын салыктык мезгили болуп календардык ай эсептелет.

Сатуудан алынуучу салыкты эсептөө СК 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

Салык төлөөчү тарабынан сатуудан алынуучу салык эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын төлөнөт.

Салык төлөөчү тарабынан салык отчету эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын берилет.

Эсептик каттоо жок болгон учурда сатуудан алынуучу салык учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча төлөнөт.

 

8. Мүлк салыгы

Мүлк салыгы диний уюмдун мүлкүнө белгиленүүчү салык болуп саналат.

Диний уюмдардын диний уюмдардын табынуу объекттеринин жерлери мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат. Табынуу объекттери болуп динге биргелешип табынуу жана жайылтуу максатында түздөн-түз ырасымдарды, сыйынууларды жасоо үчүн диний мекемелердин кыймылсыз мүлк объекттери таанылат. Ошондой эле көрүстөндөрдүн жерлерисалык төлөөдөн бошотулганын белгилей кетүү керек (410 жана 411-беренелер).

Турак үйдүн же батирдин аянтына жана калктуу конуштарда калктын санына жараша имаратка, жайга мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер белгиленген. Мисалы, Бишкек шаарындагы үйдүн аянты 150 чарчы метрден ашпаса, турак үйгө салык салынбайт.

Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, эмгекке жарамсыз жарандарды, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле кайрымдуулук уюмдарынын имараттары жана жайлары калктуу конуштардагы аянтына жана калкынын санына карабастан салык салынууга жатпайт.

Эгерде диний уюмдун электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү транспорт каражаты болсо, анда бул транспорт салыктан алынбайт.

Мүлк салыгын төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган же пайдаланылуучу төмөнкү мүлк объектине карата уюм, жеке ишкер жана жеке адам:

а) ушул беренеде башкача белгиленбесе, анын менчик укугуна таандык;

б) убактылуу пайдалануу укугунда жер участогу пайдаланууда турган;

в) финансылык ижара же ипотекалык насыя келишими боюнча алынган;

г) колдонууда турган курулмалар;

Мүлк салыгына салык салуунун объектиси болуп укуктар эсептелет. Мисалы, мүлк объектилерине менчик укугу; ижара келишиминен келип чыккан мүлктүн мамлекеттик жана/же муниципалдык объектисин пайдалануу укугу. СК каралган айрым учурларда мүлк объектине иш жүзүндө ээлик кылуу жана пайдалануу салык салуу объекти деп таанылат. Ал эми салык салынуучу объект болуп саналбаган мүлктүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Төмөнкүлөр мүлк салыгынын салыктык базасы болуп саналат:

1) имараттар, жайлар, курулмалар жана жер участогу үчүн - имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун аянты чарчы метр менен;

2) транспорт каражаты, анын ичинде аба жана суу кемелери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчү - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү куб сантиметр менен же баланстык наркы сом менен;

б) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок болгон - баланстык наркы сом менен;

в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок болгон - Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу наркы, сом менен.

Жалпы эреже боюнча, мүлк салыгынын салыктык базасы мүлк объектине карата укук күбөлөндүрүүчү документтин негизинде аныкталат. (376-берене).

Мүлккө болгон укукту каттоо, мүлк объектине укук күбөлөндүрүүчү документи жок болгон, мүлктүн менчик ээсин аныктоо мүмкүн болбогон учурда, мүлк салыгын төлөөчү деп табуу үчүн мындай мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу негиз болуп саналат.

Салык салуудан бошотулган субъекттерге таандык же алардын пайдалануусунда турган мүлк объекттерин пайдаланууга (ижарага) берүүдө ижарага берүүчү мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат.

Мүлк салыгы боюнча салыктык мезгил болуп календардык жыл эсептелет.

Мүлк салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) турак жай имараттары жана жайлары үчүн - 0,35 пайыз;

2) турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн - 0,8 пайыз;

3) айыл чарба жерлеринен башка жер участоктору үчүн - 1 пайыз;

4) айыл чарба жерлери үчүн - 0,01 пайыз;

5) транспорт каражаттары, анын ичинде аба жана суу кемелери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткычта иштегенге - 1 пайыз;

б) ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз - 0,5 пайыз.

Мүлк салыгынын суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: С = СБ х СН х С, мында:

С - мүлк салыгынын суммасы; СБ - салыктык база; СН - мүлк объекттин бирдигинин салыктык наркы; С - салыктын ставкасы.

Жалпы эреже боюнча мүлк салыгын эсептөө салык төлөөчү тарабынан СК белгиленген тартипке ылайык өз алдынча жүргүзүлөт. Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулбаган үйдүн жанындагы жер, короо жай же багбанчылык-чарбак участокторуна мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча милдет жер участогу жайгашкан жер боюнча салык органына жүктөлөт.

Мүлк салыгын эсептөөдө имараттын, курулманын же жайдын аянтынын бир чарчы метринин базалык салыктык наркы кабыл алынат, ал дубалдын материалына (кыш, жыгач, топо ж. б.) жана мүлк объекти эксплуатацияга берилген  жылга жараша белгиленет.

Ошондой эле мүлк салыгын эсептөөдө мүлк салыгы::

- региондук коэффициент  Кр: республиканын административдик райондорундагы имараттын, курулманын жана жайдын орточо салыктык наркынын Бишкек шаарындагы имараттын, курулманын жана жайдын орточо салыктык наркына карата катышын;

- зоналык коэффициент Кз: калктуу конуш боюнча имараттын, курулманын жана жайдын салыктык наркынын 1,0 барабар болгон орточо маанисине карата имараттын, курулманын жана жайдын салыктык наркынын калктуу конушта - административдик райондо жайгашканына жараша өзгөрүшүн мүнөздөйт. Имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз 1,0 барабар белгиленет, буга Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары кирбей;

- функциялык багыттагы коэффициент Кн: турак эмес жайдын, курулманын же имараттын салыктык наркынын өзгөрүшүн мүнөздөйт, ал укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн мүлк объекттин багытынын негизинде аныкталат.

Ошентип, салык наркын эсептөө формула боюнча жүргүзүлөт:

- турак жай имаратынын же жайдын бир чарчы метрине СН = БСН х Кр х Кз, мында: СН - турак жайдын жана имараттын бир чарчы метринин салыктык наркы; БСН - турак жайдын жана имараттын бир чарчы метринин базалык салыктык наркы; Кр -  региондук коэффициент; Кз - зоналык коэффициент;

- Турак эмес имараттын, курулманын жана жайдын бир чарчы метри: СН = БСН х Кр х Кз х Кн, мында: СН - имараттын, курулманын же жайдын бир чарчы метринин салыктык наркы; БСН - турак эмес имараттын, курулманын жана жайдын бир чарчы метринин базалык салыктык наркы; Кр - региондук коэффициент; Кз - зоналык коэффициент; Кн - функциялык багыттагы коэффициент.

Мүлк салыгы төмөнкүдөй төлөнөт: имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун жайгашкан жери боюнча; транспорт каражаты тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган же убактылуу катталган жери боюнча..

Бишкек шаарынын чегинде мүлк объектин каттоодо мүлк салыгы салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык катталган жери боюнча төлөнүшү мүмкүн.

Мүлк салыгын төлөөчү үйдүн жанындагы жер, короо-жай же багбанчылык-чарбак участогуна мүлк салыгын кошпогондо, бирдиктүү салык декларациясын берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө маалыматтык эсепти берүүгө милдеттүү. Маалыматтык эсептин формасы жана аны толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

Турак жай имаратына жана жайга мүлк салыгы учурдагы салык мезгилинин 1-сентябрынан кеч эмес мөөнөттө төлөнөт. Транспорт каражатына мүлк салыгы учурдагы жылдын 1-сентябрынан кечиктирилбестен төлөнөт.

Турак эмес имаратка, курулмага жана жайга мүлк салыгы квартал сайын, учурдагы кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кеч эмес мөөнөттө, учурдагы салыктык мезгилдин ичинде бирдей үлүштөр менен төлөнөт.

 

9. Салык мыйзамдарынын аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу

Салык кызматынын органдары жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салыктык контролду жүзөгө ашырууга милдеттүү.

“Кыргыз Республикасындагы Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесине жана 26-беренесине ылайык диний уюмдардын финансылык-чарбалык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Диний уюмдардын жана миссиялардын финансылык-бухгалтериялык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Диний уюм өз иш-аракети жөнүндө маалыматты расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана салык органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана диний уюмдун уставына (жобосуна) ылайык берет.

Диний уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле диний уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы, анын чыгымдары, кызматкерлеринин саны жана курамы, алардын эмгек акысы, жарандардын акы төлөнбөгөн эмгегин пайдалануу жөнүндөгү маалыматтар коммерциялык купуя сырдын предмети болуп эсептелиши мүмкүн эмес.

Салыктык контроль Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салык кызматынын органдарынын контролу болуп саналат. Ал төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат: 1) салык төлөөчүнү салыктык каттоо жана эсептик каттоо; 2) бюджетке салыктын түшүүсүн эсепке алуу; 3) салыктык текшерүү; 4) рейддик салыктык контролдоо; 5) салык постун коюу; 6) салык төлөөчү тарабынан ККМ колдонуу тартибинин сакталышын контролдоо;.

Салык кызматынын органдары ошондой эле салык мыйзамдарын башкаруу жана укук колдонуу маселелери боюнча кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарына  жана ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарга ылайык алгачкы текшерүү органынын функциялары менен сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырат.

 

10. Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик

СК Салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилейт. Ошентип, 162-берене салык төлөөчү салык органында салыктык жана/же эсепке алуу каттоосу жок иш жүргүзгөн учурда, мындай иштин бүткүл мезгили үчүн эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон салыктардын суммасынын бир жолку өлчөмүндө, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө салык санкциясы колдонулаарын аныктайт.

Салыктын суммаларын азайтуу, салык отчетторун бербөө жана КНСти мыйзамсыз чегерүү СК 163-беренеси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылгандыгы салык кызматынын органы тарабынан аныкталса, салык төлөөчүгө:

1) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салык санкциясы колдонулбайт;

2) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10дон 50 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат;

3) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 50 пайыздан жогорку өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы тарабынан салык төлөөчүнүн белгилүү бир салыктык мезгили үчүн салык отчетун бербегендиги аныкталса, ушул салык отчетунда чагылдырылууга тийиш болгон салык милдеттенмесинин бардык суммасы бюджетке өндүрүлөт жана ошол салык төлөөчүгө карата аныкталган салык милдеттенмесинин суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы тарабынан салык төлөөчү жараксыз эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын чегерүүгө болгон укугун пайдаланганы аныкталса, ошол салык төлөөчүгө чегерүүгө кабыл алынган КНСтин суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

СК 164-беренеси салык агентинин салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарбоосу үчүн жоопкерчилигин белгилейт. Ошентип кармалган же төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда салык агентине карата аны төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып ар бир толук же толук эмес ай үчүн төлөнүүгө жана/же кошумча төлөнүүгө тийиш болгон салыктын төлөнбөгөн суммасынан 10 пайыз, бирок көрсөтүлгөн сумманын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө салык санкциясы колдонулат.

Тапшырылган такталган отчеттор боюнча салык санкциясы ушул отчеттор боюнча түзүлгөн, төлөнбөгөн салык милдеттенмесинин суммасына гана колдонулат.

Салык кызматынын органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги 165-беренеде каралган. Ошентип, салык кызматынын органынын укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган кызмат адамы анын күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин салык кызматынын органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

Натыйжада салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар::

- салык кызматынын органынын укукка каршы аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин;

- салык кызматынын органынын, же болбосо анын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган мыйзамсыз аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин;

- салык кызматынын органы же анын кызмат адамдары салык төлөөчүгө карата СК каралган милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунун кесепетинен,

салык төлөөчүгө келтирилген чыгашанын орду ошол кызмат адамдары же салык кызматынын органдары тарабынан толтурулууга тийиш.

11. Салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги

Салык мыйзамдарынын нормаларынын талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү жазык жоопкерчилигине тартылат.

Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 242-беренесине ылайык декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга тийиш болгон мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууда, эгерде бул жосун салык органдарынын мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен тастыкталса жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун, - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эгерде бул жосун салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу чечими же соттук актылар менен тастыкталса жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо кирешелер же чыгашалар жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп декларацияны киргизүү жолу менен же болбосо салык салынууга тийиш болгон башка объекттерди жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү жашыруу жолу менен бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Ошол эле жосун: 1) өзгөчө ири өлчөмдө; 2) иштерди иш жүзүндө аткарбастан, кызматтарды көрсөтпөстөн, товарларды жүктөп жибербестен эсеп-фактураны пайдалануу менен; 3) адамдардын тобу тарабынан; 4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же аны колдонбостон 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат (КЖК 243-беренеси).

КЖК 241-243-беренелеринде салыктан качуу салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн материалдары менен тастыкталат жана алар боюнча салык кызматынын органдары кошумча салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөтүү жөнүндө чечим кабыл алышат, ал төмөнкү критерийлерге ылайык келет:

1) эгерде тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирсе жана салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарында белгиленген даттануу берүү мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына даттанбаса;

2) эгерде салык төлөөчүнүн даттануусуна карата кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыккан салыктын эсептелбеген суммада чегинен ашып кеткенин ырастаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечими тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде салык төлөөчү сотко даттануу менен кайрылбаса;

3) эгерде эсептелбеген салыктын суммасы кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.

12. Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча укук бузуулар үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин (кодекс) 308–беренесине ылайык Бухгалтердик эсептин жоктугу же анын бурмаланышы, же болбосо бухгалтердик жана салыктык отчетторду, баланстарды, эсептешүүлөрдү жана бюджетке салыктарды чегерүү жана төлөө менен байланышкан башка документтерди белгиленген мөөнөттөрүндө бербөө, – жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруудан (азайтуудан) билинген салык салуудан качуу – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Нөлдүк көрсөткүчтөрү бар салыктык отчетторду берүү мөөнөттөрүн бузуу – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Кодекстин 309-беренеси Салык кызматы органдарында катталбастан экономикалык ишти жүргүзүү – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келүү жоопкерчилигин белгилейт.

Кодекстин 318-беренесине ылайык накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу – жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу чөйрөсүндө бир катар укук бузуулар каралган:

- контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусуз калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

- жогоруда каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

- (кодекстин 318-беренеси менен) сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чекти өткөрбөө, бербөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөткөн контролдук-кассалык чекти берүү, – жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

- (кодекстин 319–беренеси менен) салык мыйзамдарында коюлган контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу, ага тете контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу –жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

-(кодекстин 320–беренеси менен) салык органдарынын кызматкерлерине контролдук-кассалык машиналарга жана товарларды, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү эсепке алуунун программалык каражаттарына жеткиликтүүлүгүнө тоскоолдук кылуу – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;

- (кодекстин 321-беренеси менен) бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу – эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(кодекстин 322-беренеси менен) бирдиктүү салык декларациясын бербөө, ошого тете бирдиктүү салык декларациясын анык эмес, толук эмес же бурмаланган маалыматтар менен берүү же салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөө – эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Мамлекеттик салык кызматы-бул укук бузуулар жөнүндө иштерди караган жана жогоруда көрсөтүлгөн беренелерде каралган жаза чараларын көрүүчү орган.