Динчил аялдардын саламаттыкты сактоого укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 43-беренеси ар бир адамга ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу укуктарына кепилдик берет. Бул максаттарда мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарттарды түзөт жана мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт. Медициналык тейлөө, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда тейлөө мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. Өлкөдө жарандардын саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акты болуп “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамы эсептелет, анын 1-беренесине ылайык ар бир адамдын дене бой жана психикалык саламаттыгын сактоого жана чыңдоого, ден соолугун жоготкон учурда ага медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы мүнөздөгү чаралардын жыйындысы «ден соолукту коргоо» деп түшүнүлөт. Жогоруда белгиленген Мыйзам ошондой эле жарандардын саламаттыкты сактоо укуктарын бекемдейт жана жарандардын ден соолугу төмөнкү жолдор менен камсыздалаарын белгилейт: а) бардык жарандарга медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү; жана б) республиканын бүткүл аймагында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү. Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамына ылайык медициналык жардам милдеттүү медициналык камсыздандыруунун негизинде көрсөтүлөт. Акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмүн, түрлөрүн жана шарттарын Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы аныктайт. Мамлекеттик кепилдиктердин Программасына кирбеген медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын жеке каражаттарынын эсебинен акы төлөнөт. Өкмөттүн деңгээлинде ошондой эле 2019–2030 -жылдарга калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам-бакубат өлкө” программасы кабыл алынган, анын максаты калктын ден соолугун камсыз кылуучу адамдардын муктаждыктарына багытталган системаларды бекемдөө, жана өмүр бою сапаттуу кызматтарды көрсөтүү, калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрүн толугу менен жакшыртууга, ден соолукка карата теңсиздикти кыскартууга, финансылык коргоону камсыз кылууга багытталган.

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жарандардын кандай укуктары белгиленген?

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жарандарга карата колдонулуучу эки термин пайдаланат: сыркоо адам - оорунун бар экендиги белгиленген адам, жана пациент - тиешелүү медициналык документтерди жол-жоболоштуруу менен саламаттык сактоо уюмдары же жекече иштөөчү медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүүчү адам.

Ал эми жарандардын укуктарына токтолсок, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамы жарандардын укуктарын жана пациенттин укуктарын бөлүп турат. Ошентип, 61-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары саламаттыкты сактоонун ажыратылгыс укунуна ээ болушат, ал:

  1. айлана-чөйрөнү коргоо, жарандардын эмгегинин, турмуш-тиричилигинин, эс алуусунун, тарбиясынын жана окуусунун жагымдуу шарттарын түзүү, коопсуз азык-түлүктү жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана сатуу;
  2. бардык жарандарга жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, кызматтык, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
  3. жарандарга республиканын бүткүл аймагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;
  4. өзүнүн өмүрүн жана саламаттыгын коргоого укук берүү;
  5. жарандарга үй-бүлө врачын, жалпы иш жүргүзүүчү врачты эркин тандап алуу укугун берүү;
  6. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;
  7. профилактикалык медицина, гигиена, сергек жашоого жетишүү маселелери боюнча маалыматтар берүү менен камсыз кылынат.

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 66-71-беренелери менен калктын айрым топторунун: үй-бүлөлөрдүн, кош бойлуу аялдардын жана энелердин, жашы жете электердин, улгайган курактагы жарандардын, майыптардын жана өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан жана экологиялык жактан жагымсыз райондордо жашаган жарандардын укуктары кошумча белгиленет.

Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө пациенттин укуктары “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 72-76-беренелеринде белгиленген. Ошентип, пациент медициналык жардам үчүн кайрылганда жана аны алууда төмөндөгүлөргө укугу бар:

  • саламаттык сактоо уюмдарынан, ошондой эле жекече медициналык практика менен иш жүргүзгөн адамдан жеткиликтүү сапаттагы медициналык-санитардык жардам алууга;
  • саламаттык сактоонун амбулаториялык жана стационардык уюмдарында дарылоочу врачты тандап алууга;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте саламаттык сактоо уюмдарынан жеңилдик берилген медициналык, дары-дармек, ортопедиялык жана башка кызматтарды алууга;
  • медициналык жана тейлөөчү персонал тарабынан сый жана гумандуу мамилеге;
  • санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келген тартипте текшерилүүдөн, профилактикадан өтүүгө, дарыланууга, медициналык реабилитациялоого жана күтүлүүгө;
  • консилиум жүргүзүүгө жана башка адистер менен консультацияларды өткөрүүгө;
  • өзүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте илимий жана медициналык эксперименттерге катышууга;
  • өз укуктарын коргоо үчүн ага адвокаттын же башка мыйзамдуу өкүлдүн келишине;
  • ага дин кызматчыларынын келишине, ал эми ооруканада – диний каада-салттарга баруу үчүн шарт түзүүгө, анын ичинде, эгерде ал оорукананын ички тартибин бузбаса, өзүнчө бөлмө-жай алууга;
  • диагностика, дарылоо процессине медициналык билим берүү уюмдарынын студенттерин катышуусунан баш тартууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.

Пациент жүргүзүлгөн текшерилүүнүн натыйжалары, ооруга чалдыгуу, дарттын диагнозу жана алдын ала божомолдор, аны тобокелге салуу менен байланышкан дарылоонун усулу, медициналык кийгилишүүнүн мүмкүн болуучу варианттары, анын кесепеттери жана өзүнүн ден соолугу, жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө болгон маалыматтарды өзүнө түшүнүктүү болгондой формада алуу укугуна ээ. (“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 73-беренеси)

Жарандын медициналык жардам сурап кайрылганы, ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу жана ал жөнүндө маалымат, медициналык жактан кароодо жана дарылоодо алынган башка маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө төмөндөгүдөй учурда уруксат кылынат:

  • ден соолугунун абалынан улам өз эркин билдирүүгө кудуретсиз жаранды текшерип кароо жана дарылоо максатында;
  • жугуштуу оорулар таркалуу, массалык уулануу жана жабыркоо коркунучу туулса;
  • тергөө жүргүзүүгө же сот териштирүүсүнө байланыштуу алгачкы иликтөө жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча;
  • ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн Кыргыз Республикасынын ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, 16 жашка чейинки жашы жете элекке жардам берилген учурда;
  • жарандын ден соолугуна укукка жат иш-аракеттин натыйжасында зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо.

Врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берилген адамдар врачтык жашыруун сырды жарыя кылгандыгы үчүн жаранга келтирилген залалды эсепке алуу менен медициналык жана фармацевттик кызматкерлердей эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. (“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-беренеси).

“Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жарандардын кандай укуктары белгиленген?

“Жугуштуу ооруларды имунопрофилактикалоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, “жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо” - бул профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү жолу менен жугуштуу оорулардын алдын алуу, алардын жайылышын чектөө жана жоюу максатында жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын тутуму. “Профилактикалык эмдөөлөр” - жугуштуу ооруларды өзгөчө кабыл албоону жаратуу үчүн адамдын организмине медициналык иммунобиологиялык препараттарды куюу.

Кыргыз Республикасынын жарандары төмөндөгүлөргө укуктуу:

  • профилактикалык эмдөөнүн зарылдыгы, андан баш тарткан учурдагы анын кесепеттери, вакцинациялоодон кийин ырбап кетүү коркунучунун болушу жөнүндө медициналык кызматкерлерден толук жана объективдүү маалыматтарды алууга;
  • саламаттык сактоо мекемелерин тандап алууга;
  • мамлекеттик мекемелерде акысыз профилактикалык эмдөөлөргө;
  • акы төлөнүүчү профилактикалык эмдөөлөрдү алууга;
  • акысыз медициналык байкоодон өтүүгө, эгер зарыл болсо профилактикалык эмдөөнүн алдында саламаттыкты сактоонун мамлекеттик мекемелеринде медициналык текшерүүдөн өтүүгө;
  • вакцинациялоодон кийин ырбап кеткенде мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарыланууга;
  • вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда социалдык жактан корголууга;
  • профилактикалык эмдөөдөн баш тартууга.

Ошентип, Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу негизги мыйзамдарда медициналык жардам үчүн кайрылууда жана аны алууда жарандардын укуктарынын кепилдиктери белгиленген. Өлкөдө айрым ооруларды (онкология, кургак учук, ВИЧ/СПИД, психиатриялык оорулар ж. б.) медициналык жардамды жөнгө салуучу жана дарылоону көзөмөлдөөчү тармактык мыйзамдар кошумча иштейт.

 

Кыргыз Республикасында медицина кызматкерлери жана динчил аялдар кандай көйгөйлөргө туш болушат?

КР мыйзамдары динчил жана динге ишенбеген аялдардын ден саламаттыгын сактоо укугун бөлбөйт. Медицина кызматкерлери, улутуна, социалдык абалына, саясий көз карашына жана диний көз карашына карабастан, инсандык кадыр-баркын сыйлап, оорулууларга медициналык жардам көрсөтүүгө ант беришет. Бүгүнкү күндө өлкөдө туткан динине карабастан бардык аялдардын медициналык тейлөөдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Бирок, иш жүзүндө дарыгерлер жана динчил аялдар белгилүү бир көйгөйлөргө туш болушат.

Кыргыз Республикасы диний жана маданий көп түрдүүлүгү менен айырмаланарын белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу өлкөдө мамлекеттик-конфессиялык өз ара мамилелердин светтик модели түзүлгөн, ал бардык жарандардын мыйзам алдында дин тутуусуна карабастан бирдейлигинин жана ар бир жарандын диний ынанымдарына урмат-сый менен мамиле кылуу принциптерине негизделген. Демек, дарыгерлер да четте калбастан, дээрлик бардык кесиптердин өкүлдөрү тигил же бул диний ишенимдерди эске алышы керек.

 Кыргыз Республикасынын 16 коомдоштугунда «Радикалдаштыруу маселелери боюнча билим, маалымдуулук жана динчил аялдарга коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү»,  2017-2018-жж. мезгилинде жүргүзүлгөн базалык баалоонун жыйынтыгына ылайык, практикада дарыгерлер динчил аялдарды тейлөөдө бир катар көйгөйлөргө туш болушат (төмөндө отчеттон үзүндүлөр келтирилген):

“Эркек врачтардын текшерүүсүнөн баш тарткан учурлар көп кездешет. Мындай учурлар мисалы, хирург же анестезиолог эркек болгон учурда, аялдын өмүрүнө коркунуч туулуп жатса дагы кездешет. Мисалы, төрөт учурунда аялда катуу кан агуу болгондо, шашылыш операция жасалышы керек болчу, күйөөсү анестезиологдон таптакыр баш тарткан: Ал: “Аны чоочун эркек көргөндөн көрө, өлгөнү жакшы” деди.

 Ошондой эле динчил аялдар контрацепциядан, УДИден жана гинекологиялык жана башка анализдерди тапшыруудан баш тарткан учурлар көп кездешет.  Дарыгерлер ошондой эле динчил адамдардын исламдын талаптарына жооп бербейт деп эсептеген дары-дармектерден баш тартуу учурларын, ошондой эле турмушка чыга элек кыздарды гинекологдун текшерүүсүнөн баш тартуу учурларын айтышты. Ошондой эле, медициналык кызматтардан баш тартаарда, аялдар кандайдыр бир диний булактарга кайрылаарын айтышкан.

 Адамдын же жашы жете элек баланын мыйзамдуу өкүлүнүн эркине каршы медициналык жардам алууга жол берилеби деген суроого жооп берип жатып, бардык дарыгерлер буга каршы экендиктерин айтышты. Ар кандай медициналык кийлигишүү пациенттин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги белгиленди. Эгерде пациент эс-учун жоготкон абалда болсо, анда өмүргө коркунуч туулганда гана,  анын уруксатысыз тез медициналык жардам көрсөтө алышат”.

 Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү маселесинен тышкары, өлкөдө профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуу тенденциясы байкалууда. 2018-жылдан бери беш жашка чейинки балдардын энелери жана аталары, диний лидерлер жана саламаттыкты сактоо адистери катышкан “Эмдөөдөн баш тартуунун себептерин жана жолтоолор менен тоскоолдуктарын түшүнүү үчүн маалыматтык изилдөө” отчетуна ылайык, дарыгерлер өз практикасында эмделбеген же толук эмес эмделген балдарга туш болушат (төмөндө отчеттон үзүндүлөр келтирилген).

“Көпчүлүк ата-энелер, дарыгерлердин айтымында, диний ынанымдардан улам балдарды эмдөөдөн баш тартышат. Ата-энелерге эмдөөгө каршы болгон диний ишмерлердин таасири тийген учурлар белгиленди. Эмдөөдөн баш тартууда, ата-энелер төмөнкү жүйөлөрдү келтиришет:

  • Вакциналардын курамында тыюу салынган заттардын болушу;
  • Эмдөөнүн кереги жок, анткени баары, анын ичинде оору да тагдырдан көз каранды.

Ата-энелер балдарын эмдөөдөн баш тартууда, диний себептерден башка, дагы башка себептерди түшүндүрүшөт:

  • Жагымсыз реакциялардан коркуу;
  • Эмдөө баланын табигый иммунитетин өлтүрөт;
  • Ооруларды алдын алуу үчүн эмдөөнүн натыйжасыздыгы;
  • Вакциналардын сапатына ишенбөөчүлүк.

Изилдөө учурунда кээ бир медициналык адистер кээде эмдөө маселесин чечүүдө күйөөлөр, башка үй-бүлө мүчөлөрү энелерге кысым көрсөтүшөрүн түшүндүрүшкөн. Ушундан улам айрым үй-бүлөлөрдө чыр-чатактар пайда болот.

Милдеттүү түрдө эмдөө албаган балдарды көзөмөлдөө үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун/ фельдшердик-акушердик пункттун (ҮДТ/ФАП) деңгээлинде жүргүзүлөт. Медициналык адистер ар бир участокто балдардын тизмеси/эмдөө журналдары бар экендигин, ай сайын эмдөө планы түзүлүп жаткандыгын түшүндүрүштү. Эгерде бала белгиленген мөөнөттө медициналык мекемеге келбесе, медициналык адистер ата-энесин чакырышат же үй-бүлөсүнө барышат. Эгерде ата-энелер балдарын эмдөөдөн баш тартышса, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Медициналык кызматкерлер түшүндүрүү иштеринен тышкары, балдарын эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге карата эч кандай чараларды колдоно алышпайт”.

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамы жарандардын медициналык кийлигишүүдөн баш тартуусу жөнүндө эмне дейт?

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74-беренесине ылайык, медициналык кийлигишүүнүн керектүү алдын-алуучу шарты катары жарандын ыктыярдуу макулдугу саналат.

Жарандын ал-абалы өзүнүн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген, ал эми өтө шашылыш жагдайдан улам медициналык кийгилишүү зарыл болгон учурда жарандын кызыкчылыгы үчүн аны жүргүзүү маселесин консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүн болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына кийин кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач чечет.

16 жашка чыга элек адамдарга же аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандарга карата медициналык кийлигишүүгө макулдукту алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берет. Алар жок болгон учурда медициналык кийгилишүү жөнүндө чечимди консилиум, ал эми консилиумду чогултууга мүмкүнчүлүк болбогондо - саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө кабарлоо менен түздөн-түз дарылоочу (кезметчи) врач кабыл алат.

Хирургиялык кийлигишүүгө, кан куюуга жана диагностиканын татаал инвазивдүү усулдарын колдонууга жарандын жазуу түрүндөгү макулдугу зарыл. Врачтар медициналык кийлигишүүнү эчак баштап калган жана ошол адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келгендигине байланыштуу аны токтотууга же баш тартууга мүмкүн болбой калган учурдан тышкары берилген макулдук кайтарылып алынышы мүмкүн.

“Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө” КР Мыйзамы жарандарды профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуу жөнүндө эмне дейт?

“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан айырмаланып, профилактикалык эмдөөлөрдү алууга жарандардын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынбайт. Бирок жарандар профилактикалык эмдөөдөн баш тартса, аны жазуу түрүндө тастыктоого милдеттүү. Жашы жетелектин оорусунун өрчүшүнө алып келген профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу үчүн жоопкерчиликти ата-энеси же анын мыйзамдуу өкүлү тартат.

Профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуу болгон учурда профилактикалык эмдөөлөр, вакцинациядан кийинки ырбап кетүүлөр жөнүндө бардык маалыматтар мамлекеттик статистикалык эсепке алынууга тийиш, ошондой эле профилактикалык эмдөөлөрдүн медициналык документтеринде жана сертификаттарында катталууга тийиш.

Профилактикалык эмдөөлөрдүн жоктугунун кесепеттери:

  • жарандардын конкреттүү профилактикалык эмдөөлөрдү талап кылган өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салуу;
  • массалык жугуштуу оорулар пайда болгон учурда же эпидемия пайда болуу коркунучу болгондо жарандарды билим берүү мекемелерине жана ден соолукту чыңдоо мекемелерине кабыл алуудан убактылуу баш тартуу;
  • аткарууда жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу жогору болгон жумушка жарандарды кабыл алуудан баш тартуу же жарандарды жумуштан четтетүү

(караңыз: Аткарууда жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу жогору болгон жана алдын алуу эмдөөлөрдү сөзсүз талап кылган иштеридин тизмеси).

“Макулдукту/баш тартууну” тийиштүү тариздөөдө кандай кемчиликтер бар?

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мыйзамдык жоболордун жеткилеңсиздигинен улам медициналык кызматкерлерге пациенттин тандоосун юридикалык жактан туура жол-жоболоштурууга мүмкүдүк бербейт. Эгерде врач пациенттин баш тартуусунун натыйжасында медициналык кийлигишүүгө барбоо чечимин кабыл алса, анда мындай баш тартууну мүмкүн болушунча көп сандагы документтер: пациенттин өзүнөн, аны коштоп жүргөн туугандарынан арыз, медициналык кийлигишүүдөн ыктыярдуу жана негиздүү түрдө баш тартуу фактысы жазылган дарыгерлердин консилиумунун корутундусу менен бекемдөө зарыл. Бул медициналык кызматкердин мындай жардамды көрсөтүүгө милдеттүү болуп жана мүмкүнчүлүгү бар болгондо, жүйөлүү себептерсиз бейтапка медициналык жардам көрсөтпөгөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигинин мыйзам тарабынан белгиленгендигинен улам да маанилүү.

Эгерде мыйзамга дагы бир жолу кайрылсак, бүгүнкү күндө пациенттин макулдугунун же баш тартуусунун документалдуу формасы бекитилген эмес. “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74-беренеси хирургиялык кийлигишүүдө, кан куюуда жана диагностиканын татаал инвазивдүү методдорун колдонууда жарандын жазуу түрүндөгү макулдугу зарыл экендиги жөнүндө жобону гана камтыйт. Медициналык кийлигишүүдөн баш тартуу жөнүндө сөз жок. Демек, жазуу түрүндөгү макулдук болбосо, пациент медициналык кийлигишүүдөн баш тартты деп эсептелет, аны туура деп эсептөөгө болбойт. Эгерде жазуу түрүндөгү макулдуктун болушуна талап болсо, анда жазуу түрүндөгү баш тартуунун болушуна да талап болушу керек. Профилактикалык эмдөөлөр боюнча ушундай эле жагдай, эмдөөдөн баш тартуу гана жазуу түрүндө тастыкталууга тийиш, эмдөө алууга макулдуктун жазуу түрүндө тастыкталышы жөнүндө эч жерде айтылбайт.

Өз аракеттерин аңдап-түшүнүүгө жана аларга жетекчилик кылууга жарамдуу жаран медициналык кийлигишүүгө, анын ичинде өз балдары үчүн эмдөө маселеси боюнча кийлигишүүгө макул болууга же андан баш тартууга укуктуу. Бирок, ар бир жеке учурда макулдук же баш тартуу  документтештирилиши керек жана тариздөө талаптары жөн гана арыз же акт эмес, кененирээк болушу керек.

Оору жана сунушталган дарылоо ыкмасы жөнүндө пациенттин маалыматы үчүн, документтин бирдиктүү формасы иштелип чыгып, колдонулушу керек. Андан ары мындай форма медициналык кийлигишүүгө макулдукту да, андан баш тартууну да тариздөө үчүн колдонулушу мүмкүн, анткени пациент кандай чечим чыгарбасын, ошол эле маалымат берилет. 

Бейтаптын макулдугун же баш тартуусун билдирүү процесси маңыздуу жана аң-сезимдүү болушу керек, демек, бул документтерде мүмкүн болушунча деталдуу чагылдырылышы керек. Бейтапка оорунун диагнозу, жүрүшү жана өнүгүү божомолу, сунушталган дарылоонун пландары, максаты, болжолдуу узактыгы, мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана ырбап кетүүлөр, алардын пайда болуу ыктымалдыгы, сунушталган кийлигишүүдөн баш тартуунун кесепеттери жөнүндө маалымат берилиши керек. Пациенттин жазуу жүзүндөгү  макулдугунда же баш тартуусунда анын маалымдалгандыгы көрсөтүлүшү керек.

Медициналык кийлигишүүдөн баш тартуу жол-жобосунун дагы бир маанилүү аспектиси күбөлөрдүн баш тартуу фактысын далилдөөсү болуп саналат. Белгилей кетсек, КР мыйзамдарында күбөлөр тууралуу такыр сөз жок. Бирок күбө катары түздөн-түз кызматтык милдеттери боюнча пациенттин ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматты билиши мүмкүн болгон адамдарды же пациент өзү чакырган адамдарды (мисалы, анын үй-бүлө мүчөлөрүн же жакын туугандарын) тартуу туура болот.  

 

КР Кылмыш-жаза кодексинде жарандардын жана медициналык кызматкерлердин кандай жоопкерчилиги белгиленген:

КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 146-беренесине ылайык, медициналык кызматкер “Оорулууга медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү жана ага мүмкүнчүлүгү бар болгон медициналык кызматкердин жүйөсүз себептер боюнча мындай жардам көрсөтпөй коюусу, ошого тете медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин жеңил ойлуулуктук же этибарга албоонун айынан аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу этиятсыздыктан олуттуу залал келтиргендиги үчүн” кылмыш жоопкерчилигине жана жазага тартылышы мүмкүн.

 КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 143-беренеси венерикалык же айыкпас жугуштуу оору менен башка адамга жуккандыгы үчүн жарандардын жоопкерчилигин эске алат.

Кырдаалга жараша КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 144-145-беренелерине медициналык кызматкерлер да, жарандар да кириши мүмкүн:

  • “Эгерде күнөөлүү өзү аны өмүрүнө, анын ичинде транспорттук жол кырсыгынын кесепетинен коркунуч туудурган абалда калтырса, же жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо жана ал жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү болгон башка себептерден улам балалыгына (он төрт жашка чейин), карылыгына, оорусуна же өзүнүн алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамга билип туруп жардам бербестен, анын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда атайылап таштап кетүү”.
  • “Балалыгына (он төрт жашка чейин), карылыгына, оорусуна же алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүгү болбогон жана өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда калган адамга, эгерде күнөөлүүнүн жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болуп, жардам көрсөтпөө, же жабырлануучунун мындай абалы жөнүндө тиешелүү мекемелерге же болбосо адамдарга билдирбей койсо, эгерде этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келсе”.