Сөөк көмүү укугун бузууга мамиле көрсөтүү

Кыргызстанда ар бир адамдын өлгөндөн кийин каада-салттарды, диний ырым-жырымдарды сактоо менен сөөгү көмүлүүгө (сөөгү коюлууга) укугу бар. Иш жүзүндө болсо, бул укук бузулган учурлар да болуусу мүмкүн. Мисалы, айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдын жашоочулары диний себептер менен маркумдун сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө коюуга уруксат беришпейт. Өлгөн адамдын сөөгүн коюуга тоскоол болгон адамдар кандай жоопкерчилик тартышат? Сөөк көмүү укугун бузууга кандай мамиле көрсөтүү керек? Кыргызстанда, жергиликтүү көрүстөн “мусулмандардыкы” деген жүйө менен жергиликтүү жашоочулар өлгөн адамдын туугандарына маркумдун сөөгүн коюуга жол беришпеген учурлар болгон. Мындай учурлар көбүнчө маркумдун туугандарына зомбулук көрсөтүү, диний ынанымдарынан кайтууну талап кылуу, бир нече учурларда маркумдун сөөгү кайра казылып алынып, өлүк көмүүгө арналбаган жерлерге кайра көмүлгөн. Актуалдуу жана мыйзамдык жөнгө салууну талап кылган бир катар башка маселелер бар, мисалы, сөөк коюу боюнча кызматтарды көрсөтүү, бул кызматтар үчүн акы төлөө, анын ичинде көрүстөндөгү жер үчүн акы төлөө, көмүү үчүн жер участогун бөлүп берүү, көрүстөндөгү участокторду жакын туугандары үчүн резервге коюу, көрүстөндү уюштуруу үчүн жер бөлүп берүү, аны күтүү жана абаттоо, сөөк коюучу жерлерди жайгаштырууга карата санитардык талаптарды аткаруу, кремациялоо, анын ичинде урук-тууганы жок талап кылынбаган сөөктөрдү жана биологиялык материалдарды кремациялоо. Азыркы учурда, маркумдардын сөөгүн көмүү, анын ичинде сөөк көмүү боюнча бузулган укугуна даттануу жана аны калыбына келтирүү маселелерин жөнгө салуучу атайын мыйзамдын жоктугу абалды татаалдаштырып жатат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 10-декабрында кабыл алынган “Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө” Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-февралындагы №3527-VI “Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу токтому менен четке кагылган. 2022-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды. Бул беренени даярдоо күнүнө карата мыйзам долбоору парламентке киргизилген эмес. Бул бөлүктү иштеп чыгууда, атайын ченемдик-укуктук акттын жоктугунан, маркумдун сөөгү көмүлүү укугун коргоонун колдонуудагы таасирдүү механизмдерин айтып берүүгө аракет жасалды. Айтылган механизмдер белгилүү аракеттердин, зомбулуктун, тыюу салуунун жана сөөгү көмүлүүгө укугун тануунун болуусуна байланышкан фактыларга жана учурларга көз карандылыкта колдонулуусу мүмкүн.

1. Маркумдардын сөөгүн коюу маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу

Бузулган укукту коргоо үчүн, сөөк көмүүгө болгон укук эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон конституциялык укукка (59-берененин 1-бөлүгү), жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна (29-берененин 1-бөлүгү), абийир жана дин тутуу эркиндигине, өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга болгон укуктарга (34-берененин 1, 2, 3, 4-бөлүгү) байланыштуу экендигинен багыт алуу керек.

Бул укуктар Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген жана КР Конституциясына ылайык биздин өлкөнүн укуктук системасынын курамдык бөлүгү (6-берененин 3-бөлүгү) болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдеринен келип чыгат.

Ошондуктан эч ким туткан дини боюнча  басмырлоого алынышы мүмкүн эмес.  Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына киргендиктен, алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат (23-берененин 1-бөлүгү, 24-берененин 1-бөлүгү).

Мындан тышкары, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ болуп, ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулгандыктан (6-берененин 1-бөлүгү), аткаруу бийлигинин органдарында жана соттордо иштер түздөн-түз конституциялык ченемдердин негизинде чечилүүсү керек. 

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси ушул темага тиешеси бар төмөнкү жоболорду камтыйт.

Ошентип, Кыргыз Республикасында ар кимге дин тутуу жана атеисттик ынаным эркиндигине кепилдик берилет. Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн динге жана диний же болбосо атеисттик ынанымдарына карабастан жарандык, саясый, экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун бардык тармактарында мыйзам алдында тең.

Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкө жарандары жана жарандыгы жоктор Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар эле дин тутуу эркиндиги укугунан пайдаланышат. 

Жаран өзүнүн динге, дин тутууга же тутпоого, кудайга табынууга, диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катышууга же катышпоого, динди окууга карата мамилесин аныктаган учурда аны кандайдыр бир жол менен мажбурлоого тыюу салынат.

Жарандардын алардын динге карата мамилесине жараша укуктарын чектөө жана кандайдыр бир артыкчылыктарды белгилөө, ошого тете эле касташуу жана жек көрүүчүлүктү ойготуу же алардын динге карта мамилесине байланыштуу сезим-туюмун атайлап мазактоо, тигил же бул дин тарабынан урматталуучу табынуу объектилерин маскаралоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

Диний уюмдардын иш-аракети адамдардын укугун жана кадыр-баркын кемсинтпеши, социалдык жана гендердик  басмырлоону пропагандалабашы керек. 

Диний уюмдар, миссиялар жана алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салган иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

5-берененин 1-бөлүгүндө төмөндөгүлөр белгиленген:

- Кыргыз Республикасы - диний уюмдардын жана динге табынуу кызматкерлеринин мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетине кийлигишүүсүнө жол бербеген ылайык мамлекет;

- эч кандай дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес;

- диний уюмдардын диний окуусу жарандар үчүн милдеттүү катары белгилениши мүмкүн эмес;

- бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында тең;

- мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилеси руханий, маданий, мамлекеттик жана улуттук салттардын калыптанышына таасир этишин эсепке алуу менен мыйзам аркылуу жөнгө салынат. 

Мамлекет дин туткан жана аны тутпаган жарандардын ортосунда, ар кандай диндерди туткан диний уюмдардын ортосунда өз ара сабырдуу жана бирин-бири сыйлаган мамилелер орношуна көмөк көрсөтөт, ошондой эле алардын жолун жолдоочулардын ортосунда диний радикализмге жана экстремизмге, мамилелерди кагылыштырууга жана курчутууга, диний касташууну тутантууга багытталган иш-аракетине жол бербейт.

Диний уюмдардын жана диний табынуу кызматчыларынан мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кандайдыр бир басым жасаган, Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарын бузган ар кандай аракети мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

Мындан тышкары, Мыйзамда белгиленгендей, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке алып келет. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган күнөөлүү кызмат адамдары жана Кыргыз Республикасынын жарандары, диний уюмдардын уюштуруучулары жана башка адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат (29-берене).

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кирет.  Андыктан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары болуп шаарларда -  мэриялар, айылдык аймактарда - айыл өкмөтү эсептелет,  тиешелүү түрдө мэр жана анын орун басары, айыл өкмөтүнүн башчысы жана анын орун басары, айыл башчысы кызмат адамдары болуп саналат.

Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким тарабынан дайындалат.  Бишкек, Ош шаарларынын жана областтык маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан дайындалат.  Шаарлардын мэрлери кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.  Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү – 5 жыл.  Мэрдин ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, акимдин же Президенттин алмашуусу менен байланыштуу эмес (47-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү).

Республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) мэр тарабынан өз алдынча дайындалат. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) муниципалдык резервде турган адамдардын ичинен дайындалат. Мэрдин биринчи орун басары мэр жок мезгилде аны алмаштырат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Мэрдин орун басары мэр жуктөгөн милдеттерди аткарат жана биринчи орун басардын кызмат орду жок болгон учурда аны алмаштырат.  Мэрдин биринчи орун басары (орун басары) өзү аткарып жаткан ыйгарым укуктары үчүн мэрдин алдында жооп берет (49-берене).

Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан кадрлардын муниципалдык резервинде туран адамдардын ичинен дайындалат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес (53-берененин 1-3-бөлүктөрү).

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.

Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат (56-берененин 1-3-бөлүктөрү).

Коомдоштуктун мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылуучу жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомдоштуктар курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана тикелей эрк билдирүүнүн башка формаларын өткөрө алат. 

Жергиликтүү курултай (жергиликтүү коомдоштуктун курултайы) - тиешелүү аймакта коомдук өнүктүрүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берген коомдук-өкүлчүлүктүү чогулуш. Жергиликтүү курултайдын ишин уюштуруу жана тартиби конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте аныкталат (62-берене).

Олуттуу мааниге ээ болгон маселелер боюнча жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын маалыматын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар алар боюнча сунуштамаларды кабыл алуу менен өткөрүлөт. Жыйындардын (чогулуштардын) сунуштамалары тиешелүү жыйындардан (чогулуштардан) өкүлдөрдүн (делегаттардын) катышуусу менен каралат (63-берене).

Жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жарандардын курултайларынын, жыйындарынын (чогулуштарынын), аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүгө тийиш эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат (68-берененин 2 жана 5-бөлүктөрү).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201-токтому менен көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар (22-тиркеме) бекитилген.  Ошондуктан өз укуктарын коргоо үчүн бул тармактагы төмөнкүдөй маанилүү талаптарды билүү максатка ылайыктуу.

22-тиркеменин 18-бөлүгүнүн 199-пунктунда көрсөтүлгөндөй, бир тууган, үй-бүлөлүк (туугандык) көрүстөндөрдө көмүүгө гидрогеологиялык, климаттык шарттарды, жер кыртышындагы суулардын бийиктигин эске алуу менен уруксат берилет.

Склепке сөөк табыт, саркофаг же кремациядан кийинки күлү салынган урнада көмүлөт. Склеп желдетүүчү шахта жана дренаждык катмары бар пол менен жабдылат. Кремациядан кийин сөөктү (күлдү) көмүү колумбарий жана көрүстөндөрдө өткөрүлөт (200-202-пп.).

Биологиялык калдыктарды (органдарды, ткандарды жана башкаларды) жыгач кутучаларда көрүстөндүн атайын бөлүнгөн участогунда көмүү же кремациялоо керек (203-берене). 

Каза болгон адамдын өзгөчө кооптуу инфекциялык оорусу (күйдүргү, конго-крым геморрагиялык калтыратма жана башкалар) болбогондо, аны кайра көмүү көмгөн учурдан тартып үч жылдан кем эмес, кум аралаш жерде - бир жылдан эрте эмес Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте берген документти көрсөтүү менен жүргүзүлөт (204-п.). 

Аймакты санитардык коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылган өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардан же белгисиз этиологиядагы инфекциядан каза болгондун сөөгүн көмүүгө жиберген учурда Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын уруксатын алуу керек (206-п.).

Каза болгондор көмүү жерине атайын транспорт менен жеткирилет. Каза болгондорду ташуу үчүн автотранспорттун башка түрүн колдонууга уруксат берилет, буга тамак-аш азыгын жана продукттарды ташуу үчүн колдонулган автотранспорт кирбейт (208-п.).

Башка мамлекеттерде каза болгондон кийин жеткирилип келгендердин сөөгүн Кыргыз Республикасынын аймагында көмүү үчүн каза болгондо өзгөчө кооптуу инфекциялык оорунун жана башка белгисиз этиологиядагы оорулардын жоктугун ырастаган документти берүү керек (210-п.).

Үй шартында атайын кийимди жууп тазалоого жана зыянсыздандырууга тыюу салынат. Иш жасаганда колдонулган инструмент көрүстөндөн тышка чыгарылбайт (213-п.).

2. Прокуратура органдарына даттануу менен кайрылуу

Сөөктү көмүү укугу бузулган учурда жарандар “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык прокуратура органдарына арыз же даттануу менен кайрылууга укуктуу, анткени прокуратура органдарынын көзөмөлүнүн предмети болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо, мыйзамда көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылуусу;

- мыйзамда көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан чыгарылган укуктук актылардын мыйзамдарга ылайык келүүсү;

- адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл (31-берене);

Көңүл бура кетчү нерсе, кайрылууну чечимдери же болбосо аракеттери (аракетсиздиги) даттанылган органга же кызмат адамына жөнөтүүгө тыюу салынат.  Мындан тышкары, анонимдик кайрылуулар прокуратура органдарында каралбайт (7-берене). 

Даттанууну кароодо прокурор төмөндөгүлөргө ыйгарым укуктуу (32-берене):

- жетекчилерден жана башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды берүүнү; келип чыккан маселелерди чечмелөө үчүн адистерди бөлүп берүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарды, маалыматтарды, кайрылууларды текшерүү жүргүзүүнү талап кылууга жана алардын натыйжалары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирүүгө;

- мыйзамдарды бузуулар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн кызмат адамдарын жана башка адамдарды чакырууга.

Мыйзам бузуу фактысы аныкталган учурда прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу: 

- жогорураак юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга каршы келген укуктук актыларга, ченемдик укуктук актыларга каршылык билдирүүгө; 

- аларды жараксыз же конституциялык эмес деп таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;

- конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин мыйзамсыз аракеттерине (аракетсиздиктерине) каршылык билдирүүгө;

- ченемдик укуктук актыларды бузууларды четтетүү тууралуу сунуштамаларды жана талап кылууларды киргизүүгө; ченемдик укуктук актыларды бузууларга жол бербөө жөнүндө эскертүүгө;

- жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга;

- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүгө;

- кылмыш ишин козгоого жана териштирүүгө;

- тартиптик укук бузуу жана башкаруу тартибине каршы укук бузуу тууралуу өндүрүштү козгоого; 

- мыйзам бузган жактарды жоопкерчиликке тартууну талап кылууга.

Областтын, шаардын, райондун прокурору, адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияларынын жыйналыштарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңешмелерине жана жыйналыштарына катышууга укуктуу (9-берене).

Прокурорлор алар киргизген прокурордук чара көрүү актылары соттордо жана конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерде каралганда катышууга укуктуу. 

Прокурордун аракеттери жана прокурордук чара көрүү актылары жаран тарабынан жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Бирок, сот же болбосо жогору турган прокурор аракетти же прокурордук чара көрүү актыларын даттануу боюнча чечим чыгарылганга чейин аларды аткарууну токтотуп туруу чечимин кабыл алгандан тышкары учурларда прокурордук чара көрүү актыларына жана талаптарына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт (8-берене). 

Зарыл болгон учурда, жогору турган прокурор төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысын кайра чакыртып алышы мүмкүн.  Жогору турган прокурор муну өз демилгеси менен да жасашы мүмкүн.

3. Сот органдарына даттануу менен кайрылуу

3.1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин алкагындагы коргоо чаралары

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын же бул органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин), анын ичинде мамлекеттик орган, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык келбеген актыны чыгаруунун кесепетинен жаранга же юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду, мыйзамдарда каралган учурларда мамлекет тарабынан толтурулууга тийиш (15-берене).

Мисалы, каза болгон адамдын туугандары же анын жакын адамдары сөөктү көмүүгө болгон бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн жасаган же жүргүзүүгө тийиш болгон чыгымдар (реалдуу зыян): маркумдун сөөгүн башка көрүстөнгө ташуу, кайра көмүүгө кеткен чыгымдар, прокуратурага даттанууга кеткен чыгымдар ж. б. у. с. зыяндар болушу мүмкүн.

Кодекстин 18-беренесине ылайык, кызыкдар тараптардын талабы боюнча жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин ал өлгөндөн кийин да коргоого жол берилет. Бул мураскорго каза болгон адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо, дин тутуусу же диний ынанымы менен байланышкан кеңири тараган маалыматтарды чындыкка дал келбеген жана анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген деп таануу жөнүндө сотко доо менен кайрылууга жана аларды төгүндөөнү талап кылууга укук берет.

Ошол эле учурда мыйзамдарда “ар-намыс”, “кадыр-барк” же “ишкердик бедел” деген түшүнүктөрдүн аныктамасы камтылбагандыгын эске алуу керек, анткени алар моралдык-этикалык категориялар болуп саналат. Ошону менен бирге, алар бир эле учурда жеке мүлктүк эмес укуктар катары таанылат жана соттук коргоонун өз алдынча объекттери болуп саналат.

Ошондой эле ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө талаш-тартыштарды чечүүдө бир тараптан жарандардын ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоого болгон укугу менен Конституция тарабынан кепилденген башка укуктар менен эркиндиктердин, мисалы, ой жүгүртүү, сөз эркиндиги, кандай болбосун мыйзамдуу жол менен маалыматты эркин издөө, алуу, берүү, өндүрүү жана таратуу укугунун ортосунда тең салмактуулук камсыз кылынууга тийиш экендигин эске алуу керек.

Каза болгон адамдын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо арыз менен райондук сотко (шаардагы райондук сот, шаардык сот) кайрылуу керек. Эгерде жарандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылса, алар ошол эле жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде Internet (Интернет) тармагында төгүндөлүүгө тийиш. Башка учурларда төгүндөөнүн тартиби сот тарабынан белгиленет.

Каза болгон адамдын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо менен кайрылуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун 2015-жылдын 13-февралындагы “Ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча соттук практика жөнүндө” №4-токтому менен таанышуу сунушталат.

 

3.2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин алкагындагы коргоо чаралары

Кодекстин 4-беренесине ылайык, кызыкдар кайсы жок болбосун өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Мисалы, каза болгон адамдын мураскорлору, туугандары, жакын адамдары сөөк коюуга бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн өздөрү жасаган же жүргүзүүгө тийиш болгон чыгымдарды, анын ичинде кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген мүлктүк залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду, эгерде алар ыктыярдуу тартипте орду толтурулбаса, өндүрүп алуу жөнүндө доо берүүгө укуктуу.

Бул иштер боюнча мыйзам тарабынан сотко чейинки жөнгө салуунун милдеттүү тартиби белгиленген эмес, ошондуктан мындай иштер сотко чейинки тартипти милдеттүү түрдө сактабастан соттун кароосуна берилиши мүмкүн.

Жогоруда аталган иштер райондук (шаардагы райондук, шаардык) сотко караштуу (28-берененин 1-бөлүгү).

Доо жоопкердин, мисалы кылмыш жасаган соттолуучунун, айыл өкмөттүн башчысынын, ырасым агенттигинин жашаган же турган жери боюнча сотто коюлат (30-берененин 1-бөлүгү).

Жашаган жери, жайгашкан жери белгисиз же болбосо Кыргыз Республикасында жашаган жери жок жоопкерге карата доолор Кыргыз Республикасындагы анын мүлкү турган жер боюнча же белгилүү акыркы жашаган жери же жайгашкан жери боюнча коюлушу мүмкүн (31-берененин 1-бөлүгү).

Майып болуудан же ден соолугуна башка зыян кылуудан, ошондой эле баккан адамынын өлүмүнөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо доогер тарабынан анын жашаган жери боюнча же зыян келтирилген жер боюнча да коюлушу мүмкүн (31-берененин 4-бөлүгү).

3.3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин алкагында коргоо механизмдери

Сөөк көмүү боюнча укуктарды бузуу күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуусу мүмкүн. 

Ошентип, адамдын тең укуктуулугун бузуу, тактап айтканда дин тутуусуна, диний ынанымдарына байланыштуу сөөк көмүү укугун тикелей же болбосо кыйыр чектөө, жана этиятсыздыктан олуттуу же оор залал келтирүү,  Кылмыш-жаза кодексинин  189-беренесине ылайык кылмыш болуп эсептелет. 

“Олуттуу  залал” жана “Оор  залал” терминдери  189-беренеде колдонулуусу боюнча төмөндөгүдөй түшүнүлөт (1-тиркеме Ушул Кодексте колдонулуучу терминдердин мааниси):

Олуттуу залал - төмөнкү кесепеттер кирет:

1) ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү;

2) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндигин бузуу;

3) курчап турган чөйрөнү олуттуу булгоо, ууландыруу же ага зыян келтирүү;

Оор залал - ушул Кодексте каралган кылмыш курамынын белгиси катары көрсөтүлбөгөн учурларда төмөнкү кесепеттер кирет:

1) бир адамдын, ошого тете эки же андан көп адамдардын ден соолугуна оор залал келтирүү, анын ичинде массалык оорунун (эпидемиянын), оору жугузуунун, нурлануунун же уулануунун натыйжасында залал келтирүү;

2) адамдын иммундук тартыштык вирусун же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну адамга жуктуруу;

3) адамды узак убакытка (отуз күндөн ашык) эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу

Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттер, Кылмыш-жаза кодексинин  280-беренесине ылайык кылмыш деп эсептелет.

Бейбаштык, ошондой эле төмөндөгүдөй жасалышы мүмкүн:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу же колдонуу аракети менен;

4) бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен;

Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу, массалык баш аламандыктарга катышуу, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар, - КЖКнын 278-беренесине ылайык кылмыш деп эсептелет.

Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса, Жазык кодексинин 330-беренесине кылмыш деп саналат. Ошого тете ушундай эле жосундар өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен; кызмат абалынан пайдалануу менен; адамдардын тобу тарабынан; алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; уюшкан топ тарабынан; кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса.

Зыян келтирүү убагында өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү же көрүү, сүйлөө, угуу же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготууга, же болбосо билип туруп кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, КЖКнын 130-беренесине ылайык кылмыш болуп эсептелет.

Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: үй-бүлө мүчөсүнө карата; эки же андан көп адамга карата; кош бойлуу абалдагы аялга карата; алсыз абалдагы адамга же балага карата; адамдын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата; расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (арздашуунун) негизинде; адамды уурдоо же барымтага алуу менен; каракчылык же опузалап талап кылуу менен; зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен; өзгөчө мыкаачылык менен; башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында; бейбаштык максатта; пайда көздөө максатында же жалдоо аркылуу; адамдардын тобу тарабынан; алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келсе;  эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса; уюшкан топ тарабынан жасалса; кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, КЖКнын 130-беренесине ылайык кылмыш деп эсептелет.

Өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 130-беренесинде каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок ден соолуктун узакка начарлашына же жалпы эмгекке жарамдуулугунун үчтөн бирине чейин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү үчүн КЖКнын 131-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралат. Ошондой эле төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун: эки же андан көп адамдарга карата; билип туруп күнөөлүүнүн алсыз абалдагы адамга карата; бейбаштыктан улам; өзгөчө мыкаачылык мекен; адамдардын тобу тарабынан; алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; адамдын кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата; эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса; уюшкан топ тарабынан; кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса.

КЖКнын 134-беренесине ылайык этиятсыздыктан адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү кылмыш деп эсептелет.

Этиятсыздыктан адамдын ден соолугуна анча оор эмес залал келтирүү, жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан, адамдын өзүнүн кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунан улам жасалган ушундай эле жосун, КЖКнын 135-беренесине ылайык кылмыш деп эсептелет.

Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка жеңил залал келтиргендик үчүн КЖКнын 136-беренесине ылайык жазык жоопкерчилиги башталат.

Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу, ошондой эле адамдын кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата; уюшкан топ тарабынан; кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган жосун Кылмыш-жаза кодексинин  139-беренесине ылайык кылмыш болуп эсептелет.

Бийлик өкүлүнүн өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, бийлик өкүлүнө же анын жубайына, жакын туугандарына карата шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу Кылмыш-жаза кодексинин  374-беренесине ылайык кылмыш деп эсептелет.  

 Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, адамдын өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу болбогон зомбулукту колдонуу менен же адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириктирилген башкаруу тартибине каршы кандайдыр бир аракеттерди же аракетсиздикти жасоого адамды мажбурлоо Кылмыш-жаза кодексинин  383-беренесине ылайык кылмыш деп эсептелет.

Эске алынуучу нерсе 130131-беренелер, 280-берененин 2-бөлүгү боюнча жазык жоопкерчилигине кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка чыккан адам тартылууга жатат.   Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн башка беренелер боюнча жазык жоопкерчилигине кылмыш жасаганга чейин он алты жашка чыккан адам тартылууга жатат.

 

3.4. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында коргоо механизмдери

Он алты жаш курагына толгон жеке жактар укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укуктарды жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу инсандын жарандык жана социалдык-экономикалык укуктарына каршы багытталган  укук бузуу болуп эсептелет. Мисалы, сөөк көмүү учурунда мүрзөнүн жанында диний ырым-жырымдарды жасоого тоскоолдук кылган мыйзамсыз аракеттер болуусу мүмкүн.  Кодекстин  141-беренесине ылайык мындай аракет укук бузуу болуп саналат.

Майда бейбаштык, башкача айтканда, коомдук жайларда сөгүнүү (анын ичинде тилдөө), жарандарга кордоп тийишүү башка коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын бузган жана башка аракеттер (табигый муктаждыктарын белгиленбеген коомдук жайларда аткаруу, мүлктү анча чоң эмес өлчөмдө атайын бузуу, агрессияны көрсөтүү ж.б.) (126-берене) үчүн жоопкерчилик каралган.

Ден соолукка каршы багытталган  укук бузуулар болуп, дене-бойлук ооруларды келтирген уруп-сабоо же башка зомбулук аракеттерди жасоо эсептелет (56-берене) эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилер камтылбаса; адамдын ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келбеген ден соолукка атайын жеңил зыян келтирген укук бузуулар эсептелет (57-берене). 

Ушул эле учурда, жогоруда аталган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар болуп, укукка каршы жүрүм-турумду токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын талабына карабастан, аны улантуу; адамдардын тобу тарабынан, башкача айтканда, алардын өз ара алдын ала сүйлөшүп алгандыгына карабастан, эки же андан көп адам тарабынан биргелешип укук бузууларды жасоо; бир жылдын ичинде бир түрдүү укук бузууну кайталап жасоо; 18 жаш куракка чейинки балдарды укук бузууга тартуу; алкоголдук мас же болбосо баңгизаттарын, психотроптук же башка мас кылуучу каражаттарды колдонуудан улам мас абалында адамдын укук бузуу жасоосу эсептелет.

Соттор укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кодекстин 56, 57, 126-беренелеринде каралган жазаларды колдонот, алар боюнча укук бузуулар жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт.

Ички иштер органдары укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кодекстин 141-беренесинде каралган жазаларды колдонот.

3.5. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин алкагында коргоо механизмдери:

Каза болгон адамды көмүү укугу бузулган учурда жабырлануучу болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • кылмыштан дене-боюна, моралдык зыян жана (же) материалдык залал келтирилген жеке жак;
  • кылмыштан мүлктүк зыян келтирилген юридикалык жак.

Жабырлануучунун укуктары жана милдеттери жабырлануучуну таануу жөнүндө токтом чыгарылган учурдан тартып келип чыгат. Жабырлануучунун укуктары менен милдеттеринин тизмеси Кодекстин 40-беренесинде белгиленген.

Мыйзам күчүнө ылайык кылмыш иши боюнча өндүрүштө жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адвокаттар жана башка адамдар жабырлануучунун өкүлү боло алат (42-берене).

Кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө түрүндө жүзөгө ашырылат. Сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып, ишти сотко жөнөткөнгө, кылмыш ишин кыскартканга же болбосо кылмыш ишин козгоодон баш тартканга чейин башталат (144-берене).

Тергөөчү, прокурор Кодекстин 148-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштүн башталышына жүйө алган учурдан тартып токтоосуз түрдө кылмыштардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.

Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндө кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү менен кайрылган адамга билдирилет.

Тергөөчү, прокурор Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөгө чейин текшерүүнү токтоосуз баштоого милдеттүү (145-берене).

Сотко чейинки өндүрүштү баштоонун себептери болуп төмөнкүлөр саналат: жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө жарандардын арыздары, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын билдирүүсү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн же прокурордун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайларды түздөн-түз тапкандыгы тууралуу рапорту (148-берене). 

Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар кандай болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, ал катталган убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен кабыл алынган арыздын же билдирүүнүн катталгандыгы тууралуу документ арыз ээсине берилет (147-берене). 

Жарандардын жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арыздары оозеки же жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арызга аны жазган адамдын колу коюлууга тийиш.

Арыз ээсине атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндө эскертилет, бул тууралуу берилген арызга же протоколго белги коюлуп, ал арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлөт.

Кылмыш жөнүндө анонимдүү арыз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталууга жатпайт жана ал боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлбөйт (149-берене).

Кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылгандан кийин:

- тергөөчү ишти өзүнүн өндүрүшүнө алат жана иликтөө жүргүзүүгө киришет, бул жөнүндө токтом чыгарат же болбосо ишти караштуулугу же аймактуулугу боюнча жөнөтүү үчүн прокурорго өткөрүп берет;

- прокурор ишти тергөө жүргүзүү үчүн тергөөчүгө жөнөтөт.

Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери, эгерде жүргүзүлүп жаткан процессуалдык аракеттер (аракетсиздик) же чечимдер кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, ошондой эле башка адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, ушул Кодексте белгиленген тартипте аталган адамдар тарабынан даттанылышы мүмкүн (125-берене).

Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу ал аракеттердин натыйжалары менен таанышкан же чечимдин көчүрмөсүн алган учурдан тартып 10 сутканын ичинде берилиши мүмкүн.

Даттануу кылмыш иши боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүп жаткан, мыйзам менен даттанууну кароого жана ал боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга же кызмат адамына берилет. 

Даттануу оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Оозеки даттануу протоколго түшүрүлөт, ага даттануучу жана аны кабыл алган кызмат адамы кол коет. Даттанууга кошумча материалдар тиркелиши мүмкүн.

Даттанууну берген адам аны кайра чакырып алууга укуктуу. Жабырлануучу мыйзамдуу өкүлүнөн тышкары, өзүнүн өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Даттанууну чакыртып алуу аны кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.

Эгерде тергөөчү, прокурор же судья муну керек деп таппаса, даттануунун берилиши даттанылып жаткан аракетти жүргүзүүнү жана даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтотпойт (126-берене).

Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанууну алган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен аны карап чыгат. Даттанууну текшерүү үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо башка чараларды көрүү талап кылынган өзгөчө учурларда даттанууну 10 суткага чейинки мөөнөттө карап чыгууга жол берилет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирилет.

Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү менен даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө же болбосо даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал жөнүндө арыз ээсине кабарлоо керек (129-берене).

Прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүү органдарынын токтомдору, ошого тете башка чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча сотко кылмыш-жаза иштери келип түшкөнгө чейин даттанылышы мүмкүн (130-берененин 1-бөлүгү).

Биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун өкүмүнө, аныктамасына жана токтомуна даттануу (сунуш) ушул Кодекстин 46-главасынын эрежелерине ылайык берилет.

Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин кайра кароо жөнүндө даттануу (сунуш) тергөө судьясынын чечимин кошпогондо, ушул Кодекстин 51-главасынын эрежелерине ылайык берилет (131-берене).

Кодекстин 159-беренесине ылайык, ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 130-136-беренелери); адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренеси); коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 278-280-беренелери); башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 383-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт. 

Улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.