Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча диний уюмдардын ишине балдардын катышуусу

1. Балдардын диний уюмдардын ишине катышуусун ченемдик жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

Жашы жете элек балдардын дин тутуу эркиндиги маселеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталбаган маселелердин бири бойдон калууда. Биздин пикирибиз боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эрезеге жеткен жарандарга мүнөздүү болгон диний иш-аракеттердин түшүнүгүн жана түрлөрүн кеңири регламенттейт, бирок, өлкөдөгү диний практиканы эске алуу менен балдардын диний уюмдардын ишине катышуусун деталдуу регламенттөө жок. Ошол эле учурда, акыркы мезгилде жашы жете элек балдардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун ишке ашыруусуна байланыштуу чыр-чатактуу кырдаалдар пайда болууда. Адатта, мындай жагдайлар бизге белгилүү болгон себептерден улам - адамдардын өз укуктарын жана милдеттерин билбегендигинен же дин чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди ченемдик жөнгө салуунун жетишсиздигинен  пайда болот. Жалпы билим берүүчү мектептерде диний атрибутиканы тагынуу, диний ишенимден улам ата-энелердин балдарын жалпы билим берүүчү мектептерде окутуудан баш тартуусу, балдардын айрым сабактарга (дене тарбия, ырдоо, сүрөт тартуу) катышуудан баш тартуусу көп талкууланган маселелер болуп саналат. Ошол эле учурда, бул маселени чечүүдө өсүп келе жаткан муундун жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу абдан маанилүү.

Диний үй-бүлөдө же диний жамаатта балдарды тарбиялоо процессинде чоңдор көп улуттуу жана көп конфессиялуу өлкө болуп саналган Кыргызстанда башка диндерге жана маданияттарга карата алардын аң-сезиминде өз ара түшүнүшүү жана диалог сезимдерин калыптандыруу үчүн толук жоопкерчилик тартышат (Баланын укуктары жөнүндө Конвенция Преамбуласы).  Бул үчүн, баарынан мурда, балдардын да диний ишеними, диний сезими, диндештерине боорукердиги жана Кудай жөнүндөгү идеялары бар экенин таануу талап кылынат. Балким балдардын диний ишенимдери чоңдордукундай терең эмес, бирок ал эмоционалдуураак мүнөзгө ээ жана инсанды калыптандыруудагы негизги факторлордун бири болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө балдардын диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуусу коомдо талкууланып жаткан жана Кыргызстандын мыйзамдарында начар жөнгө салынган маселелердин бири болуп, ал эми колдонуудагы укуктук ченемдер абстракттуу мүнөзгө ээ болуп, бир беткей чечмелөөнү жаратпай, же болбосо чечмелөөгө мүмкүн эмес бойдон калууда. Бирок, ушул макаланын алкагында, биз алардын жөнүн жана маанисин түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Дин тутуу эркиндиги маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды талдоо ар дайым позитивдүү укуктун алкагында гана эмес, адамдын табигый укугу доктринасынын негизинде жүргүзүлүшү керек экендигин белгилей кетүү зарыл.

2. Балдардын диний уюмдардын ишине “катышуусу” жана балдарды диний уюмга “тартуу” түшүнүктөрүнүн айырмачылыктары

Ушул беренеде коюлган максаттарды ачуудан мурун диний уюмдардын ишмердигинде “балдардын катышуусу” (14-бер. 1-бөл.)  түшүнүгүнүн,  диний уюмдарга “балдарды тартуу” (4-бер. 5-бөл.) түшүнүгүнөн айырмасы тууралуу айтуу зарыл. Биринчи түшүнүк балдардын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын билдирет, ал эми экинчи түшүнүк диний мамилелердин субъектилери үчүн тыюу салуучу норма болуп саналат.

Биринчиден, бул түшүнүктөрдүн грамматикалык чечмелөөсүнө кайрылсак, алар таптакыр башка семантикалык мааниге ээ. Ошентип, “катышуу” - бул бир нерсени ишке ашырууда ыктыярдуу көмөктөшүү же кызматташуу, башкача айтканда, катышуу үчүн катышуучунун өз алдынча, активдүү жана максаттуу аракеттери талап кылынат. Бул иш-аракетти жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүнүн бири тышкы таасирдин жоктугу болуп саналат же таасир маалыматтык-таанып билүүчүлүк мүнөздө болушу мүмкүн. “Тартуу” — бул кандайдыр бир иш-аракетке же ишмердүүлүккө көндүрүү же ыктоо, мында “катышып жаткан адамга” карата активдүү “катышуучу адамдын” жигердүү иш-аракети талап кылынат.

Экинчиден, Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин чечмелөөнүн логикалык жана атайын-юридикалык ыкмалары бул түшүнүктөрдүн ортосундагы айырманы көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошентип, балдардын диний иш-аракеттерге катышуусунун негизги түрлөрүнүн бири болуп, бул ырым-жырым жана диний окуунун талаптары боюнча дин кызматкерлери тарабынан аткарылган сыйынуу жөрөлгөлөрүнүн жана иш-аракеттеринин жыйындысы катары аныкталган кудайга табынуу учурунда алардын катышуусу эсептелет (3-бер.1-бөл.1-абз.). Бул, мисалы, диний дуба кылуу жана  ырым-жырымдар болушу мүмкүн. Дуба кылуу - бул “адамдын Кудайга, кудайларга, ыйыктарга, периштелерге, рухтарга жана жалпысынан Жогорку Затка кайрылуусу, мисалы, исламда бул Намаз, Индуизмдеги шуру же маржан менен тиленүү, православиедеги сөз аркылуу (ыраазычылык) же сураныч дубалары жана башкалар”. Диний ырым-жырымдар - диний түшүнүктөр камтылган диний окуу менен белгиленген иш-аракет жыйындысы (3-бер.1-бөл.11-абз.). Мисалы, исламда бул намазга чейинки даарат алуу жөрөлгөсү, исламдын көргө коюу жөрөлгөсү – “жаназа”, православ дининде чокунууга сууну касиеттөө жөрөлгөсү ж. б. Бул жерде балдар кудайга табынууда активдүү роль ойношпойт, алар дин кызматкери катары кудайга табынууну же ырым-жырымды аткарышпайт (3-бер.1-бөл.14-абз.), алар мындай иш-чараларга өз ыктыяры менен катышышат. Мында балдардын кандайдыр бир диний уюмдар менен мамилелерин көзөмөлдөө ата-энелерине, мыйзамдуу камкорчуларына же алардын ордун баскан адамдарга жүктөлөт.

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”  КР Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүндө “жашы жетелектерди диний уюмдарга тартууга жол берилбейт”, бирок, көйгөй ченемдик булактарда көрсөтүлгөн ченемдин түшүнүгү жана деталдуу регламентациясы ачыкталбагандыгында жатат.   Ченемдик укуктук актыларды талдоодон улам жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди жашы жете элек балдарды диний уюмдардын диний ишмердигинин айрым түрлөрүнө тартууга тыюу салуу катары чечмелесе болот. Мындан аркы талдоодо, биз бул темага көбүрөөк токтолобуз.

3. Балдардын диний уюмдардын ишмердигине катышуусунун негизги багыттары.

Балдардын диний уюмдардын диний ишмердигине катышуусунун бир түрү болуп балдардын Кудайга табынуу иштерине катышуусу жана диний ырым-жырымдар эсептелет. Балдардын Кудайга табынууда катышуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте (8-бер. 1-бөл.) катталган диний уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн Кудайга табынууда гана болушу, ата-энелер тарабынан көзөмөлдөнүшү (36-бер. 3-бөл.) өз ыктыяры менен, эч кандай физикалык же психологиялык мажбурлоосуз (4-бер. 3-бөл.) жана билим берүү процессине зыян келтирбестен (26-бер. 7-абз.) болушу мүмкүн.

Балдардын Кудайга табынууда катышуусунун оң жактары болуп баланын моралдык-адеп-ахлактык жана салттуу диний баалуулуктарды билүүсү саналат, бүгүнкү күндө диний объекттер руханий жакындыкка ээ болгон ар кандай улуттардын өкүлдөрүнүн баарлашуусунун аренасына айланууда (20-бер. 3-бөл.). Бирок, балдардын Кудайга табынуу иштерине катышуусу алардын мектепте билим алуу боюнча милдеттүү окуу жүктөмүн аткаруусуна тоскоолдук кылбашы керек, ошондуктан ата-энелер балдардын мындай билим алуусу үчүн жана каалоосу боюнча диндин моралдык-адеп-ахлактык жана тарбиялык баалуулуктарын өздөштүрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттүү.

Балдардын диний уюмдардын ишмердигине катышуусунун кийинки багыты болуп алардын диний билим жана тарбия алуусу саналат. Жашы жете элек балдар  диний окуу жайларда диний билим ала алышат, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдарга караштуу билим берүү курстарында диний тарбия ала алышат (8-бер. 1-бөл.). Бул максатта  диний уюмдар балдарга жана чоң кишилерге диний билим берүү үчүн уставдарына ылайык өзүнүн менчик каражаттарынан каржылануучу өздөрүнүн менчик имарат-жайларын пайдалануу менен диний окуу жайларын түзүүгө жана күтүүгө акылуу (6-бер. 3-бөл.). Андан ары “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, жогорку жана орто диний окуу жайларда окууга “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү жалпы орто билим алган жарандар кабыл алынат (6-бер. 5-бөл.).  Мектептик билим берүү билим берүү тутумунун негизги звеносу саналат жана 3 баскычты — жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүүнү камтыйт (5-бер. биринчи абз., 16-бер. 1-абз.), алардын арасында:

  • жалпы башталгыч - 1-4-класстар;
  • жалпы негизги - 5-9-класстар;
  • орто жалпы - 10-11-класстар.

Биздин оюбузча, 2008-жылдын 31-декабрындагы  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын азыркы колдонуудагы Конституциясына жана “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келбеген айрым түшүнүктөрдү камтыйт.

Биринчиден, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-бер. 5-бөл. “жогорку” жана  “орто” диний окуу жайлар деген түшүнүктөр көрсөтүлгөн, бирок Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында бул терминдердин аныктамалары жок.

Экинчиден, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-бер. 5-бөл. «милдеттүү жалпы орто билим алуу» түшүнүгү колдонулат. Бирок, “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 16-бер. билим берүүнүн мындай баскычы жок. Ошентип, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-бер. 5-бөл. мыйзам чыгаруу органы оңдошу керек болгон, укук колдонуу практикасында көптөгөн так эместиктерди, түрдүүчө окулуучу түшүнүктөрдү жаратат.

Андан ары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-бер. 2-бөл. “Негизги жалпы билим алуу милдеттүү” деп белгиленген. Бул Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жалпы билим берүү мекемелеринде 9 жылдык билим алышы керек дегенди билдирет. Бирок, “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 16-беренесинин биринчи абзацында “Жалпы башталгыч билим берүү, жалпы негизги билим берүү, орто жалпы билим берүү Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү билим берүү деңгээлдери болуп саналат” деп белгиленген.

Ошентип, жогоруда айтылгандардан төмөнкү тыянактарды чыгарууга болот, “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 16-беренесинин биринчи абзацы жана “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-бер. 5-бөл. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-бер. 2-бөлүмүнө карама-каршы келет, анда Кыргыз Республикасындагы бардык адамдар үчүн “Негизги жалпы билим алуу милдеттүү” деп айтылган. Бул бир дагы мамлекеттик орган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын негизинде балдар негизги жалпы билим алгандан кийин аларды окутууга же башка аракеттерди регламенттөөгө укугу жок дегенди билдирет. Андан ары, 2-бер. 2-бөл.Конституция ушул Мыйзамдын редакциясында күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аталган Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат” деп белгилейт.

Демек, жогоруда көрсөтүлгөн негиздерге ылайык жашы жете элек балдар негизги жалпы билим алууну аяктагандан кийин, б. а. 9-классты аяктагандан кийин диний окуу жайларга тапшырууга жана диний билим алууга укуктуу, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдеринин логикасы боюнча аларга 10-11-класстарда милдеттүү түрдө окууга тоскоолдук кылууга же мажбурлоого эч кимдин укугу жок.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө республикада диний уюмдар тарабынан уюштурулган балдарга кошумча билим берүү түрүндө диний окутуу жана тарбиялоо боюнча ар кандай курстарды өткөрүү колдонулууда (1-бер.). Мындай диний-билим берүү курстарынын жана атайын тарбиялоо программаларынын мазмуну ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен диний уюмдун ортосунда келишим түзүүдө тараптар тарабынан аныкталат. Диний курстардын, балдар үчүн диний-тарбиялоо лагерлеринин иши жашы жете элек балдар үчүн диний тарбия берүү жана билим берүү системасынын диний уюмдар өздөрү тарабынан түзүлгөн бөлүгү болуп саналат.

Ошентип, Кыргызстанда балдар диний кудайга табынууларга, диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катыша алышат, жалпы негизги билимин аяктагандан кийин диний билим ала алышат, диний курстарга жана диний тарбия лагерлерине бара алышат. Бирок, бул иш-аракеттердин баары, алар ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же алардын ордун баскан адамдардын уруксаты менен жүзөгө ашыра алат.

4. Балдардын диний уюмдардын ишмердигинин айрым түрлөрүнө катышуусуна мыйзамда белгиленген чектөөлөр

Жашы жете электердин катышуусу чектелген, диний уюмдардын айрым иш-аракеттери бар. Мисалы, жашы жеткен адамдар диний уюмдарды түзүүгө жана түзүүгө катышууга укуктуу (8-бер. 3-бөл.) диний уюмдарды эсептик каттоодон (10-бер. 1-бөл.), Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын (өкүлчүлүктөрүн) эсептик каттоодон өткөрүүдө, диний иш-аракет максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоого алууда жана диний окуу жайларды эсептик каттоого алууда ( 13-бер. 1-бөл.).

Ошону менен диний уюмдардын ишмердигин жана дин тутуу эркиндигин жөнгө салуучу мыйзамдардын логикасы боюнча диний уюмдардын түзүлүшү жана ишмердиги менен байланышкан иш толук кандуу укукка, аракетке жөндөмдүүлүккө жана деликтке жөндөмдүүлүккө ээ болгон адамдарга тиешелүү. Жашы жете элек балдар диний мамилелердин субъекттери тарабынан өндүрүлгөн руханий үзүрлөрдүн керектөөчүлөрү болуп саналат жана бул ишке катышуунун мотиви болуп диний көз караштар, диний ынанымдар, балдардын диний сезимдери жана муктаждыктары саналат. 

Диний окуулардын жана баалуулуктардын башкы өкүлдөрү болуп саналган диний институттардын иш-аракеттерин көзөмөлдөө мамлекеттин милдети болуп саналат. Ошондуктан диний тарбия берүү жана диний окутуу билим берүүнүн заманбап жалпы билим алуу системасы менен шайкеш айкалышып, балдардын аң-сезиминде бардык маданияттарга, диний ынанымдарга, улуттарга толеранттуулук сезимин калыптандыруу жана алардын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомдун шарттарына ыңгайлашуусу керек.