Кээ бир ченемдик укуктук актылардын жоболорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги коллизиялары

Закон Кыргызской Республики  «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике» от 31 декабря 2008 года № 282

«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2008-жылдын 31-декабры №282 

Закон Кыргызской Республики  «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике» от 31 декабря 2008 года № 282

государственный язык / мамлекеттик тил

официальный язык/расмий тил

примечание / түшүндүрмө

4-берене. Дин тутуу эркиндигине укуктуулук

3. Жаран өзүнүн динге, дин тутуу же тутпоого, кудайга табынууга, диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катышууга, динди окууга карата мамилесин аныктаган учурда аны кандайдыр бир жол менен мажбурлоого тыюу салынат. 

 

Статья 4. Право на свободу вероисповедания

3. Запрещается какое-либо принуждение при определении гражданином своего отношения к религии, к исповеданию или неисповеданию религии, участию или неучастию в богослужениях, религиозных обрядах и церемониях, в обучении религии.

 

Подчеркнутого слова «или неучастию» нет в редакции закона на государственном языке.

 

Асты сызылган «или неучастию» (“же катышпоого”) сөзү мыйзамдын мамлекеттик тилдеги редакциясында жок.

5-берене. Мамлекет жана дин

4. Бир конфессиянын жолдоочуларын башкаларды жолдоого (прозелитизм) багытталган иш-аракетке, ошондой эле ушул багыттагы ар кандай мыйзамсыз миссионердик ишти жүргүзүүгө тыюу салынат. Ушул эреженин бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат. 

Статья 5. Государство и религия

4. Запрещаются настойчивые действия, направленные на обращение верующих одних конфессий в другие (прозелитизм), а также любая незаконная миссионерская деятельность. Лица, виновные в нарушении этого правила, несут ответственность, установленную законодательством Кыргызской Республики.

Подчеркнутого слова «настойчивые» нет в редакции закона на государственном языке. В переводе слово «настойчивые» на кыргызском языке будет «көшөргөн». 

 

Асты сызылган «настойчивые» сөзү мыйзамдын мамлекеттик тилдеги редакциясында жок.  «Настойчивые» кыргыз тилинде «көшөргөн» болот. 

8-берене. Диний уюмдар

 4. Тиешелүү конфессиялардын диний уюмдарынын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн алардын борбордук бирдиктүү башкаруу органдары - диний башкармасы, союздары, конференциялары ж.б. (мындан ары - борбордук башкаруу органдары) түзүлсө болот.

Борбордук башкаруу органы Кыргыз Республикасынын кеминде тогуз регионунда (областтар, Бишкек, Ош шаарлары) иш жүргүзгөн, тиешелүү конфессиялардын диний уюмдары тарабынан эсепке алуу каттоосунан өткөн уюмдаштыруу чогулушу (курултайы, конференциясы ж.б.) тарабынан түзүлөт.

Статья 8. Религиозные организации 

4. Для координации и направления деятельности религиозных организаций соответствующих конфессий могут создаваться их единые центральные органы управления - духовные управления, союзы, конференции и другие (далее - центральный орган управления).

Центральный орган управления создается учредительным собранием (курултаем, конференцией и т.д.) религиозных организаций соответствующей конфессии, прошедших учетную регистрацию и действующих в не менее девяти регионах Кыргызской Республики (области, города Бишкек, Ош).  

Подчеркнутые положения в редакциях закона на государственном и официальном языках, не соответствуют по смыслу друг к другу. Следует использовать следующий перевод:

«Борбордук башкаруу органы Кыргыз Республикасынын кеминде тогуз регионунда (областтар, Бишкек, Ош шаарлары) иш жүргүзгөн, эсепке алуу каттоосунан өткөн тиешелүү конфессиялардын диний уюмдарынын  уюмдаштыруу чогулушу (курултайы, конференциясы ж.б.) тарабынан түзүлөт».

 Мамлекеттик жана расмий тилдердеги редакцияларда асты сызылган жоболор мааниси боюнча бири-бирине шайкеш келбейт.

Төмөнкүдөй котормону колдонуу керек:

«Борбордук башкаруу органы Кыргыз Республикасынын кеминде тогуз регионунда (областтар, Бишкек, Ош шаарлары) иш жүргүзгөн, эсепке алуу каттоосунан өткөн тиешелүү конфессиялардын диний уюмдарынын  уюмдаштыруу чогулушу (курултайы, конференциясы ж.б.) тарабынан түзүлөт». 

10-берене. Диний уюмдарды эсептик каттоого алуу 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген диний уюмдарды жана диний багыттагы объекттерди эсептик каттоого алуу дин иштери боюнча мамлекеттик органдар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

 2. Диний уюмду эсепке алуу үчүн түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү документтерин (мамлекеттик жана расмий тилде) тапшырышат:

 3. Диний уюмдарды, ошондой эле миссияларды эсепке алуу каттоосу арыз берилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен зарыл документтерин тиркөө жана алардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында шайкеш келишин текшерүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Статья 10. Учетная регистрация религиозных организаций 

1. Учетная регистрация религиозных организаций и объектов религиозного назначения, действующих на территории Кыргызской Республики, осуществляется государственным органом по делам религий в установленном настоящим Законом порядке.

 

2. Для учетной регистрации религиозной организации учредители представляют учредительные документы (на государственном или официальном языке):

3. Учетная регистрация религиозных организаций, а также миссий должна быть произведена не позднее тридцати дней со дня подачи заявления с приложением необходимых документов для проверки их на соответствие действующему законодательству Кыргызской Республики. 

Подчеркнутое слово «органдар» в редакции закона на государственном языке не соответствует версии слова «органом» в редакции закона на официальном языке

Подчеркнутое слово «жана» в редакции закона на государственном языке не соответствует версии слова «или» в редакции закона на официаьном языке. Слово «жана» в переводе на русский будет «и», слово  «или» в переводе на кыргызский будет  «же»

Подчеркнутое слово  «мүмкүн» в редакции закона на государственном языке не соответствует версии слова «должна быть» в редакции закона на официальном языке. 

Слово  «мүмкүн» в переводе на русский будет  «может быть», в тоже время слово  «должна быть» в переводе по смыслу положения закона на кыргызский язык будет  «керек».

Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “органдар” сөзү, мыйзамдын расмий тилдеги редакциясындагы “органом” сөзүнүн версиясына туура келбейт.

Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “жана” сөзү, мыйзамдын расмий тилдеги редакциясындагы “или” сөзүнүн версиясына туура келбейт.  “Жана” сөзү орус тилине которгондо “и”, ал эми “или” сөзү кыргыз тилине которгондо “же” болот.

Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “мүмкүн” сөзү, мыйзамдын расмий тилдеги редакциясында колдонулган “должна быть” сөзүнө шайкеш келбейт.

“Мүмкүн” сөзү орус тилине “может быть” деп которулат, ошол эле учурда “должна быть” сөзү, мыйзам жобосунун мааниси боюнча кыргыз тилине “керек” деп которулат.

21-берене. Диний каадалар, ырым-жырымдар, аземдер

2. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, алдын ала камоо жана жазаны өтөө жайларында диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер, аларда турган жарандардын өтүнүчү боюнча жана администрация бул максат үчүн атайын бөлүп берген жайда өткөрүлөт. Бул мекемелерде турган адамдар тыюу салынбаган диний адабияттарды жана табынуу буюмдарын эгерде бул алардын ден соолугуна зыян келтирбесе жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу мүдөөлөрүн кысмакка албаса, ээлеши, алышы, сатып алышы жана пайдаланышы мүмкүн.

Бул мекемелердин администрациясы дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашып дин кызматчыларын чакырууга көмөк көрсөтөт, диний каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди өткөрүүнүн убагын жана башка шарттарын аныктоого катышат.

Статья 21. Религиозные обряды, ритуалы и церемонии 

2. Религиозные обряды, ритуалы и церемонии в домах для престарелых и инвалидов, местах предварительного заключения и отбывания наказания проводятся по просьбе находящихся в них граждан в помещениях, специально выделяемых администрацией для этих целей. Лица, находящиеся в этих учреждениях, могут иметь, получать, приобретать и пользоваться незапрещенной религиозной литературой и предметами культа, если это не причиняет вреда их здоровью, не ущемляет права и законные интересы других лиц.

Администрация этих учреждений оказывает содействие в приглашении священнослужителей, принимает участие в определении времени и других условий проведения религиозного обряда, ритуалов и церемоний.

Подчеркнутые слова в редакции закона на государственном языке отсутствуют в редакции закона на официальном языке.

Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги редакциясындагы асты сызылган сөздөр, мыйзамдын расмий тилдеги редакциясында жок.

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси, 2017-жылдын 25-январы № 13

Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики от 25 января 2017 года № 13

государственный язык/ мамлекеттик тил

официальный язык/расмий тил

примечание/ түшүндүрмө

109-берене. Административдик доолордун формалары жана түрлөрү. Доо талаптары

1. Административдик доо сотко жазуу жүзүндөгү арыз формасында берилет.

Статья 109. Форма и виды административных исков. Исковые требования

1. Административный иск подается в суд в форме письменного искового заявления. 

Подчеркнутое слово «искового» в редакции кодекса на официальном языке отсутствуют в редакции кодекса на государственном языке.

Кодекстин расмий тилдеги редакциясында асты сызылган “искового” сөзү, Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында жок. 

111-берене.  Административдик доого карата талаптар

1. Доодо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

7) актыга, даттануу тууралуу маалыматтар, талаш-тартышты соттон тышкары тартипте чечүүдөгү аракет (аракетсиздик);

Статья 111. Требования к административному иску

1. В иске указываются:

 7) сведения об обжаловании акта, действия (бездействия) в досудебном порядке разрешения спора;

Подчеркнутые слова «в досудебном порядке» в редакции кодекса на официальном языке, изложены как «соттон тышкары тартипте» в редакции кодекса на государственном языке, что означает в переводе на русский язык «внесудебном порядке».

Кодекстин расмий тилдеги редакциясында асты сызылган “в досудебном порядке” сөздөрү, Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында, орус тилинде “внесудебном порядке” деген маанини билдирүүчү “соттон тышкары тартипте” деп берилип калган

131-берене. Ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо 

1. Эгерде ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо жөнүндө өтүнмөнү доогер билдирбеген, ал эми процесстин башка катышуучулары ишти кароонун ушундай тартибин колдонууга каршылык билдирбеген учурда иш жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде каралышы мүмкүн.

Статья 131. Рассмотрение дела в порядке упрощенного (письменного) процесса

1. Дело может быть рассмотрено в порядке упрощенного (письменного) процесса в случае, если ходатайство о рассмотрении дела в порядке упрощенного (письменного) процесса заявлено истцом, а другие участники процесса не возражают против применения такого порядка рассмотрения дела.

Подчеркнутые слова «заявлено истцом» в редакции кодекса на официальном языке изложены как «доогер билдирбеген» в редакции кодекса на государственном языке, что означает в переводе на русский язык «не заявлено истцом».

Кодекстин расмий тилдеги редакциясында асты сызылган “заявлено истцом” сөздөрү, Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында, орус тилинде “не заявлено истцом” деген маанини билдирүүчү “доогер билдирбеген” деп берилип калган

Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси, 2017-жылдын 13-апрели №58

Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях от 13 апреля 2017 года № 58

государственный язык/ мамлекеттик тил

официальный язык/расмий тил

примечание/ түшүндүрмө

309-берене. Бузуулар жөнүндө протоколдун мазмуну

2. Бузуулар жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

7) бузууларды жасагандыгы үчүн тартылган адамдын түшүнүгү; 

 5. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак протоколго кол коюудан баш тарткан учурда протоколго бул жөнүндө жазуу жазылат. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак протоколдун мазмуну боюнча түшүнүктөрүн жана сын-пикирлерин тиркөөгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартуусунун жүйөсүн баяндоого укуктуу.

Статья 309. Содержание протокола о нарушении

2. В протоколе о нарушении указываются: 

7) объяснение лица, привлекаемого за совершение нарушения;

 5. В случае отказа от подписания протокола лица, привлекаемого к ответственности за совершение нарушения, в протоколе делается запись об этом. Лицо, привлекаемое к ответственности за совершение нарушения, вправе представить прилагаемые к протоколу объяснения и замечания по содержанию протокола, а также изложить мотивы своего отказа от его подписания.

Подчеркнутые положения в редакции кодекса на государственном языке по смыслу отличаются от положений в редакции кодекса на официальном языке. 

В кыргызском языке слово «түшүнүү» означает «понимание, слово «түшүнүктөрүн» - «понятия» в русском языке

Следует использовать перевод слов:

- «объяснение» - «түшүндүрмө», 

- «объяснение лица» - «адамдын түшүндүрмөсү».

Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган жоболор, мааниси боюнча Кодекстин расмий тилдеги редакциясындагы жоболордон айырмаланып турат.

Кыргыз тилинде “түшүнүү” сөзү орус тилинде “понимание”, “түшүнүктөрүн” – “понятия” дегенди билдирет.

Сөздөрдүн төмөнкүдөй котормолорун колдонуу керек:

- «объяснение» - «түшүндүрмө», 

- «объяснение лица» - «адамдын түшүндүрмөсү».

  

Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 2017-жылдын 2-февралы № 19

Уголовный кодекс Кыргызской Республики от 2 февраля 2017 года № 19

государственный язык/ мамлекеттик тил

официальный язык/расмий тил

примечание/ түшүндүрмө

161-берене. Зордуктоо

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) билип туруп жашы жетелекке карата жасалган;

2) каалабаган кош бойлуулукка алып келген;

Статья 161. Изнасилование

3. Деяния, предусмотренные частями 1 или 2 настоящей статьи:

1) совершенные в отношении заведомо несовершеннолетней;

2) повлекшие наступление беременности; 

Подчеркнутое слово «каалабаган» в редакции кодекса на государственном языке, отсутствует в редакции кодекса на официальном языке.

Слово «каалабаган» в переводе на русский язык по смыслу положения кодекса, означает «нежелательной».

Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “каалабаган” сөзү, Кодекстин расмий тилдеги редакциясында жок.

Кодекстин жобосунун мааниси боюнча “каалабаган” сөзүн орус тилине которсок “нежелательной” дегенди билдирет.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, 2017-жылдын 2-февралы № 20

Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики от 2 февраля 2017 года № 20

государственный язык/ мамлекеттик тил

официальный язык/расмий тил

примечание/ түшүндүрмө

41-берене. Жабырлануучу

4. Жабырлануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;

12) жабырлануучу деп таануу жөнүндө, жазыктык куугунтуктоону кыскартуу жөнүндө токтомдордун,  көчүрмөлөрүн, ошондой эле соттук чечимдердин көчүрмөлөрүн алууга; 

Статья 41. Потерпевший

4. Потерпевший имеет право:

7) на гарантированную государством юридическую помощь в случаях, предусмотренных законом;

12) получать копии постановлений о признании потерпевшим, о прекращении уголовного преследования, обвинительного акта, а также копии судебных решений;

 

Подчеркнутые слова «Кыргыз Республикасынын» в редакции кодекса на государственном языке, отсутствует в редакции кодекса на официальном языке.

Подчеркнутые слова «обвинительного акта» в редакции кодекса на официальном языке, отсутствует в редакции кодекса на государственном языке.

Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “Кыргыз Республикасынын” сөздөрү, Кодекстин расмий тилдеги редакциясында жок.

Кодекстин расмий тилдеги редакциясында асты сызылган “обвинительного акта” сөздөрү, Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында жок.

128-берене. Даттанууну берүү

3. Даттанууну берген адам аны кайра чакырып алууга укуктуу. Шектүү, айыпталуучу жактоочунун даттануусун чакыртып алууга укуктуу; жабырлануучу (жекече айыптоочу), жарандык жоопкер мыйзамдуу өкүлдөн тышкары, өзүнүн өкүлүнүн даттануусун чакыртып алууга укуктуу. Даттанууну чакыртып алуу аны кайтадан берүүгө тоскоолдук кылбайт.

Статья 128. Подача жалобы

3. Лицо, подавшее жалобу, вправе ее отозвать. Подозреваемый, обвиняемый вправе отозвать жалобу защитника; потерпевший, частный обвинитель вправе отозвать жалобу своего представителя, кроме законного представителя. Отзыв жалобы не препятствует ее повторной подаче.

 

Подчеркнутые слова «жарандык жоопкер» в редакции кодекса на государственном языке, отсутствует в редакции кодекса на официальном языке.

Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “жарандык жоопкер” сөздөрү, Кодекстин расмий тилдеги редакциясында жок.

130-берене. Кармалган же камакка алынган адамдардын даттанууларын жөнөтүү

1. Камакта кармоочу жайдын администрациясы кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган адамдардын же камакта жаткандардын даттанууларын тергөө бөлүмүнүн жетекчисине, тергөөчүгө, прокурорго, сотко токтоосуз берүүгө милдеттүү.

2. Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн аракетине кармалгандардын же камакта жаткандардын даттанууларын камакта кармоочу жайдын администрациясы прокурорго же сотко, ал эми прокурордун аракетине жана чечимине даттанууларды -жогору турган прокурорго 12 сааттан кеч эмес берүүгө милдеттүү.

Статья 130. Направление жалоб лиц, задержанных или содержащихся под стражей

1. Администрация места заключения обязана немедленно передавать руководителю следственного подразделения, прокурору, суду адресованные им жалобы лиц, задержанных по подозрению в совершении преступления или содержащихся под стражей.

2. Жалобы лиц, задержанных или содержащихся под стражей, о пытках, на действия сотрудника органа дознания, следователя администрация места заключения обязана не позднее 12 часов передать прокурору или в суд, а жалобы на действия и решения прокурора - вышестоящему прокурору.

Подчеркнутое слово «тергөөчүгө» в редакции кодекса на государственном языке, отсутствует в редакции кодекса на официальном языке.

Подчеркнутое слово «о пытках» в редакции кодекса на официальном языке, отсутствует в редакции кодекса на государственном языке.

Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “тергөөчүгө” сөзү, Кодекстин расмий тилдеги редакциясында жок.

Кодекстин расмий тилдеги редакциясында асты сызылган “о пытках” сөздөрү, Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында жок.

396-берене. Даттануу же сунуштама берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү тартиби

1. Даттануу же сунуштама берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген учурда даттануу же сунуштама берүүгө укуктуу адамдар өкүм, ошондой эле башка сот чечимин, тергөө судьясынын токтомун чыгарган сотко өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдире алышат. 

Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнмө сот отурумунда ишти соттук териштирүүдө токтом чыгарган судья тарабынан каралат, ал түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн өтүнүч менен кайрылган адамды чакыртууга укуктуу.

 

Статья 396. Порядок восстановления срока на подачу жалобы или представления

1. В случае пропуска срока на подачу жалобы или представления по уважительной причине лица, имеющие право подать жалобу или представление, могут ходатайствовать перед судом, постановившим приговор, а также иное судебное решение, постановление следственного судьи о восстановлении пропущенного срока. 

Ходатайство о восстановлении срока рассматривается в судебном заседании судьей, постановившим приговор, иное судебное решение, следственным судьей, вынесшим постановление, который вправе вызвать лицо, возбудившее ходатайство, для дачи объяснений. 

Подчеркнутые слова «следственным судьей» в редакции кодекса на официальном языке, отсутствует в редакции кодекса на государственном языке.

«следственный судья» в переводе на кыргызский язык будет «тергөө судьясы»

Кодекстин расмий тилдеги редакциясында асты сызылган “следственным судьей” сөздөрү, Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында жок.

“следственный судья” кыргыз тилинде “тергөө судьясы” болот

398-берене. Даттануу же сунуштама берүүнүн кесепеттери

2. Өкүм же башка даттаныла турган чечимди чыгарган сот ишти аларга карата келип түшкөн даттануулар, сунуштамалар жана аларга каршы пикири менен тийиштүү сотко апелляциялык тартипте кароо үчүн жөнөтөт, бул тууралу тараптарга маалымдалат.

Статья 398. Последствия подачи жалобы или представления

2. По истечении срока обжалования суд, постановивший приговор или вынесший иное обжалуемое решение, направляет дело с принесенными жалобой, представлением в суд апелляционной инстанции, о чем сообщается сторонам. 

Подчеркнутые слова «сунуштамалар жана аларга каршы пикири менен» в редакции кодекса на государственном языке, отсутствуют в редакции кодекса на официальном языке.

Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “сунуштамалар жана аларга каршы пикири менен” сөздөрү, Кодекстин расмий тилдеги редакциясында жок.

432-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун укуктарынын чектери 

3. Кассациялык инстанциядагы сот прокурордун сунушу же жабырлануучунун даттануусу берилбеген айыпталуучунун,  соттолуучунун, айыпталуучунун абалын начарлата албайт.

 

Статья 432. Пределы прав суда кассационной инстанции 

3. Суд кассационной инстанции не может ухудшить положение осужденного, оправданного, в отношении которого не принесено представление прокурора или жалоба потерпевшего. 



Подчеркнутое слово «оправданного» в редакции кодекса на официальном языке, отсутствует в редакции кодекса на государственном языке 

Подчеркнутые слова «айыпталуучунун» в редакции кодекса на государственном языке, отсутствуют в редакции кодекса на официальном языке.

Кодекстин расмий тилдеги редакциясында асты сызылган “оправданного” сөзү, Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында жок

Кодекстин мамлекеттик тилдеги редакциясында асты сызылган “айыпталуучунун” сөзү, Кодекстин расмий тилдеги редакциясында жок