Экстремисттик материалдар менен байланышкан жосундар үчүн КР мыйзамдары боюнча жоопкерчилик
- 1.1.Экстремисттик ишке кирүүчү жосундардын тизмеси
- 1.2. Экстремисттик материалдарды таратууга жол бербөө жөнүндө эскертүүчү, алдын алуучу чаралар
- 2. КР мыйзамдары боюнча материалдарды экстремисттик деп таануу жол-жобосунун өзгөчөлүтөрү
- 2.2. Экстремисттик аракеттердин белгилери бар деген шек менен маалыматтык материалдар табылган учурда зарыл болгон процесстик чаралар
- 3. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүгө байланышкан иштер боюнча соттук экспертиза
- 3.2. Мамлекеттик дин таануу экспертизасынын айырмалоочу өзгөчөлүктөрү
- 3.3. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иштеринин алкагында жүргүзүлүүчү комплекстүү соттук психологиялык-лингвистикалык экспертиза (КСПЛЭ)
- 3.3.2.КСПЛЭ түшүнүгү жана милдеттер
- 3.3.3. Эксперт-лингвисттин ролу
- 3.3.4. Эксперт-психологдун ролу
- 3.3.5. Дин таануучу-эксперттин ролу
- 3.4. Экстремисттик иштин белгилеринин бар экендигин аныктоо боюнча КСПЛЭни дайындоонун тартиби жана шарттары
- 3.4.2. КСКПЛЭнин субъекттери жана объекттери
- 3.4.3. КСКПЛЭни дайындоонун негиздемеси
- 3.4.4. Соттук эксперттик корутундуну талашуу мүмкүнчүлүктөрү
- 3.4.5. Эксперттик корутундуну талашуу боюнча сунуштар
(22-берененин 2-бөлүгү) “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КРнын Мыйзамы конституциялык түзүлүштү, коомдун адеп-ахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого жана жайылтууга тыюу салат.
(22-берененин 8-бөлүгү) Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
КРнын учурдагы мыйзамдарында, анын ичинде КРнын Конституциясында илимий адабияттарда кеңири тараган “диний экстремизм” түшүнүгү каралган эмес.
( Эскертүү, караңыз: Экстремизм – Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч. Прим. см. Экстремизм - угроза национальной безопасности России. Библиогр.указ. / сост. Н. Е. Козельцева, отв. за вып. Л.Н.Патрина. Тамбов, 2015. Доступно по адресу: http://www. .ru/editions/bibliograf/date/jekstrimizm.pdf).
Ар кандай диний окуу өзүнүн бөтөнчөлүгүн, чындыгын ырастайт жана ушул конфликттен улам өзүнөн өзү потенциалдуу түрдө “экстремисттик” болуп саналышы мүмкүн экенин эске алуу керек. Н.А.Сотворовдун, Е.В. Тихонованын пикири боюнча, “диний экстремизм” жана “руханий коопсуздук” деген терминдер юридикалык жактан туура эмес.
(Эскертүү, караңыз: Азыркы Россиянын мыйзамдарында абийир эркиндиги жана дин тутуу эркиндиги институту. Прим. см.Тихонова Е., Придворов Н. Институт свободы совести и свободы вероисповедания в праве современной России. М., 2007. Доступно по адресу: file:///C:/Users/User/AppData/Local/Temp/Pridvorov_Nikolaj_-_Institut_svobody_sovesti_i_svo.html).
Демек, диний экстремизм түшүнүгү кыйла кеңири, ой-жүгүртүүгө негизделип чечмелениши жана экстремизмге каршы мыйзамдардын рухуна ылайык келбеши мүмкүн, ал эми соттор тарабынан кабыл алынган чечимдер диний окуулар жөнүндө тигил же бул материалдарды, эмгектерди жана басылмаларды аларда экстремисттик иштин белгилери бар экендигине карата талдоодо болгон объективдүү кыйынчылыктарды толук өлчөмдө эске албашы мүмкүн.
Албетте, кээ бир экстремисттик кыймылдардын диндеги аракеттерине негиздеме табууга умтулуусун актоого мүмкүн эмес, анткени бул өзүнө кош коркунучту камтыйт: бир жагынан сабырсыздыкты, диний фанатизмди жана фундаментализмди козутууга өбөлгө түзөт, экинчи жагынан диндин жалпы адамзаттык баалуулуктарын кыянаттык менен пайдаланган адамдардын айынан бүтүндөй диний жамааттарды обочолонтууга алып келет.
(Эскертүү, караңыз: Со А.А. Дин тутуу эркиндиги жана диний экстремизм // Бийлик, 2015. Прим. см. Со А.А. Свобода вероисповедания и религиозный экстремизм // Власть, 2015. Том. 23. № 6. C. 99-102. Доступно по адресу:https://cyberleninka.ru/article/v/svoboda-veroispovedaniya-i-religioznyy-ekstremizm).
Мурда колдонулган 2005-жылдын 17-августундагы № 150 “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КРнын Мыйзамында (13-берене) экстремисттик материалдарды “андан ары жайылтуу максатында сактоо” үчүн жоопкерчилик болушу керек деп каралган. 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген КР Кылмыш-жаза кодексинде (КР КЖК) мурда колдонулуп келген КР КЖКдан (315-берене) айырмаланып, “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сактоо же сатып алуу, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамы аркылуу пайдалануу” үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленген (1997-ж. ред.), анда жайылтуу максатына карабастан экстремисттик материалдарды “сактоо” үчүн жаза каралган (299-2-берене).
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” мурда колдонулуп келген Мыйзамынын (2005-ж. редакциясында) 13-беренедесинде аталган материалдарды андан ары таратуу максатында мыйзамсыз жасоого, таратууга, ташууга жана сактоого күнөөлүү адамдар административдик же болбосо кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылаары көрсөтүлгөн. 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстер күчүнө киргендигине байланыштуу кылмыш жасагандыгы үчүн гана кылмыш жоопкерчилиги каралган, Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуулар жөнүндө кодекс боюнча жоопкерчилик каралган эмес, ал эми администрациялык укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчилик КР укуктук системасынан алынып салынган.
Эми 2023-жылдын 24-февралында №40 “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР жаңы Мыйзамы кабыл алынды, анда жоопкерчилик жөнүндө мындай шилтеме берилген ченем жок. Бирок жогоруда аталган жаңы мыйзамдын мааниси боюнча экстремисттик ишмердүүлүк мыйзамда тыюу салынган жосундардын 10 курамын, башкача айтканда жазык укугунун ченемдеринде гана каралган жосундарды билдирген айкын ченем (4-берененин 1-пункту) бар. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу жоопкерчилиги КРнын жаңы Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде каралган (2021-ж.ред.)
1.1.Экстремисттик ишке кирүүчү жосундардын тизмеси
“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” (2023-ж.ред.) КР Мыйзамы “экстремисттик иш-аракет” деген терминди колдонот жана ага кирген жосундарды санап берет (Төмөндө “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мурда жана азыр колдонулуп жаткан мыйзамы боюнча экстремисттик иш-аракеттерди аныктоонун салыштырма таблицасын караңыз)
(мурда колдонулуп келген) 2005-жылдын 17-августундагы №150 “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамы (1-берене) |
(азыр колдонулуп жаткан) 2023-жылдын 24-февралындагы №40 “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамы (4-берененин 1-пункту) |
экстремисттик аракет (экстремизм): 1) коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери: Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга; Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга; бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алуута же ээлеп алууга; мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүүгө; террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга; расалык, улуттук (этностор аралык) же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга; улуттук ар-намысты кемсинтүүгө; идеологиялык, саясий, расалык, улуттук (этностук) жүйөөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого; динге, социалдык, расалык, улуттук (этностук), диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого; 2) нацисттик атрибутиканы же символиканы же болбосо нацисттик атрибутикага же символикага аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон атрибутиканы же символиканы пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө; 2-1) экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого; 3) аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого; 4) аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого көмөк көрсөтүүгө же аталган аракеттерди жасоого, анын ичинде аталган аракеттерди жасаганга финансы каражаттарын, кыймылсыз мүлктү, окуу, полиграфиялык жана материалдык-техникалык базаны, телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн берүү, маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, дагы башка материалдык-техникалык каражаттарды берүүгө; |
экстремисттик иш: а) төмөнкүлөргө багытталган жосундарды пландоо, уюштуруу, даярдоо жана жасоо боюнча иш-аракеттер: - бийликти күч менен басып алуу; - бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар; - сепаратисттик иш; - куралдуу козголоң; - расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык касташууну (араздашууну) козутуу; - экстремисттик уюмду түзүү жана (же) анын ишине катышуу; - экстремисттик уюмду же экстремисттик ишти каржылоо; - экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу; - экстремисттик уюмдун атрибуттарын жана символдорун пайдалануу; б) зомбулук менен коштолгон же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында ушундай деп таанылган зомбулук иш-аракеттерге алып келүүчү экстремисттик жүйөлөр боюнча башка жосундарды жасоо; |
Мурда колдонулган берененин мазмунунан көрүнүп тургандай, Мыйзамда экстремисттик аракеттердин (экстремизмдин) ар кандай көрүнүштөрүн билдирген 13 жосундун тизмеси гана бекитилген. Мында мыйзам чыгаруучу “экстремизм” түшүнүгүнө аныктама берген эмес, бул укук колдонуу практикасын кыйындаткан. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын азыркы колдонуудагы мыйзамында (2023-ж. редакциясында) бул көйгөй чечилип, “экстремизм” термини алынып салынган. Ошентип, экстремисттик иш, жаңы мыйзамдын мааниси боюнча, мыйзам тарабынан тыюу салынган жосундардын 10 курамын, башкача айтканда, кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде гана каралган жосундарды билдирет.
КР Кылмыш-жаза кодексинде “экстремисттик багыттагы кылмыштар” деген түшүнүктүн аныктамасы жок, бирок төмөндө көрсөтүлгөндөй, мыйзам чыгаруучу КР “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” жаңы Мыйзамында экстремисттик иштин формулировкасына (2023-ж.ред.) КР учурдагы КЖКда каралган кылмыштардын курамында камтылган белгилерди ушул категориядагы кылмыштардын классификациясынын негизине алган.
Аныкталган белгилердин болушуна карата “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда каралган (2023-ж. ред.), ага ылайык экстремисттик багыттагы кылмыштарга КР КЖКнын төмөнкү беренелери кирет:
1) экстремисттик иш:
а) төмөнкүлөргө багытталган жосундарды пландоо, уюштуруу, даярдоо жана жасоо боюнча иш-аракеттер:
- бийликти күч менен басып алуу (326-бер. Бийликти күч менен басып алуу);
- бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар (327-бер. Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар);
- сепараттык иш (328-бер. Сепараттык иш);
- куралдуу козголоң (329-ст. Куралдуу козголоң);
- расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу (330-берене. Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу;
- экстремисттик уюмду түзүү жана (же) анын ишине катышуу (331-берене. Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо);
- экстремисттик уюмду же экстремисттик ишти каржылоо (331-берене. Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо);
- экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу (332-берене. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу);
- экстремисттик уюмдун атрибуттарын жана символдорун пайдалануу (332-берене. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) камтылган;
б) зомбулук менен коштолгон же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында ушундай деп таанылган зомбулук иш-аракеттерге алып келүүчү экстремисттик жүйөлөр боюнча башка жосундарды жасоо.
КР КЖКнын 74-беренесине ылайык, расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкка (араздашууга) байланыштуу кылмыш жасоо жазаны оордотуучу жагдайлардын бири болуп саналат. Демек, зомбулук менен коштолгон же зомбулук аракеттерге алып келген экстремисттик жүйөлөр боюнча башка жосундарга ( 4-бер. 1-п, "б" пунктчасы), төмөнкүдөй квалификациялоочу белгини камтыган жосундар кирет. Мисалы, “Адам өлтүрүү” (КЖКнын 122-бер. 2-бөл. 11-п.), “Ден соолукка оор залал келтирүү” (КЖКнын 130-бер. 2-бөл. 6-п..), “Уруп-сабап кыйноо” (КЖКнын 138-бер. 3-бөл. 3-п).
Мурда колдонулган КЖКнын 1997-ж. ред. жана “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2005-ж. Мыйзамы боюнча терроризм жана экстремизм жөнүндө кылмыш иштерин кароо боюнча соттук практикага сереп салууга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда 254 адамга карата экстремизм жана терроризм жөнүндө 244 кылмыш иши изилденген. Айыптоо өкүмү менен 252 адамга карата 242 иш каралган (анын ичинде 46 аял). Алардын ичинен 239 адам эркинен ажыратылган (176 шарттуу түрдө, 6 адам жаза мөөнөтүн кийинкиге калтырган) жана 13 адам айыпка тартылган. Актоо өкүмү менен кылмыш иши каралган эмес. Кылмыш ишин токтотуу тууралуу токтом менен 1 адамга карата 1 иш каралган.
Соттолгон адамдардын жалпы санынын ичинен:
- 1 адам КР КЖКнын 1997-ж. ред. 299-беренесинин 1-бөлүгү боюнча соттолгон - улуттук (этностор аралык), расалык, диний же региондор аралык кастыкты козутууга, улуттук кадыр-баркты кемсинтүүгө, ошого тете жарандардын динге, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгына болгон мамилеси боюнча эксклюзивдүүлүгүн, артыкчылыгын же толук эместигин пропагандалоого багытталган аракеттер, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен, ошондой эле Интернет тармагы аркылуу пайдалануу;
-186 адам КР КЖКнын 1997-ж. ред 299-2-беренесинин 1-бөлүгү боюнча соттолгон .– экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жөнөтүү, ошондой эле атайылап пайдалануу, анын ичинде экстремисттик же террористтик уюмдардын символикасын же атрибутикасын көрсөтүү;
- 27 адам КР КЖКнын 1997- ж. ред. 299-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту - экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жөнөтүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик мүнөздөгү (экстремисттик иш) кылмыштары үчүн мурда соттолгон адам тарабынан экстремисттик же террористтик уюмдардын символикасын же атрибутикасын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү боюнча соттолгон.
Жалпысынан 213 адам экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, “сактоо, жайылтуу, ташуу жана жөнөтүү, ошондой эле атайылап пайдалануу, анын ичинде экстремисттик же террористтик уюмдардын символикасын же атрибутикасын көрсөтүү” үчүн соттолгон, бул соттолгондордун жалпы санынын 84,5% түзөт.
(Эскертүү, караңыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун 2016-жылдын 15-июнундагы №8-Токтому. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени №2 (63) 2016. http://sot.kg/post/byulleten-verhovnogo-suda-kyrgyzskoj-respubliki-za-1-64-ot-2017-goda )
(Прим. См. Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики №8 от 15 июня 2016 года //Бюллетень Верховного суда Кыргызской Республики №2(63) 2016. Доступно на сайте: http://jogorku.sot.kg/sites/default/files/images/byulleten_263_2016.pdf ).
Кылмыштардын бул категориясын квалификациялоо үчүн эң көйгөйлүү болуп кылмыштын предмети болгон материалдарда экстремисттик аракеттердин белгилеринин бар экендигин аныктоо эсептелет, ошондуктан “экстремисттик материал” деген түшүнүктү аныктоо зарыл, анткени бул белги баалоочу болуп саналат.
КР КЖКнын 2021-ж. ред. өзүндө “экстремисттик материалдар” деген терминдин аныктамасы жок жана ал “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” деген 332-беренеде гана колдонулат. Ошондуктан бул терминдин маанисин аныктоо үчүн “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамына (2023-ж. ред.) кайрылуу керек, анда анын 4-беренесинде (3-п.) “экстремисттик материалдар” түшүнүгүнө аныктама берилген, алардан улам маалыматтык материалдар экстремисттик материалдар деп төмөнкүлөр таанылат:
- экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган, ар кандай алып жүрүүчүлөрдө таратуу үчүн арналган;
- сот тарабынан ушундай, б.а. экстремисттик деп табылгандар.
1.2. Экстремисттик материалдарды таратууга жол бербөө жөнүндө эскертүүчү, алдын алуучу чаралар
“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамы менен (2023-ж. ред.) экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген маалыматтык материалдар КРнын аймагында жайылтууга жатпайт. Бул маалыматтык материалдар алып салынууга, жок кылынууга же болбосо аларга Интернет тармагында чектөө коюлууга тийиш.
Ошондой эле “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР жаңы Мыйзамында экстремисттик материалдарды ЖМК аркылуу таратууга жол бербөө жөнүндө алдын алуу чаралары белгиленген (14-бер.). Ошентип, ЖМК экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп табылган уюмдардын аракеттерин эл алдында жактыруусун көрсөткөн учурда, ЖМКнын кызмат адамдарына карата жазык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ЖМКнын кызмат адамдарына карата кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы боюнча экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн массалык маалымат каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна жазуу түрүндө эскертүү жарыяланат. Эскертүү ЖМКнын ыйгарым укуктуу адамы аны алган учурдан тартып жарыяланды деп эсептелет. Эскертүүдө көрсөтүлгөн жол берилген тартип бузуулар эскертүүнү алган күндөн тартып токтоосуз четтетилүүгө тийиш.
Алсак, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамынын (2023-ж.ред.) 6-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнө ылайык экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган болуп саналат, ал эми экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ички иштер жана улуттук коопсуздук мамлекеттик органдары болуп саналат.
Эгерде жол берилген тартип бузууларды тез арада четтетүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбосо, эскертүүдө бул тартип бузууларды четтетүү үчүн эскертүүнү алган күндөн тартып он күндөн ашпаган кошумча мөөнөт белгиленет. Эскертүүнүн көчүрмөсү маалымат берүү, талдоо жана чогултуу үчүн маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Мыйзам ошондой эле экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертүүсү сотко даттанылышы мүмкүн экендигин белгилейт.
Эгерде белгиленген мөөнөттө жол берилген тартип бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлбөсө же бир жылдын ичинде экстремисттик материалдарды жайылтуунун жаңы фактылары (же ЖМКнын ишинде экстремисттик иштин белгилери бар экендигин күбөлөндүргөн фактылар) кайрадан табылса, тиешелүү ЖМКнын ишин токтотуу жөнүндө маселе сот тарабынан каралууга тийиш.
Мындай учурда доо арызы материалдардын, тиешелүү экспертизалардын корутундуларынын, экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү алдын ала эскертүү берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчүнүн негизинде прокуратура органдары тарабынан сотко киргизилет.
Экстремисттик материалдарды андан ары таратууга жол бербөө максатында сот прокуратура органдарынын доо арызынын негизинде аларды чыгарууну жана сатууну токтотуу жөнүндө чечим чыгарат.
Соттун чечими экстремисттик багыттагы материалдарды камтыган жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясын андан ары бардык алып жүрүүчүлөрдө жана маалыматтык ресурстарда жок кылуу үчүн алып коюуга негиз болуп саналат.
Ошондой эле, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР Мыйзамынын 23-беренесинде тыюу салынган маалыматтарды таратуу үчүн телерадио уюмдарын пайдаланууга жол берилбейт. Программалардын жана берүүлөрдүн мазмуну үчүн жоопкерчилик жетекчиге жүктөлөт. Ар бир программа же берүү автор же авторлор, программанын аталышы жана өндүрүүчүнүн дареги жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш. Телерадио уюмдары тарабынан бул мыйзамдык ченемдерди аткарбоо же сактабоо алардын лицензияларынын токтотулушуна же чакыртып алынышына (жокко чыгарылышына) алып келет.
Интернет тармагында жайгаштырылган басылмаларды, сүрөттөрдү, маалыматтарды экстремисттик материалдар деп таануу жөнүндө сотко негиздүү кайрылуу жана башка процесстик аракеттер үчүн экстремисттик мүнөздөгү маалыматты жайгаштыруунун башкы далили болуп, аларды Интернет тармагында жайгаштырылган маалыматты карап чыгуунун протоколу менен бекитүү саналат.
Жазуу жүзүндөгү же буюмдук далилдерди алар сакталган же жайгашкан жери боюнча карап чыгуу жана изилдөө аларды сотко жеткирүү мүмкүн болбогон же кыйын болгон учурда КР ЖПКнын 67-беренесинин негизинде сот тарабынан жүргүзүлөт. КР “Нотариат жөнүндө” 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамынын 108, 109-беренелерине ылайык эгерде жыйынтыгында далилдерди берүү мүмкүн болбойт же кыйынчылык жаратат деп болжолдоого негиз болсо, кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча нотариус сотто же административдик органда иш келип чыккан учурда зарыл далилдерди камсыз кылат. Интернет тармагында жайгаштырылган маалыматты карап чыгуунун протоколу, далилдерди камсыз кылуу максатында жалпыга маалымдалган маалыматтардын Интернет тармагында жайгашкандыгынын фактысын нотариалдык күбөлөндүрөт.
“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамынын жаңычылдыгы (2023-ж. ред.) ошондой эле жеке адамдарга, юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата алдын алуу чаралары болуп саналат (16,17-беренелер).
Мисалы, юридикалык жактар же башка уюмдар тарабынан экстремисттик материалдар таратылган же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттери ачык жактырылган учурда юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата жазык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата кабыл алынган чечимдин натыйжалары боюнча экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берет.
Эгерде белгиленген мөөнөттө юридикалык жак же башка уюм тарабынан эскертүүдө көрсөтүлгөн жол берилген тартип бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлбөсө, экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алардын ишин токтотуу жөнүндө сотко доо арызын киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды прокуратура органдарына жиберет.
Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катталган жери боюнча тиешелүү бөлүмүнө жоюу жөнүндө маалыматтарды юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилет.
Эгерде диний уюм же чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы (өкүлчүлүгү) Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган болсо, соттун мажбурлап жоюу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү диний уюмдардын бирдиктүү реестринен чыгаруу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Жеке жак тарабынан экстремисттик материалдар сакталган же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттери ачык жактырылган учурда жазык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Жеке жакка карата жазык ишин козгоодон баш тартылган учурда, экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага жазуу жүзүндө эскертүү берет жана мындай аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө алдын алуучу аңгемелешүүлөрдү өткөрөт.
Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертүүсү сотко даттанылышы мүмкүн.
2. КР мыйзамдары боюнча материалдарды экстремисттик деп таануу жол-жобосунун өзгөчөлүтөрү
2.1. Материалдарды, юридикалык жакты же башка уюмду “экстремисттик” деп таануунун жол-жобосу
Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу сот тарабынан азыркы колдонулуп жаткан КР (2023-ж.ред.) “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөндөй, материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө талаптарды билдирген прокурордун арызынын негизинде иштин айрым категориялары боюнча аларды табуу, таратуу же мындай материалдарды чыгарууну жүзөгө ашырган уюм жайгашкан жери боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен жүзөгө ашырылат (КР ЖПК 261-1-бер.1-б.).
Өз убагында иш өндүрүшүнүн көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрүн ишке ашыруу максатында, мыйзам чыгаруучу КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын кабыл алган, ага ылайык “Иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү” деп аталган 3-бөлүмчөсү “Экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүш” деген экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүштү, мындай ишти жүзөгө ашырууга чакырган же аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды жөнгө салуучу жаңы 25-1-глава менен толукталган. КР ЖПКнын бул главасында 261-1, 261-2, 261-3-беренелерде арызды берүү, кароо, сот тарабынан чечим кабыл алуу жана аны аткаруу тартиби каралган.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул жөнгө салуу маалыматтык материалдарды “террористтик” деп таанууга да тиешелүү.
Көрсөтүлгөн иштердин категориялары өзгөчө өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн эмес, тескерисинче, доо өндүрүшүндө каралышы керек экендиги оң мааниге ээ.
Алсак, КР ЖПКнын 261-1-беренесине ылайык прокурор өз компетенциясынын чегинде экстремисттик же террористтик маалыматтык материалдарды таануу жөнүндө, мындай ишти жүзөгө ашырууга чакырган же аны ишке ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган, алар табылган, таркатылган же КР ЖПКнын 4-главасында белгиленген сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен мындай материалдарды чыгарган уюмдун жайгашкан жери боюнча сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
Мындан тышкары, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын (2023-ж. ред.) жаңы Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболоруна негизденип, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган маалыматтык материалдардын реестринде жок болгон экстремисттик иштин белгилерин сот тарабынан аныктоо үчүн эксперттик уюм же эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизанын корутундусу талап кылынат. Бул ченемдин маанисинен прокуратура реестрде жок материалдарга карата экстремисттик деп таануу жөнүндө жана тиешелүү экспертизанын корутундусун тиркөө менен сотко арыз берүүгө тийиш экендиги келип чыгат.
КР ЖПКнын 28-беренесине ылайык райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) административдик сотко караштуу иштерден башка бардык жарандык иштер караштуу. Иштердин категорияларынын администрациялык сотко караштуулугун белгилеген КР АПКнын 15-беренесинде көрсөтүлгөн иштердин категориясы жок. Буга ылайык, маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндөгү иштер райондук сотко караштуу болот. Аймактык сотко караштуулук экстремисттик материалдар табылган, таркатылган же аларды чыгарган уюм жайгашкан жери боюнча аныкталат.
КР ЖПКнын 261-2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эгерде алардын турган жери белгилүү болсо, арыз сот тарабынан талап койгон прокурордун жана арызда көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен каралат. Арызда көрсөтүлгөн, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган адамдардын сотко келбей калышы ишти кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Эгерде арызда көрсөтүлгөн адамдардын турган жери белгисиз болсо, сот арызды алардын жоктогунда карайт (КР ЖПКнын 261-2-бер. 3-б.).
Жогоруда көрсөтүлгөн ченемден көрүнүп тургандай, прокурор жана арызда көрсөтүлгөн адам иш боюнча тараптар болуп саналат. Прокурор доо арызын даярдоодо сот чечими укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир этиши мүмкүн болгон адамдардын чөйрөсүн аныктап, аларды жоопкер катары көрсөтүшү керек. Ким мындай адам боло алат – ал автор, жарыялоочу, басып чыгаруучу, таратуучу, провайдер, соцтармактын администратору ж. б. у. с. Демек, ар бир тарап өз талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи катары келтирген жагдайларды далилдеши керек. Прокурордун арызы менен иш боюнча өндүрүш башталгандан кийин доону камсыз кылуу тартибинде сот чечим чыгарганга чейин маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу (КР ЖПКнын 261-1-бер. 2-б.).
Прокурордун доо арызы келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат (КР ЖПКнын 261-2-бер.).
Маалыматтык материалдар экстремисттик деп табылган учурда соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жарыялоо үчүн юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жөнөтүлөт (КР ЖПКнын 261-3-бер.). Бирок, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР (2023-ж. ред.) жаңы Мыйзамынын 15-беренесинин 4-5-бөлүктөрүнө ылайык, сот тарабынан экстремисттик деп табылган маалыматтык материалдар экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилиши керек, алардын Реестрин КР Башкы прокуратурасы жүргүзөт жана анын расмий сайтында такай жаңыртылып турууга тийиш.
Тилекке каршы, мыйзам чыгаруучу бул бөлүктө жарандык процесстик кодекске өзгөртүү киргизе элек. Ошондуктан, ченемдик укуктук актылардын иерархиясынан улам сот ЖПКнын ченемдерин жетекчиликке алууга тийиш, б.а. мындай материалдарды юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жиберүүгө тийиш, ал андан кийин Башкы прокуратурага кайра жиберилиши керек. Анткен менен, көрсөтүлгөн ченемдерди системалуу чечмелөөдөн кийин, эгерде сот материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө чечим чыгаруу менен чектелсе, ЖПКга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин, бул ишке катышкан прокурор сот тарабынан экстремисттик деп таанылган маалыматтык материалдардын Реестрине киргизүү үчүн соттун чечимин Башкы прокуратурага жөнөтүшү оптималдуу болот.
КР ЖПКнын 211-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча соттор чыгарган, мындай ишти жүзөгө ашырууга чакырган же аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган чечимдер жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Соттун чечимине КР ЖПКнын 40 главасында каралган “Кассациялык инстанция сотундагы өндүрүш” тартипбинде даттанылышы мүмкүн, башкача айтканда соттун чечими менен макул болбогон учурда иш боюнча жоопкер болуп саналган адам соттун чечимине кассациялык тартипте гана даттанууга укуктуу. Анткени, КР ЖПКнын 351-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ЖПКнын 25-1-главасында каралган учурлардан тышкары, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген, апелляциялык тартипте даттанылбаган актылары кассациялык тартипте кайра каралбайт.
“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР жаңы Мыйзамында (4-бер. 1-п.) экстремисттик материалдарды мыйзамсыз даярдоого, таратууга багытталган жосундарды пландаштыруу, уюштуруу, даярдоо жана жасоо боюнча аракеттер экстремисттик иш деп таанылаары көрсөтүлгөн.
Жогоруда белгиленгендей, учурда экстремисттик материалдарды мыйзамсыз даярдоо, таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги аныкталган (КЖК 332-бер.):
“332-берене. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу
- Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы аркылуу пайдалануу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
- Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний, же болбосо башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган финансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен;
4) өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен;
5) коомдук иш-чараларды өткөрүү убагында, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Кылмыштын бул курамы башынан өткөргөн маанилүү өзгөрүү, эми жоопкерчилик экстремисттик материалдарды сактоо үчүн гана эмес, аларды таратуу максатында сактоо үчүн келип чыгууда..
Ошентип, жогоруда баяндалгандардын негизинде “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн маанисинен келип чыккандай, табылган маалыматтык материалдын категориясына жараша тийиштүү процесстик чаралар көрүлүшү керек деген тыянакка келебиз (2023-ж. ред.).
2.2. Экстремисттик аракеттердин белгилери бар деген шек менен маалыматтык материалдар табылган учурда зарыл болгон процесстик чаралар
Экстремисттик аракеттердин белгилерине шек туудурган маалыматтык материалдар табылган учурда, биринчи кезекте соттун чечими менен “экстремисттик” деп таанылган жана экстремисттик материалдардын Реестрине киргизилген материалдар менен алардын окшоштугу боюнча экспертиза жүргүзүү зарыл. КР КЖКнын 332-беренесинде каралган башка квалификациялык белгилери далилденсе жана окшоштугу аныкталса, адам ушул берене боюнча жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Эгерде табылган материал соттун чечими менен “экстремисттик” деп таанылган материалдар менен бирдей болбосо, экстремисттик материалдардын Реестринде жок болсо, анда материал прокуратура органдарына КР ЖПКнын 25-1-главасында белгиленген тартипте аларды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө сотко доо арыз берүү жөнүндө маселени чечүү үчүн өткөрүлүп берилиши керек, ал эми бул материалдар боюнча козголгон кылмыш ишинин өндүрүшү токтотулат.
Башкы прокуратуранын сайтында азырынча экстремисттик материалдардын тизмеси жана Реестри көрсөтүлө элек. Бирок КР Юстиция министрлигинин сайтында 2021-жылга карата 23 пункттан турган “экстремисттик материалдардын тизмеси” бар, алардын ичинен жетөөнүн аты/басылманын аталышы бар, калгандары “интернет-ресурста” жайгаштырылган материалдар менен гана (жарыялоолор, видео, фото, символика, атрибутика көрсөтүлгөн) бар.
(КР Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган экстремисттик материалдардын тизмесин караңыз: http://minjust.gov.kg/ru/content/950 сайтында жеткиликтүү:).
Ченемдик укуктук актынын өз убагында колдонулуу принцибине негизденүү менен, атап айтканда “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге жайылтылбайт. Буга ылайык, Реестрге “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР жаңы Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып сот тарабынан ушундай деп таанылган материалдар киргизилиши керек, ал эми Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында жайгаштырылган тизмеге реестрдеги шилтеме көрсөтүлүшү керек.
Юстиция министрлигинин “экстремисттик материалдардын” бул тизмесинде мынчалык аз санда болсо да алардын көпчүлүгүн идентификациялоо мүмкүн эместигин белгилей кетүү керек. Тизмени толтурууда библиографиялык эрежелер колдонулбайт, материалдар сырткы көрүнүшү, мукабасы, биринчи жана акыркы фразалары боюнча ж. б. сүрөттөлбөйт. Тизмеде экстремисттик деп табылган соттордун чечиминин датасы жана аталыштары көрсөтүлгөн. Ошондой эле тыюу салынган материалдардын кандайдыр бир мүнөздөмөсү менен таанышууга мүмкүндүк бере турган соттук чечимдер да жок. Мисалы, материалдардын көпчүлүгү "www.sunnti.com, archive.org, www.muslm.org, altairmedia.wordpress.com, justpaste.it, www.ansarsunna.com, www.paldf.net, lslamenmelilla.blogspot.com, www.islamist-movements.com сайттарда жайгаштырылган маалыматтар, материалдар жана видеофильмдер». Ошондуктан Башкы прокуратура көрсөтүлгөн кемчиликтерди эске алуу менен экстремисттик деп табылган маалыматтык материалдардын Реестрин иштеп чыгышы керек.
Мындан тышкары, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР жаңы Мыйзамынын 18-беренесине ылайык юридикалык жак же башка уюм экстремисттик деп табылып, соттун чечиминин негизинде мажбурлап жоюлууга тийиш. Соттун КР аймагында иш жүргүзгөн юридикалык жакты же башка уюмду экстремисттик деп таануусуна алардын экстремисттик ишке тиешеси бар экендигин тастыктаган маалыматтар жана фактылар негиз болуп саналат. Мындай таануу тартиби материалдарды экстремисттик деп таануу тартиби менен бирдей, бирок ЖПКда өзүнчө жол-жобо жок. Демек, мындай доо, доо өндүрүшүнүн жалпы тартибинде каралат.
Юридикалык жактын же башка уюмдун ишинде экстремисттик иштин белгилери бар экендигин сот тарабынан аныктоо үчүн эксперттик уюм же эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизанын корутундусу талап кылынат.
Юридикалык жакты же башка уюмду экстремисттик деп таануу жана аларды мажбурлап жоюу, ошондой эле алардын атрибутикасын жана/же символикасын пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө доо арызы сотко прокуратура органдары тарабынан жөнөтүлөт.
Сот тарабынан экстремисттик деп таанылган юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине жоюу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн катталган жери боюнча юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмүнө жиберилет.
Эгерде диний уюм же чет өлкөлүк диний уюмдун өкүлчүлүгү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган болсо, соттун мажбурлап жоюу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү диний уюмдардын бирдиктүү реестринен чыгаруу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын соту тарабынан чет өлкөлүк же эл аралык уюм (анын бөлүмдөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү) экстремисттик деп таанылган учурда бул уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, ал эми анын бөлүмдөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат.
Сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын реестри да Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш жана анын расмий сайтында такай жаңыртылып турууга тийиш. Бирок азырынча Башкы прокуратуранын сайтында мындай Реестр жок.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экстремисттик материалдардын тизмесинде расмий материалдардын, тыюу салынган экстремисттик уюмдардын тизмеси же материалдардын тыюу салынган уюмга таандык экендиги айтылган эмес, анткени буга чейин колдонулуп келген “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык экстремисттик уюмдардын материалдарын жарыялоо тууралуу мындай талап болгон эмес.
3. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүгө байланышкан иштер боюнча соттук экспертиза
Азыркы убакта практикада көпчүлүк учурларда экстремисттик аракеттердин белгилери табылганда тигил же бул материалдарда дин таануу же теологиялык экспертизаны дайындоо кездешет, алар көбүнчө синоним катары колдонулат, бул олуттуу методологиялык катаны билдирет.
Дин таануу да, теология да дин менен алектенгени менен, алар изилдөө объектиси жана колдонулган ыкмалары менен айырмаланат. Теология баарынан мурда кудайдын өзүн, башкача айтканда, биздин реалдуулуктан тышкаркы объектти изилдөөгө багытталган жана кудайды түшүнүү ар бир динде ар башка болгондуктан, теология дайыма конфессиялык болуп саналат. Демек, жалпы теология жок – ал ар дайым белгилүү бир диндин: мусулман, христиан (католик, православ, протестант) же башканын негизги эрежелеринин жыйындысынан чыгат. Дин таануу болсо динди түшүнүүсүн эмпирикалык, башкача айтканда материалды жеткиликтүү текшерүүгө жана алынган маалыматтарды так рационалисттик түшүнүүгө негиздейт.
Дин таануу экспертизасын жүргүзүүдө кайсы бир конфессиянын өкүлү эксперт же эксперттик топтун мүчөсү болушуна жол берилбейт. Чыныгы диний атаандаштык болгон учурда конфессиялардын биринин өкүлүнө мамлекеттик эксперт же адис-консультант функциясын өткөрүп берүү башка диний окууларга бир жактуу жана жетишсиз баа берүүнү пайда кылышы мүмкүн, анткени ой жүгүртүүнүн калыптанган стандарттары көбүнчө көнүмүш конфессиялык түшүнүктөрдүн деңгээлинен өйдө көтөрүлүүгө жолтоо болот, ал эми бул өз кезегинде конфессиялар аралык чыр-чатакты пайда кылышы мүмкүн. (Загребина И.В., Пчелинцев А.В., Элбакян Е.С. Дин таануу экспертизасы: бакалавриат жана магистратура үчүн окуу китеби. М.: Юрайт, 2017.С.117)
2013-жылдын 24-июнундагы № 100 “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” КР Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, сот эксперти изилдөөнү так гана илимий жана практикалык негизде, тиешелүү адистиктин чегинде, ар тараптуу жана толук көлөмдө жүргүзүүгө милдеттүү. Ошону менен, көз карандысыз экспертизаны жүргүзүүдө эксперт теологиялык экспертиза деп аталганды эмес, жалпы илимий принциптерди жетекчиликке алып, дин таанууну экспертизасын жүргүзүүгө тийиш.
Ошентип, эгерде дин таануу экспертизасы илимий принциптерге жана изилдөө усулдарына негизделген көз карандысыз, объективдүү изилдөө болсо, анда теологиялык экспертиза – конкреттүү диндин “ичинен” изилдөө предметине көз караш болуп саналат, анын негизинде конфессиялык жана тиешелүү түрдө баалоочулук мүнөзгө ээ болот.
Дин таануу экспертизасынын милдеттерине биринчи кезекте төмөнкүлөр кирет:
(1) уюмдун диний/диний эмес мүнөзүн аныктоо;
(2) уюмдун диний таандыктыгын белгилөө;
(3) диний уюмду эсепке алып каттоодо/кайра каттоодо анын ишинин билдирилген формаларынын жана усулдарынын, алардын иш жүзүндөгү ишмердигинин ылайыктуулугун баалоо (мамлекеттик дин таануу экспертизасынын милдети);
(4) экстремисттик жана экстремисттик эмес мүнөздөгү чакырыктарды айырмалоо максатында (комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертизанын курамында) баалуулук багыттарын, миссионердик чакырыктарын, уюмдун социалдык маанилүү мамилелерин аныктоочу диний адабияттарды изилдөө.
(Кыргыз Республикасында дин таануу жана комплекстүү соттук психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча методикалык колдонмону караңыз. Электрондук жоромол төмөнкү даректе жеткиликтүү: http://www.advocacy.kg/index.php/4263-3-aprelya-posobie-metodicheskoe-rukovodstvo-po-provedeniyu-religiovedcheskoj-i-sudebnoj-kompleksnoj-psikhologo-lingvisticheskoj-kpl-ekspertizy).
“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамында дин таануу экспертизасынын түрү каралган, ал жүргүзүлгөн дин таануу экспертизасынын максаттарына жараша соттук дин таануу экспертизасы жана мамлекеттик дин таануу экспертизасы дайындалат..
Ошентип, сот ишин жүргүзүү максатында соттук дин таануу экспертизасы өз алдынча бир тектүү экспертиза катары жана комплекстүү соттук психологиялык-лингвистикалык экспертизанын алкагында дин таануу компоненти катары дайындалышы жана өткөрүлүшү мүмкүн, анткени иштердин ар кандай категориялары боюнча тексттердин (айтылган сөздөрдүн) мазмунуна же багытына байланыштуу фактыларды аныктоо зарылдыгы келип чыгат.
Мисалы, КР КЖКнын “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” 331-беренеси, “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” 332-беренеси боюнча; “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамдарын колдонууга байланыштуу жарандык иштер боюнча; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан чыгарылган ар кандай буйруктарды жана эскертүүлөрдү юридикалык жактардын талашуусуна байланыштуу административдик иштер боюнча. Ошондуктан жогоруда аталган категориялар боюнча дин таануу экспертизасы менен катар комплекстүү соттук психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындоо эң эле максатка ылайыктуу болуп саналат.
3.2. Мамлекеттик дин таануу экспертизасынын айырмалоочу өзгөчөлүктөрү
Мамлекеттик дин таануу экспертизасын (мындан ары-МДЭ) өткөрүүнүн тартиби жана шарттары “КР дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамы менен аныкталган. МДЭ уюштуруу документтеринин, ошондой эле диний мазмундагы башка документтердин, руханий (диний) билим берүү программаларынын, диний мазмундагы маалыматтык материалдардын жана диний багыттагы буюмдардын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамына жана КР мыйзамдарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында, КР Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан (мындан ары – ДИМК) турган дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан дайындалат (“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11,12,22-беренелери).
МДЭ ДИМКнын алдында иштеген дин таануу эксперттик тобу тарабынан жүргүзүлөт, ал диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча иштерди жүзөгө ашырат жана КР мамлекеттик органдарынын дин жаатындагы ишин координациялайт.
ДИМК төмөнкү учурларда МДЭни өткөрүүнү дайындайт:
1) Диний уюмдарды, чет өлкөлүк диний уюмдардын (мындан ары – миссиялар), миссияларын (өкүлчүлүктөрүн) эсептик каттоо же кайра каттоо жөнүндө арыз түшкөндө,
2) миссиялардын ишин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн,
3) диний адабияттарды, башка басма, аудио, видеоматериалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, алып келүү, алып чыгуу жана жайылтуу,
4) диний адабияттардын китепканалык фонддорго келип түшүүсү.
Диний адабияттар КР китепканалык фонддоруна келип түшкөндө МДЭни өткөрүү милдеттүү болуп саналат (“КР Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгү).
ДЭ объектилерине төмөнкүлөр кирет::
1) Диний уюмдарды, чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын (өкүлчүлүктөрүн) каттоо же кайра каттоо үчүн берилген уюштуруу документтери,
2) диний адабияттар, башка басма, аудио, видеоматериалдар,
3) диний мазмундагы документтер (миссиянын түзүмүн, диний практиканын негиздерин аныктоочу документтер, ошондой эле диний иштин формаларын жана усулдарын мүнөздөөчү документтер).
Экстремизмдин белгилери табылган учурда МДЭнин эксперттери экспертиза жүргүзүүнү токтотот жана ДИМКга жазуу жүзүндө кабарлайт, андан кийин ДИМК комплекстүү экспертиза жүргүзүү үчүн тиешелүү компетенттүү органдарга өткөрүп берүүгө тийиш.
3.3. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иштеринин алкагында жүргүзүлүүчү комплекстүү соттук психологиялык-лингвистикалык экспертиза (КСПЛЭ)
3.3.1. Практика көйгөйлөрү
Экспертиза объектилеринде экстремисттик аракеттердин элементтери бар-жогуна баа берүүдө эксперттер кайсы бир уюмдун иши КР (ред. 2023-ж.) “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктунда каралган максаттарга багытталгандыгын аныктоосу зарыл. КР мурдагы (2005-ж.ред.) “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Мыйзамында тигил же бул маалыматтык материалдарда жана оозеки айтууларда экстремисттик мазмунду табуу предметине экспертиза сыяктуу экспертизанын атайын түрү каралган, ал үчүн координациялык эксперттик комитет түзүлүшү керек болчу, анын Жобосу жана курамы КР Өкмөтү тарабынан бекитилиши керек эле (4-берененин 2-абзацы). Бул ченемдин мааниси боюнча иштердин бардык категориялары боюнча тигил же бул маалыматтык материалдардагы жана оозеки айтымдардын экстремисттик мазмунун аныктоо предметине экспертизаны аталган эксперттик комитет жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон.
Суроо-талаптын жогору экендигине карабастан, бул комитет түзүлгөн эмес жана иш жүзүндө бардык материалдар ДИМКнын дин таануу экспертизасына жөнөтүлгөн. Бирок ДИМК жүргүзгөн дин таануу экспертизасынын милдеттерине жараша “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамында белгиленген экстремисттик аракеттердин белгилерин түздөн-түз аныктоо анын компетенциясына кирбейт. Экстремизмдин белгилерин аныктоо боюнча экстремизмге каршы аракеттенүү менен байланышкан иштер боюнча тексттерди изилдөө ар түрдүү адистиктеги адистер тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш жана ал комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертизанын (мындан ары – КCПЛЭ) милдеттерине кирет).
3.3.2.КСПЛЭ түшүнүгү жана милдеттер
Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү менен байланышкан иштер боюнча тексттердин КCПЛЭси - бул тексттердин же айтылган сөздөрдүн мазмунуна же багыттуулугуна байланыштуу фактыларды аныктоо зарылдыгы келип чыкканда сотко чейинки же соттук өндүрүштө дайындалуучу соттук экспертизанын бир түрү:
- КР КЖК жана ЖЖКда каралган кылмыштар же укук бузуулар боюнча, экстремисттик багытта иш алып баруу;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан чыгарылган ар кандай эскертүүлөрдү жана эскертүүлөрдү коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын талаш-тартыштарына байланыштуу администрациялык иштер боюнча;
- материалдарды экстремисттик/террористтик деп таануу жөнүндө жарандык иштер боюнча.
Экстремизмге каршы аракеттенүү менен байланышкан иштер боюнча тексттерди КСПЛЭнун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- текстте белгилүү бир аракеттерге чакырыктардын бар экендигин аныктоо;
- текстте пропаганданын (улуттук, диний, тилдик, расалык ж. б. артыкчылыктын, эксклюзивдүүлүктүн же төмөндүктүн) бар экендигин аныктоо;
- текстте экстремисттик ишти же терроризмди актоонун же негиздөөнүн бар экендигин аныктоо;
- сүйлөө аракеттеринин (тексттеринин) араздашууну, кастыкты, жек көрүүнү, адамдын кадыр-баркын кемсинтүүнү, белгилүү бир белгилери (жынысы, расасы, улуту, динге болгон мамилеси ж.б.) боюнча адамды мазактоого багытталышын белгилөө.
Укуктук баа берүү эксперттердин жана экспертизанын компетенциясына кирбестигин эстен чыгарбоо керек. Эксперттер экстремизм белгилери бар же жок экенин көрсөтө алышат, ал эми укуктук баа укук коргоо органдарынын адистери жана сот тарабынан берилет.
3.3.3. Эксперт-лингвисттин ролу
Экстремизмдин табиятына карабастан (саясий, диний, этностук, улуттук, расалык ж. б.) негизги роль дал ушул эксперт-лингвистке берилет (филологко эмес!). Жогоруда аталган кылмыш иштери боюнча дайындалуучу соттук лингвистикалык экспертизанын өзгөчөлүгү кеп чыгармасынын мазмундук-маанилик жана формалдуу жагын лингвистикалык талдоонун натыйжалары курамдын бар же жок экендигин, башкача айтканда кылмыштын объективдүү тарабынын белгилерин далилдөөчү булак болуп кызмат кылгандыгында турат. Дал ушул лингвист экстремизмдин төмөнкү белгилерин аныктай алат (көз караштарды чакыруу, пропагандалоо, араздашууну, кастыкты козутуу, ... актоо).
3.3.4. Эксперт-психологдун ролу
Коштоочу тексттик билдирүүнүн таасирин эксперт-психолог талдайт. Анын милдеттерине текстте максатка багытталган зыяндуу же нейтралдуу мүнөздүн болушун аныктоо, тексти кабыл алууну ар кандай коштоочу психикалык абалдардын пайда болуусун жана мындай абалдардын мүмкүн болуучу кесепеттерин аныктоо, коштогон психологиялык таасирдин аудио жана видеоматериалдарында тексттик билдирүүнү бөлүп көрсөтүү кирет. Мында визуалдык, аудио, кинестетикалык ар кандай маалымат булактары – адамга күчү жана багыты боюнча ар кандай психологиялык таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин эске алуу керек. Комплекстүү экспертиза жүргүзүүгө эксперт-психолог биринчи кезекте визуалдык материалдарды талдоо, аларда психологиялык таасирдин мүмкүн болуучу факторлорунун бар экендигин бөлүп көрсөтүү үчүн тартылат.
3.3.5. Дин таануучу-эксперттин ролу
Эгерде текст диний негизде болсо, анда комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча эксперттик топтун курамына дин таануучу-эксперт чакырылат, ал изилденүүчү материалдын динге таандыктыгын аныктай алат; уюм/топ/материал жөнүндө дин таануу (тарыхы, диний окуусу, идеологиянын мүнөзү, институтташтыруу ж. б.) маалыматын бере алат.
Ошентип, экстремизмге каршы аракеттенүү менен байланышкан иштер боюнча экспертиза дайындоодо дин таануу компоненти (эгерде материал диний мүнөзгө ээ болсо) менен комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш, мында:
- Лингвист эмнени жана кантип айтылганын аныктайт (мазмуну жана формасы);
- Психолог билдирүүлөрдүн багытын жана мүмкүн болуучу таасирин аныктайт;
- Дин таануучу изилденип жаткан объектилер, диний окуунун жана культтун өзгөчөлүктөрү кайсы динге же диний агымга таандык экендигин аныктайт.
Лингвист диний тексттерден эксклюзивдүүлүктүн пропагандасын таба алганына карабастан, экспертиза жүргүзүүдө комплекстүү мамиле гана анын чындыгында укукка каршы экенин аныктоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, экстремисттик жана террордук уюмдар өз аракеттерин негиздөө үчүн ар кандай тарыхый мезгилдерде жазылган диний материалдарга көп кайрылышат. Мындан тышкары, мындай адабият ылайыктуу шарттарда түзүлгөндүктөн, белгилүү бир максаттары жана аудиториясы болгондуктан, изилдөөчү мындай адабиятты экстремисттик деп таануу боюнча эксперттик чечим чыгарууда өтө этият болушу керек. Ошондуктан, эреже катары, Куран, Эски жана Жаңы Керээз, Бхагават-Гита ж. б. сыяктуу ыйык китептердин ар кандай түрлөрү экспертизанын объектилери катары чыга албайт.
3.4. Экстремисттик иштин белгилеринин бар экендигин аныктоо боюнча КСПЛЭни дайындоонун тартиби жана шарттары
3.4.1. Ченемдик-укуктук негиздер
КР “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган маалыматтык материалдардын реестринде жок болгон маалыматтык материалдарда экстремисттик иштин белгилерин аныктоо үчүн, эксперттик уюмда же эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизанын корутундусу талап кылынат.
Соттук экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары төмөнкү ЧУА тарабынан аныкталган:
- 2017-жылдын, 25-январындагы №14 КР Жарандык процесстик кодекси;
- 2021-жылдын, 28-октябрындагы №129 КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;
- 2013-жылдын 24-июнундагы №100 “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” КР Мыйзамы,
- 2023-жылдын 24-февралындагы №40 “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамы.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жобо (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/158299/20?cl=ky-kg&mode=tekst сайтында жеткиликтүү)
- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/158299/20?cl=ky-kg&mode=tekst сайтында жеткиликтүү);
- Эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобо (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/12693/15?cl=ky-kg&mode=tekst сайтында жеткиликтүү);
- Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/12695/10?cl=ky-kg&mode=tekst сайтында жеткиликтүү);
Кыргыз Республикасынын Соттук-эксперттик изилдөөлөрүнүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/12696/10?cl=ky-kg&mode=tekst сайтында жеткиликтүү);
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускама (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/93755/30?cl=ky-kg&mode=tekst сайтында жеткиликтүү) ж.б.
3.4.2. КСКПЛЭнин субъекттери жана объекттери
Комплекстүү соттук психологиялык-лингвистикалык экспертиза (КСПЛЭ) кылмыш-жаза, жарандык, администрациялык иштер ж.б өндүрүшкө байланыштуу дайындалат. Жарандык иштер боюнча экспертиза дайындоо тартиби КР ЖПКнын 93-100-беренелеринде, ал эми административдик иштер боюнча КР АПКнын 75-82-беренелеринде белгиленген.
КР ЖПКнын 179-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жазык иштери боюнча экспертиза төмөндөгүлөргө тапшырылышы жана алар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) мамлекеттик жана (же) мамлекеттик эмес эксперттер тарабынан;
2) Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда атайын билими бар башка адамдар тарабынан бир жолку тартипте;
3) процесстин катышуучулары сунуш кылгандардын ичинен атайын билимдери бар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, тапшырылышы мүмкүн.
КСПЛЭ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат (мындан ары – СЭК) жана башка соттук-эксперттик уюмдар, эксперттер тарабынан соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Соттук эксперттерге карата талаптар Кыргыз Республикасынын “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Мыйзамы менен белгиленген, тактап айтканда 14-беренеде соттук эксперт катарында мамлекеттик соттук эксперт, мамлекеттик эмес соттук эксперт же зарыл атайын билимдерге ээ башка адам чыга алат. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу тартибинде соттук экспертизаны жүргүзгөн соттук-эксперттик уюмдун кызматкери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук эксперт болуп саналат.
Укук коргоо органдарынын бөлүмчөлөрүнүн эксперттерин кошпогондо, мамлекеттик соттук эксперт мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт. Соттук эксперт катары ишке катышуу үчүн тартылган, кайсы бир соттук-эксперттик уюмдун штатында турбаган адам соттук экспертизаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны дайындаган органдын (жактын) тапшырмасын аткаруу тартибинде жүргүзөт.
Соттук дин таануу экспертизасын өткөрүү ДИМКга тапшырылышы мүмкүн эмес, анткени бул орган соттук экспертизаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок, бирок КР ЖПКнын 185-беренесине жана “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” КР Мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ДИМКнын кызматкерин соттук эксперт катары тартууга болот. Бул учурда экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмес, конкреттүү адистин корутундусу болуп саналат.
Бул учурда экспертиза ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмес, конкреттүү адистин корутундусу болуп саналат.
КСПЛЭнин объекттерине МДЭ объекттери, ошондой эле ар кандай алып жүрүүчүдө (кагазда, электрондук түзүлүштө, бул текстти чагылдыруучу каалаган форматтагы файл болушу мүмкүн) камтылган текст, оозеки чыгып сүйлөөлөрдүн (митингде, телеберүүдө, каалаган башка иш-чарада) жазуулары, каалаган жазуу алып жүрүүчүдө (аудио - жана видеофонограммаларда) чагылдырылган видео- жана кинофильмдер, видеосюжеттер, Интернеттеги аудио-визуалдык продукт ж. б. кирет.
3.4.3. КСКПЛЭни дайындоонун негиздемеси
Экспертиза иш үчүн мааниси бар жагдайлар эксперт тарабынан атайын илимий билимдердин негизинде жүргүзүлгөн материалдарды изилдөөнүн натыйжасында аныкталышы мүмкүн болгон учурларда дайындалат. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан башка адамдарда мындай билимдердин болушу тергөө судьясын, сотту, тергөөчүнү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын тиешелүү учурларда экспертиза дайындоонун зарылдыгынан бошотпойт (КР ЖПКнын 178-беренеси).
Экспертизаны дайындоону зарыл деп тапкандан кийин, тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот бул жөнүндө токтом, аныктама чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт (КР ЖПКнын 179-беренеси):
1) экспертиза дайындаган адамдын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөнү;
2) экспертизанын түрү;
3) экспертиза дайындоонун негиздери;
4) экспертизага жөнөтүлгөн адам жөнүндө маалыматтар;
5) экспертизага жөнөтүлгөн объекттер жана алардын пайда болуусу жөнүндө маалымат, ошондой эле көрсөтүлгөн объекттердин мүмкүн болгон толук же жарым-жартылай жок кылынышына уруксат берилиши, алардын тышкы түрүнүн өзгөрүшү же изилдөөнүн жүрүшүндөгү негизги касиеттер;
6) эксперттин фамилиясы, аты жана атасынын аты же экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон эксперттик уюмдун аталышы;
7) эксперттин алдына коюлган маселелер.
Татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгондо аларды эксперттер комиссиясы (комиссиялык экспертиза) жүргүзөт, ал эми эксперттик адистиктердин же даярдоо профилдеринин ар кандай түрлөрүнө таандык атайын таанымдарды пайдалануунун негизинде иштин жагдайын аныктоо үчүн тиешелүү адистиктеги эксперттерге тапшырылуучу комплекстүү экспертизаларды жүргүзүү уюштурулат.
3.4.4. Соттук эксперттик корутундуну талашуу мүмкүнчүлүктөрү
Эксперттик корутунду алдын ала белгиленген күчкө ээ эмес (КР ЖПКнын 76-беренеси, КР АПКнын 55-беренеси, КР ЖПКнын 23-беренеси), бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, иштин жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан, эгерде талаш-тартыштын тараптарынын бири экспертизанын жыйынтыктары менен макул болбосо, аны талашуу боюнча токтоосуз аракеттерди көрүүгө тийиш.
Экспертизанын корутундусун талашуу өзүнөн өзү мүмкүн эместигин эске алуу керек. Макул болбогон тарап кошумча же кайталап изилдөө жүргүзүүнү гана өтүнө алат.
Мурунку экспертизанын корутундусу түшүнүксүз болуп калганда, кошумча экспертизанын дайындалышы актуалдуу. Кайталап изилдөө маалыматтар жалпысынан күмөн жаратканда дайындалат.
Эксперттин соттук корутундусун талашуу үчүн төмөнкү себептерди аныктоого болот:
1) эксперттердин тыянактарынын мазмунуна таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон соттук экспертизаны дайындоодо жана жүргүзүүдө соттук териштирүүнүн катышуучуларынын процесстик укуктарын бузуу фактылары;
2) эксперттин анын объективдүүлүгүнө жана калыстыгына шек келтирген аракеттерди жасашы;
3) эксперттин квалификациясынын экспертизанын милдеттерине ылайык келбеши;
4) эксперттин тыянактарынын иштеги башка далилдерге, атап айтканда соттон тышкаркы эксперттин (адистин) корутундусуна карама-каршы келиши.
Ушуга байланыштуу экспертизаны талашуунун төрт мүмкүн болгон ыкмасын бөлүп көрсөтүүгө болот:
- эксперттин корутундусун рецензиялоо,
- кайталап экспертиза жүргүзүү,
- процессте адистин катышуусу,
- экспертти чакыруу.
Корутундуну рецензиялоону жүргүзүү акыркы убакта эң популярдуу ыкма болуп саналат. Процессуалдык мыйзамдар өз позициясын далилдөөнүн бир түрү катары рецензияга жол берет. Мындай сын-пикир жазуу жүзүндөгү далил катары, ал эми рецензенттин өзү адис катары каралышы мүмкүн. КР ЖПКнын 53-беренеси, КР АПКнин 46-беренеси, КР КЖПКнын 57-беренеси адистин процесске катышуу мүмкүнчүлүгүн карайт.
Эксперттик корутундуну рецензиялоо тыянактардын аныктыгын, тууралыгын, негиздүүлүгүн жана толуктугун аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Корутундуну рецензиялоонун негизги критерийлери:
- эксперттик корутундунун мазмунунун колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келиши;
- экспертиза дайындоонун жана жүргүзүүнүн белгиленген жол-жоболорун сактоо (эксперттик уюмдун же мекеменин укуктуулугун, эксперттин квалификациясын кошкондо);
- изилдөө жүргүзүүнүн тиешелүү методикаларын колдонуунун негиздүүлүгү, тууралыгы жана натыйжалуулугу;
- жүргүзүлгөн изилдөөнүн толуктугу жана ар тараптуулугу;
- эксперт тарабынан жасалган тыянактардын толуктугу жана негиздүүлүгү ж. б.
Ошондой эле, сунуш катары - рецензияланган эксперттик корутундуга канча эксперт кол койгондой эле рецензиялардын санын берүү абзел ( мисалы, 5 эксперттен турган комиссиялык экспертизалардын корутундусу резензияланат, ошол эле деңгээлдеги 5 эксперттен рецензияларды алуу керек).
Кайталап экспертиза өткөрүүгө эгерде эксперт бир катар одоно каталарга жол берди деп эсептөөгө олуттуу себептер жана негиздер болгондо жана экспертизанын ишенимдүүлүгү олуттуу шек туудурган учурда гана болот. Бир катар себептерге ылайык, мындай учурлар сейрек кездешет. Башкы себеби, Улуу-урматтуу сот да, тараптар да эксперт катары терең билимге ээ эмес жана алар үчүн аны жүргүзүүнүн методикасын жана ыкмаларын баалоо абдан кыйын.
Адистин процессине катышуу. КР КЖПКнын 57-беренесине ылайык сот консультацияларды, түшүндүрмөлөрдү алуу жана түздөн-түз техникалык жардам алуу үчүн адистерди тарта алат. Иш боюнча тараптан же өкүлдөн чыккан экспертизанын толуктугу, тууралыгы жөнүндө жүйөлөр сот тарабынан кабыл алынбай тургандыгын практика көрсөтүп турат.
Көпчүлүк учурларда иш боюнча соттук экспертизаны жүргүзүү этабында ишти маңызы боюнча кароо аяктайт, сот чечим чыгарууга чыгат. Эгерде Тараптардын бири экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбосо, алар атайын билими жок адамдан келип чыккандыктан, сот анын жүйөлөрүн эске албай коюшу мүмкүн. Макул эмес тарап сотко адистин келишине кам көрүшү керек.
Адистин катышуусу соттук экспертизаны алгандан кийинки эң жакын жыйынга камсыз болушу керек. Бул сотко квалификациялуу түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берүү үчүн керек. Сот жыйналышынын башталышында адисти чакыруу жана суракка алуу жөнүндө өтүнүч билдирүү керек.
Адис катары соттук эксперттик корутундунун рецензенти тартылышы мүмкүн. Ал өзү изилдеген эксперттик корутундунун маңызы боюнча сотко түшүндүрмөлөрдү бере алат. Кызыкдар тарап адиске берилген суроолордун толуктугуна жана анын жоопторун сот жыйналышынын протоколунда толук чагылдырууга жетишүүгө тийиш.
Экспертти чакыруу анын корутундусу боюнча тарапта пайда болгон суроолорго жооп берүү максатында жүргүзүлөт. Бул процесстик аракет үчүн жүйөлүү өтүнүч даярдалат.
Экспертти чакыруу жөнүндө өтүнүчтө тараптардын пикири боюнча бузуулар менен өткөрүлгөн изилдөө бөлүгүнүн, корутундунун бөлүктөрүнүн конкреттүү чоо-жайы, өзгөчө эгерде аларда карама-каршылыктар, ойдун бүтпөгөндүгү, логикасыздык, техникалык каталар, туура эмес жазуулар жана түшүндүрүүнү талап кылган башка чоо-жайы аныкталса белгиленет.
Бул маанилүү бөлүктөрдүн бири, анткени суроолордун туура коюлушу жаңылыштыкты далилдей алат жана Эксперттин корутундусунун далилдөөчү касиеттерине шек келтирет: салыштырмалуулук, жол берүүчүлүк, ишенимдүүлүк же жетиштүүлүк. Эксперттин процесске катышуусунун натыйжасы же суроолорду сабаттуу коюуда соттук экспертизанын корутундусун талашууга; же, тескерисинче, эксперттин соттук корутундуда берген тыянактарын күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
3.4.5. Эксперттик корутундуну талашуу боюнча сунуштар
Соттук-эксперттик корутундуда анын далилдөөчү касиеттерине шек келтирген укук бузуулар аныкталды дейли: тиешелүүлүгү, жол берилиши, аныктыгы же жетиштүүлүгү. Практика көрсөткөндөй, сот макул болуп, иш боюнча башка далилдердин негизинде чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгү минималдуу.
Соттук эксперттик корутундуну талашуу боюнча чараларды көрүүдөн мурда акыркы максатты – соттук эксперттик корутундуда аныкталган бузуулардын натыйжасында сотко эмне жөнүндө өтүнүч кылууну аныктоо зарыл.
Процессуалдык мыйзамдар (КР ЖПКнын 98-беренеси, КР АПКнин 80-беренеси, КР КЖПКнын 331-беренесинин 9-бөлүгү) эки вариантты карайт:
- кайталап экспертиза жүргүзүү.
- кошумча экспертиза жүргүзүү.
Кайталап экспертиза өткөрүү өзгөчө учурларда белгиленээрин жана аны дайындоо зарылдыгы далилденүүгө тийиш экендигин эске алуу маанилүү (мисалы, экспертизаны дайындоонун же өткөрүүнүн процесстик мыйзамдарында белгиленген тартибин олуттуу бузуулар табылганда).
Ошондуктан, эки вариантты тең колдонсо болот:
- кайталап экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат;
- биринчи өтүнүч четке кагылган учурга, кошумча суроолор боюнча, кошумча жагдайларды аныктоо максатында кошумча экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүчтү өзүнчө даярдоо керек. Суроолорду кылдат жана кесипкөй даярдоо менен кошумча экспертизанын жыйынтыгы мурда жасалган эксперттик корутундуну жокко чыгарышы мүмкүн.
Маанилүү: өзгөчө, эгерде процесстин катышуучусу соттон талашылып жаткан соттук экспертизанын маңызы боюнча далилдерди (рецензияны/рецензияларды, көз карандысыз эксперттик корутундуну, адистин корутундусун) иштин материалдарына тиркөөнү суранса бардык өтүнүчтөр, арыздар, түшүндүрмөлөр жазуу жүзүндө таризделүүгө жана жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.
Ишти далилдөө процессинде эксперттик корутундунун маанилүүлүгүнө карабастан, ар кандай корутундуну төмөнкү жолдор менен талашууга болот:
Жол-жобо. Экспертизаны өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага коюлган талаптарга так ылайык келиши керек, атап айтканда, бул дайындоо негизине, эксперттин инсандыгына коюлган талаптар, кызыкдар жактардын укуктарын милдеттүү түрдө сактоо жана башкалар.
Негиздүүлүк. Мындай учурда эксперттин корутундусу корутундунун өзүнүн ички карама-каршылыктарын, негиздүүлүгүн (маалымат булагына көрсөтмөнүн жоктугу) жана башкаларды көрсөтүү аркылуу шек туудурат.
Адистин корутундусу. Эксперттик корутундуну талашуу үчүн сот отурумунда адис суралышы мүмкүн. Жүргүзүлгөн изилдөөгө баа берүү менен адис изилдөөнүн туура эмес методдору жана ыкмалары тандап алынганын, эскирген, туура эмес булактарды пайдалангандыгын, эксперттин тыянактарында карама-каршылыктар бар экендигин жана башкаларды көрсөтөт.
Өзүнүн эксперттик корутундусун берүү. Тыянактары бири-бирине түздөн-түз карама-каршы келген эки эксперттик корутундунун болушу сот тарабынан кайталап экспертиза дайындоонун зарылдыгын шарттайт.