Басмырлоонун түрлөрү, негиздөө жана чара көрүү
Адам жана жаран күнүмдүк турмушунда өзүнүн бул же тигил динге же ынанымга таандык болгондугунун негизинде басмырлоодон жана терсаяктыктан жапа чегет. Натыйжада, аны жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктарынан пайдаланууда мыйзамсыз чектешет. Басмырлоо жана терсаяктык дин эркиндигине жана башка ынанымдарга болгон укуктарды бузат. Бул тема боюнча төмөнкү көйгөйлөрдү белгилей кетүү керек. Бул басмырлоого жана терсаяктыкка каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын (КР) мыйзамдарынын жетилбегендиги. Мыйзамдарда басмырлоо жана терсаяктык, мажбурлоо жана басмырлоого шыкакчылык деген түшүнүктөр бекитилген эмес. Мындай түшүнүктөр жада калса илимий доктрина же соттук практика деңгээлинде да иштелип чыккан эмес. Жапа чеккен адамдын бузулган укуктарын коргоо жана калыбына келтирүү механизмдери да жеткире иштелген эмес. Басмырлоо фактысын далилдөө тутуму жок, басмырлоонун бар же жок экендигин далилдөө кимге жүктөлгөн: жапа чеккен адамгабы же мамлекеттик органгабы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынабы (ЖӨБО) жана алардын кызмат адамдарынабы. Басмырлоо жана терсаяктык өз алдынча адам укугун бузуу катары каралбайт. Укук коргоо органдары, прокуратура жана соттор басмырлоого жана терсаяктыкка каршы аракеттенүүдө КР Конституциясынын жана эл аралык актылардын жоболорун колдонбойт жана аларга таянбайт. Басмырлоо жана терсаяктык менен байланышкан даттануулардын жана иштердин статистикасы жүргүзүлбөйт.
- Басмырлоого жана терсаяктыкка каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи:
- 1.2. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
- 1.3. Эмгек кодекси.
- 1.4. Балдар жөнүндө кодекс.
- 1.5. Граждандык кодекс.
- 1.6. Кылмыш-жаза кодекси.
- 1.7. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси.
- 2. Басмырлоо түшүнүгү, түрлөрү жана формалары
- 2.1. Басмырлоо жана терсаяктык түшүнүгү.
- 2.2. Басмырлоонун жана терсаяктыктын түрлөрү.
- 2.3. Басмырлоонун жана терсаяктыктын формалары.
- 3. Басмырлоодон коргоо механизмдери:
- 3.2. Прокуратура органдары.
- 3.3. Жарандык сот өндүрүшү.
- 3.4. Административдик сот өндүрүшү.
- 3.5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү.
- 4. Басмырлоого жана терсаяктыкка чара көрүү
Басмырлоого жана терсаяктыкка каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи:
Адам укуктары жаатындагы эл аралык жана улуттук стандарттар белгилегендей, мамлекетке, анын органдарына жана кызмат адамдарына адамдарды диний жана башка ынанымдары сыяктуу белгилери боюнча басмырлоого уруксат берилбейт.
Ушул тыюу салуунун натыйжасында мамлекеттин атынан анын органдарына жана кызмат адамдарына төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлгөн:
- Мамлекет бул же тигил динге же ынанымдарга таандыктыгынын негизинде басмырлоодон жана терсаяктык кылуудан карманууга милдеттүү (сактоо милдети);
- Мамлекет коомдо басмырлоону жана терсаяктыкты болтурбоого милдеттүү (коргоо милдети);
- Мамлекет, өз аймагында ар бир адамга эч кандай басмырлоосуз жана терсаяктыксыз адамга берилген бардык укуктарды пайдалануусун иш жүзүндө камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү (жүзөгө ашыруу милдети).
Мисал катары, диндин жана ынанымдардын негизинде КРда басмырлоого жана терсаяктыкка каршы аракеттенүүдө укуктук негизди түзгөн кээ бир улуттук актыларды келтирели.
1.1. Конституция.
Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат (6-берене).
Укуктарды басмырлоодон жана терсаяктыктан коргоо үчүн Конституциянын төмөндөгү жоболорун жетекчиликке алуу сунуш кылынат:
1) Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет;
2) Адам укуктары жана эркиндиктери түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердигинин мааниси менен мазмунун аныктайт;
3) адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында, аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн; ошол эле учурда киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек;
4) Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес;
5) Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт;
6) тыюу салуулар боюнча Конституцияда белгиленген кепилдиктер эч кандай чектөөгө жатпайт;
7) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат (23-берене);
8) эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес;
9) басмырлоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат;
10) эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган жана мыйзамда белгиленген атайын чаралар басмырлоо болуп саналбайт;
11) мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей;
12) эркектер жана аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ (24-берене);
13) баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибинин негизинде ар бир бала анын дене-боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу (27-берене);
14) ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, абийиринин жана ар-намысынын корголушуна укуктуу. (29-берене);
15) ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу (31-берене);
16) ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу;
17) эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес;
18) Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат. (32-берене).
19) Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет (34-берене);
20) Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ (37-берене);
21) башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле эгерде мындай чектөө мыйзамда белгиленген болсо, башка мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө укуксуз (38-берене);
22) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ (52-берене);
Сот өндүрүшү тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. (100-берене).
1.2. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Аталган Мыйзамдын 4-беренесинде төмөндөгү жоболор бекемделген:
- Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн динге жана диний же болбосо атеисттик ынанымдарына карабастан жарандык, саясый, экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун бардык тармактарында мыйзам алдында тең. Расмий документтерде жарандын динге карата мамилесин көрсөтүүгө жол берилбейт.
- Жаран өзүнүн динге, дин тутуу же тутпоого, кудайга табынууга, диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катышууга же катышпоого, динди окууга карата мамилесин аныктаган учурда аны кандайдыр бир жол менен мажбурлоого тыюу салынат.
- Жарандардын алардын динге карата мамилесине жараша укуктарын чектөө жана кандайдыр бир артыкчылыктарды белгилөө, ошого тете эле касташуу жана жек көрүүчүлүктү ойготуу же алардын динге карта мамилесине байланыштуу сезим-туюмун атайлап мазактоо, тигил же бул дин тарабынан урматталуучу табынуу объектилерин маскаралоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
- Башка адамдардын эркиндигин жана укугун, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу максатында Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарына чектөө коюуга жол берилет. Мында конституциялык эркиндиктин жана укуктун маңызы козголбошу керек.
- Диний уюмдардын иш-аракети адамдардын укугун жана кадыр-баркын кемсинтпеши, социалдык жана гендердик дискриминацияны пропагандалабашы керек.
- Мыйзамда белгиленгендей, мамлекеттин дин тутуу чөйрөсүндөгү саясаты башка принциптердин катарында бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында теңдигинде курулат (5-берене).
- Мамлекет дин туткан жана аны тутпаган жарандардын ортосунда, ар кандай диндерди туткан диний уюмдардын ортосунда өз ара сабырдуу жана бирин-бири сыйлаган мамилелер орношуна көмөк көрсөтөт, ошондой эле алардын жолун жолдоочулардын ортосунда диний радикализмге жана экстремизмге, мамилелерди кагылыштырууга жана курчутууга, диний касташууну тутантууга багытталган иш-аракетине жол бербейт.
- Эгерде ал мыйзамдарга каршы келбесе, мамлекет диний уюмдардын ишине кийлигишпейт, бир динди же дин тутууну башкалардан кайсы бир жагынан артыкчылыктуу же чек коюлган деп белгилөөгө жол бербейт, диний уюмдардын ишин жана атеизмди пропагандалоо боюнча ишти каржылабайт.
1.3. Эмгек кодекси.
Эмгектик жана ага түздөн-түз байланышкан эмгек мамилелерин укуктук жактан жөнгө салуунун негизги принциби болуп, (башкалардын катарында) эмгек укугунун мамилелер чөйрөсүндө мажбурлап иштетүүгө жана басмырлоого тыюу салуу эсептелет (2-берене).
Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого тыюу салынган (9-берене), бул мындай түшүнүлөт:
- Ар бир адам өзүнүн эмгек укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
- Эч ким жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызмат абалына, курагына, жашаган жерине, динге карата мамилесине, саясий ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандуулугуна же таандуу эместигине, соттуулугуна (эмгектик өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган чектөөлөрдү кошпогондо), ошондой эле кызматкердин иштөө сапатына жана анын ишинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга карабастан алардын эмгектик укуктары жана эркиндиктери чектелүүгө же кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болууга мүмкүн эмес;
- Бирдей эмгекке бирдей акы төлөнбөшүнө жол берилбейт.
Мыйзамдын талаптарында белгиленген эмгектин айкын түрүн аныктоочу, болбосо жогорулатылган социалдык жана укуктук жактан коргоого муктаж, адамдар жөнүндө мамлекеттин өзгөчө камкордугу менен шартталган айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр, артыкчылыктар жана чектөөлөр басмырлоо болуп саналбайт.
Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого дуушар болдук деп эсептешкен адамдар бузулган укуктарын калыбына келтирүү, материалдык зыяндардын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо жөнүндө тиешелүү арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.
Эмгек кодексинин 61-беренесине ылайык, эмгек келишиминин айрым шарттары, эгерде алар басмырлоо болсо жараксыз деп табылат.
Өздөрүн басмырлоого учурадык деп эсептелген кызматкерлердин арызы боюнча түздөн-түз жекече эмгек талаш-тартыштары сотто да каралат (421-берене).
1.4. Балдар жөнүндө кодекс.
Кодекс, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо төмөнкү негизги принциптерге негизделет деп белгилейт:
- баланын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу максатында баланын укуктарынын жана таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таануу;
- балдарды дининин белгилери боюнча, жана кандай гана болбосун башка белгилери боюнча басмырлоонун жол берилбестиги (4-берене).
Кодексте баланын эң мыкты таламдары болуп, балдарды дининин белгилери боюнча, же кандайдыр бир гана башка белгилери боюнча басмырлоонун жол берилбестиги эсептелет (5-берене).
1.5. Граждандык кодекс.
Граждандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, граждандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделет. (2-берене).
Граждандык кодексте “Юридикалык жактын фирмалык атына жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоочу элементтер, ошондой эле одоно жана уят сөздөр камтылышы мүмкүн эмес” деп көрсөтүлгөн 1103-1-берененин 5-бөлүгүнөн тышкары эч жерде “басмырлоо” жана “терсаяктык” терминдери көрсөтүлгөн эмес.
1.6. Кылмыш-жаза кодекси.
Кылмыш-жаза кодексинде жарандардын мыйзам алдында теңдик принциби бекитилген (4-берене): Ушул Кодексте каралган жосундарды жасаган адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, саясий же башка көз караштарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле басмырлоого негиз болгон башка жагдайларга карабастан Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат.
Кылмыш-жаза кодексинде “басмырлоо” жана “терсаяктык” терминдери көрсөтүлгөн эмес.
Кодекстин 74-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, жазаны дайындоодо диний касташуунун (араздашуунун) негизинде жасалган кылмыш жасоо жазаны оордотуучу жагдай деп таанылат.
Кодекстин 122-беренсинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, диний касташуунун (араздашуунун) негизинде жасалган киши өлтүрүү мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Кодекстин 189-беренеси боюнча, этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген адамдын тең укуктуулугун бузуу, тактап айтканда жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгана, этностук таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша укуктарды түз, же кыйыр чектөө же болбосо түз же кыйыр артыкчылыктарды белгилөө этиятсыздыктан олутту зала келтирүү менен жасалса, - эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген ошол эле жосун, - 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Кодекстин 130-беренесине ылайык, зыян келтирүү убагында өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү же көрүү, сүйлөө, угуу же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготууга, же болбосо билип туруп кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (араздашуунун) негизинде жасалган ошол эле жосун - алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Кодекстин 130-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келсе; ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса; уюшкан топ тарабынан жасалса; кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, - сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Кодекстин 330-беренеси боюнча, расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен жасалса, - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;
кызмат абалынан пайдалануу менен; адамдардын тобу тарабынан; алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; уюшкан топ тарабынан; кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Кодекстин 331-беренеси боюнча, иши улуттук, этностук, диний же региондор ортосунда кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улутук же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо кемчиликтерин пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө, - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мындан тышкары. Кодексте атайын кылмыш курамдары бар: 403-берене “ Адамзатка каршы кылмыштар”, 405-берене “Геноцид”.
1.7. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси.
Кодекстин 8-беренесинде мыйзам алдындагы теңдик принциби камтылган: Кылмыш-жаза – укук бузуу жасаган жеке жактар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
Кодексте жеке жана юридикалык жактар үчүн жаза чаралардын ар кандай түрлөрү жана өлчөмдөрү белгиленген. Бирок, бул мыйзам алдында теңдик принцибин бузуу болуп эсептелбейт.
Кодексте “басмырлоо” жана “терсаяктык” терминдери көрсөтүлбөйт.
Бул кодекс диний касташуу (араздашуу) кыртышында жорук жасоону оордотуучу жагдай деп тааныбайт.
Укук бузуулардын атайын курамдары Кодекстин 141 жана 142-беренелеринде камтылган.
Бул абийир жана дин тутуу эркиндигине укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу:
- диний уюмдардын ишине же диний жөрөлгөлөрдү жасоого мыйзамсыз тоскоолдук
кылуу – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик
көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат
адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун, – кызмат адамдарына 150 эсептик
көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Жана дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу:
- диний билим берүү тартибин регламенттеген ченемдерди бузуу, – жеке жактарга 55
эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул
салууга алып келет.
- диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын
ишине кийлигишүүсү, – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170
эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
- диний мүнөздөгү адабияттарды, басылма же аудио жана видео материалдарды коомдук
жайларда, ошондой эле турак жайларды, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди
кыдыруу жолу менен жайылтуу – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык
жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
- диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз
жүзөгө ашыруусу, –жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230
эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Басмырлоо түшүнүгү, түрлөрү жана формалары
Конституцияда жана башка мыйзамдарда басмырлоого жана терсаяктыкка тыюу салуу жөнүндө жоболор бар. Бирок, анда жалпы кабыл алынган эл аралык практикада көрсөтүлгөн басмырлоо жана терсаяктык түшүнүгүнүн, анын түрлөрүнүн жана формаларынын аныктамасы жок.
2.1. Басмырлоо жана терсаяктык түшүнүгү.
Басмырлоо жана терсаяктык – бул бири-бирине байланышкан эки түшүнүк. Бирок, КР мыйзамдарында басмырлоо менен терсаяктык терминин юридикалык аныктамасы аныкталган эмес.
Ошондуктан, басмырлоо менен терсаяктыктын ар түрдүү көптөгөн аныктамалары болгон басылмаларга жана түрдүү сөздүктөргө кайрылабыз. Алардын мазмунун жалпыласак, төмөнкү белгилерди ажыратып алууга болот.
Басмырлоо (лат. discrīminātio — “өзгөчөлөнүү”, “айырмалоо”) — адамга же жаранга карата терс же алдын ала калыптанган жаман мамилени, бир белгинин болуусунун: диний же башка ишенимдин негизинде адамды кээ бир укуктарынан ажыратууну (чектөө) (кемсинтүү, тең укуктуулуктан ажыратуу) билдирген термин.
Терсаяктык – кимдир-бирөөнүн жекече диний ишенимдерине же практикасына кызыгып, же жөн эле башка бирөөлөрдүн диний ишенимдерине жана практикасына сабырсыздык мамилеге шыктанып, башка динге же бирөөлөрдүн ишенимдерине сабырдуу мамиле кыла албагандыкты же аны каалабагандыкты билдирген термин. Диний терсаяктык, бир адам же адамдар тобу диний негизде башка практикаларга, инсандарга же диний ишенимдерге сабырдуу мамиле жасоодон баш тартканда келип чыгат.
Диний терсаяктыкты көбүнчө ксенофобия менен, жана басмырлоонун башка формалары менен чаташтырышат. Кээде муну басмырлоону актоо үчүн колдонушат.
Басмырлоону жана терсаяктыкты көбүнчө ырым-жырымдар жана адамдарга, социалдык топторго мамиленин стереотиптери менен негиздешет же акташат.
Стереотип – бул адамдардын бир тобуна карата кеңири тараган ынаным же пикир.
Ырым-жырым – бул демейде башка адамдарды чындап билбей туруп, аларга карата жоромолдогон терс ой-пикир.
2.2. Басмырлоонун жана терсаяктыктын түрлөрү.
Түздөн-түз басмырлоо:
Түздөн-түз басмырлоону табуу жана далилдөө жеңил, анткени, кимдир-бирөө тарабынан орнотулган эрежелер, критерийлер же жол-жоболор, кимдир-бирөөнүн так бир адамды же адамдар тобун түздөн-түз басмырлоо ниетин мүнөздөп турат. Ушул эле учурда, бул эрежелер, критерийлер же жол-жоболор укуктук максаттын болуусу менен объективдүү негизделген эмес, ал эми ал максатка жетүү үчүн каражаттар зарыл жана шайкеш өлчөмдө эмес болушат.
Кыйыр басмырлоо:
Кыйыр басмырлоо башкалар менен салыштырганда, сырткы нейтралдуу эрежелер, критерийлер же жол-жоболор окшош кырдаалда адамды же адамдардын тобун жагымсыз абалга калтырганда ишке ашат.
Ушул эле учурда бул эрежелер, критерийлер же жол-жоболор укуктук максаттын болуусу менен объективдүү негизделген эмес, ал эми максатка жетүү үчүн каражаттар зарыл жана шайкеш өлчөмдө эмес болушат.
Иш жүзүндө түз басмырлоого караганда кыйыр басмырлоо бир топ кеңири тараган. Түздөн-түз басмырлоо да, кыйыр басмырлоо сыяктуу эле адам укуктары жаатындагы документтердин негизинде тыюу салынган.
Көп түрлүү басмырлоо:
Иш жүзүндө бир эле убакта бир нече белги боюнча болуп калат, мисалы, улуттук жана диний, курак-жаш, гендер, социалдык абалынын негизинде. Бул көп түрлүү басмырлоо деп аталат.
Ошентип, кээ бир адамдар топторунун дин же ынаным эркиндигине укуктары бузулууга көбүрөөк дуушар болот: аялдар, этникалык азчылыктар, ЛГБТ коомчулуктары, мигранттар, качкындар.
Көп түрлүү басмырлоо түшүнүгү азырынча мыйзамдарда укуктук категория катары колдонуу таба элек. Көп түрлүү басмырлоонун бир канча типтери айырмаланат:
- Курама басмырлоо – ар түрдүү белгилери боюнча басмырлоонун өз ара кабатталуусу жана күчөтүлүүсү менен мүнөздөлөт: мисалы, диний белгиси боюнча басмырлоо менен жынысы жана курак-жашы боюнча басмырлоо.
- Секторлор аралык басмырлоо –
- бир белги боюнча басмырлоо басмырлоонун башка түрдөгү басмырлоонун шарты же өбөлгөсү болуп калат. Мисалы, дин же башка ишенимдери белгиси боюнча басмырлоо этникалык басмырлоо менен үзгүлтүксүз байланышта.
- Бир белгилер боюнча жасалып жаткан басмырлоолор бир убакта бири-бири менен аракеттешет жана өз-ара аракеттешет, муну кайчылашкан басмырлоо деп да аташат.
Дурус басмырлоо:
Укуктарды чектөө же тең эмес мамиле укуктук максаттын болуусу менен объективдүү негизделген болсо, ал эми ал максатка жетүү үчүн каражаттар зарыл жана шайкеш өлчөмдө болгон учурда, бул басмырлоо деп саналбастыгын эл аралык жана улуттук стандарттар моюнга алышат.
Ошентип, Конституция боюнча, эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар басмырлоо деп саналбайт. (24-берененин 1-бөлүгү)
Ошондуктан коомдун мурда кемсинтилген катмарларына, түрдүү жыныстардын, расалардын, этностордун, конфессиялардын, сексуалдык багыттардын жана башкалардын өкүлдөрүнө кызмат орундарына, билим деңгээлине жана кирешелерге жетүүдө кээ бир артыкчылык укуктарды же жеңилдиктерди берүү дурус басмырлоо (“позитивдүү”, теңдештирүүнүн позитивдүү чаралары, позитивдүү аракеттер же “аффирмативдүү аракеттер) деп аталат.
Бирок, дурус басмырлоонун адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук маселеси акырына чейин чечилди деп эсептелбейт.
Дурус басмырлоонун каршылаштары аны теңдешсиздиктин көйгөйүн чечүүгө мүмкүн болбой турган кайра басмырлоонун бир формасы деп эсептешет. Мисалы, дурус басмырлоо мындан да көп теңсиздикти жаратат, азчылыктардын жетишкендиктеринин баркын кетирет, кээ бир социалдык топтор иш жүзүндө мындай болбосо да, өздөрүн бардык нерседен куру калгандай сезүүгө мажбурлайт деп эсептешет.
Кээ бир сынчылар, билим деңгээлине карап эмес, белгилүү бир социалдык топко таандык болгондугу үчүн шайланган адамдардын иш жүзүндөгү жетишкендиктерин дурус басмырлоо баркын кетирет деген ынанымда, бул болсо, басмырлоонун бардык түрлөрү сыяктуу эле, дурус басмырлоонун рационалдуу эместигин айгинелейт.
2.3. Басмырлоонун жана терсаяктыктын формалары.
Басмырлоонун жана терсаяктыктын кээ бир формаларынын мисалдарын келтирели.
Ксенофобия:
Ксенофобия – чет жерликтер, башка топтордун, маданияттын адамдары же башка тилде сүйлөгөндөр, башка динди тутунгандар же тутунбагандар коркунуч жаратат деген билбей туруп жаман көрүү сезими.
Ксенофобия расизм менен тыгыз байланышта: чоочун адам канчалык көбүрөөк “бөтөн” болуп көрүнсө, эреже катары, коркуу жене терс сезимдер ошончолук күчтүү болот. Ксенофобия басмырлоонун эң бир кеңири тараган түрлөрүнөн бири болуп, басмырлоонун негизин түзөт.
Ксенофобиянын түрлөрү болуп, мисалы төмөнкүлөр эсептелет:
- исламофобия – дүйнө жүзүндөгү исламга болгон терс мамилелердин түрдүү формаларына, ошондой эле ага байланышкан коомдук көрүнүштөрдүн жамдалган аныктамасы.
- христианофобия – кээ бир христиандарга же бардык христиандарга. Христиан динине же ырым-жырымдарына карата басмырлоо жана терсаяктык.
Расизм:
Расизм — идеологияга айланган жалган көз караш, ал жек көрүүгө, шыкакчылыкка жана зомбулукка жем таштайт.
Расизм адамдардын ойдон чыгарылган кемчилигине карата басмырлоо же кемсинтүүгө байланышкан. Адамдардын дене боюндагы айырмачылыктар боюнча айырмаласа боло турган расалар бар, же “төмөнкү расалар” деп эсептелгендердин үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу болгон “жогорку” расалар бар деген ишеним бар.
Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, бардык адамдар бир эле адамзат түркүмүнө кирет, андыктан, “расалар” жөнүндө сүйлөөнүн кажети жок.
Расизмдин таасири сакталып калууда, ал сенин өздүк маданиятың же ынанымдарың башкалардын ынанымдарынан, каада-салттарынан, үрп-адаттарынан жана тарыхынан жогору турат жана сеники менен шайкеш келбейт деген ишенимдеги маданий расизм же этнорасизм сыяктуу ар түрдүү формаларга өтүп жатат.
Диний басмырлоо жана терсаяктык көбүнчө ксенофобия жана расизм менен байланышта болуп, эреже катары, көп түрлүү басмырлоону пайда кылат.
Антисемитизм:
Антисемитизмге, “көбүнчө социалдык, экономикалык жана саясий басмырлоо менен коштолгон, еврейлерге диний топ же улуттук азчылык катары душмандык мамиле” деп аныктама берүүгө болот.
Дин ичиндеги терсаяктык:
Дин ичиндеги терсаяктык бир динди тутунгандардын арасында болуп турат.
Диндер аралык терсаяктык:
Диний терсаяктык бир дин менен башка диндин ортосунда болуп турат.
Күжүрмөн атеизм же теизм:
Башка диндерди эркин тандоого жана колдонууга же башка ишенимдерди жактоочулукка терсаяктык.
Антисекуляризм:
Динди мамлекеттен бөлүү маселесине, диндин саясатка, укукка, мыйзам чыгарууга, маданиятка, билим берүүгө аралашпоосуна, чыныгы абийир эркиндигин жана светтик турмуштун өз алдынча баалуулугун бекемдөөгө терсаяктык.
3. Басмырлоодон коргоо механизмдери:
3.1. Омбудсмен (Акыйкатчы).
КРнын аймагында адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөлдү, өз юрисдикциясынын алкагында жана туруктуу негизде КРнын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жүргүзөт.
“КРнын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 3-беренесинин 6-пунктуна ылайык, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоосуна Омбудсмендин (Акыйкатчынын) көзөмөл жүргүзүүсүнүн максаты адамдын өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашыруусун кодулоонун ар кандай түрлөрүн эскертүү болуп эсептелет. Арыздарды жана даттанууларды кароонун жол-жоболору “КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесинде баяндалган.
Омбудсмен (Акыйкатчы) төмөндөгүлөрдү карайт:
- КР жарандарынын арыздарын жана даттанууларын;
- чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын же болбосо алардын өкүлдөрүнүн арыздарын жана даттанууларын;
- өкмөттүк эмес уюмдардын арыздарын жана даттанууларын;
- ЖК депутаттарынын кайрылууларынан алынган маалыматтарды;
- Өз демилгеси менен алынган маалыматтарды.
Кароо предмети:
- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО), мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын, кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин чечимдери же аракеттери (аракетсиздиктери);
- Чечимдер жана аракеттер (аракетсиздиктер) мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдер жана макулдашуулар менен белгиленген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузат.
Омбудсменге (Акыйкатчыга) арыз жана даттануу менен Бишкек шаарында төмөнкү дарек боюнча кайрылууга болот: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Тыныстанов көч., 120. Телефон - +996 (312) 66-32-80. Электрондук почта - ombudsman@inbox.ru
Же, анын ар бир облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылууга болот.
Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жана анын Аппаратынын ишмердиги жөнүндө төмөнкү шилтеме боюнча сайттан таанышууга болот: https://ombudsman.kg/index.php?lang=ru.
3.2. Прокуратура органдары.
Мыйзамдардын так жана бирдей аткарылуусун көзөмөлдөөнү прокуратура жүргүзөт.
“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 1-пунктуна ылайык, прокуратура мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана чыңдалышын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуучу мамлекеттик орган болуп саналат.
Көзөмөлдүн предмети:
- мамлекеттик бийлик органдары (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоону жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү чөйрөсүндөгү, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү иштерин кошпогондо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, иши мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, толук чарбалык эсепте жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле катышуунун мамлекеттик үлүшү бар башка юридикалык жактар (мындан ары – субъекттер) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;
- тергөө жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөө;
- мамлекеттик укуктук статистика жана эсеп жаатында мыйзамдуулукту көзөмөлдөө;
- кылмыш-жаза иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөө;
- мыйзам менен аныкталган учурларда жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу:
- сотто мамлекеттик айыптоону кубаттоо;
- кылмыш жоопкерчилигине тартууну ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын ушул конституциялык Мыйзамында жана башка мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
Прокурордук чара көрүү актылары:
Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда прокурор төмөнкүдөй прокурордук чара көрүү актыларын колдонот: каршылык билдирүү, сунуштама, талап кылуу, эскертүү, токтом, көрсөтмө, сотко арыз, соттук актыга даттануу жөнүндө сунуштама.
Прокурордук чара көрүү актысы прокуратура органдарында катталууга тийиш жана ал каралганга чейин, аны киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан өзгөртүлүшү, толукталышы, кайра чакыртып алынышы мүмкүн.
Прокурордук чара көрүү актылары, прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн мыйзамдуу талаптары бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү.
Сот органдарына арыз:
Прокурор жактардын же жактардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды сактоо муну талап кылса, сотто каралып жаткан ишке киришүүгө укуктуу.
Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор, эгерде жак өзү сотко жүйөлүү себептер боюнча (ден соолугунун абалы, жаш курагы жана башка себептер боюнча) кайрыла албаса, кызыкдар жактын өтүнүчү боюнча гана бериши мүмкүн.
Аракетке жөндөмсүз жарандардын, жашы жете электердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн арызды прокурор кызыкдар адамдын өтүнүчүнө карабастан бериши мүмкүн.
Прокурордук чара көрүү актылары четке кагылган же болбосо алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралбаган учурларда прокурор төмөндөгүдөй арыз менен сотко кайрылууга укуктуу:
- органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө;
- мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө.
Прокурордун соттук актыларга карата сунуштамаларды киргизүүсү:
- Прокурор, өз компетенцияларынын чегинде мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыларга процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко сунуштама киргизет;
- же жогору турган прокурорго сунуштама менен кайрылат.
Эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашырууда мыйзамдарды колдонууга көзөмөл:
Прокуратура органдары укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди колдонууга көзөмөл жүргүзөт.
Башкы прокурор же анын орун басарлары ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде жана эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө;
2) Кылмыш-жазалык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу;
3) Кылмыш-жазалык куугунтуктоону жүргүзүү тууралуу;
4) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн берүү тууралуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча адамдарды транзиттик алып өтүү тууралуу.
Прокурордун аракеттерин жана прокурордук чара көрүү актыларын даттануу:
Прокурордун аракеттери жана прокурордук чара көрүү актылары жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Прокурордук чара көрүү актыларына жана талаптарына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт.
Сот же болбосо жогору турган прокурор аракетти же прокурордук чара көрүү актыларын даттануу боюнча чечим чыгарылганга чейин аларды аткарууну токтотуп турушу мүмкүн.
Жогору турган прокурор жарандардын жана (же) юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча же болбосо өз демилгеси менен, төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысын кайра чакыртып алышы мүмкүн.
Башкы прокуратурага Бишкек шаарында төмөнкү дарек боюнча кайрылууга болот: Кыргыз Республикасы, 720040 Бишкек ш, А. Токтоналиев көч. 139. Телефон - +996 312 54 24 63. Электрондук почта - statement@prokuror.kg.
Же болбосо аскер прокуратурасына, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларына, райондук (шаардык) жана аларга теңдештирилген адистештирилген прокуратураларга, гарнизондордун аскер прокуратураларына кайрылууга болот.
Прокуратура органдарынын ишмердиги жөнүндө кененирээк төмөнкү шилтеме боюнча сайттан таанышууга болот: https://www.prokuror.kg/
3.3. Жарандык сот өндүрүшү.
Жарандык процесстик кодекске ылайык, Жарандык сот өндүрүшүнүн максаттары жана милдеттери болуп, жарандардын жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо эсептелет. (3-берене).
Жарандык сот өндүрүшүнүн мыйзамда белгиленген тартиби:
- жарандык иштерди туура жана өз убагында кароону жана чечүүнү
- мыйзамдуу сот актыларын чыгарууну, аларды аткарууну камсыз кылуусу
- мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүсү керек.
Кызыкдар кайсы болбосун жак өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.
Жарандык иштердин сотторго ведомстволук караштуулугу - конституциялык жана администрациялык сот өндүрүшүнө таандык кылынган иштерди кошпогондо, соттор бардык иштерди жарандык сот өндүрүшү тартибинде карайт.
Жарандык иштердин сотторго караштуулугу - административдик сотко караштуу иштерден тышкаркы бардык жарандык иштер райондук сотко (шаардагы райондук сотко, шаардык сотко) караштуу болот.
Доо жоопкердин жашаган жери боюнча сотто коюлат. Юридикалык жакка карата доо юридикалык жактын жайгашкан жери же анын мүлкү турган жер боюнча коюлат.
Өзгөчөлүктөр – сотко караштуулук доогердин тандоосу боюнча болгон учурларда, сотко өзгөчө караштуулук учурларында, өз ара байланышкан бир нече иштердин сотко караштуулугу учурларында жана келишим боюнча сотко караштуулук учурларында. (ЖПКнын 31-34-беренелери).
3.4. Административдик сот өндүрүшү.
Административдик-процесстик кодексинин 4-беренесине ылайык, административдик сот өндүрүшүнүн милдети болуп адилеттүү жана калыс жана өз убагында кароо жолу менен
- жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын;
- юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын;
административдик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан бузулуусунан коргоо эсептелет.
Кандай болбосун кызыкдар адам өзүнүн бузулган же талаш туудуруп жаткан укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары сыяктуу эле соттук коргоо укугуна ээ. (АПКнын 5-беренеси)
Өз укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак же болбосо анын таламында прокурор же ушундай ыйгарым укук берилген жак тарабынан административдик доо коюлган жак административдик доогер болуп саналат.
Сотто өзүнө каршы доо коюлган административдик орган административдик жоопкер болуп саналат. (АПКнын 3-беренеси)
Ведомствого караштуулугу - Төмөнкү административдик иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралат (АПКнын 15-беренеси):
1) административдик актыны же административдик органдын аракеттерин толугу менен же болбосо анын бир бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө;
2) административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же башка аракеттерди жасабоо милдеттери жөнүндө;
3) административдик органдын административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;
4) административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;
5) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.
Төмөнкү иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралбайт:
1) административдик укук бузуулар жөнүндө (жоруктар жөнүндө) иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толугу менен же анын бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;
2) кылмыш-жаза процессинин чөйрөсүндөгү укук мамилелеринен келип чыккан укук коргоо органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө;
3) аткаруу документтерин аткарууда соттук аткаруучулардын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө.
Сотко караштуулук - Административдик иштер биринчи инстанция боюнча соттор тарабынан жоопкердин жайгашкан жери боюнча каралат.
Административдик актыларга бир нече жоопкердин аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууда доогердин тандоосу боюнча административдик доо жоопкердин биринин жайгашкан жери боюнча административдик сотко берилет.
Ар түрдүү сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жаткан бир нече талаптарды бир өндүрүшкө бириктирүүгө жол берилбейт.
3.5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү.
Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекске ылайык, кылмыш иштери жөнүндө иштер боюнча сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Соттун өкүмү болмоюнча эч ким кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылышы, ошондой эле кылмыш жазасына тартылышы мүмкүн эмес (КЖПК 8-берене).
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: (КЖПК 6-берене)
1) инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштардан жана жоруктардан коргоо;
2) инсанды мыйзамсыз жана негизсиз айыптоодон, соттоодон, анын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөдөн коргоо;
3) кылмыштарды тез жана толук териштирүү;
4) кылмыш жасаган жактарды ашкерелөө жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу;
5) адилеттүү соттук териштирүү жана кылмыш-жаза мыйзамын туура колдонуу;
6) мыйзамсыз айыпталган же күнөөсү жок адам соттолгон учурда токтоосуз жана толук реабилитациялоо;
7) материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу.
Кылмыш менен дене-боюна, моралдык зыян жана (же) материалдык залал келтирилген жеке же юридикалык жак жабырлануучу болуп саналат. (КЖПК 40-берене)
4. Басмырлоого жана терсаяктыкка чара көрүү
Бул бөлүмдө келтирилген сунуштар, өздөрүнүн динине жана ынанымдарына байланыштуу басмырлоодон жана терсаяктыктан азап тарткан адамдардын (жапа чеккендердин) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырып жаткан иш үстүндөгү юристтер менен адвокаттарга жардам катары иштелип чыкты.
Бул сунуштар мындай учурларды талаптагыдай документтештирүүнүн натыйжалуулугуна, аларды талаптагыдай текшерүүдө, күнөөлүүлөрдү жазалоону камсыз кылууда, жапа чеккен адамдын бузулган укугун калыбына келтирүүдө, ага жеткирилген материалдык зыяндын ордун толтурууда жана моралдык зыянды компенсациялоодо көмөктөшүүдө юристтин/адвокаттын ролун жогорулатууга багытталган.
Жапа чеккен адам кайрылганда:
Юрист:
- Өкүл катары ишке киришүү үчүн жана кызыкчылыктарына өкүлчүлүктүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүү үчүн ишеним артуучудан ишеним катты (№1-тиркеме) нотариус аркылуу жол-жоболоштуруу керек
Адвокат:
- Жапа чеккен адам менен жөнөкөй жазма түрдө түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим болгон Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим (№2-тиркеме) түзүү керек.
- Келишимди коллегиянын, адвокаттык бюронун же адвокаттык кабинеттин документ жүгүртүү тутумунда каттоо керек.
- Өкүл катары ишке киришүү үчүн жана юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктарды күбөлөндүрүү үчүн – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан бекитилген формада ордер-буюртма (№3-тиркеме) алуу керек.
- Башка учурларда ишеним артуучудан ишеним кат жол-жоболоштуруу керек.
- Жапа чеккен адамга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү максатында, адвокат суроо-талаптарды (№4-тиркеме) жөнөтө алат.
Жапа чеккен адамды сурамжылоо жана алгачкы маалыматтарды чогултуу:
Жапа чеккен адам кайрылганда, юрист/адвокат төмөндөгүлөрдү аткаруу керек:
- Түшүндүрмөлөрдү угуу;
- Эмне болгондугу жөнүндө кеңири маалыматты жана тастыктоочу документтерди алуу;
- Зарыл учурда тактоочу суроолорду берүү;
- Алынган документтерди окуп чыгуу;
- Жапа чеккен адамдын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо үчүн аткарыла турган иш-аракеттердин тизмесин түзүү.
Басмырлоонун жана терсаяктыктын белгилерин аныктоо:
Абалды жана берилген документтерди талдоонун жүрүшүндө юрист/адвокат төмөндөгүлөрдү аткаруусу керек:
Басмырлоонун белгилерин аныктоо:
- Жапа чеккен адамга терс жана күн мурунтан жаман мамиле;
- Органдын же кызмат адамынын чечиминин, аракетинин (аракетсиздигинин) натыйжасында аны укуктарынан ажыратуу же анын кээ бир укуктарын чектөө;
- Тыюу салынган белгинин (негиздин) болуусу: жапа чеккен адамдын диний жана башка ишенимдери;
- Жапа чеккен адамга мындай мамиле жасоонун укуктук максатынын болуусу;
- Ал максатка жетүү үчүн зарыл жана шайкеш каражаттардын жоктугу.
Арыз менен кайрылуу:
Басмырлоо жана терсаяктык жүз бергендигине байланыштуу, жапа чеккен адамга анын административдик органга, жогору турган органга, укук коргоо органдарына, сотко, Омбудсменге (Акыйкатчыга) кайрылуу укугун, кайрылуунун, сотко чейинки өндүрүштүн жана соттук териштирүүнүн максаттарын жана жалпы эрежелерин түшүндүрүү керек.
Зарыл болгон учурда, жапа чеккен адамга төмөндөгүлөр боюнча жардам көрсөтүү керек:
- Кайрылуу, даттануу, арыз түзүү;
- Мындай арызды карай турган компетенттүү органдын турган жери боюнча арызды почта, чабарман же маалымат-телекоммуникациялык интернет тармагы аркылуу жөнөтүү;
- Жапа чеккен адамга, мындай арызды карай турган компетенттүү органга кантип барууну, жетүүнү түшүндүрүү.
Жогору турган административдик органга:
Арызга коюлуучу жалпы талаптар “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын 28- жана 64-беренелеринде көрсөтүлгөн.
Арыз администрациялык органга жазуу жүзүндө же оозеки формада берилет. Оозеки формадагы арыз администрациялык органдын протоколунда чагылдырылат.
Эгер мыйзамдар менен так документтерди тиркөө талап кылынса, анда алар арызга тиркелүүгө тийиш.
Эгерде административдик акт үчүн мамлекеттик алым же башка милдеттүү жыйым төлөө мыйзам менен каралса, анда алардын төлөнгөнүн ырастаган документ берилүүгө тийиш.
Эгерде арыз өкүл аркылуу берилсе, анда мыйзам менен белгиленген тартипте берилген ишеним кат да берилүүгө тийиш.
Арыздануучу жана кызыкдар жак өз укуктарын коргоо максатында административдик актыга, администрациялык органдын аракетине же аракетсиздигине даттанууга укуктуу.
Административдик акт, администрациялык органдын аракети же аракетсиздиги административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин - ушул Мыйзамдын 44-беренеси жана 57-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган учурларды кошпогондо, сот тартибинде даттанылат.
Административдик актыга административдик тартипте даттануу даттанылган административдик актыны кабыл алган администрациялык органга же жогору турган администрациялык органга берилиши мүмкүн. (№5-тиркеме).
Жогору турган административдик орган же жогору турган кызмат адамы болбогондо, администрациялык органдын аракети же аракетсиздиги сот тартибинде даттанылат.
Жогору турган административдик орган же жогору турган кызмат адамы болбогондо, администрациялык органдын аракети же аракетсиздиги сот тартибинде даттанылат.
Даттанууга коюлуучу жалпы талаптар “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамдын 64-беренесинде көрсөтүлгөн.
Омбудсменге (Акыйкатчыга) кайрылуу:
Жапа чеккен адамга арыздын формасына жана мазмунуна мыйзам тарабынан коюлган талаптарды түшүндүрүү керек (№6-тиркеме).
Кайрылуулар Омбудсменге (Акыйкатчыга) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу белгилүү болгон күндөн тартып бир жыл ичинде жазуу жүзүндө берилет. Өзгөчө жагдайлар болгон учурда бул мөөнөт Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок ал эки жылдан ашпайт.
Омбудсмен (Акыйкатчы) арыздарды жана даттанууларды арыз ээси жогору турган органдын, администрациялык органдын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин талашкан учурда гана жана арыздардын же даттануулардын маселесин караган учурдагы адам укуктары менен эркиндиктерин бузууга тиешелүү болгондо гана карайт.
Арыз же даттануу кызыккан адам тарабынан аты-жөнүн жана арыз ээсинин дарегин көрсөтүп кол коюлууга тийиш, арыз ээсинин ою боюнча, анын укуктарын жана эркиндиктерин бузган же бузуучу чечимдердин же аракеттердин (аракетсиздиктин) маани-маңызы баяндалып, ошондой эле анын даттануусу боюнча кабыл алынган, эгерде ошондойлор кабыл алынса, чечимдердин көчүрмөлөрү менен коштолот.
Арызга мамлекеттик алым алынбайт.
Омбудсмендин (Акыйкатчынын) таламдаш адамга көрсөткөн кызматтары акысыз болуп саналат.
Укук коргоо органдарына:
Жапа чеккен адамга арыздын формасына жана мазмунуна мыйзам тарабынан коюлган талаптарды түшүндүрүү керек.
Жапа чеккен адамга арыз жазууда, аны кылмыш же жорук жасалган жер боюнча жиберүүдө жардам көрсөтүү (№7- жана №8-тиркемелер):
- КЖПКнын 159-беренесинде белгиленген тергөөнүн караштуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүш органына, же
- сотко (жеке айыптоо иштери боюнча).
Жапа чеккен адамга арыз сотко чейинки өндүрүш органы тарабынан кабыл алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталуусу керектигин түшүндүрүү керек. Арыз ээсине талон-билдирме – арыз жана билдирүүнү кабыл алган жак, каттоо мөөнөтү жана каттоо номерлери көрсөтүлгөн (QR - кодун милдеттүү көрсөтүү менен) кылмыштар жана жоруктар тууралуу арызды же билдирүүнү маалыматты каттоо журналында каттоо жөнүндө документ берилет, ал боюнча арыз жана билдирүү ээси өзүнүн арызынын каралып жаткандыгынын статусун көрө алат.
Зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу болгон учурда, ушул сайтта жайгашкан “Зомбулукка жана зомбулук көрсөтөм деп коркутууга чара көрүү” деген макалада жазылгандай чараларды көрүү зарыл.
Административдик сот:
Административдик сот өндүрүшүндө административдик доонун формаларына жана мазмунуна коюлуучу негизги талаптар АПКнын 109- жана 111-беренелеринде (№9-тиркемени караңыз) берилген.
Административдик доону ошондой эле сотко, маалыматтык-коммуникациялык интернет тармагында тиешелүү соттун расмий сайтында жайгаштырылган форманы толтуруп, КР мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте электрондук кол тамга коюу менен да берүүгө болот.
Жалпы юрисдикциядагы сот:
Жарандык сот өндүрүшүндө доо арыздын формасына жана мазмунуна коюлуучу негизги талаптар ЖПКнын 134-беренесинде көрсөтүлгөн.
Доо арызы сотко жазуу жүзүндө, машиналык басылма текст түрүндө берилет.
Арызда талашты чечүү үчүн мааниге ээ болгон ар кандай маалыматтар көрсөтүлүп, ошондой эле доогердин өтүнүчтөрү баяндалуусу мүмкүн (№10-тиркемени караңыз).
Доо арызына ЖПКнын 135-беренесинде көрсөтүлгөн документтер тиркелет.
Доо арызын ошондой эле сотко, маалыматтык-коммуникациялык интернет тармагында тиешелүү соттун расмий сайтында жайгаштырылган форманы толтуруп, КР мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте электрондук кол тамга коюу менен да берүүгө болот.