Диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тартууга даттануу механизмдери
- 1. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын диний уюмдарга талаптары
- 2. Маморгандын диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тартуу чечимине даттануу
- 3. Административдик жол-жобонун алкагында даттануу:
- 4. Административдик сот өндүрүшүнүн алкагында даттануу:
Кыргызстанда диний уюмдарды каттоого катаал талаптарды койгон жана каттоосуз ар кандай иш-аракетке тыюу салган 2008-жылдагы “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулат. “Каттоо” дегенде, диний уюмду эсептик каттоого алуу жөнүндөгү күбөлүк берүү менен дин иштери боюнча маморганда “эсептик каттоону” түшүнөбүз. Эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүктүн болуусу, диний уюмдарга юстиция органдарында юридикалык жак катары катталууга мүмкүнчүлүк берет.
1. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын диний уюмдарга талаптары
Аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык, диний уюмдар деп биргелешип дин тутуу, кудайга табынуу, каадаларды, аземдерди жана ырым-жырымдарды өткөрүү, диндик агартуу жана өзүлөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмелери (диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогдор, табынуу үйлөрү, монастырлар ж.б.) таанылат. Бирок, бул ченем мындай уюмдар жөнүндө түшүнүктөрдү жана белгилерди аныктоо менен гана чектелет.
Аталган ченем дин иштери боюнча маморгандын эсепке алуу каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине жана иштешине тыюу салат. Эсептик каттоонун натыйжасында диний уюм дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат. Ошентип, диний уюмдарды эсептик каттоого алуу, өз маңызы боюнча уруксат берүүчү мүнөзгө ээ.
Диний уюмду түзүү үчүн, жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын эки жүздөн кем болбогон жаранынын демилгечи болуусу сыяктуу милдеттүү талаптар бекитилген. Бул ченем, чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок адамдар, жарандыкка кабыл алуу боюнча өтүнүч менен кайрылган адамдар сыяктуу Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок адамдарга дин эркиндигине болгон укугун ишке ашырууда кыйынчылык жаратат. Бул ченем “Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган” деген түшүнүккө аныктама бербейт. Милдеттүү түрдө эки жүздөн кем болбогон демилгечинин болуу талабын орнотуу, саны бекитилген талапка жетпеген диний азчылыктардын укуктарын олуттуу түрдө чектөөсү мүмкүн.
Диний уюмду эсептик каттоого алуу үчүн, мыйзамдын 10-беренесине ылайык түзүүчүлөр, колдонуудагы мыйзамдарга шайкештигин текшерүү үчүн дин иштери боюнча мамлекеттик органга түзүү документтерин тапшырышат. Диний уюмдарды эсепке алуу каттоосу арыз берилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт, Бирок, дин иштери боюнча мамлекеттик орган кошумча маалыматтарды суратып алууга жана тиешелүү органдардын корутундусун алууга, жана ошондой эле уюмдаштыруучу документтерди дин таануучу экспертизага жиберүүгө укуктуу. Мындай учурда арызды кароо дагы бир айга узартылат.
Бирок, мыйзамдын бул ченеми жана башка жоболору диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тартуунун негиздери жана натыйжалары, ошондой эле мындай баш тартууга даттануу укугу боюнча суроолорго жооп бербейт. Укуктук жөнгө салуудагы мындай кенемте диний уюмду эсептик каттоого алдууда уруксат берүү же баш тартуу маселелерин чечүүдө өзүм билемдик мамилени жаратуусу мүмкүн.
Белгилей кетчү нерсе, мыйзамдын 11-13-беренелери да чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын, миссионерлерди, жана диний окуу жайларын эсептик каттоого алуудан өтүү тартибин жана шарттарын аныктайт жана миссияларды жана миссионерлерди эсептик каттоого алуудан баш тартууга негиздерди белгилейт.
«Диний уюмдарды дин иштери боюнча мамлекеттик органда каттоодон четтөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесине ылайык - диний ишти дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоосуз жүзөгө ашыруусу.
2. Маморгандын диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тартуу чечимине даттануу
Мурда белгиленгендей, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунда диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тартуусуна конкреттүү негиздер каралбайт. 9-берененин 3-пунктунда белгиленген Диний уюмдун уставында Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана күчүндө турган мыйзамдарына карама-каршы келген нормалар камтылышы мүмкүн эмес деп белгиленген жалпы талаптар жалгыз гана ченем болуп эсептелет, бирок, алардын мазмуну жана диний уюм үчүн натыйжалары аныкталган эмес. Ошондой эле, каттоого алуудан баш тартууга негиз болгон себептерди четтеткенден кийин, диний уюм дин иштери боюнча маморганга кайрадан кайрылса болобу деген маселе түшүнүксүз бойдон калууда.
Иш жүзүндө, дин иштери боюнча маморган эсептик каттоого алуу үчүн түзүүчү документтерди кароодон өз баш тартуусунда мындай чечимди кабыл алуу үчүн негиздерди, себептерди, факт жүзүндөгү жана укуктук шарттарды көрсөтпөйт. Дин иштери боюнча маморган бул маселе боюнча кайра кайрылууга баш тартуу тоскоолдук кылбайт деп белгилеген менен, кээ бир уюмдар көптөгөн жылдар бою эсептик каттоого алуудан өтө албай жүрүшөт. Ошондой эле, диний коомдоштуктар дин ишениминин белгилери боюнча жиктелген мамиленин айынан диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тарткандыгына даттанышкан учурлар болгон.
“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, дин иштери боюнча маморгандын диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тартуу боюнча чечими административдик (сотко чейинки) тартипте даттанылат, андан ары болсо соттук тартипте. Административдик актыларга сотко чейинки баскычта даттануу азыркы учурда милдеттүү болуп эсептелет, мындай актыларды сотто талашуу ушул тартипти сактоодон кийин гана мүмкүн болот. Даттануунун сотко чейинки тартибин сактабагандык доону кабыл алуудан баш тартууга (АПК, 113-берене) же сот тарабынан доону кайра кайтарууга (АПК, 115-берене) алып келүүсү мүмкүн.
3. Административдик жол-жобонун алкагында даттануу:
2015-жылдагы “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандар, өз укуктарын коргоо максатында административдик органдын административдик актыларына, аракеттерине (аракетсиздигине) административдик (сотко чейинки) тартипте даттанууга укуктуу. Даттанууда арыздануучу болуп жеке же юридикалык жак, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралган болсо эл аралык уюм чыга алат.
3.1 Административдик жол-жобо жана административдик даттануу
Административдик жол-жобо өз ара байланышкан баскычтардан: жол-жобону козгоодон, кароодон жана аяктоодон турат. Административдик жол-жобо административдик органдын жана/же кызмат адамынын административдик актысына административдик (сотко чейинки) тартипте берилген арыздануучунун арызынын негизинде козголот.
Административдик орган болуп, мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле административдик жол-жобону туруктуу же убактылуу жүзөгө ашырууга мыйзам менен ыйгарым укуктар берилген атайын түзүлгөн органдар эсептелет. Мисалы, Кыргызстанда дин иштери боюнча маморган болуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эсептелет, бийликтин аткаруучу органдарынын тутумуна кирбейт, бирок административдик жол-жоболорду такай иш жүзүнө ашырып турат, ошондуктан анын актылары да даттанылышы мүмкүн.
“Административдик акт” дегенде, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле кызыкчылыктарын козгогон административдик органдын актысы (токтом, чечим, буйрук, ж.б.) түшүнүлөт. Мыйзамдын 2-беренесинин 4-пунктунда ушул Мыйзамдын колдонулушу жана тиешелүү түрдө даттануу да жайылтылбай турган мамлекеттик органдар менен мамилелер саналган.
Административдик даттанууну даярдоодо административдик даттанууга коюлуучу талаптарды эске алуу керек, аларга ылайык, даттануу төмөндөгүлөрдү камтуусу керек:
1) даттануу берилген административдик органдын аталышын (биздин учурда –андан жогорку орган жок болгондуктан, даттануу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга берилет);
2) даттанууну берүүчү жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин;
3) даттануу предметин (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын диний уюмду (аты көрсөтүлсүн) эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгаруу);
4) даттануу берген жактын талабын (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын диний уюмду (аты көрсөтүлсүн) эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгаруу);
5) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин (даттанууга дин иштери боюнча маморгандын даттанылып жаткан чечимин, эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз жана каттоо үчүн берилген документтердин тизмегин тиркөө максатка ылайыктуу);
6) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;
7) даттанууну берген адамдын колтамгасын.
Даттанууну даярдоого кылдат мамиле жасоо керек, анын чечилүүсү анын мазмунунан жана негиздемесинен көз каранды болот. Ошондуктан, даттануу дин иштери боюнча маморгандын кабыл алган чечими жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогондугун далилдеген маалыматтарды камтуусу керек.
3.2 Административдик даттануу кайда жана кандай мөөнөттөрдө берилет
Административдик актыларга даттануу төмөндөгүлөргө берилет: а) даттанылып жаткан административдик актыны кабыл алган административдик органга; б) жогору турган административдик органга. Жогору турган административдик органга даттануу берээрден мурда, административдик органдын кимге түздөн-түз баш ийүүсүн же кимдин түзүмүнө кирээрин аныктап алуу керек. Дин иштери боюнча маморгандын жогору турган органы болбогондуктан, административдик актыга административдик тартипте даттануу дин иштери боюнча маморгандын өзүнө берилиши мүмкүн. Чечимди чыгарган органдын өзүнө ал чечимге даттануу берүүнүн максаты, ага өз алдынча, соттун катышуусу жок, аны жокко чыгарууга, ошону менен бирге өз ишмердигиндеги кемчиликтерди таанып аларды четтетүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
Административдик даттануу административдик акт тапшырылган күндөн тартып отуз жумушчу күн ичинде берилиши мүмкүн. Аталган мөөнөт жүйөлүү себептер боюнча өтүп кеткен учурда, даттанууга өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз жүйөлүү себептерге негиз жок болгон күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз берүү менен бир убакта административдик даттануу берилет.
Даттануу арыздануучу тарабынан түздөн-түз административдик органга же даттанууну кароочу кызмат адамына жеткирилиши мүмкүн. Ошол эле учурда даттануу кабыл алынгандыгына тастыктоо (алгандыгы жөндүндө белги (штамп). Даттануу ошондой эле буюртма почта аркылуу тапшырылгандыгын кабарлоо менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
3.3 Административдик дааттанууну кароо жана чечим кабыл алуу тартиби
Административдик жол-жобо даттанууну административдик органда каттаган күндө козголот. Эгерде даттануу мыйзамда аталган талаптарды бузуу менен тапшырылган болсо, даттануу кыймылсыз калтырылат. Мындай учурда административдик орган кемчиликтерди токтоосуз көрсөтөт жана даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектеринде аларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Административдик орган тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилбеген учурда, даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат.
Административдик даттануунун эң узак мөөнөтү отуз жумушчу күн. Башка мыйзам менен атайын мөөнөт каралышы мүмкүн. Арыз административдик органда катталган күндөн тартып жол-жобонун мөөнөтүн эсептөө башталат. “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” КР Мыйзамынын 43-беренесинде административдик жол-жобонун мөөнөттөрүн узартуу учурлары каралган.
Мыйзамда, административдик жол-жобонун катышуучулары болуп арыздануучу, кызыкдар жактар, административдик орган, административдик органдын кызмат адамы аныкталган. Ошону менен катар, жол-жобонун катышуучулары жеке, мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу же болбосо алар менен бирге катышууга укуктуу. Күбөлөр, эксперттер, котормочулар, ошондой эле административдик ишти туура кароого жана чечүүгө көмөктөшүүчү башка жактар административдик жол-жобого тартылуучу башка жактар болуп саналат.
Административдик даттанууну кароонун жыйынтыктоочу баскычы болуп, тиешелүү чечим чыгаруу үчүн негиздемени, себепти, факт жүзүндөгү жана укуктук шарттарды өз ичине алган чечим (административдик актыны) кабыл алуу болуп саналат. Мыйзамдын 50-беренеси жазуу жүзүндөгү административдик актыга коюлуучу талаптарды орнотот. Административдик даттануу боюнча чечим административдик орган тарабынан жол-жобонун бардык катышуучуларына ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш. Чечим кызыкдар жакка аны тапшыргандан кийин күчүнө кирет.
4. Административдик сот өндүрүшүнүн алкагында даттануу:
Эгерде даттануучу өз даттануусу боюнча дин иштери боюнча маморгандын чечимине макул эмес болсо, ал 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине ылайык, административдик сот өндүрүшү тартибинде аны сотто талашууга укуктуу.
Административдик сот өндүрүшү – бул административдик орган жана анын кызмат адамы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын субъективдүү айкын укуктарын бузууга байланыштуу жарандардын демилгеси менен келип чыккан сот өндүрүшү.
4.1 Административдик сот өндүрүшү жана административдик доо
Административдик сот өндүрүшү тартибинде административдик актыны жараксыз деп табуу боюнча административдик иштер каралат. Административдик процесстин тараптары болуп, административдик доогер жана административдик жоопкер саналат. Административдик доогер болуп өз укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак, же болбосо, прокурор же мыйзам тарабынан ошондой ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын кызыкчылыгы үчүн административдик доо берген жак саналат. Административдик жоопкер болуп, ага каршы сотко доо коюлган административдик орган. Тараптар кызмат орду боюнча жана мыйзам боюнча өкүлдөрдү, адвокаттарды, жана ошондой эле ишеним каттын негизинде башка адамдарды өздөрүнө өкүл кылып алууга укуктуу.
4.2 Административдик доо кайда жана кандай мөөнөттөрдө берилет
Административдик иштер жоопкердин жайгашкан жери боюнча райондор аралык соттордун биринчи инстанциясында каралат, ошондуктан, административдик доо Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна жиберилет.
Административдик доо сотко жазуу жүзүндөгү арыз формасында берилип, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) доо берилүүчү соттун аталышы (Бишкек ш. Райондор аралык сот);
2) эгерде доогердин фамилиясы, аты-жөнү (аталышы), почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук үпочтасынын дареги бар болсо, алар;
3) эгерде жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген орду, почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги белгилүү болсо, алар;
4) даттанылуучу актынын жана ушул актыны кабыл алган органдын же кызмат адамынын аталышы (бул учурда – Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын диний уюмду эсептик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечими);
5) даттанылуучу акт кабыл алынган, даттанылган иш-аракет жасалган дата;
6) актыга даттануу тууралуу маалыматтар, талаш-тартышты соттон тышкары тартипте чечүүдөгү аракет;
8) даттанылып жаткан акт жагынан доочунун фактылары жана талаптары;
9) тиркелүүчү документтердин жана материалдардын тизмеги.
Административдик доого төмөнкүлөр тиркелет:
1) даттанылуучу акт же анын көчүрмөсү;
2) талаш-тартышты сотко чейинки тартипте чечүүдө административдик даттануу боюнча кабыл алынган административдик органдын чечими;
3) доонун негизи болуп кызмат кылган далилдер;
4) доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, аны төлөнгөнү тууралуу документ;
5) административдик процесстин башка катышуучуларында болбогон административдик доонун көчүрмөлөрүнүн жана ага тиркелген документтердин административдик процесстин башка катышуучуларына жиберилгенин ырастоочу тапшыруу жөнүндө кабарландыруу же башка документтер;
6) эгерде жазуу жүзүндөгү өтүнмө бар болсо, ал;
7) чет тилдеги документтердин мамлекеттик же расмий тилге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн котормолору.
Доогер өз алдынча көрсөтө албаган далилдерди көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда, ап доодо мындай далилдерди көрсөтүүнүн мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүүгө жана аларды талап кылуу жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Эгерде доо өкүл, мисалы адвокат тарабынан берилсе, анда адвокаттын фамилиясы, аты-жөнү, анын почта дареги, ошондой эле телефондорунун номери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар көрсөтүлөт. Доо менен бир эле убакта өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ берилет. Доого ага кол коюунун датасы көрсөтүлүү менен доогер же анын өкүлү тарабынан кол коюлат. Административдик-процесстик кодекстин 109-беренесинде ошондой эле доолордун түрлөрү жана алар боюнча доо талаптары бекитилген.
Доо сотко “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралган административдик даттануу боюнча административдик органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет. Административдик-процесстик кодекстин 110-беренесинде ошондой эле доонун кээ бир түрлөрү боюнча мөөнөттөр белгиленген.
4.3 Административдик ишти кароонун жана чечим кабыл алуунун тартиби
Соттук териштирүүгө иштерди даярдоо баскычын күчөтүү үчүн, Административдик-процесстик кодекс тарабынан алдын ала соттук жыйналыш институту киргизилет, анда процесстин катышуучулары өзүнүн каршы пикирлерин, өтүнмөлөрүн жана далилдерин ишти соттук териштирүүгө дайындаганга чейин берүүгө милдеттендирилет. Тараптар алдын ала соттук жыйналыштын күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланылат. Иште катышкан адамдардын келбей калуусу алдын ала соттук жыйналышта ишти даярдоо боюнча маселелерди кароого тоскоолдук кылбайт. Алдын ала соттук жыйналыштын натыйжалары боюнча даярдоо өндүрүшүнүн бүткөндүгү жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө аныктама кабыл алынат.
Административдик ишти түздөн-түз кароо, административдик иш даярдоо өндүрүшү аяктаганы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо тууралуу аныктама кабыл алынган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат. Ошентсе да, Кодексте жана мыйзамдарда административдик иштердин айрым категорияларын кароонун жана чечүүнүн башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.
Административдик ишти кароодо, сотто даттанылып жаткан чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети ушундай актыны кабыл алган же мындай аракетке (аракетсиздикке) жол берген жоопкерге жүктөлөт.
Териштирүүнүн натыйжасында сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыруусу же аны толук же жарым-жартылай канааттандыруудан баш тартуусу мүмкүн. Чечим соттук жыйналышта жарыя кылынат, жана жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү кол койдуруу менен түздөн-түз сотто тапшырылат. Чечимди жарыя кылууда катышпаган процесстин катышуучуларына, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү ал жарыя кылынган күндөн тартып үч күндүн ичинде тапшырылганы жөнүндө кабарландырмасы менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт.