Диний билим алуу

Акыркы жылдары айрым мамлекеттердин өкмөттөрү жана эл аралык институттарда дин менен билимдин ортосундагы мамилелер боюнча масалелерге көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Макалада Кыргыз Республикасындагы диний билим берүүнү ченемдик-укуктук жөнгө салуунун негизги принциптери жана тенденциялары каралат. Диний билим алуу, диний билим берүү системасын калыптандыруу жана аны жөнгө салуу адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруунун маанилүү уюштуруучулук-укуктук кепилдиги болуп саналат. Муну менен катар коомдун прогрессивдүү руханий өнүгүүсүнө байланыштуу жана экстремизмдин коркунучтуу көрүнүштөрүнө каршы күрөш сыяктуу актуалдуу көйгөйлөргө келип такалат.

1. Заманбап ачык демократиялык коомдогу “диний билим берүү” түшүнүгү тууралуу

«Диний билим берүү» деген терминин ар кандай түшүнүктө чечмелөөгө болот, ошондуктан «конфессионалдык диний билим берүү» жана «конфессионалдык эмес диний билим берүү» деп айырмалоо керек.

Конфессионалдык диний билим берүү, адатта, максаты белгилүү бир динге болгон диний ишенимди калыптандыруу же башкача айтканда, «белгилүү бир диний салттын алкагында окуучунун ишенимин» бекемдөөчү диний билим катары каралат. Америка Кошмо Штаттарында протестанттар диний билим берүүгө карата "христиандык билим берүү" деген сөз айкашын колдонушат, ал христиандык ишенимдерди, баалуулуктарды жана жүрүм-турумду бекемдөөгө жана жайылтууга багытталган чиркөөнүн тарбиялык жана кээде үгүттөө иш-чараларын камтыйт. Ошентсе да мамлекеттик мектептердеги конфессионалдык диний билим берүүгө келсек, көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик мектептик билим берүүнүн бир бөлүгү болуп саналган диний билим берүү менен тиешелүү коомдордун базасында белгилүү бир диндин (христиандык, ислам же иудаизм) диний билим берүүнүн ортосунда айырмачылык күчөп баратат.

Конфессионалдык эмес диний билим берүү окуучуларды ар кандай диний ишенимдер жана ырым-жырымдар менен тааныштырууга багытталган.  Конфессионалдык эмес диний билим берүү окуучуларга кайсы бир ишенимдердин же диний турмушка катышуу каалоосун калыптандырууну көздөбөйт. Конфессионалдык эмес диний билим берүүнүн бир түрү «дин таануу» болуп саналат. Бул термин студенттерди бир же бир нече диндердин ишенимдери, баалуулуктары жана ырым-жырымдары менен тааныштырууга багытталган конфессионалдык эмес билим берүүнү билдирет. Анын максаты – студенттерге динди адамдын ой жүгүртүүсүнүн жана ишмердүүлүгүнүн чөйрөлөрүнүн бири катары билдирүү жана түшүндүрүү. Диндерди конфессионалдык эмес изилдөөнүн алкагында жаштар ар түрдүү диний ишенимдердин доктриналары менен таанышат. Конфессионалдык эмес диний билим берүү аларга демократиялык коомдор умтулган социалдык толеранттуулукту калыптандырууга тийиш.  

Дин таанууну камтыган мектеп программалары ар кайсы өлкөлөрдүн тарыхый, маданий жана социалдык өнүгүүсүндөгү диндердин ролу баяндалат. Дин жөнүндө сүйлөшүү бейтарап, объективдүү болгону жакшы. Дин таануу эки түрдө болушу мүмкүн – же мектеп программасынын өзүнчө предмети катары, же башка, кадимки дисциплиналардын (тарых, этика, философия, көркөм чыгармачылык, жарандык тарбия ж.б.) ажырагыс бөлүгү катары. Башка предметтер боюнча динге байланыштуу мазмундун ар кандай даражада камтылышы бардык өлкөлөрдө байкалат, ал эми өзүнчө предмет катары диний билим берүү саналуу гана өлкөлөрдө бар.

Адатта, динди (диндерди) изилдөө мамлекеттик мектептерде конфессионалдык диний билим берүүгө тыюу салынган өлкөлөрдө (мисалы, Словенияда же АКШнын кээ бир штаттарында) окуу программасына киргизилген, же конфессионалдык диний билим берүүгө альтернатива катары сунушталган өлкөлөрдө (Норвегияда 1997-жылга чейин) дин тутуу эркиндигинин негизинде, конфессионалдык диний билим алуудан баш тарткан студенттер үчүн предмет катары киргизилген.

“Конфессионалдык эмес диний билим берүү” түшүнүгү диний билим берүүгө көп конфессионалдык  мамилеге карата да колдонулат (атап айтканда, Финляндияда, Уэльсте, Шотландияда, Швецияда, Нидерландда, Данияда жана Норвегияда 1997-жылдан кийин кабыл алынган) – бул негизги дүйнөлүк диндерди изилдөөнү камтыйт, бирок кандайдыр бир диний конфессияга кирүү үчүн анын негиздерин окууну камтыбайт. Мындай конфессионалдык  эмес диний билим берүүнүн максаты – студенттерди ар кандай диндер жөнүндө көбүрөөк маалыматтандыруу гана болушу мүмкүн. Окуу процесси ошондой эле динге же диндерге байланыштуу мугалим тарабынан берилген материалды түшүнүүнү жана критикалык анализди камтышы мүмкүн. Бул студенттердин өздөрү кандайдыр бир ишенимди карманып же карманбаганына карабастан, талкууланып жаткан маселелерге карата өздөрүнүн мамилесин калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик мектеп системасындагы диний билим берүүгө карата, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын (ЖСУЭП) 18-беренесин эскертүүлөрүндө жалпы тартиби айтылат. Мында "Хартикайнен жана башка Финляндияга каршы" иши боюнча Комитет “18-беренесинин 4-пунктунун жоболору эгерде мындай окутуу калыс жана объективдүү жүргүзүлсө мамлекеттик мектептерде диндердин жана этиканын жалпы тарыхын окутуу курстарына уруксат берет".

«Ачык коом» түшүнүгү «чындыкка эч кимдин монополиясы жок экенин, ар кандай адамдардын көз караштары жана кызыкчылыктары ар кандай болушу мүмкүн экендигин жана коомдук институттар бардык адамдардын  укуктарын коргошу керек жана ошентип алардын бири-бири менен макулдашып жашоосу үчүн шарттарды түзүү деп таанууга негизделген коомду» сүрөттөө үчүн колдонулат. Кеңири мааниде алганда, ачык коом мыйзам үстөмдүгү, демократиялык жол менен шайланган өкмөттүн болушу, көп түрдүү жана активдүү жарандык коомдун болушу, азчылыктарды жана алардын көз караштарын урматтоо менен айырмаланат».

«Ачык коом» концепциясы ХХ кылымдын көрүнүктүү философу К.Поппер тарабынан 1995-жылы жазылган «Ачык коом жана анын душмандары» аттуу китебинде иштелип чыккан. Ал ачык коомдун кээ бир маанилүү өзгөчөлүктөрүн белгилейт, алар анын шарттарында диний билим берүүнүн ордун талкуулоодо эске алынышы керек.

Биринчиден, ачык коом – бул «адам өз алдынча чечим кабыл алган коом.

Экинчиден, бул коом «адамдар ар кандай даражада учурдагы тыюу салууларга жана табуларга сын көз карашта болууга үйрөнүшкөн жана алар өз акылынын негизинде (ой жүгүртүү жана талкуу шартында)» чечим кабыл алуусу мүмкүн болгон коом.

Үчүнчүдөн, ачык коом үчүн эң маанилүүсү мамлекеттин тигил же бул түрү же башкаруу формасы эмес, анын мүчөлөрүнүн ар бир адамдын эркиндиги, азчылыктарды коргоо, зордук-зомбулуксуздук жана жалпысынан башкаларга караганда алсыздарды коргоо эң маанилүү баалуулуктар болуп саналган коомдо бири-бири менен тынчтыкта ​​жашоо жөндөмдүүлүгү.

Төртүнчүдөн, ачык коом чыдамдуулукка жана башкалардын пикирин урматтоого негизделет.[1]

[1] Бул подпараграф үчүн төмөнкү авторлордун эмгектеринен материалдар колдонулду: Коделя З., Басслер Т. Ачык коомдогу дин жана мектеп: диалог үчүн маалымат негизи. Любляна (Словения), 2004. 14-15-бб.  Төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.opensocietyfoundations.org/uploads/5a088dc7-467d-4d0c-85e0-b32b7ca72a15/z_religion_russian_20041201_0.pdf

2. Диний билим берүү жана анын дин таануучулук билим берүүдөн айырмасы

СССР кулаганга чейин Кыргызстанда диний билим берүүнүн ченемдик-укуктук базасын калыптандыруу РСФСР менен СССРдин мыйзамдарынын таасири астында ишке ашкан, алар билим берүүнүн светтик мүнөзүн белгилеген жана динди билим берүү процессинен толук чыгарып салган. Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан тартып эле диний билим “мыйзамдан тышкары” болгон. РСФСР Элдик Комиссарлар кеңешинин 1918-жылдын 23-январындагы «Чиркөөнү мамлекеттен, мектептерди чиркөөдөн бөлүү жөнүндө» Декретинин 9-беренесине ылайык, мамлекеттик окуу жайларында диний ишенимдерди окутуу, ошондой эле жалпы билим берүүчү предметтерди окуткан жеке уюмдарда да уруксат берилген эмес. Динди "жеке" гана окутуп үйрөтсө болот эле. Элдик Комиссарлар кеңешинин Декретинин жоболорун түшүндүрүп, РСФСР Юстиция Элдик Комиссариаты мындай деп белгиледи: «Мектеп чиркөөдөн бөлүнгөндүгүнө байланыштуу кандайдыр бир диний ынанымдарды окутууга мамлекетте атайын дин илимин окутуу жайларын кошпогондо, мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик окуу жайларында кандай гана учурда болбосун жол берилбейт» (33-берене). Диний компонентти билим берүүдөн жана тарбиялоо процессинен толук алып салуу Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитети менен РСФСР Элдик Комиссарлар кеңешинин 1929-жылдын 8-апрелиндеги биргелешкен токтомунда бекитилген.  «... Атайын балдардын, жаштардын, аялдардын сыйынуучу жана башка чогулуштарды уюштурууга, ошондой эле жалпы библиялык, адабий, кол өнөрчүлүк, эмгек, динди окутуу ж.б.у.с. чогулуштарды, топторду, кружокторду, бөлүмдөрдү, ошондой эле экскурсияларды жана балдар аянтчаларын уюштурууга, китепканаларды жана окуу залдарын ачууга, санаторияларды жана дарылануучу жардамды уюштурууга» тыюу салынган «Диний бирикмелер жөнүндө» (17-берене)[1] .

Постсоветтик мейкиндикте СССРдин кулашы менен билим берүүнүн светтик табиятынын принцибин түшүнүүгө мыйзамдардын мамилеси акырындык менен өзгөрө баштады. Анын жаңы түшүнүгү динди руханий жактан гана эмес, мамлекеттик окуу жайларында да окууга мүмкүнчүлүк түздү.

Маселен, РСФСРдин 1990-жылдын 25-октябрындагы №267-1 «Диний ишенимдердин эркиндиги жөнүндө» Мыйзамы, анда билим берүүнүн жана тарбиялоонун мамлекеттик системасынын светтик мүнөзүн бекемдөө менен бирге диний ишенимдерди окутууга жол берилген, ошондой эле диний билим берүү «мамлекеттик эмес билим берүү жана окуу жайларында, жеке үйдө же диний бирикмеде, ошондой эле жарандардын каалоосу боюнча уставы катталган диний бирикмелердин өкүлдөрү тарабынан каалаган мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, окуу жайлары жана уюмдарында» ишке ашырылышы мүмкүн болгон (9-берене). Мындан тышкары мамлекеттик билим берүү мекемелеринин окуу пландарына диний-таанып-билүүчүлүк, дин таануучулук билим берүү жана диний-философиялык дисциплиналарды киргизүүгө диний ырым-жырымдарды аткарбаган учурда жана маалыматтык мүнөзгө ээ болсо уруксат берилди.[2]

Кыргыз Республикасында бул маселе билим берүүнүн светтик мүнөзү бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” жана “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат:

1) ар бир адамдын жекече же кандайдыр бир динди туткан башка адамдар менен биргеликте дин тутуу, анын ичинде диний ишенимди үйрөнүү жана диний билим алууга, же эч кандай ишенимди мойнуна албоо эркиндигине укугу;

2) динге болгон мамилесине карабастан бардык адамдардын билим берүүнүн ар кандай түрлөрүнө жана деңгээлине жетүүгө;

3) балдарга жана чоңдорго диний билим берүү үчүн белгиленген тартипте катталган диний уюмдардын уставдарына ылайык, өз каражаттарынын эсебинен каржылануучу, бул үчүн өз имараттарын пайдалануу менен диний окутуу жайларын (мындан ары – ДОЖ) түзүүгө, кармоого укугу;

4) ДОЖдо диний дисциплиналарды окутуучу адамдар үчүн билим берүү чектерин (ценз) белгилөө, тиешелүү документ менен күбөлөндүрүлгөн жана алар кире турган диний уюмдун тиешелүү башкаруу органы менен макулдашылган атайын диний (руханий) билиминин болушу;

5) дин таануучулук дисциплиналарды билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жеке тартипте окутууга тыюу салынат;

6) билим берүү мекемелеринде саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.

Дин менен билимдин байланышы мыйзам актыларында гана ачыкка чыгарылбайт. Алсак, Кыргыз Республикасында билим берүүнүн светтик мүнөзү 2021-2026-жылдардагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын (мындан ары – Концепция) 3.3-бөлүмү – “Дин таануучулук билим берүү жана диний билим берүү системасын өркүндөтүүдө” да көрсөтүлгөн[3].

Ошонун негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүү укуктук мамилелеринде диндин болушу эки негизги багытта ишке ашат:

1) дин таануучулук билим берүү;

2) диний (руханий) билим берүү

Бул эки багыт тең Концепциянын дин таануучулук билим берүү жана диний билим берүү көйгөйлөрүнө арналган 3.3-бөлүмүнүн аталышында көрсөтүлгөн. Мамлекеттик саясаттын бул багыты диний билим берүүнү системалаштыруу, диндердин жана ишенимдердин көп түрдүүлүгүн сыйлоого тарбиялоо менен байланышкан жана бейтарап академиялык дин таануучулук билим берүү катары жана динди конфессионалдык таануу катары диний билимдин ортосундагы айырмачылыктарды түшүнүү маселелерин актуалдаштырууга багытталган.

Ошону менен, Концепцияда көрсөтүлгөндөй, биринчи багыт – дин таануучулук билим берүү – мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн саясий жана диний институттардан көз карандысыздык принцибинин жана билим берүүнүн светтик мүнөзүнүн сакталышын билдирет. Бул үчүн мамлекет төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- окутуу мугалимдин жеке ишенимдеринен, коомдо ар кандай диний агымдардын өкүлдөрүнө жана атеисттерге карата коомдук жана илимий практикада калыптанып калган стереотиптерден тигил же бул диндин үстөмдүгүнөн эркин;

- дин таануучулук дисциплиналарын окутуу процессинде дүйнөлүк, региондук жана улуттук маданияттарды өнүктүрүү контекстиндеги окуу материалдары менен камсыз кылуу;

- Кыргызстандын жана Борбордук Азиядагы диндердин тарыхын, алардын тарыхый-маданий мурастарын жана диний уюмдардын ишин изилдөөчү илимий багыттарды жана мекемелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;

- дин таануучулук билим берүүнүн жана агартуу иштеринин деңгээлин жогорулатуу үчүн мектептин билим берүү системасына дин таануу боюнча тиешелүү предметти үйрөнүүнү киргизүү, тиешелүү мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын жана башка кызыкдар тараптардын мугалимдери жана кызматкерлери үчүн квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын өнүктүрүү.

Алсак, бул жоболорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы №177 “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин 2022-2023-окуу жылынан баштап мектептерге киргизүү жөнүндө”[4] жазык мыйзамынын 1-пунктунун негизинде 2022-2023-окуу жылынан баштап базистик окуу планында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын менчиктин формаларына жана түрүнө карабастан 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилген.

Бирок жогорудагы Жарлыктын 3-пунктунда “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин өтүү укугу башкалардын катарында жогорку теологиялык билими бар адамдарга да берилип жаткандыгы белгиленип, коомдо “теологиялык билими бар” деген эмнени түшүндүрөрү чоң талкууну жараткан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №496 токтому менен бекитилген бүтүрүүчүгө «Бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнү даярдоо багыттарынын тизмесинде «Дин таануу» жана «Теология» сыяктуу багыттары бар. Бирок эмне үчүн теологиялык билими бар адамдар кабыл алынышы керек, а эмне үчүн дин таануучулар эмес, же экөө тең эмес.

Бул суроого жооп берүү үчүн сөздүктөрдө төмөнкүдөй аныктама берилген «теолог» термининин түшүндүрмөсүнө кайрылалы:

«Дин илими же теология (грекчеден калька θεολογία, грек тилинен θεός “Кудай” + грекчеден λόγος “сөз; окуу, илим”) – ар кандай диний окуулардын, ар кандай диндин догмаларын системалуу баяндоо жана чечмелөөсү».

Буга ылайык, «жогорку теологиялык билими бар адамдар» деген сөздү кандайдыр бир диний окууларды, кайсы бир конкреттүү диндин догмаларын түшүндүрүүчү жана чечмелөөчү адамдар  деп түшүнүү керек. Демек, Жарлыктын бул пунктун аткаруу жана мыйзам алдында бардыгынын тең укуктуулугун сактоо үчүн мамлекет анда бардык диндердин өкүлдөрүнүн окутуусун камсыз кылышы керек, муну ишке ашыруу кыйын, ошондуктан аны “дин таануучулук билим берүүгө” алмаштыруу керек.

Муну менен бирге «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын окутуу Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү так сактоо менен жүргүзүлүшү керек экендигин да белгилей кетүү зарыл – төмөнкүлөр үчүн билим берүү жана билим жана маданият жаюучулук ишин пайдаланууга тыюу салуу:

- социалдык, расалык, улут аралык же диний кастыкты козутууга,

- жарандардын социалдык, расалык, улуттук, диний же тилдик өзгөчөлүктөрүнө, алардын динге болгон мамилесине, анын ичинде элдердин тарыхый, улуттук, диний жана маданий каада-салттары жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү аркылуу толук эместигин же артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалаган агитацияларга;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген аракеттерди жасоого үндөө.

Экинчи багыт – диний билим берүү – Концепцияда түшүндүрүлгөндөй, бул белгилүү бир диний ишенимдин негизинде жүргүзүлүүчү билим берүү жана тарбиялоо процесси. Мында теологиялык билим берүү жөнүндө сөз болуп жатат. Мамлекет диний бирикмелердин диний агартуу иштерин жүргүзүү укугун, ошондой эле ата-энелердин же камкорчулардын өз ынанымдарына ылайык балага диний билим берүү укуктарын тааныйт. Диний окуу жайлардын студенттерин заманбап коомдук процесстерге интеграциялоо жана алардын изоляцияланышына жол бербөө зарылдыгын эске алуу менен мамлекет өзүнүн органдары аркылуу:

- диний окуу жайлардын окуу пландарына минималдуу жалпы билим берүүчү предметтерди киргизүүгө көмөктөшөт жана зарыл окуу-методикалык колдоо көрсөтүшөт;

- диний билим берүү уюмдарынын билим берүү программаларынын мазмунуна укуктук маданияттын, жарандык иденттүүлүктүн, диний көп түрдүүлүктүн жана кандай динге болсо да жол коюу негиздерин, светтик жана диний жашоо образынын гармониялуу жанаша жашоо баалуулуктарын киргизүүгө кызыктырат;

- диний уюмдар менен биргеликте тиешелүү чет өлкөлүк окуу жайлары, алардын иши жөнүндө ар тараптуу маалымат менен маалыматтык базаны түзөт.

Светтик билим берүү принциби жөнүндө маселе 2020-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринин[5] биринде көтөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келген:

«Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасы светтик мамлекет, анда эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү түрдө орнотулушу мүмкүн эмес,  дин жана бардык культтар мамлекеттен бөлүнгөн <...> деп жарыяланган, светтүүлүк принциби мамлекетти диний догмалардан бөлүүнү билдирет, бирок динди коомдук турмуштан алып салуу дегенди билдирбейт, алардын толеранттуу жанаша жашоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат жана бул чыныгы демократиянын белгилеринин бири болуп саналат. Светтүүлүк принциби мамлекеттин коомдук-саясий бийликти уюштуруунун негизги формасы катары ролун сактап калуу менен мамлекеттин жана диний уюмдардын таасир чөйрөсүн чектөөгө өбөлгө түзөт».

Жогорку сот инстанциясынын ушул эле чечиминде «...диний эркиндик инсандын руханий жана адеп-ахлактык өзүн-өзү аныктоосунда маанилүү роль ойногон мазмундуу жана фундаменталдык баалуулуктардын бири болуп саналат, ошондой эле өзүнө ар кандай динди же башка динди тутуу, жекече же башкалар менен биргелешип тутуу, диний жана башка ынанымдарды эркин тандоо, ээ болуу жана жайылтуу укугун камтыган диний ишеним эркиндигине негизги жеке укуктарынын бири катары кепилдик берет» деп көрсөтүлөт.

Ошентип, мамлекет жеке инсандын жана бүтүндөй коомдун руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн диндин жана дин тутуу эркиндигинин маанисин жогору баалап, динди коомдук турмуштан жана билим берүү сыяктуу маанилүү чөйрөдөн четтетүү дегенди билдирбейт. Светтүүлүк билим берүүдөгү бардык диний нерселерден абсолюттук чегинүү дегенди билдирбейт, ошондуктан мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринде дин таануучулук курстары окулушу жана дин таануучулук кафедралары түзүлүшү мүмкүн.[6]

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, дин таануучулук билим берүү өз мааниси боюнча конфессионалдык эмес диний билим берүү, ал эми диний билим берүү – конфессионалдык диний билим берүү болуп саналат деген жыйынтыкка келүүгө болот.

Ушундай жол менен мамлекет өз жарандарынын арасында бардык диндер жөнүндө билимди калыптандыруу жана жайылтуу зарылдыгын ырастайт. Мына ушундай шартта мамлекеттик билим берүүдөгү «дин таануучулук билим берүү» (конфессионалдык эмес диний билим берүү) коомдун прогрессивдүү руханий өнүгүүсүнө, андагы конфессионалдар арасындагы макулдашууларды жана диний толеранттуулукту калыптандырууга өбөлгө түзөт. Жарандардын диний ишенимдерин урматтоо өзүнөн-өзү пайда болбойт – бул үчүн жарандар диндердин тарыхы, диний окуулардын негиздери, ошондой эле диний билим берүүнүн башка сюжеттери боюнча элементардык билимге ээ болушу керек. Ушуну менен светтик билим берүү принцибин «диний компоненттен толук эркин аймак» катары түшүнүүдөн акырындап чегинүү түшүндүрүлөт. Ал коомдун руханий өнүгүүсү үчүн диний билимди тең салмактуу пайдалануу менен алмашып жатат.

[1] Козырин А.Е. “ЕАЭБ мамлекеттеринде диний билим берүү: укуктук жөнгө салуунун улуттук жана эл аралык деңгээлдери. Россиянын билим берүү мыйзамдарынын жылдык басылмасы” макаласынан цитаталар. 16-том. 2021-ж. Төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://lexed.ru/ezhegodnik-rossiyskogo-obrazovatelnogo-zakonodatelstva/book/tom16/religioznoe-obrazovanie-v-gosudarstvakh-eaes-natsionalnyy-i-mezhdunarodnyy-urovni-pravovogo-reguliro/

[2] Ошол жердеги цитаталар

[3] Караңыз: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 Жарлыгынын тиркемеси

[4] Караңыз: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы №177 “2022-2023-окуу жылдары Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыгы. Төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/430978

[5] Караңыз: “12-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө” иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы №06-р чечими Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу “Кыргыз Республикасындагы диний ишенимдердин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/9783

[6] Макала боюнча цитаталар: Козырин А.Е. ЕАЭБ мамлекеттеринде диний билим берүү: укуктук жөнгө салуунун улуттук жана эл аралык деңгээлдери. Россиянын билим берүү мыйзамдарынын жылдык китеби. 16-том. 2021-ж.

Төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://lexed.ru/ezhegodnik-rossiyskogo-obrazovatelnogo-zakonodatelstva/book/tom16/religioznoe-obrazovanie-v-gosudarstvakh-eaes-natsionalnyy-i-mezhdunarodnyy-urovni-pravovogo-reguliro/

 

3. Кыргыз Республикасында диний билим берүү: ченемдик-укуктук жөнгө салуу практикасы

Диний билим берүү - билим алуу укугу жана абийир эркиндигинин чектешкен жери болуп саналат. Бул эки укук тең адам укугу болуп эсептелет жана конституциялык негизге ээ. Бирок аны ишке ашырууда бир катар көйгөйлөр жаралууда.[1]

Буга ички мыйзамдар жана КР эл аралык-укуктук келишимдерин камтыган аталган тармактын коомдук мамилелеринин нормактивдик-укуктарын жөнгө салуудагы оор системасы да себеп болууда. Өз кезегинде колдонуудагы мыйзамдар бир эле учурда эки мыйзам тармагы менен көрсөтүлөт – диний ишенимдин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдар (1) жана билим берүү жөнүндө мыйзамдар (2).

Дин менен билимдин ортосундагы түздөн-түз байланыш, атап айтканда, светтик билим берүү уюмдары менен диний уюмдар жана диний окуу жайлардын (ДОЖ) ишмердүүлүгүнүн байланышы боюнча Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында диний ишенимдин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 40-беренесинде (бешинчи абзацта) жазылган. Мында диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берүү тартиби тууралуу айтылат.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында диний ишенимдердин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамында (3, 4, 6, 8-беренелери) колдонулган диний билим берүүгө байланышкан ар кандай ишмердүүлүктүн түрлөрүн түшүндүрүп берген негизги түшүнүктөрдүн мазмунунан баштайлы. Атап айтканда, бул төмөнкү 3 түшүнүк: “диний билим берүү”, “динди окутуу”, “диний тарбия берүү”.

Диний билим берүү процессинде Кыргыз Республикасынын диний ишенимдердин эркиндиги жөнүндөгү мызамы менен жөнгө салынуучу мамиле түзүлөт. Ал кандай ишке ашканына – атайын бул үчүн түзүлгөн окуу жайлардын жардамы мененби же диний уюмдардын ички тартиптери менен аныкталган формаларында жүзөгө аштыбы, ошого жараша айырмаланат.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында диний ишенимдердин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, балдарга жана чоңдорго билим берүү үчүн, атап айтканда, дин кызматкерлерин жана зарыл болгон диний персоналды даярдоо үчүн диний уюмдар өз уставдарынын негизинде ДОЖдорду (жогорку жана орто окуу жайларын) түзүүгө укуктуу. Аны өздөрү каржылап, бул үчүн өздөрүнүн имаратын колдоно алышат.

Мындан улам Кыргыз Республикасында диний билим берүү дин кызматкерлерин жана башка диний уюмдар үчүн керектүү дин боюнча персоналдарды даярдаган диний окуу жайдан тастыкталып, берилген документтин негизиндеги атайын билим деп саналат.

КР «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын маанисине жараша диний билим берүү, билим берүү ишмердүүлүгүнө кирбейт. Билим берүү ишмердүүлүгү билим берүүнүн тийиштүү деңгээлинин мамлекеттик сапат стандарттарына ылайык мамлекеттик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары тарабынан иштин лицензиялануучу түрлөрүнө[2] кирген билим берүү ишине лицензиянын негизинде ишке ашырылгандыктан, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин тизмесинде[3] жогоруда белгиленгендей «Теология» жана «Дин таануу» багыттарынан башка, мындай адистик жок.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасында диний билим берүү диний уюмдардын жана диний ишенимдердин эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдагы нормалары менен гана жөнгө салынуучу объект, башкача айтканда, ДОЖдор  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын маңызы боюнча билим берүү тармагында укуктук субъективдүүлүккө ээ эмес, билим берүү укук мамилелеринин катышуучулары боло алышпайт жана аларга билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу талабы коюлбайт. Демек, диний билим берүү лицензияны талап кылган Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын маңызына ылайык билим берүү ишмердүүлүгүнө кирбейт.

Динди окутууга жана диний тарбия берүүгө келсек, бул түшүнүктөр менен аныкталган ишмердүүлүктүн түрлөрү да Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө кирбейт. А бул, биздин көз карашыбызда, диний ишенимдердин эркиндигин ишке ашырууда туура позиция. Болбосо динди окутууну жана диний тарбия берүүнү да камтыган, диний ишмердикти жана ишенимди жайылтуу үчүн түзүлгөн диний уюмдар билим берүү мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан лицензияланууга тийиш болушу керек болчу. Билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу кандайдыр бир деңгээлде абийир жана динге ишенүү эркиндигин чектөөгө алып келмек жана эркиндик болбой калмак. Ушул эле тыянактар диний билим берүүгө да таандык.  

Бирок бул мамлекет аларды такыр эле көзөмөлдөбөйт дегендик эмес. Мыйзам чыгаруучу аларга белгилүү чектөөлөрдү коёт. Динди окутуу жана диний тарбия милдеттүү түрдөгү негизги жана жалпы билим алууга тоскоолдук жаратпоосу керек. Милдеттүү түрдө билим алууга тоскоолдук жаратуу диний уюмдардын жабылышы, диний уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу, соттук иштерди камтыган (“Кыргыз Республикасында диний ишенимдердин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгү) жагымсыз кесепеттерге алып келет.

Көрсөтүлгөн түшүнүктөрдү анализдөөдө Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесинин нормаларын эске алуу керек. Ал жерде “билим берүү” түшүнүгү мамлекетти, коомду, жеке адамды гармониялуу түрдө өнүктүрүү, өстүрүү максатында үзгүлтүксүз окутуу жана тарбия берүүнүн системалуу процесси деп түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, билим берүү процесси окутуу жана тарбия берүү процессин камтыйт. 

Демек, билим берүү бир жагынан болсо, экинчи жагынан окутуу жана тарбия берүү, бир бүтүндүк жана анын бөлүктөрүндөй. Бул мааниде диний билим берүүнүн мазмундук өзгөчөлүгү катары дин жөнүндө билимди жана диний билимди колдонуудагы билим берүү ишмердүүлүгү катары караса болот. Биринчиси диний билим алуу дегендик болсо, экинчиси дин таануучулук.

Демек, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, диний уюм катталат жана өз ишмердүүлүгүн биргелешип ишенимди жайылтуу боюнча ишке ашырат жана ДОЖдорду каттайт жана билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт, муну дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык гана жүргүзө алат.

[1] Караңыз: Трошкина Т.Н. Россиядагы диний билим: Заманбап укук колдонуу практикасындагы тенденциялар. Россиянын билим берүү мыйзамдарынын жылдык китеби. 16-том,  2021-ж. Төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://lexed.ru/ezhegodnik-rossiyskogo-obrazovatelnogo-zakonodatelstva/book/tom16/religioznoe-obrazovanie-v-rossii-tendentsii-sovremennoy-pravoprimenitelnoy-praktiki-/

[2] Караңыз: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 56-пункту

[3] Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы №160 “Кыргыз Республикасындагы орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү тууралуу” токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №496 токтому “Бүтүрүүчүгө “бакалавр” квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнү даярдоо багыттарынын тизмесин бекитүү тууралуу”.

                                                                           

 

 

4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык, диний уюмдардын билим берүү ишин жүргүзүү укугу жөнүндө

Буга чейин көрсөтүлгөндөй, диний билим берүү уюмдарынын (бирикмелеринин) билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу жана аны иштетүү үчүн лицензияны алуу/берүү Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинде каралган.

Аталган норманын маңызына ылайык, диний уюмдар ошол эле учурда билим берүүчү уюм да болуусу керек. Эгер төмөнкү шарттар аткарыла турган болсо, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алууга укуктуу: 

- Тиешелүү конфессиянын жетекчилиги тарабынан көрсөтүлүүсү керек;

- Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдук берилүүсү керек;

- Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлдагы №334 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо тартиби боюнча убактылуу жобо).

Кыргыз Республикасынын ошол эле “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы жана мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларын (Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгү) алгандан кийин гана ишке ашыра алышары айтылган.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын аккредитациясы жөнүндөгү мыйзамдын талаптарына ылайык, аккредитациядан өткөндөр гана бүтүрүүчүлөргө уюмдун өзүнүн чечими менен мамлекеттик үлгүдөгү документти же өздөрүнүн үлгүсүндөгү документти бере алат.

Демек,  Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн диний уюм лицензия алышы керек, аккредитациядан өтүшү керек. Бирок бул максаттары үчүн диний уюм билим берүү уюмун түзүүсү керек.

Бирок Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, диний уюмдар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга ылайык билим берүү уюмдарын түзө албагандай эле, диний окуу жайларды кошпогондо, билим берүү уюмдарында диний уюм түзүүгө уруксат берилбейт,

Диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дин кызматкерлерин жана аларга зарыл болгон диний персоналды даярдоого гана укуктуу жана өз уставдарына ылайык, диний окуу жайларды (ДОЖ) түзүү, аны өз каржы булактарынан каржылоо, бул үчүн өздөрүнүн имараттарын колдонууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, жарандар жогорку жана орто диний окуу жайларга кабыл алынса, анда диний уюмдар жогорку жана орто билим берүү үчүн ДОЖдорду түзүүгө укуктуу.

Жогорудагы нормаларды чечмелөөдө диний уюмдар Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын маңызына ылайык, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн билим берүү уюмдарын түзүүгө укуктуу эмес экенин, ал эми алардын диний билим берүү ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамынын нормалары менен жөнгө салынарын түшүнсө болот.

Муну менен бирге диний билим берүүнүн стандарттары (тартип, окуу пландары, билим берүү программалары) конфессиялардын өзү тарабынан, ал эми диний стандарттын светтик бөлүмүн билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний билим алуу

“Кыргыз Республикасындагы диний ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жогорку жана орто диний окуу жайларына жарандар Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, милдеттүү жалпы орто билим алгандан кийин кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, мектептеги билим берүү билим берүү системасынын негизги бөлүгү болуп эсептелет жана өзүнө төмөнкү 3 этапты камтыйт:

- башталгыч жалпы – 1-4-класстар;
- негизги жалпы – 5-9-класстар;
- орто жалпы – 10-11-класстар.
Башталгыч жалпы билим берүү, негизги жалпы билим берүү, орто жалпы билим берүү Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн билим берүүнүн милдеттүү деңгээли болуп саналат.
Ошого жараша жогорку жана орто ДОЖго орто жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин, б.а., 11-классты бүтүрүп, жалпы орто билими жөнүндө аттестат алгандан кийин гана тапшырууга болот.
Муну менен катар коомдо жогорудагы норманын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Ар бир жаран билим алууга укуктуу” жана “Негизги жалпы билим милдеттүү” деп белгиленген 46-беренесине ылайык келиши тууралуу, б.а., Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесинде айтылгандай, 11-классты эмес, 9-классты бүтүрүү боюнча дискуссия жаралды. Бул талкуунун маңызы бир тарап ДОЖго Конституцияга ылайык, 9-классты бүтүп тапшырса болот деп, а экинчи тарап 11-классты аяктагандан кийин тапшырууга болот деп эсептегенине байланыштуу. Учурда ДОЖго 9-классты аяктагандан кийин келген окуучулар параллелдүү орто мектепке да барышат деген жол менен практика жүрүп жатат. Бул абал жогоруда айтылган нормалардын ар кандай чечмеленишинен улам келип чыккан.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык, 9-класстын деңгээлине туура келген жалпы орто билим алуу милдети чындап белгиленген. Бирок диний билим алуу маселелери «Кыргыз Республикасындагы диний ишенимдер эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат, мында жогоруда көрсөтүлгөндөй, орто жалпы билим берүү мекемесин аяктагандан кийин, б.а., 11-классты аяктагандан кийин гана жогорку жана орто ДОЖго тапшырууга болот.
Мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири сапаттуу билим берүү менен камсыз кылуу болуп саналат. Ошону менен бирге мамлекет башкы милдети катары мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик билим берүү мекемелерин өнүктүрүүнү коёт, ал эми жеке билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты аккредитациялоо, аттестациялоо жүргүзүү жана алардын билим берүү кызматтары рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү аркылуу жөнгө салынат.
Мындан улам мамлекет да сапаттуу диний билим берүүнү көзөмөлгө алышы керекпи деген суроо туулат.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) маалыматы боюнча, республикада 92 медресе иштейт. Анын 16сы кыздар үчүн, 17си аралаш, калганы жалаң балдар үчүн. Диний мектептерде 8193 окуучу билим алат. Ал жакта окуу бөлүмүнүн башчысынын айтымында, медресеге 9-классты окугандар гана кабыл алынат. Христиан, буддист жана иудей диний уюмдарынын жана бирикмелеринин да өздөрүнүн диний окуу жайлары жана борборлору бар.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, статусу боюнча бул окуу жайлары тиешелүү диний уюмдар тарабынан түзүлгөн ДОЖ болуп саналат. Ал эми «Кыргыз Республикасындагы диний ишенимдер эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, диний окуу жайлары, анын ичинде медреседе да, ортобу же жогоркубу, кандай окуу жайы экенине карабастан, алар орто жалпы билим алгандан кийин, башкача айтканда, 11-класстан кийин окууга кабыл алышы керек.
“Кыргыз Республикасындагы диний ишенимдердин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгү диний окуу жайларында диний сабактарды окуткан адамдарга карата негизги талаптарды белгилейт. Светтик билим берүү мекемелеринен айырмаланып, ДОЖ билим берүү процесси биринчи кезекте белгилүү бир диний ишенимдин көз карашынан изилдөөнү камтыйт жана башка конфессиялардын өкүлдөрүнө карата сабырдуулукту өнүктүрүүгө дайыма эле көмөктөшө бербейт. Ошондуктан мамлекет мыйзамда белгиленген формаларда окуу-тарбия жана башка билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө системалуу түрдө көзөмөл жүргүзүүгө тийиш. Ушуга таянып, ДОЖдо билим берүүнүн деңгээли тиешелүү мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын бөлүмдөрүнүн өздөрүнүн тыкыр көңүл буруусунда турат, атап айтканда: окутуунун абалы, окуу-методикалык программаларды көзөмөлдөө тартиби, санитардык-гигиеналык шарттар жана билим берүүнүн деңгээлинин диндер аралык түшүнүшүүнү жана толеранттуулукту камсыз кылууда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка шайкештигине көңүл буруу керек.
Маанилүү аспект – ДОЖдо диний сабактарды окуткан адамдардын билим деңгээли, атайын руханий билимдин болушу жана диний башкармалыктан, борбордон окутуучулук иш жүргүзүүгө уруксаты болушу керек.
ДОЖдор бүтүрүүчүлөр алган билими жана квалификациясы жөнүндө документтерди берет, алардын формасын диний уюмдар өздөрү белгилешет. Диний билими тууралуу диплом аларга адистиги боюнча тиешелүү диний же коомдук уюмдарда гана ишке орношууга укук берет.
Орто ДОЖду аяктагандыгы жөнүндө документ анын бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында диний билим берүүдөн башка билим берүүнүн башка баскычтарына тапшырууга мүмкүндүк бербейт. ДОЖдун бүтүрүүчүсү Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамында белгиленген билими жөнүндө документтеринин, атап айтканда, орто негизги билими жөнүндөгү (9-классты бүткөндүгү тууралуу) күбөлүгү, орто жалпы билими жөнүндөгү (11-классты аяктагандыгы жөнүндө) аттестаттын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик үлгүдөгү орто же жогорку кесиптик билим жөнүндө дипломдун негизинде гана Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн башка баскычтарына кирүүгө жана билимдин тиешелүү деңгээлиндеги тиешелүү квалификацияны алууга укуктуу.
Ошентип, Кыргыз Республикасында диний билим алууну «Кыргыз Республикасындагы диний ишенимдердин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана каттоодон өткөн диний окуу жайларынан алууга болот, аны аяктагандыгы жөнүндө документ тийиштүү диний же коомдук уюмдарда гана адистигине ылайык жумушка орношууга мүмкүндүк берет.