Адамдарды диний ишенимдерди тутууга же аларды башкаларга алмаштырууга мажбурлоодон коргоо

Бул бөлүм, белгилүү бир динди тутууга мажбурлоодон же өз динин өзгөртүүгө мажбурлоодон коргоо механизмдерине арналат. Адамдар динчил адамдарды же динге ишенбеген адамдарды өз динин же ишенимдерин өзгөртүүгө мажбурлоо максатын көздөгөн, же диний белгиси боюнча билим алууга, медициналык кызматтарды алууга же ишке кирүүгө мүмкүнчүлүгүн чектөө аркылуу ушундай мажбурлоо болуп чыккан саясаттардын жана практикалардын таасирине кабылышы мүмкүн. Мисалы, белгилүү бир динди же ишенимди кабыл алса жумуш беребиз деп, же бир динди таштаса же ишенимден баш тартса саламаттык сактоо кызматтарын чектейбиз деп, адамды бир нерсени тандоого такап коюусу мүмкүн. Белгилүү бир дин же диний ишеним жаатында окутууну өз ичине алган мамлекеттик билим берүү да, эгерде басмырлоочу мүнөздөгү өзгөчөлүккө ээ болбосо жана ата-энелердин же камкорчулардын каалоолорун эске алган альтернативдүү варианттар каралбаган болсо, эгерде мектеп программасына киргизилген маалымат жана билимдер объективдүүлүктөн, сындан жана плюрализмден алыс болсо, өзгөчө динге карата ар кандай прозелитизмден эркин болгон тынч жагдайда, окуучуларда сын пикирде ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жол бербесе, бул да кыйыр түрдө мажбурлоо катары баалануусу мүмкүн. Башка жагынан алганда, диний ишенимдерди өзгөртүүгө багытталган, бирок адамдын/адамдардын өзүнүн диний же башка (диний эмес) ишенимдерди билдирген аракеттерди ажырата билүү зарыл, жана мындай ишмердик коргоону колдонот. Ушуга байланыштуу, физикалык күч колдонуп зомбулук кылуу же ушундай зомбулук кылам деп коркутуу жок болгон мажбурлоо учурларына мамиле көрсөтүүнүн механизмдерин жана шаймандарын карап көрүү сунушталат. Бул макалада үч учур сүрөттөлөт: 1) адамдар өз динин алмаштырууга динге ишенген адамдар тарабынан мажбурлоого дуушар болгон; 2) бийлик органдары өз динин өзгөртүүгө мажбурлоого түздөн-түз багытталган шарттарды түзө турган чечимдерди кабыл алган; 3) мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын жобосу ар бир адамдын абийир жана дин тутуу эркиндигин, анын ичинде диний жана башка, ошондой эле атеисттик ишенимдерге ээ болууну эркин тандоо боюнча конституциялык укугун бузган учурлар. Адамдарды зомбулуктан же диний ишенимдерине байланыштуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуудан коргонуу механизмдери “Зомбулукка жана зомбулук колдоном деп коркутууга мамиле көрсөтүү” деген 3-макалада сүрөттөлгөн, жана тиешелүү түрдө, жана ага ылайык диний ишенимдерди карманууга же аларды өзгөртүүгө мажбурлоодо зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу болгон учурларда аталган бөлүмгө кайрылуу керек.

1. Өз динин алмаштырууга мажбурлоого мамиле көрсөтүү

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарандын динге, дин тутууга же тутпоого, кудайга табынууга же табынбоого, диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катышууга же катышпоого, диний окууга карата болгон өзүнүн мамилесин аныктаган учурда аны кандайдыр бир жол менен мажбурлоого тыюу салынат (4-берене, 3-бөлүк).

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, бир конфессиянын жолдоочуларын башкаларды жолдоого (прозелитизм) багытталган көшөргөн иш-аракеттерге тыюу салынат.  Бирок, Мыйзам “көшөргөндүк” түшүнүгүнө аныктама бербейт, бул болсо, субъективдүү чечмелөөгө мүмкүндүк берип, прозелитизмдин укук ченемдүүлүгүн же укук ченемдүү эместигин аныктоодо кыянаттыктарга жол ачат, анткени, башка динге өткөрүү боюнча так ушул “көшөргөн” аракеттер жоопкерчиликке алып келүүсү керек.

Ожегов менен Ушаковдун орус тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө “көшөр” деген сөз “көктүк кылуу”, “өз билгенинен кайтпоо”, “өжөрлөнүү” дегенди билдирет.  Түшүндүрмө сөздүктөрдөгү сөздүн лексикалык мааниси да, бир конфессиядагы динчил адамдарды башка конфессияга өткөрүүгө багытталган кайсы “көшөргөн” иш-аракеттерди тыюу салынган прозелетизм катары аныкталган көшөргөн аракеттерге бир маанилүү түшүнүк бере албайт.

 Талкууланып жаткан мыйзамдын ченемин түзүүдө мыйзам чыгаруучу “көшөргөн” сөзүн колдонуунун тууралыгын жана орундуулугун кайра карап чыгуусу керек.  Себеби, көшөргөндүк, көктүк, ырааттуулукту жана бекемдикти көрсөтүү, албетте, башка диндердин жолдоочуларын өз динине бурууга болгон аракетте ийгиликке жетүүнүн ажырагыс шарттары эмеспи.  Ошентсе да, эң бир көшөргөн, көгөргөн, ырааттуу жана бекем болгон аракеттер да, эгерде аларда зомбулукка жана зомбулук көрсөтөм деп коркутууга ишара жок болсо, мажбурлоо мүнөзү жок болуусу мүмкүн. 

Мыйзамдын орус жана кыргыз тилдериндеги текстиндеги 5-беренесинин 4-бөлүгүнүн маанисине жана мазмунуна көңүл буруу керек. Эгерде бул ченемдин орусча текстинде бир конфессиянын жолдоочуларын башкаларды жолдоого багытталган “көшөргөн” аракеттерге басым жасоо менен тыюу салынса, анда кыргызча текстинде “көшөр” сөзүнүн өзү да жок. Мындайча айтканда, мыйзамдын кыргызча текстине таянсак, бир конфессиянын жолдоочуларын башкаларды жолдого багытталган, башкача айтканда диний прозелитизмдин ар кандай түрүнө тыюу салынат. Бул таптакыр туура эмес, анткени мурда белгиленгендей, башкалардын диний ишенимдерин өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттер, адамдын/адамдардын диний же башка (диний эмес) ишенимдерин билдирет жана мындай ишмердик коргоодон пайдаланат.

Мындай эркиндик, көз караштардын мазмунуна, бул көз караштарды билдирүүнүн мүнөзүнө жана жеке жак же мамлекет тарабынан кийлигишүүнүн бар же жок экендигине карабастан коргоодон пайдалануусу керек.  Бирок, мындай ишмердик чексиз болуп эсептелбейт, жана салынган чектөөлөр мыйзамдуу максаттарды, анын ичинде мажбурлоого кабылбастан диний же башка ишенимдерге ээ болууга же аларды сактоого укуктарды көздөөсү керек, жана жалаң гана диний же идеологиялык максаттар үчүн киргизилбөөсү керек.

Кандайдыр бир актыны же аракетти (аракет кылууну) жол коюлгус мажбурлоочу мүнөзгө ээ деп табуу, анын келип чыгуу булагынан, объектинен, бул ишмердик орун алган орундан, жана ошол аракеттин мүнөзүнөн көз каранды.  Ар бир учурда, конкреттүү шарттардын айкалышы чоң мааниге ээ.

Мисалы:

М. айылынын тургундары, узак убакыт бою, евангелиелик христиандыкты жолдогон Н. аттуу жаранга анын ишенчээктигинен жана момундугунан пайдаланып, ага таасир этүүнүн ар кандай зомбулуксуз жолдорун колдонуу менен,  Ндин айылдын бардык эркектери менен бирге мечитке келип сыйынып калуусуна жетишишкен. 

Келтирилген мисалдагы Н. аттуу жаранга таасир этүүнүн жолдору жана усулдары, прозелитизмдин “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгүндө тыюу салынган түрүн түзөбү деген суроону чечүүдө, Н. аттуу жаранга таасир этүүдөгү жолдорду жана усулдарды көрсөткөн аракеттердин мүнөзүн тактоодон жана балоодон тышкары, бир катар шарттарды, адамдын диний ишенимдерине карата эркин жана маалыматтуу тандоо жасоодогу мүмкүн болгон же болбогон шарттарды аныктоо зарыл. Мисалы, Н. өз диний ишенимдерин өзгөртүүгө багытталган аракеттерден кетип калуу мүмкүнчүлүгү бар беле, Н. өз көз караштарын жана артык көрүүлөрүн билдирүүдө эркин болгонбу, өз диний ишенимдерин өзгөртүүгө багытталган аракеттерге карата өз көз караштарын билдиргенден же баш тарткандан кийин куугунтуктоо болгонбу.

Белгилүү бир динди тутууга же динин өзгөртүүгө мажбурлоо максатында динге ишенген адамдарга же диний уюмдардын мүчөлөрүнө таасир этүүнүн ар кандай усулдары, адам укуктарын коргоонун заманбап принциптерине туура келбесе, мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчилик тартууга алып келет.

Белгилүү бир жагдайларда, мындай аракеттер топту уюштуруу же жетектөө, анын иши диний окууларды жайылтуу жана диний каадаларды аткаруу түрүндө жүргүзүлүп, эгерде ал жарандардын укуктарына олуттуу зыян келтирүү менен коштолсо, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленген, Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинде каралган кылмыш катары да сыпатталышы мүмкүн. Жасалган кылмыштын кесепети катары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-тиркемесине ылайык, адам укуктарына олуттуу зыян катары адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууну түшүнүү керек.

Ошентип, натыйжасында ар бир адамдын абийир жана дин тутуу, жекече же башкалар менен биргеликте ар кандай динди тутунуу же эч бирин тутунбоо, диний же башка ишенимдерди эркин тандоо жана аларга ээ болуу эркиндигине болгон конституциялык укугунун бузулуусу “мыйзамга ылайыксыз прозелитизм” катары мүнөздөлгөн аракеттер, ойдон чыгарылган диний илимдерди таратуу жана диний ырым-жырымдарды аткаруу шылтоосу менен түзүлгөн топ тарабынан ишке ашырылгандыгы далилденген учурда, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинде каралган кылмыш курамынын объективдүү тарабын түзөт.

Бул кылмыштын субъектилери болуп, кандайдыр бир жол (системалуу түрдө катышуу ж.б.) менен мүчөлүктү жол-жобологон жана анын курамын түзгөн топтун мүчөлөрү гана эмес, ошондой эле, бул топтун укукка каршы келген максаттарын, конкреттүү акцияларын колдогон жана анын ишмердигинде түздөн-түз жана жигердүү катышкан адамдар эсептелет.  Топтун мүчөсү болуп эсептелбеген жана анын укукка каршы жана башка ишмердигинде түздөн-түз катышпаган, бирок, бул топко же анын өкүлдөрүнө кандайдыр бир жол менен көмөк (бир жолку каржылоо, алдын ала убадаланган калкалоо, ж.б.) көрсөткөн адамдар бул кылмышка жардам кылгандык үчүн жоопко тартылышат.

Топту уюштуруу жана аны жетектөө, ошондой эле топтун ишмердигине жигердүү катышуу, жана мындай топтун ишмердигин системалуу түрдө пропагандалоо үчүн,  беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга чейин жаза каралган.

Ушул беренеде топтун уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын өз алдынча кылмыш курамдарын түзгөн ишмердикти жүзөгө ашыргандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралбайт, ушуга байланыштуу, мындай учурларда алар тарабынан жүзөгө ашырылган нерселер кылмыштардын жыйындысы катары сыпатталат.

Мындай топтун таасирине кабылган адамдар, кылмыш жасалган жери боюнча ички иштер органына арыз менен кайрылууга укуктуу, ал орган, КЖПКнын 159-беренесинде белгиленген тергөөнүн караштуулугуна ылайык, мыйзамсыз диний топту уюштурууну өз ичине алган адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.

Арыз ички иштер органы тарабынан кабыл алынып, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталуусу керек.  Арыз берүүчүгө кабарлоо-талону – кылмыш тууралуу кабыл алынган арыздын эсепке алуу журналында катталгандыгы жөнүндө документ, анда арызды кабыл алган адам, катталган убактысы жана арыз ээси өз арызынын статусун андан ары онлайн режимде, каалаган учурда көрө алышы үчүн каттоо номери (анда милдеттүү түрдө QR-кодду көрсөтүү менен) берилиши керек. Уюлдук телефон аркылуу QR-кодду  сканерлеп, ал арыз боюнча акыркы маалыматты ала алат.

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө арыз алынган учурдан тартып, тергөөчү арыз ээсин жабырлануучу деп таап, ал тууралуу токтом чыгарат.  Ушул учурдан тартып анда КЖПКнын 40-беренесинде бекитилген жабырлануучунун укуктары жана милдеттери пайда болот.  Өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү жана кеңейтүү үчүн, жабырлануучу иште катышуу үчүн адвокатты, же кылмыш ишинин өндүрүшүндө анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамдын күчү менен көрсөтүүгө укуктуу башка адамды тартуусу мүмкүн.  Жабырлануучунун өкүлүндө жабырлануучуда  болгон бардык процессуалдык укуктар жана милдеттер болот, ал эми адвокат болсо, “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинде каралган укуктардан пайдаланат.

Жабырлануучунун өзүнө, анын жакын туугандарына, күйөөсүнө (аялына) зомбулук көрсөтүү же болбосо башка укукка жат жосунду колдонуу менен мыйзамсыз таасир этүү коркунучу болгон учурда, коопсуздук чараларын көрүү боюнча арыз менен токтоосуз түрдө тергөөчүгө кайрылуу керек.  Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан жабырлануучунун, анын жакын туугандарынын, күйөөсүнүн (аялынын) жекече коопсуздугун камсыз кылуу максатында КЖПКнын 77-беренесинде каралган чаралар, ошондой эле “Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамдын 6-беренесинде каралган башка чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Көрүлгөн коопсуздук чараларына карабастан, сотко чейинки өндүрүш органын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, жабырлануучуга карата пайда болгон коркунучка байланыштуу, ошого негиздер болгон учурда сотко чейинки өндүрүш баштоого милдеттүү.

Зомбулукка же аны колдонуу коркунучуна байланыштуу арызды каттоо кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоого негиз болуп саналат. Жабырлануучу жана анын өкүлү далилдерди келтирүүгө, өтүнүч жана четтетүү билдирүүгө, алардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө амалдарына катышууга, жабырлануучунун катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын протоколдору менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга жана аларга сын-пикир билдирүүгө, сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, сотко катышууга, соттук жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөгө, айыптоону колдоого, сот отурумунун протоколу менен таанышууга жана ага карата сын-пикирлерин билдирүүгө, соттун чечимдерине даттанууга, иш боюнча берилген даттануулар, сунуштамалар жөнүндө кабардар болууга жана аларга каршы пикир билдирүүгө, даттануулар жана сунуштамаларды сотто кароого катышууга укуктуу.

Сот, прокурор, тергөөчү КЖПКнын 13-беренесине ылайык жабырлануучунун укуктарын коргоону камсыз кылууга, аларды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, анын мыйзамдуу талаптарын канааттандырууга өз убагында чараларды көрүүгө милдеттүү.

Жабырлануучу жана анын өкүлү, андай аракеттер (аракетсиздиктер) же чечим алардын кызыкчылыктарын козгосо, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун ар кандай аракеттерине (аракетсиздиктерине) же чечимине даттанууга укуктуу.  Даттануулар мыйзам боюнча даттанууну кароого жана ал боюнча чечим кабыл алууга укуктуу болгон мамлекеттик органга же кызмат адамына, ошондой эле прокурорго же сотко берилет.

Ушундай жол менен кылмыш жөнүндө арызды кабыл алуудан жана каттоодон баш тартууга, жабырлануучу деп таануудан баш тартууга, анын коопсуздугуна чара көрүү жөнүндө, четтетүү жөнүндө, кылмыш ишин же жосун боюнча ишти териштирүүнү создуктурууга, сотко чейинки өндүрүш органынын башка укукка жат жана мыйзамсыз аракеттерине даттанууга болот.

Жабырлануучунун кылмыш-жаза сот өндүрүшүн ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын аракеттери боюнча даттануулар боюнча кайрылуу эрежелери, мөөнөттөрү жана даттанууларды кароо тартиптери КЖПКнын 16-главасында белгиленген. Соттун чечимдерине апелляциялык тартипте даттануу тартиби КЖПКнын 46-главасында, соттун чечимдерине кассациялык тартипте даттануу – КЖПКнын 51-главасында аныкталат.

Күч менен зомбулук колдонбостон же аны колдоном деп коркутпастан жасалган “мыйзамга ылайыксыз прозелитизмден” жабыркаган адам аларга кайрылганда, иштеп жүргөн юристтер жана адвокаттар жабырлануучуну коргоонун бардык мыйзамдуу каражаттарын жана жолдорун колдонууга жана мындай учурларды териштирүүнүн натыйжалуулугуна көмөк көрсөтүүгө, күнөөлүүлөрдүн сөзсүз жазалануусун камсыз кылууга, жабырлануучунун бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө, материалдык зыяндын ордун толтурууга жана моралдык залалды компенсациялоого көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. 

2. Административдик актыларга, администрациялык органдардын аракеттерине жана аракетсиздиктерине мамиле көрсөтүү

Мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын, же мыйзам тарабынан административдик жол-жоболорду туруктуу же убактылуу ишке ашырууга ыйгарым укук берилген атайын түзүлгөн органдын аракеттери (аракетсиздиктери), же чечимдери адамды өз динин өзгөртүүгө мажбур кылууга түздөн-түз багытталган шарттарды түзгөн учурлар кездешип турат.  Мисалы, спорттук комплекске ээлик кылган мамлекеттик ишкананын администрациясы, сууга түшүүчү “буркини” мусулман костюму менен бассейнге кирүүгө тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарды, же дагы бир мисал, өлгөн адамдар айылдардын түпкүлүктүү жашоочулары болгондуктан, мыйзам боюнча муниципалдык көрүстөндө көмүлүүгө укуктуу болгондугуна карабастан, муниципалитет, жергиликтүү “мусулман” көрүстөндөрүндө христиан динин тутунган азиялыктарды көмүү үчүн жер тилкесин берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Бул учурда, иштеп жаткан механизмдер төмөндөгүдөй аракеттерди божомолдойт.

 

2.1. Административдик даттануу

Өз динин өзгөртүүгө мажбурлоого алып келген же алып келүүсү мүмкүн болгон административдик органдардын актылары, аракеттери же аракетсиздиктери, 2015-жылдын 31-июлундагы №210 “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – административдик жол-жоболор жөнүндө Мыйзам) 10-главасына ылайык, административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин соттук тартипте даттанылат.

Административдик даттанууну ким бере алат?

Административдик жол-жоболор жөнүндө Мыйзамдын 61-беренесине ылайык, арыздануучу жана кызыкдар жак өз укуктарын коргоо максатында административдик актыга, администрациялык органдын аракетине же аракетсиздигине даттанууга укуктуу.

Мыйзамдын 4-беренесинин 13-пунктуна ылайык, кызыкдар жак деп, ага карата администрациялык орган өз демилгеси боюнча административдик акт кабыл алган жак, ошондой эле укугу же мыйзам менен корголгон кызыкчылыгы административдик актынын натыйжасында козголушу мүмкүн болгон жак түшүнүлөт.

 

Административдик даттануу кайда берилет?

Жалпы эрежелер боюнча коомдук-укуктук талашты соттук кароо алдын ала административдик даттануусуз мүмкүн эмес.  Демек мындан, административдик органдардын актылары, аракеттери (аракетсиздиги) административдик (сотко чейинки) тартипте даттанылууга тийиш экендиги келип чыгат, административдик тартипте кароодон канааттанбаган учурда гана, адам сотко кайрылууга укуктуу.  Талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки тартибин сактабагандык, 2017-жылдын 25-январындагы №13 Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин (мындан ары-АПКнын) 113-беренесинин жана 115-беренесинин негизинде соттун доону кабыл алуудан баш тартуусуна же доону кайра кайтаруусуна алып келүүсү мүмкүн.

Административдик жол-жоболор жөнүндө Мыйзам (62-берене) административдик актыларга же администрациялык органдардын аракетине (аракетсиздигине) даттануу тартибин белгилейт. Бул тартипке ылайык, эгерде административдик акт даттанылып жаткан болсо, даттануу административдик актыны кабыл алган администрациялык органга же жогору турган администрациялык органга берилет. Эгерде сөз администрациялык органдын аракетине (аракетсиздигине) даттануу жөнүндө жүрүп жаткан болсо, даттануу жогору турган администрациялык органга же жогору турган кызмат адамына гана берилет.  Жогору турган администрациялык орган же жогору турган кызмат адамы болбогондо, администрациялык органдын аракети же аракетсиздиги сот тартибинде даттанылат.

Ошондуктан, даттанууну берүүдөн мурда, биринчиден, даттануунун предметин (чечим, аракет же аракетсиздик), экинчиден, бул же тигил администрациялык орган кимге баш ийе тургандыгын же кимдин түзүмүнө кире тургандыгын аныктоо керек.  Жогору турган администрациялык органды же кызмат адамын аныктоо кыйын болгон учурда, 2022-жылдын 10-августундагы №91 “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, консультативдик укуктук жардам алуу үчүн кайрылуу керек.

Административдик даттанууну берүү мөөнөтү

Административдик жол-жоболор жөнүндө Мыйзамдын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, административдик даттануу административдик акт тапшырылган күндөн тартып же администрациялык орган тарабынан аракеттер жасалган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн.  Администрациялык органдын аракетсиздигине даттанууга да жалпы тартип боюнча 30 күндүк мөөнөт коюлган. Даттанууну берүү мөөнөттөрүнө көңүлдү бүт коюп мамиле жасоо керек, анткени, аларды өткөрүп жиберген учурда, аны калыбына келтирүү жалаң гана жүйөлүү себептер (ооруп калуу, узак мөөнөттүү кызматтык сапар, ж.б.) менен жүргүзүлөт.

Административдик даттанууну даярдоо жана жол-жоболоо боюнча талаптар

Административдик жол-жоболор жөнүндө Мыйзам 64-беренеде административдик даттанууларга коюлуучу талаптарды белгилейт.  Ушул талаптарга ылайык, даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу берилген администрациялык органдын аталышын;

2) даттанууну берүүчү жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин;

3) даттануу предметин

(биринчи кезекте, даттанууда эмне даттанылуусу аныкталат: административдик акт, администрациялык органдын же кызмат адамынын аракети же аракетсиздиги.  Булар жөнүндө даттануунун титулунда жазылуусу керек. Мисал үчүн, баландай административдик актыга, же аракетке же болбосо аракетсиздикке административдик даттануу

4) даттанууну берген жактын талабын;

(даттануунун башкы максаты – бузулган укуктарды, эркиндиктерди жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоо.  Ошондуктан, даттанууда адамдын талаптары так баяндалышы керек, кайрылган адам администрациялык органдардан же кызмат адамдарынан эмнеге жетишүүгө талаптанып жатат, мисалы, административдик актыны жокко чыгаруу же өзгөртүү; жаңы административдик акт чыгартуу, аракетти мыйзамсыз деп табуу жана аны токтотуу, кандайдыр бир аракетти ишке ашырууга милдеттендирүү, укуктан пайдаланууга тоскоолдукту четтетүү, ж.б.);

5) даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин;

(иштин жагдайларына жана даттануунун предметине тийешеси болгон бардык документтер даттанууга тиркелиши керек.  Мындан даттанууну кароонун толуктугу, объективдүүлүгү жана натыйжалуулугу көз каранды.  Документтердин арасында ошондой эле сканерленген, электрондук документтерди, фото- жана видео материалдарды камтыган көчүрмөлөр болуусу мүмкүн).

6) даттануу берүүнүн күнүн, айын жана жылын;

(мындай маалыматтар, даттануу берүүнүн жана аны кароонун мөөнөттөрүнө байланышкан мүмкүн болуучу талаш-тартыштарды чечүү үчүн, актыларды чыгаруу жана аракеттерди жасоонун реалдуу мөөнөттөрүн белгилөө үчүн маанилүү).

7) даттанууну берген адамдын колтамгасын.

Көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда, даттануу кыймылсыз калтырылат.  Администрациялык орган кемчиликтерди токтоосуз көрсөтөт жана даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттөрдүн чектеринде аларды четтетүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.

Административдик даттанууну берүүнүн жолдору

Административдик даттануу төмөнкү жолдор менен берилүүсү мүмкүн:

  • даттанууну карай турган административдик органга же кызмат адамына түздөн-түз алып келип берүү;

Мында даттанууну кабыл алгандыгы тууралуу тастыктама (алгандыгы тууралуу белги, кайрылуунун көчүрмөсүнө штамп) алууга аракет кылуу керек

  • Тапшырылгандыгын кабарлоо менен буюртма почта аркылуу жөнөтүү.

Мындан тышкары, административдик даттануу берүү үчүн, жарандар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты жакшыртуу жана кайрылууларды борборлоштуруп кабыл алуу жана андан ары тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүү үчүн 2014-жылда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылууларынын “kattar.kg” порталынан пайдаланса болот.

Бирок, кандай жол менен берилгендигине карабастан, административдик органда даттануу катталгандыгына ынануу керек, анткени, так ушул күндөн тартып административдик жол-жобо козголот.

Административдик даттанууну кароо

Административдик даттануу, даттанылуучу актынын мыйзамдуулук көз карашынан, ал эми дискрециялык ыйгарым укуктарды аткаруу учурунда - максатка ылайыктуулук көз карашынан да каралат. Административдик даттанууну кароодо администрациялык орган иште болгон, ошондой эле кошумча берилген далилдерди жетекчиликке алат.

Административдик даттануунун маңызы боюнча чечим кабыл алуу

Административдик актыга административдик даттанууну карап чыгып, бул административдик актыны кабыл алган администрациялык орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) административдик актыны жокко чыгарып же аны арзыбас деп таап, же жаңы административдик актыны кабыл алып, даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандырууга;

2) даттанууну канааттандырбастан жана административдик актыны өзгөртүүсүз калтырууга.

Администрациялык органдын же кызмат адамынын аракетине административдик даттанууну карап чыгып, жогору турган администрациялык орган же кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде аракет даттануу кабыл алынган учурда улантылып жатса, даттанылган аракетти толук же жарым-жартылай мыйзамсыз деп таанып жана ал аракетти токтотуп, даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандырууга;

2) аракет мыйзамдуу болгон деген негиз менен даттанууну канааттандырбастан калтырууга.

Администрациялык органдын же кызмат адамынын аракетсиздигине административдик даттанууну карап чыгып, жогору турган администрациялык орган же кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде жогору турган администрациялык орган же кызмат адамы талап кылынган аракетти жасоого укуктуу болгон учурда, даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандырууга жана талап кылынган аракетти тиешелүүлүгүнө жараша толук же жарым-жартылай жүргүзүүгө;

2) даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандырууга жана төмөн турган администрациялык органды же кызмат адамын даттанылуучу аракетти жасоону милдеттендирүүгө;

3) эгерде аракетсиздик мыйзамдуу болсо, даттанууну канааттандырбастан калтырууга.

Административдик даттануу боюнча чечим, кабыл алынгандан кийин үч күндүн ичинде  кызыкдар жактарга жөнөтүлөт же кол койдурулуп тапшырылат. 

2.2. Сотто талашуу

Өз динин өзгөртүүгө мажбурлоого алып келген же алып келүүчү административдик актыларды, администрациялык органдардын аракеттерин жана аракетсиздигин сотто талашуунун тартиби Конституция, 2021-жылдын 15-наябрындагы №134 “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө” конституциялык Мыйзамы, Административдик-процесстик кодекси аларга ылайык кабыл алынган, мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык күчүнө кирген мыйзамдар тарабынан белгиленет.  

Административдик доо берүү тартиби

Административдик доо деп, административдик (коомдук-укуктук) мамилелерден келип чыккан бузулган же талашылып жаткан укуктарды, эркиндиктерди же мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарды коргоо боюнча коомдук-укуктук мамилелердин субъектиси тарабынан сотко берилген процессуалдык документ түшүнүлөт.

Административдик актыны же аракеттерди талашып жаткан адам, жоопкерлердин жайгашкан жери боюнча облустук же Бишкек шаардык райондор аралык сотко төмөндөгүдөй талаптарды камтуусу мүмкүн болгон административдик  доо коюуга укуктуу:

  1. административдик актыны же жоопкердин аракеттерин толугу менен же анын бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө; 
  2. жоопкердин доогерге оорчулук келтирген административдик актыны кабыл албоо, же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоо милдети жөнүндө;  
  3. жоопкердин административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдеттери жөнүндө; 
  4. жоопкердин мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыны жараксыз деп таануу жөнүндө; 
  5. жоопкердин күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.

Доо сотко административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык каралган административдик даттануу боюнча администрациялык органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

Административдик доого талаптар

Административдик доо, доо арыз түрүндө берилип, АПКнын 111-беренесине ылайык, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) доо берилүүчү соттун аталышы;

2) эгерде доогердин фамилиясы, аты-жөнү (аталышы), почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар;

3) эгерде жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген орду, почта дареги, телефондорунун номерлери, ошондой эле банктык реквизиттери жана электрондук почтасынын дареги белгилүү болсо, алар;

4) даттанылуучу актынын жана ушул актыны кабыл алган органдын же кызмат адамынын аталышы;

5) административдик органдын же кызмат адамынын даттанылуучу аракетинин (аракетсиздигинин) сыпаттамасы;

6) даттанылуучу акт кабыл алынган, даттанылган иш-аракет жасалган дата;

7) актыга, даттануу тууралуу маалыматтар, талаш-тартышты соттон тышкары тартипте чечүүдөгү аракет (аракетсиздик);

8) даттанылып жаткан акт, аракет (аракетсиздик) жагынан доочунун фактылары жана талаптары;

9) тиркелүүчү документтердин жана материалдардын тизмеги.

  1. Административдик доого төмөнкүлөр тиркелет:

1) даттанылуучу акт же анын көчүрмөсү;

2) талаш-тартышты сотко чейинки тартипте чечүүдө административдик даттануу боюнча кабыл алынган административдик органдын чечими;

3) доонун негизи болуп кызмат кылган далилдер;

4) доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, аны төлөнгөнү тууралуу документ;

5) административдик процесстин башка катышуучуларында болбогон административдик доонун көчүрмөлөрүнүн жана ага тиркелген документтердин административдик процесстин башка катышуучуларына жиберилгенин ырастоочу тапшыруу жөнүндө кабарландыруу же башка документтер;

6) эгерде жазуу жүзүндөгү өтүнмө бар болсо, ал;

7) чет тилдеги документтердин мамлекеттик же расмий тилге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн котормолору.

Административдик ишти кароо

Талаш-тартышты ишти сотко чейин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн айкындоо жана ушул Кодексте каралган мөөнөттө ар тараптуу жана объективдүү чечүүнү камсыз кылуу максатында АПКнын 125-беренесинде каралган тартипте алдын ала соттук жыйналыш жүргүзүлөт.

Административдик иш, ишти даярдалган деп таанып, соттук териштирүүгө дайындаган аныктама чыгарылган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөт ичинде каралат жана чечилет.

Административдик иш боюнча соттук териштирүү, соттук отурумда, процесстин катышуучуларын чакыруу менен өткөрүлөт.  Доогер ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде, б.а. АПКнын 131-беренесинде каралгандай тартипте, оозеки териштирүүдө кароо жүргүзбөстөн кароо жөнүндө өтүнмө бере алат.

Административдик процесстин алкагында, административдик доогер АПКнын 36-беренесинде каралган укуктардын бардык көлөмүнөн пайдалана алат, анын ичинде:

1) иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрмө алууга, көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга;

2) четтетүү билдирүүгө;

3) далилдерди келтирүүгө жана аларды иликтөөгө катышууга;

4) процесстин башка катышуучуларына, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроолорду берүүгө;

5) өтүнмө билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

6) соттук процесстин жүрүшүндө пайда болгон бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн келтирүүгө;

7) процесстин башка катышуучуларынын өтүнмөлөрүнө жана жүйөлөрүнө каршы пикирин айтууга;

8) сот актыларына даттанууга;

9) өздөрүнө ушул Кодекс тарабынан берилген башка процесстик укуктардан пайдаланууга. 

АПКнын 29-беренесине ылайык, административдик доогер сотто жеке өзү же болбосо бир же бир нече өкүл аркылуу процесстик иш-аракеттерди жасоого укуктуу.   Өкүл, АПКнын 31-беренесинде каралгандай, дайындоочунун атынан бардык процесстик иш-аракеттерди жасоого укуктуу.  Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн ыйгарым укуктары ишеним катта көрсөтүлөт, ал эми адвокаттыкы – тапшырма ордери менен ырасталат.

Соттун чечими менен, сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыра алат же болбосо аны канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартат.  Чечим соттук жыйналышта жарыя кылынат, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү кол койдуруу менен түздөн-түз сотто тапшырылат. Чечимди жарыя кылууда катышпаган процесстин катышуучуларына, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү ал жарыя кылынган күндөн тартып үч күндүн ичинде тапшырылганы жөнүндө кабарландырмасы менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт.

Соттук жыйналышта мыйзамдын бузулган учурлары аныкталганда, сот жеке аныктама чыгарууга жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жеке аныктаманын көчүрмөсү алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өздөрү көргөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. 

Доогер биринчи инстанциядагы соттун чечимине канааттанбаса, АПКнын 24-главасына ылайык, облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясына апелляциялык тартипте, жана АПКнын 26-главасында белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык тартипте даттанууга акысы бар.

 

3. Ар бир адамдын абийир, дин тутуу жана ишеним, ар кандай динге жекече же башкалар менен бирге табынуу же эч кандай динди тутпоо, диний же башка ишенимдерди эркин тандоо эркиндиги боюнча адамдын конституциялык укугун бузган мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын жоболорун талашуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.

Эгерде, колдонуудагы мыйзамдар же башка ченемдик-укуктук актылар, адамды өз диний ишенимдерин өзгөртүүгө мажбурлай турган шарттарды же басмырлоочу жоболорду камтыса, ал адам Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна (мындан ары – Конституциялык сот) мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын бүтүндөй же бир бөлүгүнүн Конституцияга ылайыктуулугун текшерүү жана Негизги мыйзамга карама-каршы келген учурда аны конституциялык эмес деп таануу жөнүндө өтүнмө менен кайрылууга укуктуу.  “Мыйзамдар” деген термин астында конституциялык мыйзамдар да түшүнүлөт.  Конституциялык сот жалаң гана Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, Улуттук банктын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик-укуктук актыларын карайт.  Ченемдик эмес мүнөздөгү актылар (жекече укуктук актылар) Конституциялык сотто конституциялык көзөмөлгө жатпайт.

Талашылып жаткан ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугун текшерүүдө, Конституциялык палата анын Конституцияга ылайыктуулугун төмөндөгүлөр боюнча аныктайт: 

1) ченемдердин мазмуну боюнча;

2) укуктук актынын таризи боюнча;

3) кабыл алуу, кол коюу, жарыялоо жана күчүнө киргизүү тартиби боюнча.

Конституциялык процесс 2021-жылдын 15-ноябрындагы №133 “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” (мындан ары Конституциялык Мыйзам)  Кыргыз Республикасынын Конституциялык  сотунун  2022-жылдын 18-февралындагы №02-П Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун  Регламенти менен катуу регламенттелет.

Белгиленип өткөндөй, жеке жак (жактар) мыйзамдарда жана башка ченемдик-укуктук актыларда анын Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери, ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 34-беренесинде каралган абийир жана дин тутуу эркиндиги, ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугу, диндик жана башка ишенимдерин эркин тандоого жана тутууга, өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурлабоо укугу бузулуп жатат деп эсептесе, ал өтүнүч менен Конституциялык сотко кайрылууга укуктуу. 

Кайрылууга (өтүнүчкө) коюлган жалпы талаптар 

Конституциялык сотко кайрылуу (өтүнүч) жазуу жүзүндө берилет жана укук берилген адам (адамдар) тарабынан кол коюлат. Өтүнүч, ошондой эле ага тиркелген материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилет. 

 Өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Конституциялык соттун аталышы;

2) өтүнүчтүн аталышы, дареги жана кайрылуучуга тиешеси бар башка зарыл маалыматтар;

Сөзсүз түрдө фамилиясын, атын, атасынын аты; дареги жана арыз ээси тууралуу башка маалыматтар, мисалы, телефон номери, электрондук почтасы ж.б. Эгерде сөз жарандардын жамааттык кайрылуусу жөнүндө болсо, анда, жарандардын ар бири тууралуу толук маалыматты көрсөтүү керек.

3) кайрылуучунун өкүлүнүн аталышы, дареги жана анын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, ага тиешеси бар башка маалыматтар;

Конституциялык мыйзамга ылайык, өтүнүч менен кайрылган адам (жак) өзүнүн иштерин жеке өзү, же саны үчтөн ашпаган өкүлдөрү аркылуу жүргүзө алат.  Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган тартипте жол-жоболонулат.

4) конституциялуулугу текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актыга кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аталышы, дареги;

5) Конституциялык сотко кайрылууга укук берген Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын ченемдери;

Өтүнүчтө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 3-бөлүгүнө, Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесине таянуу керек

6) тарап өзүнүн талабын негиздеген жана өзү берген фактыларды тастыктаган далилдер жагдайлар;

Мындай шарттар жана далилдер, конкреттүү бир ишти чечүүдө даттанылып жаткан мыйзамдын колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон учурда келтирилет.  Кайрылууга, Конституциялык мыйзамдын 28-беренесинде саналган документтерден тышкары, мындай колдонууну же колдонуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган расмий документтин көчүрмөсү тиркелет.  Арыз ээсине мындай документтин көчүрмөсүн берүү, анын талабы боюнча ишти карап жаткан кызмат адамы же орган тарабынан жүргүзүлөт.

7) талашылып жаткан ченемдик актынын толук аталышы, номуру, кабыл алынган датасы, жарыяланган булактары жана башка реквизиттери;

Бул маалыматты мыйзамдар басылып чыгуучу расмий басылмалардан алууга болот: “КР Жогорку Кеңешинин жарчысы”, “Эркин Тоо” гезити, ошондой эле КР Юстиция министрлигинин сайтындагы КРнын укуктук маалыматтарынын борбордук банкы (cbd.minjust.gov.kg). 

8) конкреттүү, ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн кайрылууну кароо негиздери;

Аталган мыйзамдын 26-беренесинин экинчи бөлүмүнө ылайык, мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу – ишти кароого негиз болуп эсептелет.

9) кайрылуучунун коюлган маселе боюнча көз карашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси;

Кайрылуунун бул бөлүгүндө өзгөчө көңүлдү кандай жол менен мыйзам же башка ченемдик укуктук акт (же анын бир ченеми) Конституцияга карама-каршы келип, адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузат; бул мыйзам атап айтканда Конституциянын кайсы ченемдерин, адамдын кайсы конституциялык укуктарын бузат (КР Конституциясынын берене номурларын көрсөтүү) жана бул кандайча көрүнөт.  Кайрылууда жөн гана Конституциянын ченемдерин эле көрсөтүп коюу жетишсиз, талашылып жаткан ченемдин конституциялык эмес экендигинин пайдасына жүйөлөрдү келтирүү керек. Башкача айтканда, кайрылууда коюлган суроо боюнча арыз ээсинин позициясын так көрсөтүп, ошондой эле Конституциянын тиешелүү ченемдерине шилтеме берүү менен толук жана ишенимдүү укуктук негиздеме берүү керек.

10) Конституциялык сотко сунуштама, өтүнүч, суроо-талап менен байланышкан кайрылуунун талабы;

Мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын кайсы беренесин (мыйзамдын бөлүгүн, пунктун же мыйзам беренесинин пунктундагы белгилүү бир сүйлөмдөрүн) арыз ээси Конституцияга ылайык келбейт же карама-каршы келет деп, ал эми жеке жана юридикалык жактар – алардын укуктарын жана эркиндиктерин бузат деп таанууну суранат.

11) тиркелген документтердин тизмеги.

Кайрылууга, кайрылуучу тарап бүтүндөй же бир бөлүгүнүн конституциялуулугу талашылып жаткан ченемдик укуктук актынын текстинин көчүрмөсү, ошондой эле өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ тиркелет. Зарыл болгон учурда, кайрылууга Конституциялык соттун отурумуна чакырылууга жаткан адамдардын тизмеси, алардын дареги, ошондой эле башка документтер жана материалдар тиркелет. 

Конституциялык сотко келип түшкөн кайрылуулар милдеттүү түрдө алардын келип түшкөн күнү катталууга жатат. 

Кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө маселени катталган учурдан тартып отуз жумушчу күндүн ичинде чечүү үчүн келип түшкөн кайрылуу Конституциялык соттун төрагасы тарабынан Конституциялык соттун үч судьядан турган коллегиясына берилет. 

Коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартат:

  1. эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;
  2. эгерде кайрылуу тиешелүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип түшсө;
  3. эгерде кайрылуу тараптын Конституциялык сотто иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же болбосо өкүл ушул конституциялык Мыйзамда каралбаган адам болуп эсептелсе;
  4. эгерде кайрылууда билдирилген талап Конституциялык соттун кароосуна караштуу болбосо;
  5. эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселенин конституциялуулугу Конституциялык сот тарабынан текшерилсе жана анын өз күчүн сактаган актысы бар болсо.
  6. эгерде кайра кайрылууда талашылып жаткан ченемдик укуктук актыга тиешелүү жаңы аргументтер жана жүйөлөр жок болсо

Өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө же болбосо аны кабыл алуу тууралуу аныктама үч айдын ичинде тараптар тарабынан Конституциялык сотко даттанылышы мүмкүн. Конституциялык сот тарабынан бул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнчө токтом кабыл алынат. 

Кыргыз Республикасында конституциялык сот өндүрүшү акысыз жүргүзүлөт, башкача айтканда, тараптар, анын ичинде кайрылуучу мамлекеттик алымды төлөбөйт.

Конституциялык сот өндүрүшүнүн баскычтары 

Конституциялык сот өндүрүшү бири-бирин ырааттуу түрдө алмаштыруучу баскычтардын жыйындысын түзөт:

1) кайрылууну киргизүү (биздин учурда кайрылуу өтүнүч түрүндө берилет);

2) кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуу;

3) ишти кароого даярдоо;

4) ишти Конституциялык соттун отурумунда кароо;

5) актыларды кабыл алуу;

6) жарыялоо, басып чыгаруу жана актылардын күчүнө кирүүсү;

7) актыларды аткаруу.

Өтүнүчтөрдү кароо мөөнөттөрү

Конституциялык сот өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну аны кабыл алган күндөн тартып беш айдын ичинде карайт жана ал боюнча акт чыгарат. 

Процесстик укуктар

Конституциялык мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык сотко өтүнүч менен кайрылуучу жана анын өкүлдөрү иштин материалдары менен таанышууга, алардан ичинен жазып алууларды жүргүзүүгө, көчүрмөлөрдү алууга, далилдерди берүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн жана пикирлерин билдирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.  Алар ошондой эле өтүнүч билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жүзүндө түшүнүктөрдү берүүгө, берилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.

Кайрылуучу тарап өз талаптарынын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу. Тараптар өз укуктарын ак ниеттүү пайдаланууга милдеттүү. Сотко атайын жалган маалыматтарды берүү Конституциялык сотту урматтабагандык катары бааланат жана мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.

Конституциялык соттун чечими

Конституциялык сот мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык келбейт деп табат.

Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.  Конституциялык соттун актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга жатат.

Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин белгилөө  алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот чечимдерин кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушун жокко чыгарат. Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция, ошондой эле Конституциялык соттун чечими колдонулат. Конституциялык эмес деп табылган, мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын ченемдерине негизделген сот актылары, укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир конкреттүү учурда ошол актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат.

Конституциялык соттун жекече аныктамалары

Сот жыйналышында мыйзамдуулук бузулган, ошондой эле Конституциялык соттун актылары аткарылбаган учурлар табылса, Конституциялык сот жекече аныктама чыгарууга жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар бир айдын ичинде кабыл алынган чаралар жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Конституциялык соттун талаптарын аткарбаган учурда күнөөлүү кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык жоопко тартылышы мүмкүн. Мында бул жагдай тиешелүү кызмат адамдарын Конституциялык соттун жекече аныктамасын аткаруу  милдетинен бошотпойт.