Пандемиянын/өзгөчө абалдын шарттарында дин тутуу эркиндигин чектөө

Коронавирус илдети биздин мезгилдин олуттуу чакырыгы болуп калды, анын кесепеттерин масштабы боюнча өткөн кылымдын башка өзгөчө мүнөздөгү көйгөйлөрүнүн бири менен да салыштырып болбойт. Жалпысынан алганда дүйнөдө 150 миллиондон ашуун адам жуктуруп алып, алардын үч миллиондон ашууну көз жумган.

COVID-19 илдети пандемиянын деңгээлине жетип, илдеттин тез жайылышын токтотуу, калктын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо максатында мамлекеттерди катуу чектөө чаралары менен өзгөчө абал режимин киргизүүгө аргасыз кылды.  Бул чаралар мамлекеттерди татаал тандоо кырдаалына алып келди, анда адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу менен пандемиядан улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн ортосунда тең салмактуулукту табуу үчүн алар жоопкерчиликтүү жана популярдуу эмес чечимдерди кабыл алууга туура келди.  Мында Кыргызстан дагы бул жагдайдан четте калган жок.

Биздин өлкө адам укуктары боюнча тогуз келишимдин сегизин, анын ичинде Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактты (мындан ары – ЖСУЭП) ратификациялады.  Адам укуктары боюнча келишимдердин катышуучусу катары Кыргыз Республикасы төмөнкүлөрдү өзүнө милдет алды: адам укуктарын сыйлоо – адам укуктарын пайдаланууга кийлигишүүдөн алыс болуу;

  • Адам укуктарын сактоо – адам укуктарын толугу менен жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүү;
  • Адам укуктарын коргоо – адамдардын өз укуктарын пайдалануусуна башка адамдардын кийлигишүүсүнө жол бербөө, алардын укуктарын бузуудан ар бир адамды коргоо үчүн жооптуу.

1. Адам укуктары боюнча эл аралык стандарттардан четтөөлөр

Эл аралык Келишимдердин укуктары жөнүндө Вена конвенциясынын 26-беренесине ылайык, колдонуудагы ар бир келишим анын катышуучулары үчүн милдеттүү жана алар тарабынан ак ниеттүүлүк менен аткарылышы керек[1]. Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди натыйжалуу ишке ашыруу, юрисдикциялык аймакта ар дайым жана бардык жерде адам укуктарын сактоо жана коргоо функцияларынын мамлекет тарабынан кынтыксыз аткарылышын божомолдойт.

Бирок, бул эрежеден тышкаркы учурлар да бар. Ошентип, ЖСУЭПтин 4-беренесинин 1-пункту, “улуттун өмүрү коркунучта турган” өзгөчө кырдаал келип чыккан шартта, катышуучу мамлекеттерге Пакт боюнча милдеттенмелеринен четтөө мүмкүнчүлүгүн берет.

“Улуттун өмүрүнө коркунуч” дегенде, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын жоболорундагы чектөөлөр жана четтөөлөрдү түшүндүрүүнүн Сиракуз принциптеринин (мындан ары – Сиракуз принциптери)  39-пунктуна ылайык, “бүтүндөй калкты, ошондой эле мамлекеттин аймагын бүтүндөй же бир бөлүгүн камтыйт, жана калктын физикалык бүтүндүгүнө, мамлекеттин саясий көзкарандысыздыгына же аймактык бүтүндүгүнө, ошондой эле, ЖСУЭПте таанылган укуктардын корголушун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү институттардын болушуна же нормалдуу иштешине коркунуч келтирген” коркунуч түшүнүлөт.

Адам укуктары боюнча эл аралык органдар коронавирус пандемиясын “улуттун өмүрүнө коркунуч келтирет” деп тааныды, демек, мамлекеттердин ЖСУЭП алдындагы милдеттенмелерин мыйзамдуу түрдө четтөө үчүн негиз болуп саналат.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети COVID-19 пандемиясына байланыштуу Пакттын жоболорунан четтөө жөнүндө билдирүүсүндө, Пакттагы милдеттенмелеринен четтөө менен чукул чараларды көрүүдө катышуучу мамлекеттер тарабынан аткарылууга тийиш болгон негизги талаптарды жана шарттарды белгиледи.  Негизинен, бул талаптар төмөнкүдөй:

  • Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жоболордон четтөө чаралары жөнүндө токтоосуз билдирүү жана алардын кабыл алынышынын себептери, өзгөчө абалдын колдонулушун узартуу жана четтөөнү токтотуу жөнүндө так түшүндүрмө берүү;
  • Четтөө чаралары Пактта көрсөтүлгөн милдеттенмелерден калктын ден-соолугунун абалын эске алуу менен, зарыл болгон гана деңгээлде четтеп кетиши мүмкүн;
  • Четтөөлөр мүмкүн болушунча мөөнөтү, географиялык камтуусу жана материалдык чөйрөсү менен чектелиши керек, жана ага карата колдонулган санкциялар менен кошо бардык аракеттер пропорционалдуу мүнөздө болуусу керек.
  • Катышуучу-мамлекеттер, эгерде алар ары-бери жүрүү эркиндиги, ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу же тынч чогулуштар укугу көрсөтүлгөн кээ бир укуктарды Пактта баяндалган чектөөлөр жөнүндө жоболорго ылайык чектөө мүмкүндүгүн, же жеке кол тийбестик эркиндиги жана жеке турмуштун кол тийбестиги укугу каралган айрым укуктардын иштешине акылга сыярлык чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен коомдук саламаттык сактоо жаатындагы максаттарына же мамлекеттик саясаттын башка максаттарына жетүүгө кудуреттүү болсо, Пактта бекитилген укуктардан четтебеши керек;
  • Катышкан мамлекеттер чукул ыйгарым укуктарды колдоно алышпайт анткени алар басмырлоочу мүнөзгө ээ болоорлук деңгээлде жоболордон четтей алышпайт, ошондой эле эл аралык мыйзамдар боюнча, анын ичинде адам укуктары боюнча башка эл аралык келишимдерде өзүлөрүнө алган жана бузууга болбой турган башка милдеттенмелерди да буза алышпайт.

Четтөөгө жол берилбей турган укуктар ЖСУЭПтин 4-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн:

  • Жашоо укугу (ЖСУЭПтин 6-беренеси);
  • кыйноолорго, ж.б. катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого (ЖСУЭПтин 7-беренеси);
  • кулчулукка жана эрксиз абалда кармоого тыюу салуу (ЖСУЭПтин 8-беренеси);
  • келишимдик милдеттенмелерди аткаруу мүмкүн болбогондуктан гана адамды эркиндиктен ажыратууга тыюу салуу (ЖСУЭПтин 11-беренеси);
  • кайтарым күчүнө ээ болгон мыйзамдарды колдонууга тыюу салуу (ЖСУЭПтин 15-беренеси);
  • ар бир адамды укук субъектиси катары таануу (ЖСУЭПтин 16-беренеси);
  • ой-пикир, абийир жана дин эркиндиги (ЖСУЭПтин 18-беренеси).

Ушул эле укуктар менен катар, четтөөгө жол берилбей турган болуп төмөнкүлөр таанылды:

  • укуктук коргоонун (четтөөгө жатпаган, адамдын башка укуктарын ишке ашырууга болгон зарыл шарты) натыйжалуу каражатына болгон укук[2];
  • акыйкат соттук териштирүүнүн фундаменталдуу принциптери[3];
  • өзүм билемдик менен камакта кармоого жол бербөөнүн негизги кепилдиктери[4];
  • качкындарды өлкөдөн чыгарбоо принциби[5].

Адам укуктары боюнча башка эл аралык келишимдерде четтөө жөнүндө атайын жоболор жок.  Экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды (тамак-ашка, ден-соолукка, турак-жайга, социалдык коргоого, сууга жана санитарияга, билим алууга жана жетиштүү жашоо деңгээлине) урматтоо, коргоо жана сактоо, өздөрүндө ресурстардын бар экендигине карабастан ар кандай басмырлоону жок кылуу боюнча мамлекеттин милдеттенмелери өзгөчө кырдаалдарда дагы аракет кыла берет.

-----

[1] Эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө Вена конвенциясы, 26-берене.

[2] БУУ АУК, № 29-жалпы тартиптеги эскертүү – ЖСУЭП 4-берене, пп. 14-15.

[3] БУУ АУК, № 29-жалпы тартиптеги эскертүү, п. 16; № 32-жалпы тартиптеги эскертүү (2007), п. 6. Мунун ичине көзкарандысыз жана калыс сот тарабынан иштин каралышына укук (БУУ АУК, № 32-жалпы тартиптеги эскертүү (2007), п. 19); күнөөсүздүк жоромолу (№ 32-жалпы тартиптеги эскертүү (2007), п. 6); адвокатка жетүүгө мүмкүнчүлүк алуу укугу; камакка алуу же камакта кармоо жолу менен эркиндигинен ажыратылган ар бир адамдын анын ишинин (көзкарандысыз жана калыс) сотто тез каралуусуна укугу, сот алардын кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө токтоосуз чечим чыгарып, эгерде камакка алуу мыйзамсыз болсо, аны бошотууга буйрук берет /  камакка алуунун мыйзамдуулугун талашуу укугу – habeas corpus (БУУ АУК, № 29-жалпы тартиптеги эскертүү, п. 16; № 35-жалпы тартиптеги эскертүү – 9-берене (Эркиндик жана жеке кол тийбестик), п. 67).

[4] БУУ АУК, № 35-жалпы тартиптеги эскертүү – 9-берене (Эркиндик жана жеке кол тийбестик), п. 66-67, анда сот камакка алуунун мыйзамдуулугу жөнүндө токтоосуз чечим кабыл алышы үчүн сотко кайрылуу укугу жөнүндө айтылат.

[5] Караңыз: БУУнун Башкы Ассамблеясы, Резолюция А/RES/51/75, 1997-жылдын 12-февралы, п. 3. Ошондой эле караңыз: UN High Commissioner for Refugees (UNHCR), Advisory Opinion on the Extraterritorial Application of Non-Refoulement Obligations under the 1951 Convention relating to the Status of Refugees and its 1967 Protocol [1951-жылдагы Качкындардын статусу жөнүндө Конвенцияга жана анын 1967-жылдагы Протоколуна ылайык, качкындарды чыгарып жиберүүгө (башка жакка берүүгө) жол бербөө боюнча милдеттенмелерди экстерриториалдык колдонуу маселеси боюнча БУУ КЖКБнын Консультативдик корутундусу], 26 January 2007, paras. 12 and 20; “Чахал Улуу Британияга каршы” иши боюнча АУЕКтин токтому.

[Улуу Палата], № 22414/93 даттануу, 1996-ж. 15-ноябрындагы токтом, п. 80 (англ.); ошондой эле “Саади Италияга каршы” иши, [Улуу Палата], № 37201/06 даттануу, 2008-ж. 28-февраль, п. 137 (англ.).

2. COVID-19 Кыргызстанда

Кыргызстанда COVID-19дун биринчи учурлары 2020-жылдын 18-мартында катталган.  Коронавирус илдетин жуктуруп алган жана каза болгон адамдардын санынын кийинки көбөйүшү чечкиндүү жана катаал чараларды көрүүнү талап кылды.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай кырдаалга жооп кайтаруунун бир нече варианттары каралган:

1. өзгөчө абалды киргизүү

Өзгөчө абал кризистик кырдаал пайда болгон учурда киргизилиши мүмкүн, аны чукул чараларды колдонбостон жоюу мүмкүн эмес.  Алар төмөндөгүдөй кризистик кырдаалдар болушу мүмкүн:

  • биологиялык мүнөздөгү (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия);
  • социалдык мүнөздөгү (зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу);
  • табигый-техногендик мүнөздөгү (табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе).

Өзгөчө абал 1998-жылдын 24-октябрындагы №135 “Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык Мыйзамга ылайык, бүткүл өлкө боюнча – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен, же айрым жерлерде – андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилиши же жокко чыгарылышы менен өлкөнүн Президентинин жарлыгы менен киргизилиши мүмкүн.

2. өзгөчө кырдаал режимин киргизүү

Адамдардын өлүмүнө, алардын ден-соолугуна жана айлана чөйрөгө зыянга, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген  кооптуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, кыргын салуучу куралдардын таасиринин натыйжасында өлкөнүн белгилүү бир аймагында пайда болгон кырдаал келип чыккан учурда, өзгөчө кырдаал режими киргизилиши мүмкүн.

Өзгөчө кырдаал режими 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен киргизилиши мүмкүн.

3. убактылуу чектөө (карантин) жана санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуу) чараларын киргизүү

Убактылуу чектөө жана санитардык-эпидемияга каршы чаралары Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы №248 “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун жетекчилеринин сунуштамасы боюнча өткөрүлөт.  Чектөө чараларын (карантинди) киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Аталган үч режимдин айырмасы чектөөчү таасирдин деңгээлинде.  Эң катаалы өзгөчө абал режими, ал эми эң жумшагы болуп чектөө чаралары эсептелет.

Мындай көп түрдүүлүк, Кыргызстандын бийлигине өлкөдөгү пандемиялык кырдаалдын ар кандай баскычында оптималдуу жооп кайтаруу сценарийин тандап алууга мүмкүнчүлүк берди.

Ошентип, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана калктын арасында массалык ооруларга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-б буйругу менен, Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Кыргыз Республикасынын аймагында биологиялык жана социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүүдөгү Ыкчам иш-аракеттер планы бекитилген.

Кийинчерээк, пандемияга байланыштуу кырдаал курчуп жатканда, жарандардын өмүрүн жана ден-соолугун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти коргоону камсыз кылуу кызыкчылыгында, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарына Коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №55 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө” Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №56 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө” Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №57 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө” Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги №72 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө” Жарлыгы менен өлкөнүн аталган административдик-аймактык бирдиктеринин аймагында өзгөчө абал режими киргизилген.

Ушул Жарлыктарга ылайык, өзгөчө абал киргизилген бардык административдик аймактарда комендатуралар түзүлүп, коменданттар дайындалган.  Ошол эле учурда, “Өзгөчө кырдаал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптарын аткаруу максатында, Жарлыктар менен жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине өзгөчө чаралар жана убактылуу чектөөлөр белгиленди, алардын ичинде төмөнкүлөр көңүлдү бурат:

  • коменданттык саатты киргизүү;
  • жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүү;
  • айрым жарандардын белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин) же алар обсервацияда же дарылоодо турган жерди таштап кетүүсүнө тыюу салуу;
  • оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш-таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, өткөрүүгө тыюу салуу;
  • карантин киргизүү жана башка милдеттүү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү;
  • транспорттук каражаттардын кыймылын чектөө;
  • көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүү;
  • жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлору, туулган күндөрдү жана башка иш-чараларды) өткөрүүнү жөнгө салуу.

“Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 5-беренесинин талаптарына ылайык чыгарылган Президенттин бардык Жарлыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-мартындагы N 3651-VI, 2020-жылдын 24-мартындагы N 3652-VI, 2020-жылдын 24-мартындагы N 3653-VI жана 2020-жылдын 15-апрелиндеги №3667-VI токтомдору менен бекитилген. Мында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Жарлыктарда каралган өзгөчө чаралардын, укуктарды жана эркиндиктерди чектөөлөрдүн тизмеси жана чектери өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес.

Президенттин жогоруда аталган Жарлыктарын жетекчиликке алып, комендатуралар өз жоопкерчилик чөлкөмүндөгү өзгөчө абал мезгилинде чектөө чараларын конкреттештирүүчү өздөрүнүн буйруктарын чыгарышкан.

Мисалы, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 17 жана 22-беренелеринин негизинде чыгарылган Бишкек шаарынын комендатурасынын 2020-жылдын 30-мартындагы №15 “Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” буйругу менен борбор шаардын аймагында өтө зарылчылык болбосо адамдардын жана менчик унаалардын жүрүшүнө тыюу салынган.  Ушул буйрукка ылайык, адамдар өз үйлөрүнөн көчөгө төмөнкү максаттарда гана чыга алышкан:

  • каттоо маалыматтары боюнча жашаган жерден 1,5км радиустагы дүкөндө азык-түлүк товарларын, дарыканаларда дары-дармек препараттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу;
  • жашаган жерден 100 метрден ашык эмес радиуста, 30 мүнөттөн ашык эмес убакытка үй жаныбарларын бастыруу;
  • өзгөчө учурда медициналык мекемеге баруу;
  • күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалда жана адамдын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулган учурларда үйүнөн чыгуу.

Комендатуранын ушул эле буйругу менен төмөндөгүлөргө тыюу салынды:

  • туугандарына, тааныштарына, кошуналарына, кесиптештерине, ж.б. барууга;
  • бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн тышкары, үч кишиден ашык топ менен чогулууга;
  • улуулардын коштоосу жок жашы жетпегендердин шаарда жүрүүсү.

Шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу уюмдарды жана ишканаларды кошпогондо, бардык уюмдардын жана ишканалардын иши токтотулган, анын ичинде:

  • саламаттык сактоо тутуму;
  • шаардык инфраструктура жана коммуналдык кызматтар;
  • кайра-иштетүү өнөр-жайы жана айыл чарба;
  • чекене соода, коомдук тамактануу жана курулуш.

3. Өзгөчө чаралардын дин тутуу эркиндигине тийгизген кесепеттери

Киргизилген өзгөчө чаралар жана социалдык аралык кармоо тартиби биринчилерден болуп, жана олуттуу түрдө дин жана ынанымдар эркиндигине, жана өзгөчө өз динин башкалар менен чогуу тутунуу эркиндиги сыяктуу аспекттерине таасир этти.

Ибадат кылуу, адатта адамдардын чоң тобунун катышуусун камтый тургандыгын жана ар кандай коомдук иш-чаралар вирустун жайылышы жагынан өзгөчө кооптуу деп эсептелгендигин эске алганда, киргизилген чукул чаралар жана социалдык аралык адамдардын сыйынуу жайларына жетүүсүн бир кыйла чектеди, диний майрамдарды белгилөө жана диний жөрөлгөлөргө, анын ичинде жаназа окууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасирин тийгизди.

Мурда белгиленгендей, ой-пикир, абийир жана дин тутуу эркиндиги ЖСУЭПтин 4-беренесинин 2-пунктуна ылайык, өзгөчө абал учурунда да, эч кандай четтөөгө жол берилбеген укуктардын тобуна кирет.  Бирок, Адам укуктары боюнча комитет №29-Жалпы тартиптеги эскертүүнүн 7-пунктунда белгилегендей, “теориялык жактан алганда, Пакттын кандайдыр бир жобосун четтөөгө болбойт деп табуу, кандайдыр бир негизделген чектөөлөрдүн мүмкүн эместигин билдирбейт. 4-берененин 2-пунктунда жасалган, чектөөлөр жөнүндө атайын клаузула бар болгон 18-берененин 3-пунктуна шилтеме чектөөлөрдүн жол берилиши четтөөлөрдүн мүмкүн экендигинен көз каранды эмес экендигин көрсөтөт”.

Толук айкындуулук үчүн, дин тутуу же ынаным эркиндигине болгон укуктун эки өлчөмүн так айырмалоо керек:

  1. ички өлчөм (forum internum) – өз тандоосу боюнча динге же ишенимге ээ болуу эркиндиги, ошондой эле динди же ишенимди өзгөртүү укугун да өз ичине алат;
  2. тышкы компонент (forum externum) – иш-аракеттердин кеңири спектрин камтыган динди же ишенимди тутуу эркиндигине сыйынуу эркиндиги, тутунган динди же ишенимди окутуу жана үгүттөө, тутунган диндин же ишеним системасынын ырым-жырымдарын сактоо кирет.

Дин тутуу жана ишенүү эркиндигинин ички ченеми толугу менен корголот жана ЖСУЭПтин 18-беренесинде жазылган чектөөчү жоболорго баш ийбейт. Чектөөлөр тышкы компонентке кошулушу мүмкүн.  Ошол эле учурда, ар кандай чектөө белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү керек.

Биринчи жолу адам укуктары менен эркиндиктерин мыйзамдуу түрдө мамлекеттик чектөө критерийлери Адам укуктарынын жалпы декларациясында баяндалган.  Декларациянын 29-беренесине ылайык,өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир  адам эң оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо  адеп-ахлактын,  коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын канааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушарланууга тийиш”.

Ушундай эле критерийлер ЖСУЭПтин 12, 18, 19, 21 жана 22-беренелеринде баяндалган.

Дин тутуу жана ишенүү эркиндиги жөнүндө болсо, Адам укуктары боюнча комитет белгилегендей, “өтө олуттуу өзгөчө кырдаалдарда дагы, өз динин же ишенимин тутунуу эркиндигин бузган мамлекеттер, өз иш-аракеттерин ЖСУЭПтин 18-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга карата негиздөөсү керек”.

Бул талаптардын маңызы, динди жана ишенимдерди тутунуу эркиндиги мыйзамда көрсөтүлгөн жана коомдук коопсуздукту, тартипти, ден соолукту жана абройду, ошондой эле башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган чектөөлөргө гана жол берет дегенди билдирет.

Ошентип, динди же ишенимди тутунуу эркиндигин мамлекеттин чектөөсүнүн конкреттүү фактысынын мыйзамдуулугун үч суроодон турган жөнөкөй тесттин жардамы менен баалоого болот:

  1. чектөө мыйзам тарабынан коюлган беле?

Сиракуз принциптеринде адам укуктарын ар кандай чектөө ЖСУЭПке карама-каршы келбеген жана чектөө коюлган учурда колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык гана жол менен киргизилиши керек деп айтылат.  Адам укуктарынан пайдаланууну чектеген ченемдер так жазылып, баарына жеткиликтүү болушу керек.  Мыйзамда адам укуктарын мыйзамсыз жана бейукук киргизүүгө же чектөөлөрдү колдонууга каршы жетиштүү кепилдиктер жана коргоонун натыйжалуу каражаттары алдын ала каралышы керек[1].

  1. Чектөөлөр мыйзамдуу максатты көздөгөнбү жана ошол максатка өлчөмдөшпү?

Бааланып жаткан кырдаал ЖСУЭПтин 18-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызыкчылыктардын толук тизмесинин бирин же бир нечесин коргошу керек, атап айтканда:

 

  1. чектөө демократиялык коомдо зарыл беле?

Дин тутуу жана ишенүү эркиндигине болгон ар кандай чектөө так жана айкын мыйзамга ылайык келсе дагы, мыйзамдуу максаттарга жетүүгө кызмат кылса дагы, чындыгында зарыл болушу керек.  Башка сөз менен айтканда, чектөө зарыл эмес болсо, аны эмне үчүн киргизишет.

Сиракуз принциптеринде демократиялык коомдо" деген сөз ушул талапка байланыштуу чектөөнү колдонуу үчүн кошумча шарттарды киргизүү маанисинде чечмеленишин керек.  Чектөөлөрдү колдонуп жаткан мамлекет, бул чектөөлөр коомдун демократиялык иштешине тоскоол болбостугун көрсөтүүгө милдеттүү.  Демократиялык коомдун бирдиктүү модели жок болсо дагы, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жана Адам укуктарынын жалпы декларациясында жарыяланган адам укуктарын тааныган жана урматтаган коом ушул аныктамага жооп берүүчү коом катары каралышы мүмкүн.   

“... басмырлоого жол бербөө” боюнча тест мамлекеттин дин жана ишеним тутуу эркиндигин чектөөсүнүн мыйзамдуулугун баалоонун маанилүү компоненти болуп калууга тийиш.  Чектөөлөр басмырлоо максатында киргизилбеши керек жана басмырлоочу мүнөздө колдонулбашы керек.

Тилекке каршы, дүйнөлүк практикада дин жана ишеним тутуу эркиндигин ковидке каршы чектөөгө байланыштуу басмырлоо учурлары белгилүү.

ЖМКлар буга чейин Иранда өкмөт вирустун жайылышына жол бербөө үчүн 85 000 туткунду кантип бошоткондугун, бирок, суфийлердин диний коомчулугунун айрым туткундарын толуп кеткен камераларга кантип жайгаштырганын жазып чыгышкан.  Индияда пандемияны индуист көпчүлүгүнүн катарындагы мамлекеттик кызматкерлер мусулмандардын азчылыгына каршы күрөшүү үчүн колдонуп, алардын мүчөлөрүн оорунун санынын өсүшү боюнча айыптап жатышат.  Грузияда бийликтер Пасха майрамында православдык христиандарга сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрүүгө уруксат беришкен, бирок, мусулмандар Рамазан айында чогулгусу келгенде, кастык менен мамиле кылышкан[2].

 

[1] Сиракуз принциптери, пп.15-18.

[2]https://www.openglobalrights.org/lockdowns-vs-religious-freedom-covid-19-is-a-trust-building-exercise/?lang=Russian

4. Чектөө боюнча мыйзамдардагы коллизиялар

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 23-беренесинде адамдын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнүн максаттары белгилейт:Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек”.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын 4-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, башка адамдардын эркиндигин жана укугун, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу максатында Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарына чектөө коюуга жол берилет. Мында конституциялык эркиндиктин жана укуктун маңызы козголбошу керек.

 

 

ЖСУЭП,

18-берене, 3-пункт

 

КР Конституциясы

23-берене, 2-бөлүк

 

“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамы

 

Динди жана ишенимдерди колдонуу эркиндиги мыйзамда көрсөтүлгөн

1) коомдук коопсуздукту,

2) тартипти,

3) ден соолукту жана абройду, ошондой эле

4) башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган чектөөлөргө гана жол берет.

Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери

1) улуттук коопсуздукту,

2) коомдук тартипти,

3) калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо,

4) башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн.

1) башка адамдардын эркиндигин жана укугун,

2) коомдук коопсуздукту жана

3) тартипти,

4) аймактык бүтүндүктү,

5) конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу максатында Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарына чектөө коюуга жол берилет.

 

Адам укуктары боюнча комитет №22-Жалпы тартиптеги эскертүүнүн 8-пунктунда белгилегендей: “18-берененин 3-пунктунун жоболорун катуу чечмелөө керек: “Пакт менен корголуучу башка укуктарга, атап айтканда улуттук коопсуздук себептерден улам мындай чектөөлөргө жол берилген күндө дагы, чектөөлөрдү киргизүү үчүн атайын каралган чектөөлөрдөн башка эч кандай негиздер таанылбайт”.

Башкача айтканда, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктары дин тутуу эркиндигин чектөөнүн мыйзамдуу максаты катары кызмат кыла албайт.

Жогоруда келтирилген салыштырмалуу таблицадан келип чыккандай, улуттук мыйзамдар дин же ишеним эркиндигин чектөөнүн мыйзамдуу максаттары жагынан эл аралык стандарттарга толук жооп бербейт.  Ушул бөлүктө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ратификацияланган эл аралык келишимге (ЖСУЭПке) жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге, адамдык укуктары менен эркиндиктерин, айрыкча абийир, дин жана ишеним тутуу эркиндигин камсыз кылуу жана жаатында дал келтирүү керек.

5. Чектөө практикасы

“Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык мыйзамы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыгында гана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берет.

Дин же ишеним тутуу эркиндиктерин кыйыр түрдө чектеши мүмкүн болгон өзгөчө чаралар (коменданттык саатты, жарандардын кирип-чыгуусунун өзгөчө режимин, карантинди киргизүү, кээ бир жарандарга белгилүү бир убакытка белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салуу, унаа каражаттарынын кыймылын чектөө) менен катар, конституциялык мыйзам өзгөчө абалдын шарттарында мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына башкалар менен бирге дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашырууга түздөн-түз тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон өзгөчө чараларды колдонууга укук берет.

Ошентип, конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле ... башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу сала алышат. Мыйзамда “массалык иш-чаранын” так аныктамасынын жоктугу кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берет, ошого жараша ар кандай диний сыйынууларга жана жолугушууларга, жана сыйынуу жайларындагы башка иш-чараларга тыюу салынышы мүмкүн.

18-пункту кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган ... коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин ишин токтото туруу укугун белгилейт.  Бул тизмеге диний уюмдар (диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлары, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар, ибадатканалар, монастырлар, ж.б.) кирет.

2020-жылда Кыргызстандын борбору, Бишкек шаарында эки ирет өзгөчө абал киргизилген.  Биринчи жолкусунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ №55 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” жарлыгына ылайык, “жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында” киргизилген.  Экинчи жолу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 9-октябрындагы ПЖ №189 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, бирок эми, массалык башаламандыкка айланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолордун натыйжалары менен макул болбогон саясий партиялардын тарапташтырынын каршылык акцияларына байланыштуу “коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу жана Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти орнотуу” максатында киргизилди.

2020-жылдын март айында киргизилген өзгөчө абал учурунда, Бишкек шаарынын комендатурасынын буйругу менен, шаардын жашоосун камсыз кылган уюмдар менен ишканалардан тышкары, бардык уюмдардын жана ишканалардын иши убактылуу токтотулган. Уруксат берилген ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмесине кирбеген тармактардагы бардык уюмдар жана ишканалар, өзгөчө абалдын бүткүл мезгилинде кадимки режимде иштешин токтото туруп, өз ишин аралыктан, анын ичинде онлайн режимде уланта алышмак.

Диний уюмдар бул Тизмеге киргизилген эмес, ошондуктан алар коменданттын буйругуна баш ийип, ишин токтотуп турууга милдеттүү болушкан.  Мурда сүрөттөлгөн тестке ылайык, мындай чектөө мыйзамдуу болгон, анткени:

- биринчиден, чектөө мыйзамга, б.а. “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык киргизилген, ал ЖСУЭПке карама-каршы келбейт жана ошол мезгилде күчүндө болгон;

- экинчиден, чектөө ЖСУЭПтин 18-беренесинин 2-пунктунда каралган, ден-соолукту коргоо жаатындагы мыйзамдуу максатты көздөгөн;

- үчүнчүдөн, чектөө “демократиялык коомдо зарыл” болгон. Башкача айтканда, чындыгында чектөө киргизилиши керек болчу, бул социалдык обочолонууну тез арада камсыз кылуу зарылчылыгы менен түшүндүрүлдү.  Диний ырым-жырымдарды жасоого келген адамдардын тыгыны көп болгон диний уюмдар чындыгында COVID-19дун жайылуу коркунучун туудурушу мүмкүн;

- төртүнчүдөн, бул чектөө “... басмырлоого жол бербөө” боюнча тесттен өттү.  Бул учурда, чектөөлөр басмырлоо максатында коюлган эмес же басмырлоочу жол менен колдонулган эмес.

Белгиленгендей, диний уюмдар комендатуранын буйругуна баш ийип, өзгөчө абал режимин камсыздап, өз ишин токтотушкан. Алардын көпчүлүгү өз мүчөлөрүнө вирус жөнүндө маалымат берүүгө жардам берип, аялуу катмардагы адамдарга социалдык жардам көрсөтүштү.  Бир катар учурларда, диний мекемелердин жайлары күндүзгү стационарларды уюштуруу үчүн медициналык кызматкерлерге жана ыктыярчыларга берилген.

Ошентип, Кыргызстандагы Орус православ Чиркөөсүнүн чиркөөлөрү менен храмдары 2020-жылдын 24-мартында өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режими киргизилген күндөн баштап өз ишин токтотту.  Бишкек епархиясынын катчысынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы Алексей Сыромятниковдун айтымында, чиркөөлөр менен храмдарда кызмат өтөлгөн эмес, алар келүүчүлөр үчүн жабык болгон.  Өзгөчө абал киргизилбеген жерлерде, ийбадат кылуу чиркөөлөрдө жашаган дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн, бирок чиркөөлөр келүүчүлөр үчүн жабык болгон[1].  Кыргызстандагы мечиттер 2020-жылдын 17-мартынан тартып жабылган. Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин Мусулмандардын дин башкармалыгы (мындан ары – КМДБ) аралыктан иштеген.

Коронавирус пандемиясы ошондой эле 2020-жылы өзгөчө абал учуруна туш келген Айтты жана Пасханы майрамдоого түзөтүүлөрдү киргизди.  Биринчи жолу майрамдык кызматтар онлайн режиминде өттү.

Ошентип, өзгөчө чаралар физикалык аралыкты орнотуу жана диний уюмдарда коомдук сыйынууга гана чектөө коюу максатын көздөгөн, бирок бул сыйынууга тыюу салуу эмес.

Бишкек шаарында 2020-жылдын октябрь айында киргизилген өзгөчө абал мезгилинде диний уюмдардын иши токтотулган эмес, натыйжада, дин жана ишеним тутуу эркиндигине эч кандай чектөө киргизилген эмес.  Бирок, эгер бийлик мындай чектөөнү киргизген болсо, анткени, ал өзгөчө абалды киргизүүгө түрткү берген шарттарда “коомдук тартипти сактоо” сыяктуу мыйзамдуу максатты көздөп, мыйзамга ылайык келгени менен, демократиялык коомдо мындай чектөө зарыл болгон эмес, алар кырдаалдын курчтугу менен акталышы мүмкүн эмес.  Башкача айтканда, булар “коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу жана Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти орнотуу” максатына багытталганы менен, чиркөөлөрдү жана мечиттерди жабуу керектиги жөнүндө эч кандай жөндүү түшүндүрмө болмок эмес.

Бишкекте өкүм сүргөн өзгөчө абал расмий түрдө 10-майда 24.00дө аяктады.  Бирок, 22 мартта бүткүл өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал өкүмүн улантып, азыркы күнгө чейин аракетте.

Өзгөчө кырдаал режими дин же ишеним тутуу эркиндигин чектөөгө алып келе турган катаал чараларды көрбөсө да, бирок укуктук коргоону камсыз кылуу жаатында бирдей көңүл бурууну талап кылат.

Бир демилгенин мисалында, биз дин жана ишеним тутуу эркиндигине болгон укугун чектөө жаатында жол берилип жаткан типтүү мыйзам бузууларды талдап чыгууга, ошондой эле жапа чеккендердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо колдонулуучу механизмдерди белгилеп кетүүгө аракет кылабыз.

Ошентип, 2021-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарынын Казиятына, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринен жазма эскертүү берилген, ага ылайык, “Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин (чыг. № 01-1-4-47) Коронавирус илдетинин көбөйүшү жана шаар калкынын арасында тез жайылышы жөнүндө маалыматтарынын негизинде, ар кандай уюмдар, объектилер, коомдук уюмдар, анын ичинде диний мекемелер жана шаардын калкы тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталбагандыктан, төмөндөгүлөр сунушталат: даават, айт намазы, ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу сунушталат. Мөөнөтү: санитардык-эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин.

Аталган сунуштар аткарылбаган учурда, Сизге Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги №58 “Бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык административдик чара көрүлөт.

 

[1] https://cabar.asia/ru/bogosluzhenie-onlajn-kak-rabotayut-religioznye-organizatsii-v-kyrgyzstane