Кыргыз республикасында диний ынанымы боюнча альтернативдик кызмат өтөө

Аскердик кызматтан баш тартуу адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта бекитилген ой жүгүртүү, абийир жана дин эркиндигине негизделген. Аскердик кызматтан баш тартуу укугу мындайча алганда укук дале эмес, анткени БУУнун эл аралык келишимдеринде бул укук жөнүндө түздөн-түз сөз жок, бирок ал жалпысынан туунду укук катары мүнөздөлөт – ой жүгүртүү, абийир жана дин эркиндигине болгон укукту чечмелөөдөн келип чыккан укук. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ой жүгүртүү, абийир жана дин эркиндигине болгон укукту жана ага абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартууга карата колдонууну чечмеледи. Өзүнүн 1993-жылдагы №22-жалпы тартиптеги эскертүүсүндө комитет мындай деп билдирди: “Пактыда ынаным боюнча аскердик кызматтан баш тартууга укук жөнүндө анык айтылбайт, бирок, Комитет, мындай укук 18-беренеден чыгарылышы мүмкүн деп эсептейт, анткени курал колдонууга милдеттүүлүк абийир эркиндигине жана дин же ынаным тутуу укугуна олуттуу карама-каршылыкта турушу мүмкүн”. (п. 11). Кыргыз Республикасында, эгерде мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө жарандын диний ынанымына же динине каршы келсе, ал аны альтернативдик кызматка алмаштырууга укуктуу. Мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет (КР Конституциясы, 54-берене). Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруунун жана жарандардын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартибин жөнгө салуучу укуктук негиздерди белгилөөчү Кыргыз Республикасынын негизги ченемдик укуктук актылары болуп төмөнкүлөр саналат: 1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Мыйзамы (мындан ары – Аскердик милдет жөнүндө мыйзам); 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №770-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө Жобо (мындан ары – Чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө Жобо); 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №306-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтүүсүнүн тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары – Альтернативдик кызмат өтөө жөнүндө Жобо).

Альтернативдик кызмат деген эмне?

Альтернативдик кызмат – Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ынанымдарын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү.  Альтернативдик кызматтын мөөнөтү он сегиз айды түзөт. (Аскердик милдет жөнүндө мыйзам, 1-берене, 32-берененин 3-пункту).

Альтернативдик кызматты кимдер өтөөсү мүмкүн?

Аскердик милдет жөнүндө мыйзамдын 32-беренесине ылайык, 18ден 25 жашка чейики курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскердик кызматын өтөбөгөн эркек жаран альтернативдик кызматка чакырылуугу тийиш, эгерде ал:

  1. ынанымы курал колдонууга жана КР Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө жол бербеген, каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналса;
  2. чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо;
  3. ата-энелердин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо;
  4. ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса;
  5. ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузния) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо);
  6. аялы жана бир баласы бар болсо;
  7. ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо;
  8. жалгыз бой эненин (атанын) жалгыз баласы болсо;
  9. жалгыз бой энесинин (атасынын) багуусунда он сегиз жашка чыга элек (болбосо он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I же II топтун майыбы болгон) бир тууганы болуп, үй-бүлөдө башка балдары жок болсо;
  10. ал атасынан жана энесининен ажыраган, үй-бүлөдөгү жалгыз бала болсо
  11. ал аскердик кызматка жарактуу болуп, бирок чакыруу наряды аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөсө жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирсе.

Тизмеден көрүнүп тургандай, мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызматка алмаштыруу үчүн негиздердин тизмеси кыйла кенен. Бирок, мөөнөттүү аскердик кызматты диний ынанымдары боюнча альтернативалык кызматка алмаштыруу диний окуусу курал колдонууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөгө жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөлөрү үчүн гана каралат. Диний уюмга мүчө болууга жана анын диний окуусуна байланышпаган ынанымдар армиядагы кызматты альтернативалык кызматка алмаштырууга негиз болуп саналбайт.

 

Альтернативдик кызматка чакыруунун тартиби кандай?

Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу менен катар эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык ар жылда эки жолу (март-майда жана сентябрь-ноябрда) мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жарыяланат.

Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынып, анда Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы бекитилет жана чакырууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча Коргоо министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Ички иштер министрлигине тиешелүү көрсөтмөлөр берилет. Өз кезегинде, аталган министрликтер бул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү буйрук чыгарышат.

Коргоо министрлигинин буйругу жарыялангандан кийин, райондук (шаардык) аскер комиссарларынын жарандарды кызматка чакыруу жөнүндө буйруктары жарыяланат. (Чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө Жобонун 75-пункту)

Аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылуугу тийиш жарандар райондук (шаардык) аскер комиссарларынын чакыруу кагазын алганда, алар каттоодо турган чакыруу участогуна келүүгө милдеттүү. Жарандардын чакыруу участкаларына келүүсүнүн так мөөнөттөрү райондук (шаардык) аскер комиссарларынын буйруктары менен аныкталат.

Чакыруу кагазы райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары тарабынан жарандын өзүнө же болбосо анын ата-энесине же жубайына кол койдуруп,  же иштеген (окуган) жери боюнча жетекчилерине, уюмдун аскердик-каттоо ишине жооптуу башка кызмат адамдарына тапшырылат.  Чакыруу кагазында чакыруулардын максаттары, келүү мөөнөттөрү жана жарандардын анда баяндалган талаптарды аткарбоосунун укуктук кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш. Чакыруу кагазына райондук (шаардык) аскер комиссары же анын орун басары кол койот.

Жарандарды кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын буйругу менен райондордо (шаарларда) курамына комиссиянын төрагасы болгон райондук (шаардык) аскер комиссары жана комиссия мүчөлөрү – мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлү; райондук (шаардык) ички иштер бөлүмүнүн өкүлү; чакыруу комиссиясынын улук врачы жана катчысы кирген чакыруу комиссиясы түзүлөт.  Жумуш убагында чакыруу комиссиясынын бардык мүчөлөрү ага катышууга милдеттүү.

Андан ары түзүлгөн райондук (шаардык) чакыруу комиссиялары чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.  Медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжаларын, үй-бүлөлүк абалын, диний көз-караштарын, соттуулугун, жарандын каалоосун эске алуу менен чакыруу комиссиясы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

  • мөөнөттүү аскер кызматына чакыруу;
  • альтернативдик кызматка чакыруу;
  • ден-соолугунун абалы же башка негиздер боюнча кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу;
  • ден-соолугунун абалы боюнча тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу жана запаска киргизилсин деп таануу;
  • ден-соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп табуу;
  • ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, аскердик милдеттерди аткаруудан бошотуу.

Тийешелүү чечим протоколдор китебине жазылып, аскерге чакырылуучуга кабарланат.  Чакыруу комиссиясынын чечиминин көчүрмөсү, жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча анын колуна берилиши керек. Чакыруу комиссиясынын чечимине жаран Республикалык чакыруу комиссиясына, Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими сотто даттанышы мүмкүн. (Аскердик милдет жөнүндө мыйзамдын 16-беренесинин 3-пункту).

Альтернативдик кызмат өтөөгө каалоо жөнүндө арыз качан берилиши мүмкүн?

Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу тартибин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар чакыруу жүргүзүлгөнгө чейин мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызматка алмаштыруу тартиби жөнүндө жоболорду камтыбайт.

Арыздын жол-жобосу жөнүндө бир гана эскертүү чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө жобонун 129-пунктунда келтирилген, анда альтернативдик кызмат өтөөнү каалаган жана укугу бар жарандар жазуу жүзүндөгү арыз менен райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына кайрылат деп айтылат. Бирок, “жаран кайсыл этапта, кандай мөөнөттө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрыла алат, арызды кароонун жол-жоболору кандай, арызды кароо мөөнөтү” сыяктуу жол-жобо маселелери жөнгө салынган эмес.

Ошого карабастан, аскердик милдет жөнүндө Мыйзамдын жана аскерге чакырууну даярдоо жана чакыруу жөнүндө Жобонун жоболоруна таянып, мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызматка алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды төмөнкү этаптарда киргизүүгө болот:

  1. жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуда,
  2. аскердик каттоодо,
  • жана чакыруунун так алдында.
  1. Алгачкы аскердик каттоого коюу:

Чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө Жобонун 3-главасына ылайык келерки жылы 16 жашка толгон уландар алгачкы аскердик каттоого алынууга тийиш.  Алгачкы аскердик каттоого коюу жыл сайын учурдагы жылдын декабрында жана келе жаткан жылдын январь-февралында жүргүзүлөт.

Алгачкы аскердик каттоого туруу үчүн алардын келиши жөнүндө жарандарга кабарлоо райондук (шаардык) аскер комиссарларынын буйруктары менен жүргүзүлөт.  Буйруктар жыл сайын 25-ноябрдан кечиктирилбестен чыгарылышы керек. Алгачкы аскердик каттоого туруу үчүн жарандардын келүүсүнүн конкреттүү мөөнөттөрү чакыруу кагаздарында белгиленет.

Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча Комиссия медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын, үй-бүлөлүк абалы, адистиги жана билими жөнүндө маалыматты иликтейт жана тиешелүү чечим кабыл алат, ал протоколдор китебине жазылат.

Бул этапта жаран мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызматка алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын киргизе алат, анткени жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюунун максаты чакырылуучуларды төмөнкү категориялар боюнча аныктоо болуп саналат:

  • аскердик кыызматка жарактуу;
  • аскердик кызматка жарактуу, диний ынанымдары, үй-бүлөлүк абалы, соттолгондугу боюнча альтернативдик кызматка укугу бар;
  • ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарактуу;
  • кошумча медициналык изилдөөгө муктаж;
  • тынчтык убакта ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, согуштук убакта чектүү жарактуу;
  • аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз;
  • аскердик кызматка жарактуу жана аскердик-окуу жайларына өтүүгө каалоосун билдиргендер.

Жарандарга алгачкы аскердик каттоого тургандан кийин алгандыгы тууралуу жеке кол койдуруу менен күбөлүк берилет.

  1. Аскердик каттоо:

Чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө Жобонун 4-главасына ылайык, чакырылуучу курактагы (18-25 жаштагы) жарандар аскерге чакырылуучулардын аскердик каттоосуна турууга тийиш, эгерде алар: 

  1. белгиленген мөөнөттөрдө алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча комиссиядан өтүшсө;
  2. жаңы жашай, иштей же окуй турган жерге республиканын башка райондорунан келишсе;
  3. КР ИИМдин атайын каттоосунун чыкса;
  4. мурда чакырылуучулардын аскердик каттоосунда катталбаган болушса;
  5. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышса;
  6. ден-соолугунун абалы боюнча мурда аскердик кызмака жараксыз, согуш убагында чектүү жарактуу деп табылган, бирок, медициналык кайра күбөлөндүрүүдөн өткөндөн кийин аскердик кызматка жарактуу деп табылган болушса.

Аскердик каттоонун негизги милдеттери болуп тейленүүчү аймакта жашаган чакыруу курагындагы бардык жарандарды аныктоо, алардын санын жана сапаттык мүнөздөмөсүн аныктоо, ошондой эле жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу саналат.

Бул этапта аскерге чакырылуучу мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызматка алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бере алат, анткени аскердик каттоонун максаты чакырылуучуларды төмөнкү категориялар боюнча аныктоо болуп эсептелет:

  • мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууга жатат;
  • (диний ынанымдары боюнча) альтернативдик кызматка чакырылууга жатат;
  • (үй-бүлөлүк абалы боюнча) альтернативдик кызмат өтөөгө укуктуу;
  • тынчтык убакта ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жараксыз, согуштук убакта чектүү жарактуу деп таанылгандар;
  • чакыруу күнүнө 18-жашка толо электер;
  • чакыруудан кийинкиге калтыруу укугун алгандар;
  • жаңы жашаган жерине баргандыгына жана республиканын чегиндеги башка негиздерге байланыштуу аскердик каттоодон чыгарылган чакырылуучулардын жаңы жашаган жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынан өздүк делолорун жиберүүгө суроо-талаптары түшпөгөндөр;
  • аскердик каттоодон чыгарбастан туруктуу жашаган жеринен тышкары кеткендер;
  • жазык иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамдарга карата, ошондой эле жазык иши же жоруктар жөнүндө иш сот тарабынан каралып жаткандар;
  • ушул жылы аскердик каттоого алгачкы жолу тургандар.

Райондук (шаардык) аскер комиссариаттары ар бир чакырылуучуга өздүк дело ачат жана чакырылуучуга аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк берет.

  • Альтернативдик кызматка чакыруунун алдында:

Чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө жобонун 129-пунктуна ылайык альтернативдик кызматка чакыруунун алдында жарандар райондук (шаардык) аскер комиссариатына альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар экендигин тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү.

Бул бөлүктө, алгачкы аскердик каттоонун/аскердик каттоого коюунун натыйжалары боюнча, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызматты диний ынанымдары боюнча альтернативдик кызматка алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде, чакырылуучу альтернативдик кызматка укугу бар чакырылуучулардын категориясына алдын ала аныкталган жана эми ага тиешелүү тастыктоочу документтерди берүү зарыл деп болжолдонот.

Диний ынанымдары боюнча мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызматка алмаштыруу диний окуусу курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген катталган диний уюмдун мүчөлөрү үчүн гана каралаарын белгилей кетүү зарыл (Аскердик милдет жөнүндө мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгү).

Демек, аскерге чакырылуучу мыйзамда белгиленген тартипте катталууга тийиш болгон диний уюмдун мүчөлүгүндө болушу керек жана алардын диний окуусу куралды колдонууга жана аскердик кызматты өтөөгө жол бербеши керек.

Бирок, бул жерде тактоону талап кылган учур бар.  Мында, КР мыйзамдарында диний уюмду мамлекеттик каттоонун эки түрү каралган.  Биринчиси – дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоого алуу, эсептик каттоого алуунун натыйжасында белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет, жана диний уюм дин иштерин жүргүзүүгө укук алат

(Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык ). Жана экинчи түрү – дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоого алынгандан кийин алууга мүмкүн болуучу юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтүү (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесинин 15-пункту).

Аскердик милдет жөнүндө мыйзам, альтернативдик кызмат үчүн негиз катары катталган диний уюмда мүчө болууну караганда, кандай каттоо жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактабайт.

Бирок, Чакырууга даярдоо жана чакыруу жөнүндө Жобонун 130-пунктуна ылайык, чакыруу комиссиясы диний уюмдарга таандык экендигин аныктагандан кийин, альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат.  Ушул жобого таянып, Дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсептик каттоодон өткөн диний уюмга мүчөлүгү жөнүндө ырастоочу документ чакырылуучунун уюмга таандыктыгын аныктоо үчүн жетиштүү деген тыянак чыгарууга болот.  Ошондой эле аскерге чакырылуучу өзү мүчө болгон диний уюмдун диний окуусунун негиздери жөнүндө, аскерде кызмат өтөөнүн жана куралды колдонуунун алгылыксыз экендигин тастыктаган маалыматтарды берүүгө тийиш.

Диний ынанымдары боюнча альтернативдик кызмат өтөөнүн тартиби кандай?

Альтернативдик кызмат өтөөнүн тартиби Альтернативдик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.  Ошентип, альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө райондук (шаардык) чакыруу комиссиясынын чечиминин негизинде жарандар альтернативдик кызматта турат деп эсептелет жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери деп аталат.  Аларга альтернативдик кызматтын кызматкеринин күбөлүгү жазып берилет.  Кызмат өтөө мөөнөтү чакырылган күндөн тартып эсептелет.

Альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды кабыл алгандан кийин, аскер комиссариатынын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • альтернативдик кызматтын кызматчыларына альтернативдик кызмат өтөөнүн тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү;
  • альтернативдик кызматтын кызматкеринин күбөлүгүн тапшыруу;
  • альтернативдик кызматтын кызматкерлерин персоналдык каттоо журналына жазуу;
  • кызматкерге жекече эсеп ачуу;
  • диний ынанымдары боюнча чакырылган адамдарды, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун билдирген адамдарды аты жазылган тизмеге ылайык жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жиберүүгө.

Альтернативдик кызматтын кызматкеринин милдеттери:

  • аскер комиссариатына белгиленген убакта чакыруу боюнча келүү;
  • жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы боюнча бардык өзгөрүүлөр жөнүндө 10 күндүн ичинде аскер комиссариатын кабарландыруу;
  • жашаган жерин алмаштырганда каттоого туруу үчүн жазма буйрукта көрсөтүлгөн аскер комиссариатына келүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары аныктаган коомдук пайдалуу иштерди аткарууга жана квартал сайын тиешелүү аскер комиссариатына иштеген сааттардын саны жөнүндө маалымкатты берүү.

Диний ынанымдары боюнча альтернативдик кызматты өтөө кызматтын бүткүл мезгилинде узактыгы 108 саат болгон коомдук пайдалуу иштерди аткарууну карайт.  Бул үчүн альтернативдик кызматтын кызматчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жиберилет, алар альтернативдик кызматтын кызматчысына иштеген сааттарынын жана аткарган жумуштарынын саны жөнүндө маалымкатты тиешелүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн беришет.

Коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруудан тышкары, диний ынанымдары боюнча альтернативдик кызматтын кызматчысы республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндө акчалай салым кошуусу зарыл. Акча каражаттары ар бир квартал ичинде акчалай салымдын жалпы өлчөмүнүн 1/6 бөлүгүнөн кем эмес төлөнөт.

Кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин акчалай төгүмдөр төлөнбөсө же толук төлөнбөсө, чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылууга тийиш, ал эми альтернативдик кызматтын кызматкери чакырылуучулардын каттоосуна берилет. Мында акчалай салымдын төлөнгөн суммасы кайтарылып берилбейт.

Белгиленген мөөнөттү өтөгөн, коомдук пайдалуу иштерди аткарган жана белгиленген төгүмдү толук көлөмдө төлөгөн диний ынанымдары боюнча альтернативдик кызматтын кызматчылары альтернативдик кызматтан бошотулат жана аскердик каттоодон чыгарылат. 

 

Арыздын үлгүсү

Аскерге чакырууну даярдоо жана чакыруу жөнүндө жобо мөөнөттүү аскер кызматын диний ынанымдары боюнча альтернативдик кызматка алмаштырууга арыздын кандайдыр бир формасын камтыбайт, ошондой эле анда арызга коюлган талаптардын белгиленген тизмеси жок.

Ошондуктан сунушталган арыздын үлгүсү мындай арыздарга карата жалпы талаптарды эске алуу менен түзүлдү:

  • жекече маалыматтарды көрсөтүү;
  • арыз берүүнүн себебин сыпаттоо;
  • шарттарды кыскача сыпаттоо;
  • далилдердин тизмеси;
  • “Суранам” бөлүмүндө алмаштырууну жүргүзүү жөнүндө сураныч көрсөтүлөт;
  • Кол тамгасы жана күнү;
  • Тиркелген документтердин тизмеси. 

Диний ынаным боюнча мөөнөттүү аскердик кызматты альтернативдик кызматка алмаштыруу жөнүндө Арыздын үлгүсү