Динчил үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгү

Акыркы жылдарда айрым мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана эл аралык институттардын көңүл чордонунда дин менен билим берүүнүн өз ара мамилелери маселелери көбөйүүдө. Бул макалада эл аралык деңгээлде билим алуунун жеткиликтүүлүгү чөйрөсүндө ийгиликтерге жетишкенине карабастан, билим берүүдө адилеттүү келечекти камсыз кылуу максаты калктын бир катар аялуу топтору, анын ичинде диний үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жеткиликсиз бойдон кала берээрине көңүл бурулууда. Макалада адамдын негизги укуктары түшүндүрүлүп, бардык балдарга билим берүү жаатында адилеттүү перспективаларды берүү максатын ишке ашырууда мамлекеттин негизги ролу тастыкталган. Кыргызстанда 1229 баланын билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. Мындай маалыматтарды бейөкмөт уюмдар КР Билим берүү министрлигине шилтеме кылып келтиришүүдө. “2018-19-окуу жылында билим берүү министрлиги мектеп жашындагы балдарды каттоого алган, анын жүрүшүндө ар кандай себептерден улам 2234 кичинекей кыргызстандыктар мектепке барбай тургандыгы аныкталган. Колдоо органдарынын жардамы менен 1116 баланы мектептерге берүүгө мүмкүн болду, бирок дагы 1229 бала мектептин дубалынан тышкары бойдон калууда”, - деп бейөкмөт уюмдардын 2018-жылдагы изилдөөлөрүндө айтылат. Алардын ичинен 723 бала 8 жаштан 18 жашка чейинки, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, балдар экендиги белгиленет. Ден-соолугуна байланыштуу 128 бала 1-класска барбай, 285 бала үй-бүлөлүк жана социалдык көйгөйлөрдөн улам мектепке баруудан баш тартышкан. Ар кандай диний агымдарды тутунган 120 баланын ата-энелери, балдарына мектепке барууга тыюу салганы кабарланууда. Кээ бир өспүрүм балдар эч качан жалпы билим берүү мекемелеринин босогосун аттаган эмес. Мисалы, Ысык-Көл областынын, Ысык-Көл районунда ата-энеси «Йакын Инкар» диний агымынын жактоочулары болгон төрт үй-бүлөнүн балдарына билим алууга тыюу салынган. Сегиз баланын ата-энелери балдарга Куранды үй шартында үйрөтүүнү чечишкен. Бул факт боюнча Ысык-Көл райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Жогоруда аталган балдардын ата-энелери кылмыш жоопкерчилигине тартылып, учурда алар эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жатышат. Билим алуу укугу - бул адамдын инсандыгын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон адамдын укугу; ошол эле учурда ал социалдык өнүгүүгө жана жалпы жыргалчылыкка негизделген жамааттык укук болуп саналат. Аны ишке ашырууда биринчи кезекте адамдык баалуулуктарга, чогуу жашоону үйрөнүүгө жана баарынан мурда инсан катары “болууга үйрөнүүгө” басым жасоого көңүл бурулушу керек. Мындай демде билим берүүнүн гуманисттик миссиясы жакшыраак дүйнөнү түзүү максатында глобалдык деңгээлде колдоого алынып, бекемделиши керек. Билим алуу укугунун эки негизги аспектиси – билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө болгон укук жана билим, баалуулуктар, компетенциялар жана көндүмдөр менен камсыз кылуу жагынан мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү бири-бири менен тыгыз байланышта. Билим алуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү ролу анын гуманисттик миссиясынын көз карашы боюнча бааланышы керек. Бул АУЖДнын (1948-жыл) 26-беренесинде билим алуу укугунун максаттарын белгилей бекитилген, билим берүүнүн маанилүү максаты катары “адамдын инсандыгын толук өнүктүрүү” үчүн негизги мааниге ээ. ЮНЕСКОнун Билим берүү жаатында дискриминацияга каршы конвенциясы (1960-жыл) бул максаттарды сөзмө-сөз чагылдырат.

1. Динчил үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөр

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (мындан ары-КР Конституциясы) адам укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук болуп саналарын белгилейт, алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин маанисин жана мазмунун аныктайт (23-бер. 1-б. экинчи абз.). КР Конституциясында ошондой эле ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги бирдей деңгээлде кепилденет жана динге таандыктыгы боюнча басмырлоого тыюу салынат (34-бер.1-б.). 

Ошого карабастан, КР абийир жана дин тутуу эркиндиги укугун жана билим алуу укугун ишке ашырууда көйгөйлөр орун алууда. Айрым учурларда буга абийир жана дин тутуу эркиндигин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, ал эми кээ бирлеринде укук колдонулуучу иш-тажрыйба жардам берет.

“Жалпы кызыкчылыктарды издөө” ЭКК тарабынан абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту сактоо менен байланышкан соттук териштирүүлөрдүн мониторингинин 2016-2018-жж. натыйжалары мамлекеттик органдар дин тутуу эркиндигине болгон укукту ишке ашыруу чөйрөсүндө, анын ичинде динчил үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселелер менен туш келип жаткандыгын көрсөтүп турат.

КР Конституциясына ылайык (46-бер. 1-б. ) ар бир адам, айрыкча балдар билим алууга укуктуу. Бирок, белгилүү болгондой, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жана анын ичинде КР, көптөгөн балдар ар кандай себептерден улам (жакырчылыктан, ден соолуктун чектелген мүмкүнчүлүктөрүнөн, өнүгүүнүн кечеңдешинен, миграциядан, эрте никеге туруудан, зомбулуктан) мектепке барышпайт. Эми аларга диний үй-бүлөлөрдүн балдары да кошулуп жатышат.

Ошентип, себептердин бири - мектеп билим берүү мекемелеринде кыздардын жоолук салынышына байланыштуу көйгөйлөр. Жарандар күнүмдүк турмушта диний атрибуттарды өздөрүнүн каалоолоруна жана ишенимдерине ылайык колдонушат, бирок мектептерде диний кийимдерди кийп жүрүү маселеси абийир жана дин тутуу эркиндигинин чектери жана жалпы орто билим берүүнүн светтик мүнөзү боюнча талаш-тартыштарды жаратат.

Ошого карабастан мектептерде диний себептерден улам жоолук салынган кыздардын көбөйүү тенденциясы байкалууда,  жана КР мектеп формасын кийүү талабынан улам ата-энелер балдарын мектепке жибербеген учурлар болгон. Бул фактылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (ЖӨБО) талкуунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (ЖМА) балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө боюнча комиссиясынын кароосунун жөйөсү болгон. Ошондой эле диний себептерден улам ата-энелердин балдарына милдеттүү сабактарына (мисалы, дене тарбия, сүрөт, музыка) катышуудан баш тартуусу боюнча фактылар бар.

Билим алуунун жеткиликтүүлүгү көйгөйлөрүнүн дагы бир аспектиси болуп, акыркы жылдары КРда диний окуу жайлардын жана ал жерде окуп жаткан балдардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу. Мындай окуу жайлардын көпчүлүгүн, статусу анча так эмес медреселер түзөт. Ага карабастан, алар иш жүзүндө балдарды окутушат, бирок бүтүргөндүгү жөнүндө документтер аларга диний уюмдарда гана ишке орношууга мүмкүндүк берет жана бүтүрүүчүлөрдүн билим берүүнүн башка түрлөрүнө жана деңгээлдерине карата көйгөйүн пайда кылат. Мындан тышкары, медресенин дагы бир көйгөйү окутуунун методикасы бойдон калууда – ал жакта светтик билим берүү сабактары окутулбайт, ал сабактардын мугалимдери окутууга барышпайт. Медреселердин окуучулары сапаттуу билим алуу укугунан ажыратылат.

КМДБнын (Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын) маалыматы боюнча республикада бардыгы болуп 92 медресе иштейт. Алардын 16сы кыздар үчүн, 17си аралаш, калгандары эркек балдар үчүн гана. Диний мектептерде 8193 окуучу билим алат. Ал жакта КМДБнын билим берүү бөлүмүнүн башчысынын айтымында, медресеге 9-классты бүтүргөндөрдү гана кабыл алышат. Диний окутууга Куран, хадистер, Пайгамбардын жашоосу, адеп-ахлак нормалары жана дин тарыхы кирет. Мындан тышкары, балдарды негизги илимдерге: математика, физика, геометрия, химия, кыргыз тили жана Кыргызстандын тарыхына окутууга аракет кылышууда. Ушундай эле жагдай бүгүнкү күндө КРда ондон ашык жогорку диний окуу жайларында да болуп жатат. Жогорку диний окуу жайларын аяктаган адамдар, диний мекемелерде гана иштөөгө мүмкүндүк бере турган жогорку диний билими жөнүндө диплом ала алышат.

Ошентип, иш жүзүндө динчил үй-бүлөлөрдүн балдары билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган көйгөйлөргө туш болгон жагдайлар бар:

  • билим берүү мекемелери тарабынан кыздарга диний жоолук салынууга тыюу салуу;
  • диний жоолук туура келбеген бирдиктүү мектеп формасын кийүүнү талап кылгандыктан, ата-энелердин балдарын билим берүү мекемелерине жиберүүдөн баш тартуусу;
  • диний себептерден улам ата-энелердин балдарына мектепке же кээ бир милдеттүү мектеп сабактарына барууга ж. б тыюу салуусу.

2. Билим алуунун бирдей жеткиликтүүлүгүнө укугу

  1. Эл аралык стандарттар

билим алуу укугу – бул  адам укуктары боюнча эл аралык укук менен кепилденген адам укугу, анын документтери алардын тиешелүү мыйзамдарын ратификациялоо жана кабыл алуу менен мамлекеттер бул укукту камсыз кылууда мыйзам чегинде иштешет.

Билим алуу 1948-жылдан бери адам укуктарынын Жалпы декларациясынын (АУЖД) кабыл алынышына байланыштуу, анда “ар бир адам билим алууга укуктуу” (26-берене) деп жарыялып,адам укуктарынын бири болуп саналат.  Ошентип, эл аралык укукта мамлекеттин өз жарандарына билим берүү милдети бекитилген.

Андан ары бул укук ар кандай эл аралык келишимдердин жоболорунда, атап айтканда:

- 1960-ж . билим берүүдөгү басмырлоого каршы күрөшүү жөнүндө ЮНЕСКОнун конвенциясында;

- 1965-ж. расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн алып салуу боюнча эл аралык пактыда;

- 1966-ж. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар (ЭСМУЭП) жөнүндө эл аралык пактыда;

- 1979-ж. аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияда.;

- 1989-ж. баланын укуктары жөнүндө конвенцияда;

- 1990-ж. бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенциянда ;

-2006-ж. БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясында өнүккөн.

КР жогоруда көрсөтүлгөн бардык эл аралык келишимдерди ратификациялаган же ага кошулган.

Баарына билим берүү укугу конкреттүү маргиналдашкан топторду камтыган көптөгөн аймактык келишимдер менен тастыкталган, жана көптөгөн улуттук конституцияларга жана мыйзамдарга киргизилген, ушул талап себептүү эл аралык коомчулук баарына билим алуу укугун камсыз кылууда чоң ийгиликтерге жетишти. Бирок буга карабастан, билим алуу келечеги көпчүлүк үчүн (кыздар, майып балдар, качкындар, илгертен берки элдердин өкүлдөрү, диний жана башка аз сандуу топтору) кол жеткис максат бойдон калууда.

КРнын Билим берүү чөйрөсүндөгү келишимдик милдеттенмелери ар түрдүү, универсалдуу, аймактык, жергиликтүү мүнөздөгү милдеттенмелерди камтыйт. Бул чөйрөдөгү милдеттенмелер ошондой эле мектепке чейинки, мектептик, атайын орто, техникалык, жогорку ж. б. болушу мүмкүн болгон билим берүү деңгээлине жараша ар кандай мүнөздөмөлөргө ээ..

ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү басмырлоого каршы Конвенцияны жана Сунуштаманы ишке ашыруу боюнча отчетунда айтылгандай, басмырлоо жана билим алуунун бирдей жеткиликтүү эместиги эл аралык актылардын жоболорун ишке ашыруудагы эки эң чоң көйгөйлөр болуп саналат.

Билим берүү чөйрөсүндөгү басмырлоо факторун бир катар чен-өлчөмдөр боюнча классификациялоого болот: гендердик, диний, улуттук таандыктыгы, жаш курагы, жарандыгы, ошондой эле жашаган жери, жеке дене-бой жана психикалык абалынын өзгөчөлүктөрү, материалдык жактан камсыз болуусу ж. б. Ушул белгилердин бири боюнча басмырлоо билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө болуп саналат.

Универсалдуу келишимдик милдеттенмелер. Билим алуунун ар бир адамга жеткиликтүүлүгү, билим алууга ар бир адамдын укугу жөнүндө Жалпы жоболор  1966-ж. ЭСМУЭПтин 13-14-беренелеринде “баарына жеткиликтүүлүк”, “бирдей жеткиликтүүлүк” түшүнүктөрү колдонулат, бирок алардын аныктамалары берилген эмес.

№13 жалпы тартиптеги Эскертүүсүндө Комитет катышуучу  мамлекеттер ар кандай билим берүүнү камсыз кылууга милдеттүү экенин көрсөтөт-мамлекеттик же жеке, расмий же расмий эмес, ЭСМУЭПтин 13-бер. 1-б. аныкталган максаттарга жана милдеттерге жетүүгө багытталышы керек, ал АУЖДнын 26-бер. үч жобо менен толуктайт:

  • билим берүү адамдын инсандыгынын “кадыр-барк аң-сезимин” өнүктүрүүгө багытталышы керек,
  • ал “баарына эркин коомдун пайдалуу катышуучулары болууга мүмкүнчүлүк бериши керек”,
  • ошондой эле бардык “этникалык” топтордун, бардык улуттардын жана бардык расалык жана диний топтордун ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү..

Билим берүү алдында турган АУЖДнын 26-бер. 2-п. жана ЭСМУЭПтин 13-бер. 1-п. бириктирген милдеттердин ичинен эң негизгиси “билим берүү адамдын инсандыгын толук өнүктүрүүгө багытталышы керек” болуп саналат.

 Ошондой эле №13 жалпы тартиптеги Эскертүүсүндө билим алуу укугун мүнөздөөчү негизги чен-өлчөмдөр аныкталды, анын: бар экендиги, жеткиликтүүлүгү, алгылыктуулугу, ыңгайлашуусу. Мында жеткиликтүүлүк басмырлабоо факторлору, физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүк болгондо түзүлөт. №13 жалпы тартиптеги Эскертүүсүндө басмырлоо боюнча чараларды сөзсүз жана токтоосуз жүзөгө ашырууга басым жасалат.

КР 1960-жылдагы билим берүү жаатындагы басмырлоого каршы күрөшүү жөнүндө Конвенцияга (мындан ары-1960-жылдагы Конвенция) 1995-ж. эле кошулган. "Билим алуунун жеткиликтүүлүгү" түшүнүгүнүн көлөмү жалпысынан 1960-ж. Конвенцияны системалуу чечмелөөдөн улам аныкталат. Ошентип, 1960-ж. Конвенциянын 3-бер. 1-б.  максаты коюлган, ага бирдей жеткиликтүүлүк жөнүндө милдеттенмелерди аткаруу менен жетишүү керек, атап айтканда: билим берүү чөйрөсүндө басмырлоону жоюу жана алдын алуу.

 1960-жылдагы Конвенциянын 1-бер. 1-пункту басмырлоо жөнүндө кеңири түшүнүк берет, ал “расасына, түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ишенимдерине, улуттук же социалдык тегине, экономикалык абалына же төрөлүшүнө байланыштуу ар кандай айырмачылыктарды, четтетүүлөрдү, чектөөлөрдү же артыкчылыктарды камтыйт”.

 Ушул 1960-жылдагы Конвенциянын 1-беренесинин 2-пунктуна ылайык, "билим берүү" термини билим берүүнүн бардык түрлөрүнө жана баскычтарына тиешелүү жана билим алуунун жеткиликтүүлүгүн, окутуунун деңгээлин жана сапатын, ошондой эле ал жүргүзүлгөн шарттарды камтыйт. Мындан тышкары, ошол эле Конвенциянын 3-беренесинде мамлекеттердин окуу жайларына кабыл алууда ар кандай басмырлоону четтетүүгө багытталган чараларды, анын ичинде мыйзамдык чараларды көрүү милдети каралган.

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, 1989-ж. баланын укуктары жөнүндө Конвенция (28-бер. 1-п.) катышуучу мамлекеттер баланын билим алуу укугун тааныйт, мында “...бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде бул укукту ишке ашырууга акырындык менен жетишүү максатында алар:

а) акысыз жана милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизет;

б) жалпы жана кесиптик орто билим берүүнүн ар кандай формаларын өнүктүрүүнү колдойт, анын бардык балдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат жана акысыз билим берүү жана зарыл болгон учурда каржылык жардам көрсөтүү сыяктуу зарыл чараларды көрөт;

в) бардык зарыл болгон каражаттардын жардамы менен ар бир адамдын жөндөмүнө жараша жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;

г) бардык балдар үчүн билим берүү жана кесиптик даярдоо жаатындагы маалыматтардын жана материалдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;

д) мектепке үзгүлтүксүз барууга жана мектептен кеткен окуучулардын санын азайтууга көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрөт”.

Эки эл аралык пактыда – жарандык жана саясий укуктар (ЖСУЭП) жана экономикалык, социалдык жана маданий укуктар (ЭСМУЭП) – алардын жоболорун жүзөгө ашыруу жөнүндө талаптардын эки башка түрү камтылган: тиешелүүлүгүнө жараша “натыйжаны камсыз кылуу милдети” (1) жана “чараларды көрүү милдети” (2). Сөздөрдүн мазмундуу айырмасы төмөнкүчө:

- биринчи учурда, бул укуктарды таануу жана урматтоо жөнүндө гана эмес, ошондой эле алардын аткарылышын/сакталышын уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча конкреттүү шашылыш милдет, эгерде алар бузулган болсо-натыйжалуу каражаттар болушу керек;

 - экинчи түшүнүк акырындык менен ишке ашырууну билдирет: андан ары таанылган укуктарды камсыз кылууга багытталган белгилүү бир даярдык иштеринин (мисалы, мыйзам деңгээлинде чараларды көрүү) милдети пайда болот.

ЭСМУЭП алкагында укуктарды акырындык менен жүзөгө ашыруу концепциясы катары мамлекеттердин ресурстары чектелүү экендиги жана мамлекеттердин милдети – аларды эң мыкты, натыйжалуу пайдалануу таанылат. Ошол эле учурда, 1993-ж. Вена декларациясында көрсөтүлгөндөй, “өнүгүү адамдын бардык укуктарын ишке ашырууга көмөктөшсө да, эл аралык таанылган адам укуктарын бузууну актоо үчүн өнүгүүнүн жоктугун пайдаланып айтууга болбойт” (10-п). Ушундан улам айрым кепилдиктер, биринчи кезекте басмырлоодон коргоо, анын ичинде билим алуу укугуна карата натыйжаны тез арада камсыз кылуу үчүн токтоосуз колдонулат.

 КМШнын, ЕврАзЭСтин алкагындагы ар тараптуу региондук келишимдер КМШ, ЕврАзЭС. региондук контекстте билим алуунун жеткиликтүүлүгү чөйрөсүндө басым катышуучу мамлекеттердин аймагында жашаган бардык адамдарга карата бирдиктүү мамилелерди камсыздоого жасалган. 15-май, 1992-ж. билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу 1992-ж.), анын 10 катышуучулары, анын ичинде КР үчүн  кол коюлган учурдан тартып, 13-беренесине ылайык күчүнө кирген.

Көңүл буруучу нерсе, 1992-жылдагы макулдашуунун 1-бер. 1-б., биринчи сүйлөмүндө нормалар диспозициясындагы биринчи сүйлөм ченемдер-принциптер деп аталган нерсени камтыйт жана мамлекеттер тарабынан теңчилик (“билим алууга бирдей укуктар”) жана басмырлабоо (“улуттук таандыктыгына же башка айырмачылыктарына карабастан анын жеткиликтүүлүгү”) принциптерин милдеттүү түрдө сактоонун жана кепилдикке алуунун милдеттүүлүгүн көрсөтөт.

Жогорудагы теңчилик жана басмырлабоо принциптеринин контекстинде эч кандай топторго (анын ичинде диний) карата жалпы режимден айырмаланган, билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектей турган же адамдарды формалдуу-юридикалык көз караштан башкача абалга келтире турган эч кандай шарттар белгиленбеши керек.

1992-жылдагы макулдашууда дискриминациялоочу фактор улуттук таандыктыкты жана башка айырмачылыктарды камтыйт. Бул эл аралык-укуктук ченем, көпчүлүк эл аралык-укуктук ченемдер сыяктуу эле, өзүн-өзү аткарууга мүмкүн эмес, б. а. “билим алуу шарттары” көлөмү боюнча тиешелүү ченемдик коштоо менен улуттук деңгээлде камсыз кылынышы керек. Бул, анын ичинде билим берүүнүн ар бир деңгээли жана жарандардын айрым категориялары үчүн мындай шарттарга эмнелер кирет, кабыл алуу жана окутуу эрежелери кандай болот, окуу акысын аныктоо тиешелүү. Бирок, эл аралык-укуктук ченем мындай жөнгө салуунун максаттарын жана алкактарын белгилейт: билим алуу шарттары билим берүү чөйрөсүндө укуктардын теңдигин жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана улуттук же башка белгилер боюнча ар кандай басмырлоого жол бербөө үчүн ушундай болууга тийиш. Бул норма, мамлекеттер мындай теңчиликти “кепилдей” тургандай кылып түзүлгөн.

Басмырлоо жана четтетүү билим алуу укугун ишке ашырууда олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Көпчүлүк учурларда айрым мамлекеттердин, анын ичинде КР мыйзамдарында басмырлоого тыюу салуу чектелген жана эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн тыюу салуулар үчүн негиздердин бардык диапазонун камтыбайт.

  1. КР мыйзамдары

КР билим алуу укугун жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук актылар КР Конституциясы болуп саналат, анда КР дин аралашпаган мамлекет деп айтылат жана эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен жана мамлекеттик билим берүү тутумунан ажыратылган (КР Конституциясы 7-бер.). Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык принциптерге таянуу менен КРдагы билим берүүнүн заманбап системасы светтиктиктин конституциялык башталыштарына негизделген. Юридикалык адабиятта билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн светтик түшүнүгү бир нече мааниде ачылган:

биринчиден, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде милдеттүү түрдө кандайдыр бир дүйнө таанымды, анын ичинде диний көз карашты орнотууга жол бербөө катары;

экинчиден, окуучулардын жана окутуучулардын абийир жана сөз эркиндигине болгон укуктарын  камсыз кылуу катары;

үчүнчүдөн, динди окутууда же диний маданиятты үйрөнүүдө, ошондой эле кандайдыр бир бирикмеге кирүүдө же анда калууда мажбурлоого жол бербөө катары;

Төртүнчүдөн, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө жол бербөө катары.

КР Конституциясы билим алуу укугун жалпы адамзаттык баалуулук катары аныктайт. КР Конституциясынын 46-бер. мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, негизги жалпы, орто жалпы жана башталгыч кесиптик билимди акысыз алууга кепилдик берилет. Билим алуу укугун ишке ашыруунун укуктук механизми 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 – “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамында бекитилген жана өнүккөн (мындан ары – “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамы).

“Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинде “Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу” деп белгиленген. 

Ошондой эле КР “Балдар жөнүндө” Кодексинин 10-беренеси “ар бир бала билим алууга укуктуу, ал билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынат жана ага мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акысыз башталгыч, негизги, орто жана акысыз баштапкы кесиптик билим алууга кепилдик берилет” деп аныктайт.

“Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-бер. ылайык билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык берилген стратегиялык багыты болуп саналат жана билим берүү эл аралык келишимдерде жана пактыларда, АУЖДсында жарыяланган принциптерге, демократиянын жана элдин гумандуу баалуулуктарына, дүйнөлүк маданияттын принциптерине негизделет. Билим берүүнү уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын сапаттуу билим алуу укуктарынын теңдиги;

- ар бир жарандын мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусунун милдеттүүлүгү жана акысыздыгы;

- акы төлөө негизинде, анын ичинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуу мүмкүнчүлүгү;

- билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, улуттук маданий байлык менен шайкеш келген жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүү, жарандуулукка, эмгекти, үй-бүлөнү, Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү сүйүүгө, патриотизмге жана адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоого тарбиялоо;

- ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине багыт алуу;

- билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

- билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы;

- окутуунун, тарбия берүүнүн типтери жана формалары, иш багыттары, менчик формалары жагынан билим берүү уюмдарынын көп түрдүүлүгү;

- мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү;

- орто жалпы билим берүүнүн жалпыга жетимдүүлүгү, билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын өсүп-жетилүүсүнүн жана даярдыгынын деңгээли менен өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келиши;

- окуп жатышкандардын өзгөчө зээндүүлөрүнүн чыгармачылыгы тынымсыз өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;

- билим берүүнүн мамлекеттик эмес түзүмдөрүнүн иштөө мүмкүнчүлүгү;

- билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндиги, академиялык ак ниеттиги.

Бул принциптер ЭСМУЭПтин 13-бер. ылайык келет, анда ар бир адамдын билим алуу укугу таанылат, ал адамдын инсандыгын жана аң-сезимин, анын кадыр-баркын толук өнүктүрүүгө багытталууга тийиш; адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоону бекемдөөгө тийиш; баарына эркин коомдун пайдалуу катышуучулары болууга, бардык улуттар менен бардык расалык, этникалык жана диний топтордун ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана достукка өбөлгө түзүүгө мүмкүндүк бериши керек.

Билим берүү менен диндин катышы маселелери, ошондой эле диний уюмдардын билим берүү мекемелери менен өз ара мамилелеринин тартиби жана диний окуу жайлардын иши “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Алсак, анын 6-бер. ылайык билим берүүнүн ар кандай түрлөрүнө жана деңгээлдерине жетүү динге болгон мамилесине карабастан адамдарга берилүүчү башкы социалдык кепилдиктердин бири болуп саналат.

Ал эми КР билим берүүнүн ар кандай түрлөрү жана деңгээлдери деп эмнени түшүнүүгө болот экенин төмөнкү бөлүмдөн көрө алабыз.

3. КР билим берүү системасы

1. Билим берүүнүн түрлөрү жана деңгээлдери

“Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамы КРда билим берүүнүн ар кандай деңгээлдеринин (мектепке чейинки билим берүүдөн баштап ЖОЖдон кийинки), ошондой эле балдарга жана жаштарга кошумча билим берүүнүн, чоңдорго кошумча билим берүүнүн ар кандай курактагы, ар кандай билим деңгээлине ээ болгон, ден соолугунун абалы ар түрдүү болгон адамдарды даярдоону жүзөгө ашыруучу атайын билимдин болушун жана иштөө өзгөчөлүктөрүн карайт.

“Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамында билим берүүнүн түрлөрү деген түшүнүк колдонулбайт, бирок, көрсөтүлгөн ченемдин маанисинен билим берүүнүн түрлөрү деп билим берүү программаларынын түрлөрү түшүнүлөт.

Атап айтканда, КРда (“Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренеси) билим берүү программаларынын төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленет, алар өз кезегинде деңгээлдерге бөлүнөт (1-схеманы караңыз):

  • жалпы (негизги жана кошумча);
  • кесиптик (жалпы жана кошумча) билим берүү программалары.

1-схема.

Окуу жылдары

8

7

6

5

4

3

2

1

ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү

Аспирантура, докторантура, кайра даярдоо жана билимин өркүндөтүү

(**) Кошумча билим берүү

24

23

22

21

20

19

18

17

16

 

15

14

13

12

11

10

9

8

7

6

5

 

Окугандардын курак-жашы

Толук жогорку билим берүү

Магистратура

Адистерди даярдоо

Жогорку кесиптик билим берүү

Негизги жогорку билим берүү

Бакалавриат

Кесиптик орто билим берүү

Толук эмес жогорку билим берүү

Кесиптик техникалык билим берүү

11

10

9

8

7

6

5

4

3

2

1

0

3-баскыч толук орто билим берүү

2-деңгээл

Негизги орто билим (*)

Мектептик билим берүү

1-деңгээл

Башталгыч орто билим берүү

Мектепке чейинки билим берүү

 

Жалпы билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет (мектептик билим берүү):

- мектепке чейинки билим берүү (6 айлыктан 7 жашка чейинки балдар окушат);

- башталгыч билим берүү (1-4 класстар – 6-7 жаштан 10-11 жашка чейинки балдар);

- негизги жалпы билим берүү (5-9 класстар – 10-11 жаштан 15-16 жашка чейинки балдар);

- орто жалпы билим берүү (10-11 класстар – 17-18 жаштагы балдар);

- кошумча билим берүү (мектептен тышкаркы, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, кошумча билим берүүчү мектептерде жана башка уюмдарда, атап айтканда тиешелүү лицензиясы бар музыкалык жана көркөм өнөр мектептеринде жана башка билим берүүчү уюмдарда окуган балдар, өспүрүмдөр жана жаштар).

Жалпы негизги билим берүү программалары боюнча окууга башталгыч мектепти аяктаган бардык окуучулар конкурссуз кабыл алынат. Башталгыч атайын мектептердин бүтүрүүчүлөрү негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө алардын даярдык денгээлин текшерүү шарты менен кабыл алынат.

Негизги жалпы билими бар адамдар баштапкы кесиптик жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга укуктуу.  Жалпы орто билим кесиптик орто же кесиптик жогорку билим берүү программалары боюнча окууну улантуу үчүн зарыл болгон инсандын фундаменталдык теориялык даярдыгын, жалпы маданиятын калыптандырууну жана окуп жаткандардын кызыкчылыктары жана жөндөмдөрү боюнча профилдик тереңдетилген даярдоону камсыз кылат. Мамлекеттик орто мектеп жалпы негизги мектептин бардык каалаган бүтүрүүчүлөрүн акысыз кабыл алат.

Ошондой эле мектептен тышкары билим берүүгө жол берилет, ал балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар тараптуу кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн кыйла толук канааттандыруу, бош убактысын жана эс алуусун уюштуруу, ден соолукту чыңдоо, кесиптик багыт алуу, инсандын адеп-ахлактык жана интеллектуалдык өнүгүүсү максатында маданий-эстетикалык, табигый-илимий, экологиялык-натуралисттик, техникалык, спорттук жана башка багыттардагы мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын тармагы тарабынан жүзөгө ашырылат.  Мамлекет мамлекеттик мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарын, ошондой эле кошумча билим берүү программаларын каржылоону камсыз кылат.

Кесиптик билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет:

- кесиптик башталгыч билим берүү;

- кесиптик орто билим берүү;

- кесиптик жогорку билим берүү;

- ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү;

       - кошумча кесиптик билим берүү.

Кесиптик даярдык баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында, башка билим берүү уюмдарында жана жекече даярдоо тартибинде тиешелүү лицензиясы бар адистерден алынышы мүмкүн.

  1. Кессиптик башталгыч билим берүү

Кыргыз Республикасында кесиптик башталгыч билим берүү квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камтыйт. Кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга жалпы негизги же орто жалпы билими бар адамдар кабыл алынат. Квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоо жалпы жана кесиптик билим берүүнүн бирдиктүү интеграцияланган программасы боюнча квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык жүргүзүлөт.  Зарыл болгон учурларда жалпы негизги билими жок адамдардын кесипке ээ болушу үчүн шарттар түзүлөт.  Кесиптик башталгыч билим берүү программалары кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында ишке ашырылат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы боюнча окууну бүтүргөн адамга кесиби боюнча квалификация ыйгарылат.

  1. Кеспитик орто билим берүү

Кыргыз Республикасында кесиптик орто билим берүү жалпы негизги же орто жалпы билим берүү базасында ортоңку звенодогу адистерди даярдоону жана кайра даярдоону көздөйт. Кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окуусун ийгиликтүү бүтүргөн адамдарга квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык тиешелүү адистик боюнча квалификация ыйгарылат. Кесиптик орто билим берүү программалары кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарында ишке ашырылат.

  1. Кесиптик жогорку билим берүү

Кесиптик жогорку билим берүү орто жалпы, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүү базасында инсандын билимин тереңдетүүдөгү жана кеңейтүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу максатында квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык бакалаврларды, адистерди жана магистрлерди даярдоону жана кайра даярдоону камтыйт. Кесиптик жогорку билим берүү программалары кесиптик жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдарында (жогорку окуу жайларда) ишке ашырылат. Тиешелүү багыттагы кесиптик орто билими бар адамдар тездетилген программалар боюнча кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн. Кесиптик жогорку билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмеси, программаларды өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, аларды ишке ашыруу тартиби мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат. Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет.

  1. ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү

Кыргыз Республикасында ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү илимдин кандидаты жана доктору деген окумуштуулук даражалары бар илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууну көздөйт. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде түзүлүүчү изденип алуу, аспирантура, адъюнктура жана докторантура аркылуу жүзөгө ашырылат.

Илимдин кандидаты жана илимдин доктору деген окумуштуулук даражалар мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан эл алдында диссертациясын жактап чыгуунун натыйжасы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин расмий өтүнмөсүнүн негизинде ыйгарылат.

Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан окумуштуулук наам берүү сунушу жөнүндө жогорку окуу жайдын (илим-изилдөө институтунун) окумуштуулар кеңешинин (илимий-техникалык) чечиминин негизинде ыйгарылат.

  1. Эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү

Кыргыз Республикасында эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү (анын ичинде кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу) билим берүү уюмдарынын ар кандай түрлөрүнүн жана типтеринин тутуму аркылуу квалификациялардын улуттук тутумуна ылайык жүзөгө ашырылат:

- негизги билим берүү программаларынын чегинен тышкары жалпы жана кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарында;

- кошумча билим берүүчү билим берүү уюмдарында (квалификацияны жогорулатуу курстарында, музыкалык жана көркөм өнөр мектептеринде, искусство мектептеринде жана тиешелүү лицензияга ээ болгон дагы башка билим берүү уюмдарда);

- жекече педагогикалык иш аркылуу. 

Ар бир негизги жалпы билим берүү же негизги кесиптик билим берүү программасынын мазмунунун милдеттүү минимуму жана өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет.

Ошентип, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын 6-беренесинде берилген “ар кандай түрдөгү жана деңгээлдеги билим алуунун жеткиликтүүлүгү” түшүнүгү адамдардын баарына алардын динге карата мамилесине карабастан кепилденет.

4. Динчил үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуунун жеткиликтүүлүгүнө укугу.

Бул бөлүмдө ушул макаланын башында белгиленген көйгөйлөрдүн маңызын КР учурдагы адам укуктарынын стандарттарынын жана КР мыйзамдарынын көз карашынан карап чыгабыз.

Белгиленген көйгөйлөрдү чечүү бир топ татаал, анткени анда эл аралык укук тарабынан кепилденген бир катар негизги адам укуктары менен кесилишет:

  • абийир, ой жүгүртүү жана дин тутуу эркиндигине болгон укук (анын ичинде ынануу);
  • билим алуу укугу;
  • ата-энелердин балдарын өз ишенимдерине ылайык диний жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо укугу;
  • балдардын тең укуктуулугу, басмырлоонун жана бөлүүнүүнүн ар кандай формаларына жол берилбестиги;
  • балдарга тиешелүү бардык маселелерди чечүүдө баланын кызыкчылыктарына артыкчылык берүү, баланын кызыкчылыгын мыкты камсыз кылуу принциби деп аталат;
  • жашы жете элек катары анын үй-бүлөсү, коом жана мамлекет тарабынан талап кылынган коргоо чараларына болгон укук.
  1. Орто билим берүү мекемелеринде диний атрибуттарды кийип жүрүү

Жалпы билим берүүчү мектептерде жоолук, еврей киппасы же ири христиан крести болобу, өзгөчө диний атрибуттарды кийип жүрүү билим берүү системасынын светтик болушун камсыз кылууда жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мамлекеттик-диний мамилелерге тоскоол болууда талкууланган маселелердин бири болуп саналат.

КР Конституциясында жана башка мыйзамдарда мамлекеттик органдарда да, мамлекеттик эмес уюмдарда да, ал тургай орто окуу жайларында да диний атрибутиканы кийип жүрүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. Кантсе да, бул маселени чечүү адам укуктарынын стандарттарына жана КР мыйзамдарына ылайык болушу керек.

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамы орто билим берүү мекемелеринде диний атрибуттарды кийип жүрүү маселелерин жөнгө салбайт. Бул Мыйзамдын максаттары үчүн “диний символ” термини - белгилүү бир динге таандыктыгын көрсөтүүчү белги, атрибут же буюм белгиси пайдаланылат. Бирок, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамында бул түшүнүккө тиешелүү ченемдер, ошондой эле “диний кийим” термининин түшүнүгү камтылбайт. Ошондуктан диний кийимге эмне кирери белгисиз.

Ошону менен бирге, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-бер. эске алуу керек болгон билим берүү системасынын жеткиликтүүлүгү жана диний билим алуу жөнүндө маанилүү жоболор камтылган:

«Ар кандай түрдөгү жана деңгээлдеги билим алуу адамдарга алардын динге карата мамилесине карабастан берилет.

Диний окуу жайларын кошпогондо, билим берүү мекемелеринде диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт.

Жогорку жана орто диний окуу жайларда окуу үчүн “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү жалпы орто билим алган жарандар кабыл алынат.

Ошондой эле “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 1-беренесин да көңүлгө алуу керек, анда экстремисттик аракет (экстремизм) максатын жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери:

Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга;

Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга;

бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алууга же ээлеп алууга;

мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүүгө;

террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга;

расалык, улуттук (этностор аралык) же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга;

улуттук ар-намысты кемсинтүүгө;

идеологиялык, саясий, расалык, улуттук (этностук) жүйөөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого;

динге, социалдык, расалык, улуттук (этностук), диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого;

2) нацисттик атрибутиканы же символиканы же болбосо нацисттик атрибутикага же символикага аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон атрибутиканы же символиканы пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө;

 2-1) экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого;

3) аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого;

4) аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого көмөк көрсөтүүгө же аталган аракеттерди жасоого, анын ичинде аталган аракеттерди жасаганга финансы каражаттарын, кыймылсыз мүлктү, окуу, полиграфиялык жана материалдык-техникалык базаны, телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн берүү, маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, дагы башка материалдык-техникалык каражаттарды берүүгө.

“Экстремисттик уюмдун атрибутикасы жана символикасы” деп мыйзамда каралган негиздер боюнча сот тарабынан экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу, жоюу же ишмердигине тыюу салуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечим кабыл алынган уюмдун атрибутикасы жана символикасы түшүнүлөт. Экстремисттик уюмдун атрибутикасын жана символикасын илимий максаттарда гана пайдаланууга жол берилет.

КР КЖКнын 332-беренесинде (2021-ж. ред.) төмөнкү кылмыштар үчүн жоопкерчиликтер аныкталган:

  • Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы аркылуу пайдалануу, -эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
  • ошол эле жосундар: адамдардык тобу тарабынан; алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний, же болбосо башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган финансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен; өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен; коомдук иш-чараларды өткөрүү убагында, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

“Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесинде билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын төмөнкү принциптери бекитилген:

- билим берүүнүн саясий жана диний институттардан көз карандысыздыгы;

- мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү.

Бул Мыйзамда орто билим берүү мекемелеринде диний атрибуттарды жана кийимдерди кийүүгө, ал аркылуу окуучулар өздөрүнүн диний таандыктыгын ачык билдирүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. Бул маселени чечүү үчүн мыйзам, чыгаруучу анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) тарабынан бекитилген билим берүү уюмунун уставына кайрылат. Алсак, “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесинде билим берүү уюмдарынын уставдарында окуучулардын кийиминин формасы көрсөтүлөрү белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген жалпы билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобонун (мындан ары – типтүү жобо), 42-пунктуна ылайык,  окуучулар ички тартипти сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун, анын ичинде мектептик кийим талаптарын аткарууга милдеттүү.

Типтүү жобо негизинен жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу мектептер үчүн типтүү жобо болуп саналат; жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу гимназиялар, лицейлер, ал эми мамлекеттик эмес жалпы билим берүү уюмдар үчүн үлгү катары жобо болуп эсептелет. Типтүү жобонун негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын тийиштүү типтеги жана түрдөгү жалпы билим берүү уюмдардын жоболору иштелип чыгат.

“Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жана Типтүү жобонун негизинде жалпы билим берүү уюму өзүнүн уставын иштеп чыгат. Мындан тышкары, мыйзам боюнча билим берүү уюмунун уставы билим берүү министрлиги менен макулдашылгандан кийин юстиция органдарында катталууга тийиш.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы № 572-токтому менен “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” (мындан ары – бирдиктүү талаптар) бекитилген, мында эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак, ал эми кыздар үчүн-  классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак.

Мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги кийимдин башка формаларына жол бербеген бирдиктүү мектеп формасы жөнүндөгү бул талаптар диний ынанымына карабастан, бардык окуучуларга жайылтылат. Ошол эле учурда, аларда баш кийимге эч кандай тыюу салуу талаптары жок. Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимдерди жана бут кийимдерди, джинсы, пляж, үй кийимдерин жана бут кийимдерди кийүүгө тыюу салынат; юбканын узундугуна, түсүнө карата талаптар бар (Бирдиктүү талаптар п.3,4). Окуучулардын кийимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 10-октябрындагы  №704-токтому менен бекитилген “Балдар кийимдеринин жана бут кийимдеринин коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентте белгиленген талаптарга жана ченемдерге ылайык келиши керек.

Ошону менен бирге диний кийимдерди кийүүгө чектөөлөр конституциялык маанилүү максаттарда – улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолукту, адеп-ахлакты жана башка адамдардын укуктарын коргоодо орундуу болушу мүмкүн. Мисалы, коомдук кызматтын диний нейтралдуу мүнөзүн сактоо контекстинде, бул учурда (мамлекеттик орто билим берүү мекемеси).

Ошондой эле, мамлекет милдеттүү диний парз катары берилген жана кабыл алынган ушул сыяктуу символду тагынуу төмөндөгү адамдарга кандай таасир тийгизерин эске алышы керек:

- андай кийинбеген, аялдардын укугун жана светтик жашоо образын жактагандар, бирок ошол эле учурда Ислам динин тутунгандар үчүн;

- башка динди тутунушкан, бирок диний атрибуттарды кийүүнү да караштырышкандар үчүн.

Бул контекстте аталган адамдардын, өсүп келе жаткан муундун укуктары жана эркиндиктери, адеп-ахлагы жана ден соолугу, билим берүү мекемелеринде коомдук тартипти сактоо динге ишенгендердин дин тутуу эркиндиги сыяктуу эле светтик мамлекет тарабынан коргоону талап кылат. Мында киргизилип жаткан чаралар мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги тигил же бул динди тутунган окуучулардын өзүнүн окууларына ылайык өз динин эркин тутунуу укугунан ашыкча болбоого тийиш.

Билим берүү мекемелеринде “диний атрибутиканы алып жүрүү” көйгөйүн кароодо КР Конституциясынын нормаларын камсыз кылуу да маанилүү аспект болуп саналат (24-бер. 1-б.) анда “эч ким жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”деп так белгиленген. Бул учурда айрым окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан диний атрибутиканы же эмблеманы өзгөчө билдирилбеген мүнөздө тагынуу жолу менен диний, этностук окшоштукту сактоого болгон каалоо жана умтулуу болушу мүмкүн. Аларда динге ишенгендердин терең ойлонулган диний, руханий жана этникалык сезимдери камтылышы мүмкүн жана билим берүү мекемелеринин администрациясы окуучулардын диний сезимин төмөндөтпөстөн, өзгөчө этияттык жана урматтоо менен мамиле кылышы керек. 

Ошол эле учурда билим берүү мекемелеринин мындай лоялдуулугу ата-энелердин жана окуучулардын диний кийимдерди кийүү укугун ашыкча кыянаттык менен пайдалануусуна алып келет, ал атайын диний кийимдерди: химараларды, чадраларды, ошондой эле башталгыч класстын окуучуларынын (б. а. 6-10 жаштагы кыздар) жоолуктарды, крест түрүндө ачык көрсөтүлгөн диний атрибуттарды ж. б. тагынып жүрүүсүнө алып келет.

Дин тутуу эркиндигинен тышкары билим берүү мекемелеринде диний кийим кийүү маселеси КР Конституциянын 46-беренесинде бекемделген ар бир адамдын билим алууга болгон конституциялык укугун да козгойт. Ар бир адамдын билим алууга болгон негизги укугу мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик мектептердин окуучуларына бирдей кепилденет. Маанилүүлүгүнө карабастан, бул укук абсолюттук эмес жана ошондой эле дин тутуу эркиндиги сыяктуу конституциялык максаттар жана принциптер менен чектелиши мүмкүн.

Билим алуу укугу, негизинен, тартиптик чараларды, анын ичинде билим берүү мекемесинин ички эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу максатында убактылуу четтетүүнү же чыгарып салууну жокко чыгарбайт. Алсак, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде билим берүү уюмунун уставында окуп жаткандарды окуудан чыгаруу тартиби каралган, б.а. билим берүү уюмдарында окуп жаткандарды окуудан чыгаруунун тартиби, негиздери каралышы керек деп айтылат.

“Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамы окуп жаткандарга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жана окуучулардан алып салуу тартибин жөнгө салбайт. Жогоруда белгиленгендей, окуучулар жалпы билим берүү уюмунун уставын сактоого жана аткарууга; ички тартип эрежелерин, анын ичинде мектеп кийиминин эрежелерин сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун талаптарын аткарууга милдеттүү.

Типтүү Жобонун 49-пунктуна ылайык педагогикалык кеңештин чечими боюнча жана балдар иштери боюнча комиссиянын макулдугу менен укукка каршы аракеттерди жасагандыгы жана Уставды бир нече жолу бузгандыгы үчүн педагогикалык таасирдин акыркы чарасы катары он беш жашка чыккан окуучуну четтетүүгө жол берилет.Балдар иштери боюнча Комиссия ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен бирдикте бир айлык мөөнөттө окуудан четтетилгенди окуусун улантуу үчүн башка жалпы билим берүү уюмуна жиберүү же аны ишке орноштуруу жөнүндө чечим кабыл алат. Жетим балдарды жана ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдарды жалпы билим берүү уюмунан чыгаруу жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн макулдугу менен кабыл алынат.

Мында “Балдар жөнүндө” КР Кодексинин 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык баланы мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмунан негизги билим алганга чейин, башкача айтканда 9-классты аяктаганга чейин четтетүүгө жол берилбейт. Ошону менен 9-классты аяктаганга чейин, анын ичинде мектеп кийими жөнүндө эрежелерди сактабагандыгы үчүн окуучуну четтетүүгө жол берилбейт.

Албетте, тартиптик жазаларды колдонуу билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анын жардамы менен мектеп өзү түзгөн максаттарга жетүүгө , анын ичинде окуучулардын инсандыгын жана руханий сапаттарын өнүктүрүүгө жана калыптандырууга аракет кылат. Бирок киргизилген чектөөлөр билим алуу укугунун маңызынын бузулушуна жана анын натыйжалуулугун жоготууга алып келбеши керек. Бул чектөөлөр кызыкдар тараптар үчүн алдын ала белгилүү болушу  жана мыйзамдуу максатты көздөшү керек.

Окуучулардын билим алуу укугу билим берүү мекемелеринин администрациясы менен окуучулардын ата-энелеринин ортосундагы карама-каршылыктардан улам чектелбеши керек, мында ар бир тарап өз баалуулуктарын жана принциптерин билим алуудан жогору койот. Алсак, ата - энелер өз балдарынын дин тутуусун аныктоонун баалуулуктарын, ал эми билим берүү мекемеси өз кезегинде светтик принциптерди көздөйт. Ошондуктан, мындай окуучулардын кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралбастан билим алышы үчүн мамлекет динге ишенгендердин диний сезимин бузбастан, билим берүү чөйрөсүндө диний компоненттин болушуна жол берүүнүн  чегин аныктоодо орто жолду табууну жана ошол эле учурда билим берүү мекемелеринде светтик принципти камсыз кылууну талап кылат. Ошол эле учурда билим берүү мекемелеринде диний атрибутиканы кийип жүрүүнүн жактоочулары Кыргыз Республикасы светтик мамлекет экендигин, бул анын конституциялык түзүлүшүнүн негизи экендигин жана КР Конституциянын белгиленген ченемдерине жана принциптерине тийиштүү сый-урмат менен мамиле кылышы керектигин эске алып, түшүнүшү керек.

Ошол эле учурда, дагы бир башкы конституциялык принцип болуп баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби (КР Конституциясынын 27-беренесинин 2-бөлүгү), анын ичинде балдардын билим алуу укугун камсыз кылуу саналат.Улуттук коопсуздукту коргоо шылтоосу менен мамлекеттик органдардын ар кандай аракеттери, эгерде алар балдардын билим алуу укугун ашыкча,  туура эмес чектесе, акталышы мүмкүн эмес.

Жогоруда баяндалгандардан улам диний атрибуттарды кийп жүрүү билим алуу үчүн тоскоолдук болбошу керек жана билим берүү мекемелеринин жетекчилигинин жоолук салынгандыктан мектепке барууга тыюу салган ар кандай чечимдери жарандардын билим алуу укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук болуп саналат деген тыянак чыгарууга болот.

Ошентип, сыйынуучу кийимдерди кийүүгө киргизилген чектөөлөр так максаттар үчүн катуу иштелип чыгууга жана адекваттуу акталууга, б. а. мыйзам менен эскертилүүгө, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолукту жана адеп-ахлакты сактоо үчүн, башка адамдардын негизги укуктары менен эркиндиктерин сактоо үчүн зарыл болууга жана коюлган максатка шайкеш болууга жана адам укугунун өзүнүн маңызына тиешеси болбоого тийиш.

  1. Ата-энелердин диний себептерден улам балдардын мектепке баруусуна тыюу салуусу

          Динчил үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу дагы бир маселе:

  • Бирдиктүү мектеп формасын кийүүнү талап кылгандыгына, мисалы, диний жоолук салынтпагандыгына; кыздар менен балдарды чогуу окутушканына ата-энелердин балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартуусу; же
  • ата-энелер балдарына төмөнкү сабактарга:
    • Сүрөт сабагы, анткени адамдарды жана жаныбарларды тартууга мажбурлашат, ал эми Исламда адамдарды жана тирүү жандыктарды тартууга тыюу салынат, ал эми пейзаждарды жана натюрмортторду тартса болот;
    • музыка жана дене тарбия, анткени ата-энелер балдар менен кыздардын класста жуп болуп бийлешине же физикалык көнүгүүлөрдү чогуу аткарышына каршы болгондуктан катышууга уруксат бербейт.

КР Конституциясынын 46-беренеси боюнча негизги жалпы билим берүү милдеттүү экендиги, б. а. негизги жалпы билим алуу - бул укук эмес, милдет экендиги белгиленген. “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 4- жана 16-беренелерине ылайык башталгыч жалпы жана негизги жалпы билим берүү гана эмес, жалпы орто билим берүү да КРнын бардык жарандары үчүн милдеттүү билим берүү деңгээли болуп саналат. Жана бул милдет ата-энелерге же алардын алмаштырган адамдарга коюлган. “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 27-беренеси боюнча ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын негизги жалпы билим алуусу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат бул милдет ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга жүктөлгөн.

Алсак, КР КЖК 187-беренесине ылайык (2021-ж. ред.)  баланы тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин, ошого тете тарбиячы же балага көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү болгон билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же башка мекемелердин кызматкери тарабынан өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда, эгерде бул аракеттер балага ырайымсыз мамиле жасоо менен коштолсо, 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон жазаланат.

“Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 26-беренесинин жетинчи абзацынын негизинде окуп жаткандар билим берүү программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүгө милдеттүү, б.а. окугандар диний ишенимине карабастан өздөрү окуп жаткан жалпы билим берүү мекемесинин Окуу планын аткарышы керек. Анын үстүнө, эгерде ал жалпы билим берүү программасын толук өздөштүрсө жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтсө гана окуучу мамлекеттик үлгүдөгү билими тууралуу документти ала алат. Тиешелүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ билим берүүнүн кийинки деңгээли программалары боюнча окууну улантуу үчүн зарыл шарт болуп саналат.

КР Үй-бүлө кодексинин 68-беренесине ылайык ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланы тарбиялоого, алардын билим алышына камкордук көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын иш-аракетин жетектөөгө, баланын толук өсүшү, билим алышы, ден соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү укуктуу жана милдеттүү.  Ошондой эле ЭСМУЭПке ылайык (18-берене 4-пункт ) ата-энелер өз ишенимдерине ылайык балдарын диний жана адеп-ахлактык тарбиялоого укуктуу.

Бирок, КР Үй-бүлө кодексинин 70-беренесине ылайык, ата-энелик укуктардын жүзөгө ашырылышы балдардын кызыкчылыктарына карама-каршы келбеши керек. Балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу ата-энениин камкордугунун негизги жүйөсү болууга тийиш. Ата-эне укуктарын жүзөгө ашырганда ата-эне балдарынын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу жетилишине залал келтирүүгө укугу жок. Балдарга тарбия берүүдө кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук, адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш.

Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарына залал келтирип, ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырган ата-эне мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

КР Үй-бүлө кодексинин 8-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Үйбүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарын жүзөгө ашырышы жана өз милдеттерин аткарышы үйбүлөнүн башка мүчөлөрү менен башка жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузбашы керек. балдардын пикирин эске алуу менен жана балдардын кызыкчылыгынан улам өз ара макулдашуу боюнча ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) тарабынан, балдардын кызыкчылыктарына жараша жана балдардын пикирин эске алуу менен чечилет (кр үй-бүлө кодексинин 68-беренеси).

Баланын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары, анын ичинде ата-энеси (аларды алмаштырган адамдар) тарабынан баланы тарбиялоо, билим берүү боюнча өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганда, болбосо ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланганда бала өзүн коргоо үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөргө кайрылууга, ал эми он төрткө толгондо сотко кайрылууга укуктуу. (кр үй-бүлө кодексинин 61-беренеси).

АУЖДнын 18-беренесине ылайык ата-энелер “балдарды өздөрүнүн ишенимдерине ылайык диний жана адеп-ахлактык тарбиялоону камсыз кылууга” укуктуу. Ата-эненин бул укугу адам укуктары боюнча башка эл аралык документтерде, анын ичинде “Динге же ишенимге негизделген сабырсыздыктын жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө декларацияда” да айтылат, мында ал баланын “ата-энесинин каалоосуна ылайык дин же ишеним боюнча билим алуу укугу” катары аныкталат.

Мектепке карата ата-энелердин укугу эки эсе сакталышы керек.

Биринчиден, өзгөчө диний же философиялык ишенимдерге ээ болгон ата-энелер айрым адеп-ахлактык, диний же светтик баалуулуктарга жараша жеке мектептерди тандап алышы керек. Эгерде мындай мектептер жок болсо, анда ата-энелер аларды түзүүгө укуктуу болушу керек. Ата-энелердин өз балдары үчүн мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюштурулган же кармалган мектептерден айырмаланган мектептерди уюштурууга же тандап алууга болгон мындай укугу ЭСМУЭП (13.3-бер.) жана Билим берүү жаатындагы басмырлоого каршы күрөшүү жөнүндө Конвенция деп таанылат.

Экинчиден, мамлекеттик мектептерде ата-энелердин диний же философиялык ишенимдерин сыйлоо керек. АУЭКке карата №1-протоколдун 2-беренеси Европа комиссиясы жана адам укуктары боюнча Европа соту тарабынан төмөнкүдөй чечмеленет: мамлекет “айрым ата-энелердин балдарын маалымат берүүгө умтулбаган, бирок балдарды кабыл алынгыс ишенимдерге, ынанымдарга же идеологияларга үндөө максатында диний же философиялык мажбурлап окутуудан коргошу керек. Мектепке байланыштуу ачык коомдо сакталууга тийиш болгон принциптерге байланыштуу, индоктринацияга ачык тыюу салуу укуктук конвенцияларга киргизилген жоболордун эң маанилүүсү болуп саналат. Ал окуучуларга абсолюттук чындыкты же ишеним тутумун жайылтууга багытталган диний билим берүүгө тыюу салат.

Ошентип, балдардын билим алуу укугу бирдиктүү мектеп формасына же балдар менен кыздарды бирге окутууга, анын ичинде музыка жана дене тарбия сабактарында, жаныбарларды жана адамдарды сүрөт тартууга караганда алардын кызыкчылыгында артыкчылыктуу экендиги айдан ачык. Демек, ата-энелердин мектепке же айрым милдеттүү сабактарга альтернатива бербестен, баланын мектепке баруусуна тыюу салуу баланын билим алуу укугунан ажыратат жана ата-энелик укуктарын кыянаттык менен пайдалануу болуп саналат.